Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2009-жылдын 6-октябрындагы №6
"Жалал-Абад шаарында географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды беруу, өзгөртүү жөнундөгу" Жобону бекитуу тууралуу
Жалал-Абад шаарында географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды беруу, озгортуу жонундогу" Жобосу Жалал-Абад шаардык кенешинин жооптуу катчысы Б.Адылов тарабынан даярдалып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кенешинин социалдык маселелер, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2009-жылдын 24-сентябрындагы чечиминин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кенешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды беруу, озгортуу жонундогу" Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык кенешинин социалдык маселелер, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар байланыш боюнча туруктуу комиссиясына озунун ишмердуулугундо жогоруда аталган жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык кенешинин социалдык маселелер, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы К.Усеновго жуктолсун.
Торага | Т.Энназаров |
Шаардык кенештин кезектеги VII-сессиясынын № 6 токтомуна 1-тиркеме
Жалал-Абад шаарында географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды беруу, озгортуу боюнча
ЖОБО
Жалал-Абад шаарындагы географиялык аталыштар жана ысымдар көпүрөлөрдүн, каналдардын, тоолордун, жайлоолордун, кочолордун, аянттардын, проспектилердин, аллеялардын, парктардын, тарых окуяларына байланышкан жерлерге жана башка ушул сыяктуу объектилердин аталыштарынан турат.
1. Жалал-Абад шаарындагы географиялык аталыштар ошондой эле ысымдар Жалал-Абад элинин улуттук сыймыгы жана Кыргыз тарыхынын, маданиятынын ажырагыс бөлүгө болуп, мыйзам менен корголот.
2. Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды ыйгарууда жана өзгөртүүдө мамлекеттик географиялык, тарыхый, жергиликтүү өзгөчөлүктүрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Жалал-Абад шаарынын географиялык аталыштар жөнүндөгү жобосу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерине аталыштарды ыйгаруу, өзгөртүү жөнүндөгү жобосуна негизделет.
4. Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн, парктардын, КАБдардын (коомдук аймактык башкаруулар), көпүрөлөрдүн, кичи шаарчалардын (микрорайон) мектептердин, ЖОЖдын (жогорку окуу жайы), ООЖдын (орто окуу жай), аллеялардын, проспектилердин ушул сыяктуу муниципалдык географиялык объекттерге ысым жана аталыштарды ыйгаруу же аларды өзгөртүү жергиликтүү кенештин чечими менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат;
5. Жалал-Абад шаарындагы географиялык объекттерге аталыштар мамлекеттик жана расмий тилде ыйгарылат.
6. Аталыштар жана ысымдар Жалал-Абад шаарындагы төмөндөгү географиялык объекттерге берилет.
- Жалал-Абад шаарында бир аталыш же ысым бир эле географиялык объекттерге берилет;
7. Жалал-Абад шаарындагы географиялык объектилерге аталыштарды, ысымдарды ыйгарууга жана өзгөртүүгө кеткен чыгымдар жергиликт?? бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт
8. Географиялык объектилерде аталыштарды, ысымдарды ыйгарууга сунуштар Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, юридикалык жана физикалык жактар тарабынан, географиялык объектилер жайгашкан тийиштүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына берилет.
Берилген сунуштарда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
- объекттин жайгашкан жери;
- аталыш ысымды ыйгаруунун, өзгөртүүнүн же жоюп салуунун шарттары;
- белгилүү инсандары өздүгүн аныктоочу иш кагаздар (паспортун көчүрмөсү, өмүр баяны, эмгек китепчесинин көчүрмөсү);
-географиялык объектте иштеген же сунушталган объектте жашаган, жумушчулардын же жашоочулардын чогулушунун протоколу;
- КАБтардын кайрылуусу;
9. Географиялык аталышттарды же ысымдарды ыйгаруу боюнча сунуштарды Жалал-Абад шаардык мэриясы 10 күндүк мөөнөттө анализ жүргүзүп, максаттуулугун жана тууралыгын текшерип, өзүнүн сунушу менен шаардык Кенешке өткөрүп берет.
10. Жалал-Абад Шаардык Кенешке Жалал-Абад шаардык мэриясынан келген сунуш (иш кагаздары менен) алгач Шаардык Кенештин тийишт?? туруктуу комиссиясында каралып, андан сон Шаардык Кенештин сессиясынын кароосуна 6 айда бир жолу коюлат.
11. Шаардык Кенеш аталыштарга жана ысымдарга макулдук берген чечими чыккан болсо, анда шаардык мэрия чечимдин негизинде географиялык объектерге аталыш жана ысымдарды ыйгаруу же өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.
12. Жалал-Абад шаарындагы жа?ы географиялык объектилерге жана көчөлөргө төмөнкү инсандардын аттары ыйгарылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон саясий жана коомдук ишмерлерге
- Кыргыз Республикасынын Эл баатырларынын;
- 1-2-3-даражадагы Манас орден ээлери;
- "Даӊк" ордендин ээси;
- кыргыз элинин тарыхында өзгөчө оорунду ээлеген белгилүү инсандарга;
- Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон жарандарга
- шаардын Ардактуу атуулдарына
13. Жалал-Абад шаарындагы географиялык объекттерге маркум инсандардын аты коюлат.
Жооптуу катчы-юрист | Б. Адылов
|