Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-декабры № 199
Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тарифти бекитүү жөнүндө
Муниципалдык лифт чарбасын тийиштүү техникалык жактан тейлөөнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамынын 13-статьясынын, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 19-статьясынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүү жана техникалык жактан тейлөөгө бир айда үчүнчү жана жогорку кабатта жайгашкан квартиранын жалпы аянтынын 1 кв.м үчүн 2,64 сом (балкон жана лоджия аянттарын эсепке албаганда), анын ичинде калктын эсебинен бир айга 1 кв.м аянт үчүн 1,0 сом, жергиликтүү бюджеттен каржылоонун эсебинен квартиранын жалпы аянтынын 1 кв.м үчүн 1,64 сом өлчөмүндөгү тариф бекитилсин.
2. Бишкек шаардык мэриясы:
- "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын иш-аракетин камсыздоого жана күтүүгө тийиштүү чыгымдарды 2011-жылга шаардык бюджетте алдын ала карасын;
- "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын иш-аракетин камсыздоого жана күтүүгө керектүү чыгымдарды карап чыгып, 2010-жылдын шаардык бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипке киргизсин;
- муниципалдык лифт чарбанын тийиштүү тартипте тейлөөсүн жана иштөөсүн камсыздасын.
3. Лифттерди тейлөө боюнча атайын уюмдарына ("Кыргызлифт" ААКсы, "Ала-Тоо лифт" ЖЧКсы, "Лифт комплект" ЖЧК, "Лифтстройсервис" ЖЧК, "Лифтес" ЖЧКсы жана башкалар):
- муниципалдык менчикке кирбеген лифттерди күтүү жана техникалык жактан тейлөө боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтерди бул токтом кабыл алынганга чейинкидей жогорулатпоо сунушталсын;
- 1992-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамшаартехкөзөмөлдөө тарабынан бекитилген "Лифттерди коопсуз орнотуу жана эксплуатациялоо эрежелерине" жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, түзүлгөн келишимдердин негизинде турак үйлөрдө муниципалдык лифттерди өз убагында ремонттоону, техникалык жактан тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыз кылсын;
- квартиранын жалпы аянтынан 35 кв.м үчүн 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктер өз пайдаларынын эсебинен төмөнкү категориядагы адамдарга берүү сунушталсын;
- үй-бүлөнүн ишке жарамдуу жарандарынан өзүнчө турган пенсионерлерге;
- башка мамлекеттин аймагындагы согуш иштерине катышкандарга жана 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын катышуучуларына;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка категориядагы жарандарга.
4. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылынын 30-апрелиндеги № 61 "Бишкек шаарынын турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тарифти бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В.Красиенкого жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу |
В.Лисниченко
|