Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 14-июну ПЖ № 137
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын эл акыны", "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын эл артисти" жана "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" деген ардактуу наамдары бар адамдардын эмгек акысын жана пенсиясын (иштебеген пенсионерлер үчүн) жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 31-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын эл акыны", "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын эл артисти" жана "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" деген ардактуу наамдары бар адамдардын эмгек акысын жана пенсиясын (иштебеген пенсионерлер үчүн) жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Жарлыктын аталышында жана анын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "эмгек акысын жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 14-сентябрындагы № 259 "А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры жөнүндө" Жарлыгынын 2, 3-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 14-сентябрындагы № 260 "Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры жөнүндө" Жарлыгынын 2, 3-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-декабрындагы № 364 "Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы жөнүндө" Жарлыгынын 2, 3-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-апрелиндеги № 129 "Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясы жөнүндө" Жарлыгынын 2, 3-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-апрелиндеги № 133 "Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси жөнүндө" Жарлыгынын 2, 3-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-ноябрындагы № 392 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 24-майындагы № 283 "Маданияттын жана көркөм өнөрдүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |