Загрузка документа…
Баткен шаардык мэриясы менен калктын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруунун тартиби жѳнүндѳ Болжолдуу жобо
Ушул жобо « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Баткен шаарынын мэриясынын карамагында турган маалыматка жеткиликтуулук жѳнүндѳ» 2006-жылдын 28-декабрындагы №213 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына, жарандардын кайрылууларын карап чыгуунун тартиби жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы УП №240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Баткен шаарынын мэриясынын карамагында турган мааалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» «Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жѳнүндѳ» жарлыгынын талаптарына ылайык Баткен шаардык мериясы менен калктын ортосундагы натыйжалуу маалымат алмашууну уюштуруунун тартибин белгилейт.
«Маалымат алуу мүмкүндүгү жѳнүндѳ» КР Мыйзамы - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Баткен шаардык мэриясынын карамагында турган маалыматка жеткиликтүүлук жѳнүндѳ» 2006-жылдын 28-декабрындагы №213 Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
ПЖ №240 Жарлык - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы УП №240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен Баткен шаардык мэриясынын карамагында турган маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жѳнүндѳ» Жарлыгы.
Маалымат алмашуу - Баткен шаарынын мэриясы менен калктын ортосунда эркин эки тараптуу маалымат алмашуу, бул бир жагынан Баткен шаарынын мэриясы тарабынан маалыматты активдүү жана пассивдүү жайылтууну, экинчи жагынан - Баткен шаардык мэриясынын дарегине калктын сын-пикирлерин, даттанууларын жана каалоолорун чогултууну уюштурууну сунуштайт.
Маалымат алмашууну уюштуруу - Баткен шаардык мэриясы тарабынан калкка ѳз иши жѳнүндѳ толук маалыматты берүүнү камсыз кылууга жана коомдук кызыкчылыкты кѳрсѳткѳн манилуу маселелерди чечүүгѳ калкты катыштырууга багытталган материалдык - финансылык , уюштуруучулук - кадрдык жана маалыматчыл-документтик мүнѳздѳгү чаралардын комплекси.
Маалымат алмашуу боюнча адис (кызмат) - Баткен шаарынын мэриясынын кызмат адамы же болбосо курамдык болугу, аларга ПЖ №240 Жарлыктын 1- пунктуна ылайык маалыматты тике берүүлѳр боюнча милдет тагылган.
Маалыматты жарыя кылуу - атайын активдуу жана пассивдүү уюштуруу чараларын сунуштаган маалыматтарды жалпыга кабарлоо, айкындыкка берүү, жарыялоо үчүн кулактандыруулар.
Маалыматты активдуу жайылтуу - атайын активдүү уюштуруу чараларынын жардамы менен маалыматты жар салуу: массалык маалымат каражаттарында жайгаштыруу, басылма материалдарды жана башкаларды жайылтуу.
Маалыматты пассивду жайылтуу - пассивдүү ыкма менен маалыматты жар салуу: Баткен шаарынын мэриясынын имаратына жакын жердеги жана шаардын аймагындагы кварталдардагы дубал такталарга жайгаштыруу, китепканаларда, маалыматтын расмий фондуларында жайгаштыруу.
2.1 Ушул Жобонун максаты:
Жалпы кызыкчылыкты кѳрсѳткѳн иш башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат:
. Калк менен маалымат алмашууну күчѳтүү жана «Маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын жана маалыматты майнаптуу топтоштурууга мүмкүндүк берген документ жүгүртүү системасын түзүү жолу менен жарандардын кайрылууларын карап чыгуунун тартиби жѳнүндѳ мыйзам талаптарын аткарууну, калкка аларды андан ары берүү жана коомдук пикирди эсепке алуу максатында документтештирүү боюнча Баткен шаардык мэриясынын ишин тартиптештирет:
Расмий маалыматты жайылтуу жана коомдук пикирди эске алууну камсыз кылуу боюнча Баткен шаардык мэриясынын маалымат алмашуу боюнча адистин (кызматтын) жана башка бѳлүктѳрдүн (кызматтын) кызматтык милдеттеринин чѳйрѳсүн аныктайт:
Маалымат алмашуунун натыйжалуулугуна баа берүү тартибин аныктайт.
Маалымат алмашуу Баткен шаардык мэриясы тарабынан «Маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» мыйзамга ылайык Баткен шаардык мэриясынын карамагында турган маалыматты калктын алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу жана Баткен шаардык мэриясынын ишмердигинин бардык маселелери боюнча коомдук пикирди топтоо, баа берүү жана эске алуу формасында жүргүзүлѳт. Маалымат алмашуу тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт.
1) Баткен шаардык мэриясынын ченемдик -актыларын жарыялоо жана жайылтуу:
2) Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алардын суроо-талабынын негизинде маалымат беруу:
3) Баткен шаардык мэриясынын учурдагы иши жѳнүндѳ маалыматты жарыя кылуу:
4) Баткен шаарынын мэриясынын документтерине жана материал-дарына жеткиликтуулук жана тикелей алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу
5) Баткен шаардык мэриясынын ачык отурумдарына туздон-туз катышуу мумкундугун камсыз кылуу:
6) Бюджет жана башка маанилуу маселелер боюнча коомдук угууларды ѳткѳрүү:
7) Коомдук пикирди сурамжылоо.
2.2 Маалымат алмашууну уюштуруу бардык Баткен шаардык мэриясынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети болуп эсептелет.
2.3 «Маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» ПЖ №240 Жарлыктын 1-пунктуна ылайык малыматты түздѳн-түз берүү боюнча милдет маалымат алмашуу боюнча адиске (кызматка) - кызмат адамына же болбосо Баткен шаардык мэриясынын курамдык бѳлүгүнѳ жүктѳлѳт.Коомдук пикирди топтоо, иштеп чыгуу жана эске алуу боюнча милдет Баткен шаардык мэриясынын башчысына жана бардык кызмат адамдарына жүктѳлѳт.
2.4 Тийиштүү жергиликтүү кеӊештин жана Баткен шаардык мэриясынын аткаруучу-тескоочу органынын жана анын курамдык бѳлүктѳрүнүн жетекчилери маалымат алмашуунун жалпы абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
3.1 ПЖ №240 Жарлыктын 1- пунктуна ылайык маалыматты түздѳн-түз берүү боюнча милдет маалымат алмашуу боюнча адиске (кызматка)-кызмат адамына же болбосо Баткен шаардык мэриясынын курамдык бѳлүгүнѳ жүктѳлѳт.
3.2 Түздѳн-түз маалымат берүү жана маалымат алмашуунун дагы башка түрлѳрүн камсыз кылуу боюнча маалымат алмашуу милдети адиске (кызматка) Баткен шаардык мериясынын башчысынын берилген жолдомосу боюнча жергиликтүү кенештин чечими менен жүргүзүлѳт.
3.3 Маалымат алмашуу боюнча адистин (кызматтын) кызматтык милдети ушул Жобо менен аныкталат жана тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт:
калк менен малымат алмашуу боюнча ишти пландаштыруу, ал маалымат алмашуу боюнча иш планы түрүндѳ таризделет жана ушул Жобонун 4-бѳлүгү менен жѳнгѳ салынат.
маалымат алмашуунун милдеттүү булактарын түзүү жана жайылтуу.
маалымат топтоо жана жарандардын сунуштарын эске алуу максатында маалы менен коомдук угууларды уюштуруу жана коомдук пикирди сурамжылоону уюштуруу.
Жергиликтүү кенешке калк менен маалымат алмашууну күчѳтүү боюнча иш пландын аткарылышы боюнча отчетторду түзүп туруу жана берип туруу.
Массалык маалымат каражаттары менен ѳз ара аркеттенүү.
3.3 Маалымат алмашуу боюнча адис (кызматтын) кызматтык милдети ушул Жобо менен аныкталат жана тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт:
калк менен маалымат алмашуу боюнча ишти пландаштыруу, ал маалымат алмашуу боюнча иш планы түрүндѳ таризделет жана ушул Жобонун 4-бѳлүгү менен жѳнгѳ салынат.
маалымат алмашуунун милдеттүү булактарын түзүү жана жайылтуу.
маалымат топтоо жана жарандардын сунуштарын эске алуу максатында маалы менен коомдук угууларды уюштуруу жана коомдук пикирди сурамжылоону уюштуруу.
Жергиликтүү кеӊешке калк менен маалымат алмашууну күчѳтүү боюнча иш пландын аткарылышы боюнча отчетторду түзүү жана берип туруу.
Массалык маалымат каражаттары менен ѳз ара арекеттенүү .
3.4 Маалымат алмашуу боюнча адис (кызмат) түздѳн-түз Баткен шаардык мэриясынын аткаруу - тескѳѳчу жетекчисине баш ийет, ал ѳз ыйгарым укугу менен милдеттеринин алкагында жайылтылган малыматтын мазмуну үчүн акыркы жоопкерчиликти тартат.
3.5 «Маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 16,17 жана 20-статьяларынын талаптарына ылайык маалымат алмашуу боюнча адис(кызмат) Баткен шаардык мэриясынын ар бир бѳлүктѳрү үчүн маалыматтын тизмесин иштеп чыгат, аны ошол болук адиске берүүгѳ тийиш. Маалыматтын адиске (кызматка) берилүүчү тизмеси маалымат алмашуу боюнча адиске(кызматка) берүүгѳ таандык болсо, аны берип туруунун маалы аткаруучу-тескѳѳчү орган үчүн - жетекчи тарабынан, кенеш үчүн - кенештин тѳрагасы тарабынан бекитилет.
3.6 Баткен шаардык мэриясынын бѳлүктѳру маалымат алмашуу боюнча адиске(кызматка) маалыматтын бекитилген тизмесине ылайык маалымат алууга жана жайылтууга кѳмѳктѳшүүгѳ милдеттүү. Атап айтканда Баткен шаардык мэриясынын тийиштүү бѳлүктѳрү алардын карамагында турган жана ушул Жобонун 4-бѳлүгүнүн 4.6. пунктарында жана 5-бѳлүгүндѳ белгиленген тизмеге тура келген маалыматты жарыялоо үчүн малымат алмашуу боюнча адиске (кызматка) берүүго милдеттүү.
4.1. Маалымат алмашуу боюнча адис (кызмат) «Маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча ишти ар жылдык негизде пландаштырууга милдеттүү.Баткен шаардык мэриясынын башка бѳлүктѳрүнүн функцияларын ишке ашыруу боюнча календардык пландары, ошондой эле Баткен шаардык мэриясын социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программалары жана башка программалык документтер пландаштыруунун негизи болуп эсептелет.
4.2. Баткен шаардык мэриясы менен калктын ортосунда маалымат алмашуу боюнча иш план маалымат алмашуу боюнча адистин (кызматтын) пландаштыруудагы негизги документи болуп саналат.
4.3 Ушул пландын долбоору коомдук бирикмелер жана ѳкмѳттүк эмес уюмдар сыяктуу жамааттын ѳкүлдѳрү менен тыгыз кызматаштыкта маалымат алмашуу боюнча адис(кызмат) тарабынан даярдалат . Бул үчүн Баткен шаардык мэриясынын жетекчиси менен жумушчу топ түзүлѳт , андан кийинки план жумушчу топту жана Баткен шаардык мэриясынын бардык бѳлүктѳрүн кошкондо кеӊейтилген курамда талкуулоого чыгарылат. Баткен шаардык мериясы менен калк ортосунда маалымат алмашуу боюнча иш планды түзүү боюнча жумушчу топтун болжолдуу курамы тѳмѳнкүдѳй:
- Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери:
- жергиликтүү кенештин депутаттары :
- коомдук бирикмелер менен ѳкмѳттук эмес уюмдардын ѳкүлдѳрү:
- массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү (эгерде бул мумкун болсо).
4.4 Планды баштапкы талкуулоо Баткен шаардык мэриясынын бюджетин түзүү мезгилинде бюджеттин чыгаша бѳлүгүнѳ пландын айрым иш-чараларын киргизүү максатында жүргүзүлѳт.
4.5 Кеӊейтилген курамда планды талкуулап чыккандан кийин Баткен шаардык мэриясынын аткарууга милдеттүү программалык документи катары планды бекитүү жүргүзүлѳт.Бекитүү Баткен шаардык мэриясынын аткаруучу-тескѳѳчү органынын башчысынын берген жолдомосу боюнча жергиликтүү кеӊештин сессиясынын чечими менен жүргүзүлѳт.Келерки жылга планды бекитүү мурдагы жылдын ноябрь-декабрь айларында жүргүзүлѳт.
4.6 Маалымат алмашуу боюнча иш план мааалымат алмашуунун милдеттүү булактарынын тизмесин, аларды жаӊылоонун ыкмасы менен мезгилдүүлүгүн, пландаштырылган коомдук угуулардын жана коомдук пикирди сурамжылоонун жооптуу кишилерди аныктаган тизмесин жана аларды ѳткѳрүүнүн болжолдуу күнүн камтууга тийиш, ошондой эле майрамдар, конкурстар, марафондор жана башка ушул сыяктуу бир жолку иш-чаралардын чектелбеген саны камтылышы керек.
4.7 Баткен шаардык мэриясы менен калк ортосунда маалымат алмашуу боюнча иш план пландаштырылган маалы менен же бир жолку иш-чараларды откорууго зарыл болгон чыгымдардын эсеп-кысабы менен коштолот.
5.1. Маалымат алмашуунун милдеттүү булактарына тѳмѳнкүлѳр кирет:
1) расмий маалымат фондусу
2) маалымат дубалы
3) жума сайын чыгарылуучу басма баракчасы
4) ай сайын чыгарылуучу маалымат бюллетени (Баткен шаардык мэриясынын бюджеттик ресурстары жетиштуу болсо чыгарылат ).
5.2. Расмий маалымат фондусу маалымат алмашуунун эӊ башкы милдеттүү булагы болуп саналат, ал «Маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 16,17 жана 20- статьяларына ылайык түзүлѳт. «Маалыматка жеткиликтүүлүк жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 23-статьясынын 2-пунктуна ылайык Баткен шаардык мэриясынын расмий маалымат фондусуна жеткиликтүүлүк түздѳн-түз алар менен жарандардын тийиштүү орган жайгашкан жерде таанышуу жолу менен камсыз болууга тийиш.
5.3. Расмий маалымат фондусу ушул Жобонун 5.4. пунктунда саналып ѳткѳн бардык документтердин кѳчүрмѳсүнүн жыйындысы болуп эсептелет жана Баткен шаардык мэриясынын жалпы бѳлүмүнүн иш бѳлмѳсүндѳ жайгаштырылат(китепканада же жарандардын эркинче жетишүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга аралжы болгон тийиштүү орунда).
5.4. Расмий маалымат фондусуна тѳмѳнкүлѳрдү камтыган маалыматтар милдеттүү киргизүүгѳ жатат:
1) Баткен шаардык мэриясынын структурасы, функциялары жана милдеттери, ыйгарым укуктары, милдеттери жана жылдык бюджети жѳнүндѳ маалыматтар:
2) Баткен шаардык мэриясына кѳрсѳтүлүүчү кызматтардын тизмеси менен башталышы:
3) Баткен шаардык мэриясынын иш аракеттерине карата жарандар менен уюмдар пайдаланышы мумкун болгон жана алардын кызмат адамдары пайдалануучу суроо-талаптарды же даттанууларды карап чыгуунун жана канаатандыруунун тартиби, ошондой эле суроо-талаптарды, даттанууларды же кайрылган адамдардын даты башка аракетерин тариздѳѳнүн болжолдуу үлгүсү:
4) Материалдарды документтештируу системасы, Баткен шаардык мэриясынын карамагында турган маалыматтардын типтери жана формалары, маалыматтардын категориялары жана маалыматтар туралуу суроо-талапты тариздѳѳнун жол-жоболор баяндамасы жѳнүндѳ маалымат.
5) Башкармалык органдардын жана алардын жетекчилеринин ыйгарым укуктары менен милдеттерин баяндоо жана алар кабыл алган чечимдердин жол-жоболору
6) Механизмдер же жол-жоболор алардын жардамы менен жарандар жана уюмдар Баткен шаардык мэриясынын ыйгарым укуктарын аткарууга же саясатын калыптандырууга ѳз пикирлерин билдириши же таасир тийгизиши мүмкүн.
7) Баткен шаардык мэриясына келип тушкон жарандар менен уюмдардын кайрылуулары тууралуу, мындай кайрылууларды карап чыгуунун жана кабыл алынган чаралардын натыйжасы жѳнүндѳ жалпыланган маалымат:
8) Жарандарга жана уюмдарга берилүүчү маалымат ресурстары менен кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн тизмеси:
9) Баткен шаардык мэриясынын жетекчилеринин жана делегацияларынын иш сапарында кыдыруулары жѳнүндѳ кабар:
10) Баткен шаардык мэриясы уюштура турган расмий иш-чараларда кабыл алынган чечимдер жѳнүндѳ кабар:
11) Баткен шаардык мэриясы уюштура турган расмий иш-чараларда кабыл алынган чечимдер жѳнүндѳ кабар:
12) Баткен шаардык мэриясынын иш планы жѳнүндѳ кабар:
13) Баткен шаардык мэриясынын жетекчилеринин жана ыйгарым укуктуу адамдарынын расмий билдирүүлѳрүнүн жана суйлѳгѳн сѳздѳрүнүн тексттери:
14) Баткен шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыгуучу максаттуу жана башка программалардын, концепциялардын долбоорлору жѳнүндо кабар:
15) Заказчысы же аткаруучусу Баткен шаардык мэриясы болуп саналган максаттуу жана башка программалар жѳнүндѳ маалымат: аталышы, максаты жана негизги милдети , программаларды негизги аткаруучулар жана заказчылар, мѳѳнѳтү жана ишке ашыруунун күтүлгѳн натыйжасы, каржылоо кѳлѳмү, аларды ишке ашыруунун жүрүшү:
16) Баткен шаардык мэриясынын бюджетин аткаруу тууралуу кабар:
17) Баткен шаардык мэриясынын катышуусунда ишке ашыруулучу долбоорлор мене иш-чаралар боюнча техникалык жардамдын (кѳмѳктѳшүүнүн) каражаттарын чыгымдоо жѳнүндѳ кабар:
18) Иш жонүндѳ талдоочу докладдар, отчеттор,Баткен шаардык мэриясынын ишмердиги жѳнүндѳ маалыматчыл мүнѳздѳгү баяндамалар:
19) Баткен шаардык мэриясынын компетенциясына кирген чѳйрѳлѳрдү ѳнүктүрүүнүн жагдайын жана динамикасын мүнѳздѳѳчу негизги кѳрсѳткүчтѳр тууралуу кабар:
20) Баткен шаардык мериясы даярдаган болжолдор:
21) Баткен шаардык мэриясы жыйнаган жана иштеп чыккан расмий статистикалык маалымат:
22) Баткен шаардык мэриясы ѳткѳрүүчү ачык конкурстар, аукциондор, тендерлер жана башка иш чаралар тууралуу маалымдоолор. Буга тѳмѳнкүлѳр кошулат: а) аларды ѳткѳрүүнүн шарты:
б) аларга жеке жана юридикалык жактардын катышуу тартиби:
в) муниципалдык муктаждык үчүн товарларды жеткирип берүүгѳ (иш аткаруу кызмат кѳрсѳтүү) конкурстарды ѳткѳрүү үчүн конкурсттук комиссиялардын курамы:
г) конкурстук комиссиянын отурумдарынын протоколу:
д) Баткен шаардык мэриясы кабыл алган чечимдерге даттануунун тартиби.
23) Баткен шаардык мэриясы ѳзүнүн компетенциясынын чегинде жүргүзгѳн текшерүүлѳрдүн жана Баткен шаардык мэриясында жүргүзүлгѳн текшерүүлѳрдүн натыйжалары жѳнүндѳ маалымдоо:
24) Ѳзгѳчѳ кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоонун абалы жѳнүндѳ маалымдоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар, болжолдонгон жана келип чыккан ѳзгѳчѳ кырдаалдар, алардан калкты коргоонун ыкмалары жана амалдары, ошондой эле мыйзамга ылайык жарандарга жана уюмдарга чейин Баткен шаардык мэриясы тарабынан жеткириле турган маалыматтар:
25) Баткен шаардык мэриясы башка жеке жана юридикалык жактар менен түзгѳн жарандык-укуктук мүнѳздѳгү келишимдердин тизмеси:
26) Баткен шаардык мэриясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарына жарандардын кириши жѳнүндѳ маалымат:
27) Муниципалдык кызматка жарандардын кирүү тартиби:
28) Муниципалдык кызматтардын бош оруну жѳнүндѳ тизмеси:
29) Бош кызмат ордун ээлѳѳгѳ талапкерлерге квалификациялык талаптар:
30) Муниципалдык кызматтын бош ордун ээлѳѳгѳ конкурстардын шарты менен натыйжасы:
31) Баткен шаардык мэриясынын башка мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер , саясий партиялар, кесиптик союздар жана башка уюмдар, анын ичинде Эл аралык уюмдар менен ѳз ара аракеттениши жѳнүндѳ маалымат:
32) Баткен шаардык мэриясынын, аймактык органдарынын жана аларга ведомстволук баш ийүүдѳгү уюмдардын жетекчилери жѳнүндѳгү кабар(фамилиясы, аты-жѳнү):
33) кызматкерлердин саны жана эмгек акы тѳлѳѳ фондусунун ѳлчѳмү:
34) Баткен шаардык мэриясына ведомстволук баш ийүүдогу уюмдар тууралуу малымдоо: уюмдардын тизмеси, алардын почталык жана юридикалык дареги, телефондор, алар аткаруучу милдеттер менен функциялар, алардын түзүлүшү, кайра уюштурулушу жана жоюлушу жѳнүндѳ, алардын кызмакерлеринин саны, ишмердигинин негизги кѳрсѳткүчтѳрү, эмгек акы тѳлѳѳ фондусунун ѳлчѳмү жѳнүндѳ маалымат:
35) Почта дарегин, электрондук почта дарегин, мамлекеттик органдын жана Баткен шаардык мэриясынын жарандарын жана уюмдардын кайрылуулары менен иштѳѳ боюнча бѳлүктѳрүнүн дарегин кошкондо телефондор менен даректик реквизиттер, ушул бѳлүктѳрдүн иш тартиби жѳнүндѳ кабар:
36) Баткен шаардык мэриясынын ишине катышкан Эл аралык уюмдардын тизмеси:
37) Эл аралык кызматташтыктын программаларын ишке ашырууга Баткен шаардык мэриясынын катышкандыгы тууралуу кабар.
5.5. Маалымат дубалы оперативдүү маалыматты келгендерге жеткирүүнүн каражаты болуп саналат жана тигинен орнотулган тактай болот, анын ѳлчүмү бетине документтердин жетиштүү санын жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Маалымат дубалы ичкери жакта, же Баткен шаардык мэриясынын имаратына түз жакын
жерде жайгаштырылат жана ачык конкурстар, аукциондор, тендерлер жана башка милдеттүү түрдѳ маалыматты камтыйт:
жергиликтүү кенештин курамы, депутаттардын ар биринин иштеген орду жана байланыш ыкмасы кѳрсѳтүлүү менен:
жергиликтүү кенештин акыркы болуп ѳткѳн сессиясынын чечими:
убактысы боюнча жакында боло турган жергиликтүү кеӊештин сессиясынын күн тартиби:
жергиликтүү кеӊештин туруктуу комиссияларынын тизмеси мене курамы анда байланыш түрү жана комиссия тѳрагаларынын жарандарды кабыл алуу убактысы кѳрсѳтүлѳт:
Баткен шаардык мэриясынын ченемдик актылары:
ченемдик эмес актылары(кызмат адамдарын дайындоо жѳнүндѳ актылар, жер ресурстарын жана башка муниципалдык менчик обьектерин тескѳѳнүн актылары): Баткен мэриясынын кызмат адамдарынын отчеттору:
Баткен шаардык мэриясынын байланыш маалыматы, анын бѳлүктѳрүнүн жана алардын жетекчилеринин маалымат байланышы жана муниципалдык менчик обьекттеринин реестри:
Баткен шаардык мэриясынын учурдагы жылга бюджети:
Баткен шардык мэриясынын ѳткѳн жылдагы бюджетти жана учурдагы жылдын жарым жылдыгынын бюджетинин акарылышы тууралуу отчеттор(календарга
жараша):
дагы башка керектуу маалыматтар, анын ичинде жума сайын чыгарылуучу басма сѳз баракчасы.
Маалымат дубалы малыматтын милдеттүү түрлѳрүндѳ ѳзгѳртүүлѳр келип чыккан учурда зарылчылыгына жараша жаныланып турат . Маалымат дубалынын ошондой эле маалы менен жаныланып турган бѳлүгү болот, анда ушул Жобонун 6- бѳлүмүнүн 6.4. пункунда кѳрсѳтүлгѳн маалымат алмашуунун тийиштүү булактары толтурулат.
5.6. Маалымат алмашунун милдетуу продуктусу, ошондой эле бюджеттин долбоору боюнча жыл сайын коомдук угуулардын жана ушул угууларды ѳткѳрүү кезинде таркатылуучу атайын документ - бюджеттин кыскача баяндамасы болуп эсептелет.
Бюджеттин кыскача баяндамасы жергиликтүү башкаруу органынын финансы бѳлүгү тарабынан маалымат алмашуу боюнча адис (кызмат) менен биргеликте даярдалат жана угуулар ѳткѳнгѳ чейин бир жума мурда (кѳчүрмѳлѳѳ жана атайылап таркатуу жолу менен, ошондой эле маалымат тактасына илип коюу жолу менен), ошондой эле угуулар ѳткѳрүлүп жатканда таркатылат.
5.7. Жума сайын чыгарылуучу басма сѳз баракчасы - Баткен шаардык мэриясында жуманын ичинде болуп ѳткѳн бардык окуялар жѳнүндѳ аппараттык конфиденциалдык окуяларды кошпогондо, маалыматты камтыган маалыматчыл мүнѳздѳгү документ. Жума сайын чыгарылуучу басма сѳз баракчасы ар бир жуманын аягында даярдалат жана маалымат тактасына илинет, ошондой эле Баткен шаардык мэриясы белгилеген жуманын күнүндѳ массалык маалымат каражаттарына жѳнѳтүлѳт.
5.8. Ай сайын чыгарылуучу маалымат бюллетени- бул отчеттор маалыматын жана расмий адамдардын чыгып сүйлѳгѳн сѳздѳрүн, пайдалуу жана үйрѳнүп алуучу маалыматтарды камтыган Баткен шаардык мэриясындагы окуялар жѳнүндѳ кеӊири маалымат бюллетени жума сайын чыгарылуучу басма сѳз баракчасында камтылган маалыматтарды тыянактап жана талдап бериши мүмкүн. Ай сайын чыгарылуучу маалымат бюллетенинин мазмуну маалымат алмашуу боюнча адис(кызмат) тарабынан аныкталат жана Баткен шаарынын Мэри тарабынан бекитилет.Ай сайын чыгарылуучу маалымат бюллетени басылма же электрондук түрдѳ чыгарылат, маалымат дубалында илинет, Баткен шаардык мэриясынын аймагында иштеп жаткан маморгандарга , ОЭУ Ларга жана милдеттүү түрдѳ массалык маалымат каражаттарына таркатылат. Ай сайын чыгарылуучу маалмат бюллетенин таркатуунун тизмеси маалымат маалымат алмашуу боюнча адис(кызмат) тарабынан Баткен шаардык мэриясынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча түзүлѳт жана жаӊыланып турат.
6.1. Коомдук пикирге Баткен шаардык мэриясы кабыл алган чечимдердин таасир кѳрсѳтүшү жѳнүндѳ маалымат жыйноо Баткен шаардык мэриясынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети болуп эсептелет жана бүткүл жыл бою дайыма болуучу негизде ишке ашырылат.
6.2. Коомдук пикирди эске алуу максатында Баткен шаардык мэриясы тѳмѳнкүлѳрдү ѳткѳрѳт:
жарандардын жашаган жери боюнча массалык маалымат каражаттары үчүн иш-чара (басма сѳз конференциясы, интервью, басма сѳз турлары):
жарандардын жашаган жери боюнча курултайлар менен жыйындар (жыйналыштар):
кварталда, жарым жылда жана жылда бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар:
жарандардын катышуусунда кеӊири талкуулоону талап кылган маселелер боюнча коомдук угуулар (транспорт маселеси, муниципалдык менчикти башкаруу маселеси, коммуналдык кызмат кѳрсѳтүү жана башка проблемалар):
коомдук пикирди сурамжылоо (курултайда, почта сандыгы аркылуу, мектептерде ж.б.) Баткен шаардык мэриясынын кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнѳ ,анын ичинде маалымат алмашуу боюнча кызмат кѳрсѳтүүгѳ жарандардын канаатангандыгынын денгээлин изилдѳѳ үчүн:
6.3. Ушул Жобонун 6.2. пунктунда кѳрсѳтүлгѳн иш чаралардын мазмуну аларды ѳткѳрүүнүн тартиби менен мѳѳнѳтү Баткен шаардык мэриясынын аткаруучу -тескѳѳчү органы тарабынан белгиленет.
6.4. Ѳткѳрүлгѳн иш-чаралардын натыйжасы (курултайлар менен жыйындардын , жыйналыштардын) чечимдери , жарандарды сурамжылоонун жүрүшүндѳ алынган алардын пикирлери (коомдук угуулар, курултайлар, жыйындар (жыйналыштар) предмети болуп саналган маселелерге жооптуу жана коомдук пикирди сурамжылоого жооптуу курамдык бѳлүктѳр тарабынан жалпыланат жана аткаруучу-тескѳѳчү органдын башчысы жана Баткен шаардык мэриясынын башчысына жана жергиликтүү кеӊештин депуттатарына чечим кабыл алуу учун маалымдалат. Жарандардын курултайлары, жыйындары (жыйналыштары) кабыл алган чечимдердин натыйжасы боюнча жана коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы жергиликтүү кеӊештин чечимдеринде же аткаруучу-тескѳѳчү орган аркылуу калкка маалымат алмашуу боюнча адис(кызмат) тарабынан басма сѳз баракчасын басып чыгаруу же жергиликтүү кенеш бекиткен дагы башка тартиптин жолу менен таркатылат жана маалымдалат.
7. Калк менен маалымат алмашуу боюнча адистин иш натыйжасынын мониторинга жана отчеттуулугу
7.1. Маалымат алмашуу боюнча адистин (кызматтын) ишин контролдоону жана мониторингин ѳткѳрүүнү жүргүзүү үчүн маалымат алмашууну күчѳтүү боюнча иш планда аны ыкчамдыгы менен динамикасын аныктоочу негизги индикатор коюлат.Бул индикаторго тѳмѳнкүлѳр кошулат:
басылмалардын саны (басма сѳз баракчалары, маалымат бюллетендери, макалалар менен массалык маалымат каражаттарындагы сюжеттер):
коомдук пикирди сурамжылоого катышуу мүмкүндүгүн алышкан Баткен шаардык мэриясынын аймагындагы тургундардын жалпы санынан пайыз:
бюджет боюнча коомдук угууларга катышуу мүмкүндүгүн алышкан Баткен шаардык мэриясынын аймагындагы тургундардын жалпы санынан пайыз:
маалымат алмашууну кучотуу боюнча иш пландагы дагы башка иш-чараларга катышуу мүмкүндүгүн алышкан Баткен шаардык мэриясынын аймагындагы тургундардын жалпы санынан пайыз:
ошол Баткен шардык мэриясы үчүн алгылыктуу дагы башка кѳрсѳткүчтѳр.
7.2. Маалымат алмашуу боюнча адис(кызмат) квартал сайын негиз кылып (ай сайын жарым жыл сайын) планды аткаруу жѳнүндѳ отчетту даярдайт жана аны жергиликтүү кеӊештин сессиясынын кароосуна коюу үчүн Баткен шаардык мэриясынын башчысына берет.
7.3. Жарым жылдык же ар жылдык негизде жергиликтүү кеӊеш маалымат алмашуу боюнча адис (кызмат) даярдаган отчетту карап чыгат ,аны бекитет жана ишти күчѳтүү боюнча сунуштарды берет.
7.4. Курамына коомдук бирикмелер жана ѳкмѳттүк эмес уюмдар катары жамааттын ѳкүлдѳрү , Баткен шаардык мэриясынын кызматкерлери жана жергиликтүү кеӊештин депутаттары кирген маалымат алмашууну күчѳтүү боюнча ишти пландаштыруучу жумушчу топ түзүлѳт жана ушул Жобонун 4 - бѳлүмүнѳ ылайык жыл ичинде пландын аткарылышын талдоону жүргүзѳт жана анын негизинде жаны пландын долбоорун иштеп чыгат, ага жаӊы сандык кѳрсѳткүчтѳр(индикаторлор) киргизилет.
8.1 Ушул жобо майнаптуу маалымат алмашууну уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча дагы башка чараларды жүзѳгѳ ашырууда Баткен шаардык мэриясын чектебейт.
|
|