Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-сентябры №9-9
Баткен шаарынын мэриясы менен калктын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруунун тартиби жѳнүндѳ жобону бекитүү жѳнундѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу ѳз алдынча башкаруусу жана жергиликтуу мамлекеттик администрация» жѳнүндѳгү 2008-жылдын 28-майдагы №99 Мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу боюнча Улуттук агенгтигинин 2008-жылдын 24-апрелдеги коллегиясынын №02/03 токтомунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баткен шаарынын мэриясы менен калктын ортосунда маалымат алмашууну уюуштуруунун тартиби жѳнүндѳ Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2.Баткен шаарынын мэриясы менен калктын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруунун тартиби жѳнүндѳгу жобого ылайык иш чара иштеп чыгуу жагы Баткен шаарынын мэриясынын аппаратына (К.Нурмаматов) милдеттендирилсин.
З.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзмѳлгѳ алуу жана 2010-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен токтомдун аткарылышы жѳнүндѳ билдирүү берүү жагы Баткен шаарынын вице Мэри И.Рыскуловага тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы |
М.Султанов |