Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры № 107
Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, ошондой эле муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-пунктун 5-абзацы алынып ташталсын.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 52-пункт төмөндөгүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"№ 2 Тизменин жана № 2 тизмектин негизинде № 2 тизмеде саналган ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жеке жактар № 2 Тизме жана № 2 Тизмек бекитилген күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде № 2 тизмекте көрсөтүлгөн тийиштүү турак эмес имаратты, курулмаларды же жайларды жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимин Башкармалык менен түзүшөт.
Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимине кол коюудан баш тарткан учурда комиссия белгиленген мөөнөттө Бишкек шаардык кеңештин кароосуна бул ишкананы, уюмду, мекемени же жеке жакты № 2 тизмеден чыгарып салуу жөнүндө маселени киргизүүгө укуктуу."
- 58-пункттун "а" кичипунктунда "каалоосу боюнча" деген сөздөр "арызы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "эки жолу" деген сөздөр алынып ташталсын;
- 58-пункттун "в" кичипункту "жеңилдетилген ижара акысы менен белгиленген ижара келишими менен" деген сөздөрдөн кийин "ушуну менен бирге, үстөк айып же жазапул ижара акы боюнча карыздын жалпы суммасынан 25% дан ашпоосу керек" деген сөздөр менен толукталсын.
- 58-пункт төмөнкү мазмундагы "ж" кичипункту менен толукталсын:
"ж) ижарага алынган муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан башка чыгымдарды ижарачы өзүнө алат.";
- 83-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими менен келишимдер каалоосун билдирген жана келишимдин шарттарын бузбаган ижарачыларга ушул эле мезгилге узартылышы мүмкүн.";
- 84-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүп жаткан учурда ижарачы Башкармалык тарабынан депозитте кармалуучу күрөө суммасы катарында үч айлык ижара акы өлчөмүндөгү сумманы Башкармалыкка төлөйт. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы он күндүк мөөнөттө ижара келишимин узартуу үчүн чараларды көрөт же кыймылсыз мүлктүн ижарага алынган объектин бошотот жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Башкармалыкка өткөрүп берет. Эгерде өз убагында бошотуп бербесе, ижарачы Башкармалыкка убагы өтүп кеткен ар бир күн үчүн бир айлык ижара акысынын суммасынан 5% өлчөмдө үстөк айып төлөйт. Ошону менен бирге, күрөө суммасы ижарачыга келишимдин мөөнөтүнүн аяктоосу боюнча кыймылсыз мүлктүн ижарага алынган объектиси бошотулгандан кийин, же ижарачынын күнөөсү боюнча келтирилген материалдык зыянды четтетүү боюнча сумма, ижара акы боюнча карыз, же кыймылсыз мүлктүн объектисин өз убагында бошотпогондугу үчүн үстөк айып, же рыноктук ижара акы менен ижарага берилген, анын нормалдуу эскирүүсүнөн ашкан өлчөмдөгү объекттин ремонтунун наркы түрүндө сумманы кармап калгандан кийин кайтарылып берилет. Бошотулган кыймылсыз мүлк объектиси кайрадан рыноктук ижара акысы менен ижарага берүү үчүн сынакка коюлат.";
86-пункттун 2-абзацы алынып салынсын.
86-пункттун "а" кичипункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүп жаткан учурда ижарачы Башкармалыкка депозитте кармалуучу күрөө суммасы катары Башкармалык үч айлык ижара акы өлчөмүндөгү сумманы төлөйт. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы он күндүк мөөнөттө ижара келишимин узартуу үчүн чараларды көрөт же кыймылсыз мүлктүн ижарага алынган объектин бошотот жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Башкармалыкка өткөрүп берет. Эгерде өз убагында бошотуп бербесе, ижарачы Башкармалыкка убагы өтүп кеткен ар бир күн үчүн бир айлык ижара акысынын суммасынан 5% өлчөмдө үстөк айып төлөйт. Ошону менен бирге, күрөө суммасы ижарачыга келишимдин мөөнөтүнүн аяктоосу боюнча кыймылсыз мүлктүн ижарага алынган объектиси бошотулгандан кийин, же ижарачынын күнөөсү боюнча келтирилген материалдык зыянды четтетүү боюнча сумма, ижара акы боюнча карыз, же кыймылсыз мүлктүн объектисин өз убагында бошотпогондугу үчүн үстөк айып, же рыноктук ижара акы менен ижарага берилген, анын нормалдуу эскирүүсүнөн ашкан өлчөмдөгү объекттин ремонтунун наркы түрүндө сумманы кармап калгандан кийин кайтарылып берилет. Бошотулган кыймылсыз мүлк объектиси кайрадан рыноктук ижара акысы менен ижарага берүү үчүн сынакка коюлат.";
- 86-пункттун "б" кичипункту "рыноктук ижара акысы менен ижара келишими тарабынан белгиленген" деген сөздөрдөн кийин "ошону менен бирге, үстөк айып же жазапул ижара акы боюнча карыздын жалпы суммасынан 25% дан ашпоосу керек" деген сөздөр менен толукталсын;
- 86-пункт төмөнкү мазмундагы "г" кичипункту менен толукталсын:
"г) ижарага алынган муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан башка чыгымдарды ижарачы өзүнө алат.";
115-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Рыноктук ижара акы, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдүн узак мөөнөттүү инвестициялык ижарасы менен пайдалануучулар жана ижарачылар башкармалыктын макулдугу менен белгиленген кыймылсыз мүлк объектилерин толугу менен же жарым жартылай бул Жобо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте Башкармалык менен макулдашуу менен субижарага берүүгө укугуна ээ.".
3. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" Жобосунун "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектилерине рыноктук ижара акы менен ижара укугун берүү Эрежелеринин" 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-бөлүктүн 7-абзацындагы "9,7" деген сан "10,5" деген сан менен алмаштырылсын.
3-бөлүктүн 31-абзац алынып ташталсын;
- 3-бөлүк төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Белгиленген коэффициенттер колдонулбоочу, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги башка объекттерди (коомдук транспорт аялдамалар, таяныч сым карагайлар, эстелик курулмалар, отканалардын түтүн чыгаргычтары ж.б.) ижарага берүүдө ижара акы муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими менен келишимдик негизде белгиленет. "
5-бөлүктөгү 2-абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сынакты жеңип алган адам белгиленген мөөнөттө рыноктук ижара акысы менен ижара келишимине кол коюудан баш тарткан учурда, киргизилген шертпулунан айрылат, ал эми Башкармалык муну муниципалдык мүлктү пайдалануу укугунан баш тартуу катары кабыл алат. Сынактын уюштуруучу рыноктук ижара акысы менен ижара келишимине кол коюудан баш тартса, шертпулун эки эсе көп өлчөмдө кайрып берүүгө, ошондой эле сынактын жеңүүчүсүнө сынакка катышуу менен келтирген зыяндары үчүн шертпулунун суммасынан ашкан бөлүгүндө кайтарып берүүгө милдеттүү."
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана вице-мэр А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов |