КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2000-жылдын 14-сентябры ПУ № 260
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры жөнүндө
(КР Президентинин
2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз улуттук театр өнөрүн андан ары өнүктүрүү, театрдын жамаатынын чыгармачыл ишин уюштурууну жана финансылык туруктуулугун жакшыртуу үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры деген статус берилсин.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Бул Указ кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |