Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 143
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында муниципалдык менчик объекттерин натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
а) 1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобо;
б) 2-тиркемеге ылайык, чарбалык жүргүзүүгө муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;
в) 3-тиркемеге ылайык, ыкчам башкарууга муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө типтүү келишим;
г) 4-тиркемеге ылайык, жеңилдетилген ижара акысы менен типтүү келишим;
д) 5-тиркемеге ылайык, рыноктук ижара акысы менен типтүү келишим;
е) 6-тиркемеге ылайык, субижаралоо типтүү келишими;
ж) 7-тиркемеге ылайык, узак мөөнөттүү ижаралоо типтүү келишими;
з) 8-тиркемеге ылайык, кыймылдуу мүлктүн типтүү келишими.
2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
2012-жылдын 24-октябрындагы № 335 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2006-жылдын 11-июлундагы № 221 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту жана "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 30-январындагы № 97 "Муниципалдык менчикти ижаралоо үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табуу жөнүндө";
2006-жылдын 17-мартындагы № 186 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2008-жылдын 24-апрелиндеги № 434 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2009-жылдын 4-февралындагы № 40 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2009-жылдын 30-апрелиндеги № 67 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2009-жылдын 2-декабрындагы № 107 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2010-жылдын 27-майындагы № 186 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2010-жылдын 3-декабрындагы № 201 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген ""Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
2011-жылдын 13-октябрындагы № 276 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2017-жылдын 3-октябрындагы № 30 "Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
а) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн:
б) алты айлык мөөнөттө муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана транспорт, муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Абиров |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 2-тиркеме |
Муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүүгө берүү жөнүндө № ___ ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20____-жылдын "____"_________ |
Жобонун негизинде иштөөчү, начальниктин атынан ________________________________________________________________ Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы, мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан жана ____________________________________________________ атынан _______________________________________________________ негизинде иштөөчү, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу, экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул келишимдин предмети болуп Ижарачыга Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан Ижарачыга жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн чарба жүргүзүүгө, ошондой эле чарбалык ишмердикти жүргүзүүгө муниципалдык мүлктү берүү болуп саналат.
1.2. Ушул келишимге ылайык Ижарачыга берилүүчү муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт.
1.3. Ушул келишимге ылайык Ижарачыга берилүүчү муниципалдык мүлк Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкү болуп саналат жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында каралган турак жай эмес имаратынан, курулмадан же жайдан жана башка мүлктөн турат.
1.4. Ушул келишимге ылайык Ижарачыга чарба жүргүзүү укугуна берилүүчү муниципалдык мүлк Ижарачынын балансында 20-___жылдын "__" __________ абалы боюнча чагылдырылат.
1.5. Ушул келишимдин иштөөсү Ижарачынын ишмердигинин натыйжасында жана Ижарачынын балансында катталган, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк объекттеринин Реестринде эсепке алынууга тийиш болгон Ижарачы тарабынан түзүлгөн же сатылып алынган мүлккө жайылтылат жана ушул келишимге балансты тапшыруу боюнча толуктоолор түрүндө киргизилет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери.
2.1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга бекитилип берилген муниципалдык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана бүтүндүгүн контролдоону жүзөгө ашырат.
2.1.2. Ижарага берүүчү Ижарачыга бекитилип берилген ашыкча, пайдаланылбаган же багыты боюнча эмес пайдаланылган муниципалдык мүлктү алып коюуга жана аларды белгиленген тартипте тескөөгө укуктуу.
2.2. Ижарачынын укуктары жана милдеттери.
2.2.1. Ижарачы муниципалдык мүлккө мыйзамда белгиленген чекте, өз ишмердигинин максатына, менчик ээсинин тапшырмасына жана мүлктүн багытталышына ылайык, ошондой эле Ижарачынын Уставына (Жобо), ушул келишимде белгиленген чектөөлөргө ылайык ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
2.2.2. Ижарачы Ижарага берүүчүгө же анын өкүлдөрүнүн талабы боюнча турак эмес жайларга жана документтерге эркин жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
2.2.3. Ижарачы анын ишмердигинин натыйжасында жана муниципалдык мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешенин эсебинен, анын ичинде, гранттын жана башка булактардын эсебинен алынган мүлктү кошо, документтерин алган учурдан тартып бир жумалык мөөнөттүн ичинде, Ижарага берүүчү зарыл болгон документтерди (авизо үч нускада, так отчёттуулук, счёт-фактуралардын жана коштомо кагаздардын көчүрмөлөрү, кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары, буйруктардын жана тескемелердин көчүрмөлөрү) аталган мүлктү Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк Реестрине киргизүү үчүн берүүгө милдеттүү.
2.2.4. Ижарачы ага чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүлүп берилген мүлктү сатууга, ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдорго жана шериктештиктерге уставдык капитал, үлүштөш салым катары киргизүүгө, ажыратууга же бул мүлктү Ижарага берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз башка жол менен тескөөгө укугу жок.
2.2.5. Ижарачы ар кандай кырдаалдарда муниципалдык мүлктүн финансылык - чарбалык ишинин жыйынтыгында түзүлүүчү үчүнчү жактардын алдындагы карыздарды муниципалдык мүлк менен жабууга укугу жок.
2.2.6. Мүлк муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө бул укукту алган Ижарачы банкрот болгондо ажыратылууга тийиш жана бул мүлккө менчик укугу сакталган менчик ээсине кайтарылып берилүүгө тийиш.
2.2.7. Ижарачы ага өткөрүлүп берилген мүлктү сарамжалдуу пайдаланууга жана анын бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жана мүмкүн болгон, анын ичинде, үчүнчү жактардын аракеттеринен жана форс-мажордук шарттардан улам пайда болгон зыяндарды жоюуга жана анын начарлашына, бузулушуна же андан ээликти ажыратууга, башка жоготууга алып келген аракеттерди кылбоого милдеттүү.
2.2.8. Ижарачы ага өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү күтүү боюнча чыгымдарды тартат, аны талаптагыдай техникалык, санитардык жана өрткө каршы абалда сактайт, Ижарачынын каражаттарынын, анын ичинде, белгиленген тартипте амортизацияланган чегерүүлөрдүн эсебинен учурдагы жана капиталдык оңдоо жүргүзөт.
2.2.9. Ижарачы милдеттүү түрдө бардык негизги фонддорду амортизациялайт жана ушундай чегерүүлөр үчүн негизги фонддордун өзүнчө эсебине ээ болот. Ижарачы тарабынан муниципалдык мүлккө топтолгон амортизация муниципалдык менчик болуп саналат. Амортизация каражаттары капиталдык оңдоого гана пайдаланылышы мүмкүн.
2.2.10. Эгерде Ижарачыга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик көп батирлүү үйдүн имаратында жайгашкан болсо, Ижарачы бардык имарат жана жанаша жайгашкан аймактын эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана көп батирлүү үйдүн мүлкүн оңдоого байланыштуу жалпы чыгымдарга катышат.
2.2.11. Мүлккө зыян келтирүүнү алып келген өзгөчө кырдаалдар (мисалы, өрт, авария) пайда болгон учурда Ижарачы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө же келтирилген зыяндын суммасынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Сумма акты менен жол-жоболоштурулат.
2.2.12. Ижарачы ага бекитилип берилген мүлктү жана аны пайдалануунун жыйынтыктарын, ошондой эле аны өткөрүп берүүгө, реконструкциялоого, калыбына келтирүүгө жана оңдоого байланыштуу башка зарыл документтерди белгиленген тартипте баланстык эсепке алууга жана анын абалы, аны колдонуунун жыйыктыктары тууралуу жылдык отчётту ошол отчёттук жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Ижарага берүүчүгө берүүгө милдеттүү.
2.2.13. Ижарачы жылдык балансты отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартына чейин Ижарага берүүчүгө тапшырууга милдеттүү.
2.2.14. Ижарачы эскилиги жеткен моралдык жактан эскирген муниципалдык мүлктү Ижарага берүүчүнүн уруксатысыз эсептен чыгарууга укугу жок. Мүлктү эсептен чыгаруудан түшкөн каражаттарды чегерүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Субижара
3.1. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугу менен жалпы билим берүү мекемелериндеги ашканалардан тышкары, ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн бөлүгүн же толугу менен Ижарага берүүчү аркылуу электрондук аукцион жүргүзүү менен конкурстук негизде субижарага берүүгө укуктуу.
3.2. Субижара келишими Ижарага берүүчү жана Ижарачы баш ийген ведомстволук уюм менен макулдашуу боюнча ушул келишимдин шарттарына жана максаттарына ылайык, ушул келишимдин мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө Ижарачы менен субижарачынын ортосунда түзүлөт.
3.3. Ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу ага ылайык түзүлгөн субижара келишимин токтотууга алып келет.
3.4. Ижарачылар тарабынан субижарага берилген объекттердин ижара акысынан Бишкек шаардык бюджетке түшкөн чегерүүлөрдүн пайыздары төмөнкүдөй:
- социалдык инфраструктура объекттери үчүн - 100%;
- чарба жүргүзүүчү субъектердин объекттери үчүн - 100%.
4. Тараптардын жоопкерчилиги, талаштарды чечүү тартиби
4.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
4.2. Ушул келишимден пайда болгон талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенет. Аларды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
5. Колдонуу мөөнөтү, келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби бузуу
5.1. Ушул келишим 20____-жылдын "___"___________ 20____-жылдын "___"______________ чейинки мөөнөткө түзүлдү жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Мүлк Ижарачыга өткөрүлүп берилген учурдан тартып Ижарачыга бекитилип берилди деп эсептелет. Эгерде ушул келишим түзүлүп жаткан мезгилде мүлккө Ижарачы ээлик кылган болсо, мүлк ушул келишим түзүлүп жаткан мезгилден тартып ага бекитилип берилген деп эсептелет.
5.3. Ижарачы келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин да ушул келишим боюнча ага өткөрүлүп берилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имаратты, курулманы же жайды пайдаланып жаткан болсо, ага Ижарага берүүчү каршы эмес болгон учурда, келишим ошол эле шарттарда, ушундай эле жаңы мөөнөткө жаңыланды деп эсептелет.
5.4. Ушул келишим токтотулган мезгилде Ижарачы ушул келишим токтотулган мезгилден тартып эки жумадан кечиктирбестен мүлктү, анын ичинде, өндүрүлгөн бөлүнүүчү жана бөлүнбөй турган жакшыртууларды анын наркын толтурбастан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарага берүүчүгө өткөрүп берет.
5.5. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча же Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча жол берилет. Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча келишимди өзгөртүү жана бузуу бул тууралуу Ижарачыга жазуу түрүндө кабарлоо берилгенден 30 күн өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
5.6. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында (жалпы элдик акты) Ижарачыга ижаралоо келишиминин милдеттерин толугу менен же жарым жартылай аткаруу мүмкүн болбогон учурда, бир тарап ижара келишимин бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган учурдан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин келишим бир тараптуу бузулушу мүмкүн.
6. Башка шарттар
6.1. Ушул келишим Бишкек шаарында мамлекеттик жана расмий тилдерде, бардык үч нуска тең окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, үч нускада (бирөө- Ижарачыга, экөө- Ижара берүүчүгө) түзүлдү.
7. Тараптардын маалымдаректери жана кол тамгалары
Ижарага берүүчү: |
| Ижарачы: |
Юридикалык дареги |
| Юридикалык дареги |
_______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Алыш-бериш эсеби _____________________ |
| ______________________________________ |
Банк: __________________________________ |
| ______________________________________ |
ИНН __________________________________ |
| ______________________________________ |
БИК ___________________________________ |
| ______________________________________ |
Төлөм коду: ___________________________ |
| ______________________________________ |
СФ № __________________________________ |
| ______________________________________ |
Юстиция министрлигинде катталган № ____________________________________ |
|
|
_______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
| ______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
_______________________________________ М.О. |
| ______________________________________ М.О. |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 3-тиркеме |
Муниципалдык мүлктү ыкчам башкарууга берүү тууралуу № ________ ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20____-жылдын "__" ___________ |
Жобонун негизинде иштөөчү, начальниктин атынан ________________________________________________ Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы, мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан жана __________________________________________________________ атынан _______________________________________________ негизинде иштөөчү, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул келишимдин предмети Ижарачыга муниципалдык мүлк укугуна таандык муниципалдык мүлктү Ижарачыга Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн ыкчам башкарууга берүү болуп саналат.
1.2. Ушул келишимге ылайык Ижарачы берилген муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын (тиркелет) негизинде жүргүзүлөт.
1.3. Ушул келишимге ылайык Ижарачыга берилген муниципалдык мүлк Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкү болуп саналат жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында каралган турак жай эмес имарат, курулма же жай жана башка мүлктөн турат.
1.4. Ушул келишимге ылайык Ижарачыга ыкчам башкаруу укугунда берилген муниципалдык мүлк Ижарачынын балансында 20___-жылдын "_____" _____________ карата катталат.
1.5. Ушул келишим Ижарачынын ишмердигинин натыйжасында пайда болгон же алынган жана Ижарачынын балансында катталган, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк объекттеринин Реестринде эсепке алынууга тийиш болгон жана ушул келишимге балансты тапшыруу боюнча толуктоо түрүндө киргизилген мүлккө да жайылтылат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери.
2.1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга бекитилип берилген муниципалдык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана бүтүндүгүн контролдоону жүзөгө ашырат.
2.1.2. Ижарага берүүчү Ижарачыга бекитилип берилген ашыкча, пайдаланылбаган же багыты боюнча пайдаланылбаган муниципалдык мүлктү алып коюуга жана аларды белгиленген тартипте тескөөгө укуктуу.
2.2. Ижарачынын укуктары жана милдеттери.
2.2.1. Ижарачы муниципалдык мүлккө мыйзамда белгиленген чекте, өз ишмердигинин максатына, менчик ээсинин тапшырмасына жана мүлктүн багытталышына ылайык, ошондой эле Ижарачынын Уставына (Жобо), ушул Келишимде белгиленген чектөөлөргө ылайык ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
2.2.2. Ижарачы Ижарага берүүчүнү же анын өкүлдөрүнүн талабы боюнча турак жай эмес жайларга жана документтерге эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.
2.2.3. Ижарачы анын ишмердигинин натыйжасында жана муниципалдык мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешенин эсебинен алынган, анын ичинде, гранттын жана башка булактардын эсебинен алынган мүлктүн документин алган учурдан тартып бир жумалык мөөнөттүн ичинде зарыл болгон документтерди (авизо үч нускада, так отчёттуулук счёт-фактуралардын жана коштомо кагаздардын көчүрмөлөрү, кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары, буйруктардын жана тескемелердин көчүрмөлөрү) аталган мүлктү Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк Реестрине киргизүү үчүн Ижарага берүүчүгө берүүгө милдеттендирилет.
2.2.4. Ижарачы ага ыкчам башкаруу укугунда өткөрүлүп берилген мүлктү сатууга, ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдорго жана шериктештиктерге уставдык капитал, үлүштөш салым катары киргизүүгө, ээликтен ажыратууга же бул мүлктү Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз башка жол менен тескөөгө укугу жок.
2.2.5. Ижарачы финансылык-чарбалык ишинде ар кандай кырдаалдарда үчүнчү жактардын алдында пайда болгон карыздарды муниципалдык мүлк менен жабууга укугу жок.
2.2.6. Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө аталган укукту алган банкрот болгондо мүлк ээликтен ажыратылууга тийиш эмес жана бул мүлккө менчик укугу сакталган Ижарага берүүчүгө кайтарылып берилүүгө тийиш.
2.2.7. Ижарачы ага өткөрүлүп берилген мүлктү сарамжалдуу пайдаланууга жана анын бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жана мүмкүн болгон, анын ичинде, үчүнчү жактардын аракеттеринен жана форс-мажордук шарттардан улам пайда болгон зыяндарды жоюуга, анын начарлашына, бузулушуна же андан ээликти ажыратууга башка жоготууга алып келген аракеттерди кылбоого милдеттендирилет.
2.2.8. Ижарачы ага өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү күтүү боюнча чыгымдарды тартат, аны талаптагыдай техникалык, санитардык жана өрткө каршы абалда сактайт, Ижарачынын каражаттарынын, анын ичинде, белгиленген тартипте амортизацияланган чегерүүлөрдүн эсебинен учурдагы жана капиталдык оңдоо жүргүзөт.
2.2.9. Ижарачы милдеттүү түрдө бардык негизги фонддорду амортизациялайт жана ушундай чегерүүлөр үчүн негизги фонддордун өзүнчө эсебине ээ болот. Ижарачы тарабынан муниципалдык мүлккө топтолгон амортизация муниципалдык менчик болуп саналат. Амортизация каражаттары капиталдык оңдоого гана пайдаланылышы мүмкүн.
2.2.10. Эгерде Ижарачыга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик көп батирлүү үйдүн имаратында жайгашкан болсо, Ижарачы бардык имарат жана жанаша жайгашкан аймактын эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана көп батирлүү үйдүн мүлкүн оңдоого байланыштуу жалпы чыгымдарга катышат.
2.2.11. Мүлккө зыян келтирүүнү алып келген өзгөчө кырдаалдар (мисалы, өрт, авария) пайда болгон учурда Ижарачы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө же келтирилген зыяндын суммасынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Сумма акты менен жол-жоболоштурулат.
2.2.12. Ижарачы ага бекитилип берилген мүлктү жана аны пайдалануунун жыйынтыктарын, ошондой эле аны өткөрүп берүүгө, реконструкциялоого, калыбына келтирүүгө жана оңдоого байланыштуу башка зарыл документтерди белгиленген тартипте баланстык эсепке алууга жана анын абалы, аны колдонуунун жыйыктыктары тууралуу жылдык отчётту ошол отчёттук жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Ижарага берүүчүгө берүүгө милдеттүү.
2.2.13. Ижарачы жылдык балансты отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартына чейин Ижарага берүүчүгө тапшырууга милдеттүү.
2.2.14. Ижарачы эскилиги жеткен моралдык жактан эскирген муниципалдык мүлктү Ижарага берүүчүнүн уруксатысыз эсептен чыгарууга укугу жок. Мүлктү эсептен чыгаруудан түшкөн каражаттарды чегерүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Субижара
3.1. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугу менен жалпы билим берүү мекемелериндеги ашканалардан тышкары, ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн бөлүгүн же толугу менен Ижарага берүүчү аркылуу электрондук аукцион жүргүзүү менен конкурстук негизде субижарага берүүгө укуктуу.
3.2. Субижара келишими Ижарага берүүчү жана Ижарачы баш ийген ведомстволук уюм менен макулдашуу боюнча ушул келишимдин шарттарына жана максаттарына ылайык, ушул келишимдин мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө Ижарачы менен субижарачынын ортосунда түзүлөт.
3.3. Ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу ага ылайык түзүлгөн субижара келишимин токтотууга алып келет.
3.4. Ижарачылар тарабынан субижарага берилген объекттердин ижара акысынан Бишкек шаардык бюджетке түшкөн чегерүүлөрдүн пайыздары төмөнкүдөй:
социалдык инфраструктура объекттери үчүн - 100%;
чарба жүргүзүүчү субъектердин объекттери үчүн - 100%.
4. Тараптардын жоопкерчилиги, талаштарды чечүү тартиби
4.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
4.2. Ушул келишимден пайда болгон талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттүү. Аларды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү мүмкүн болбогон учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
5. Колдонуу мөөнөтү, келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби
5.1. Ушул келишим 20____-жылдын "___" ___________ 20____-жылдын "___" ______________ чейинки мөөнөткө түзүлдү жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Мүлк Ижарачыга өткөрүлүп берилген учурдан тартып Ижарачыга бекитилип берилди деп эсептелет. Эгерде ушул келишим түзүлүп жаткан мезгилде мүлк Ижарачынын ээлигинде болсо, мүлк ушул келишим түзүлүп жаткан мезгилден тартып ага бекитилип берилген деп эсептелет.
5.3. Ижарачы келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин да ушул келишим боюнча ага өткөрүлүп берилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак жай эмес имаратты, курулманы же жайды пайдаланып жаткан болсо, ага Ижарага берүүчү каршы болбогон учурда, келишим ошол эле шарттарда, ушундай эле жаңы мөөнөткө жаңыланды деп эсептелет.
5.4. Ушул келишим токтотулган учурда, ал токтотулган мезгилден тартып эки жумадан кечиктирбестен мүлктү, анын ичинде, өндүрүлгөн бөлүнүүчү жана бөлүнбөй турган жакшыртууларды наркын толтурбастан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарага берүүчүгө өткөрүп берет.
5.5. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча же "Менчик ээсинин" талабы боюнча жол берилет. Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча келишимди өзгөртүү жана бузуу Ижарачыга жазуу түрүндө кабарлоо берилгенден 30 күн өткөндөн кийин жүрүзүлөт.
5.6. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында (жалпы элдик) Ижарачыга ижара келишиминин милдеттерин толугу менен же жарым жартылай аткаруу мүмкүн болбогон учурда, бир тарап ижара келишимин бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган учурдан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин келишим бир тараптуу бузулушу мүмкүн.
6. Башка шарттар
6.1. Ушул келишим Бишкек шаарында мамлекеттик жана расмий тилдерде үч нускада (бирөө-Ижарачыга, экөө-Ижарага берүүчүгө) түзүлдү. Бардык үч нуска тең окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
7. Тараптардын юридикалык даректери жана башка маалымдаректери
Ижарага берүүчү: |
| Ижарачы: |
Юридикалык дареги |
| Юридикалык дареги |
_______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Алыш-бериш эсеби _____________________ |
| ______________________________________ |
Банк: __________________________________ |
| ______________________________________ |
МСКБ _________________________________ |
|
|
БИК ___________________________________ |
| ______________________________________ |
ИНН __________________________________ |
| ______________________________________ |
Төлөм коду: ___________________________ |
| ______________________________________ |
СФ № _________________________________ |
| ______________________________________ |
Юстиция министрлигинде катталган № ___________________________________ |
|
|
_______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
| ______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
_______________________________________ М.О. (мөөр) |
| ______________________________________ М.О. (мөөр) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 4-тиркеме |
Жеңилдетилген ижара акысы менен ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20____-жылдын "__" ___________ |
Жобонун негизинде иштөөчү, начальниктин атынан ________________________________________________________________ Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы, мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан жана _________________________________________________________ атынан _______________________________________________ негизинде иштөөчү, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети жана мөөнөтү
1.1. Ижарага берүүчү Бишкек шаары, ___________________________ дареги боюнча жайгашкан № ________________ инвентаризациялык иш, жалпы аянты _______ ч.м турак эмес имаратты (курулма, жай) аталган турак жай эмес имаратта (курулмада, жайда) орнотулган жана жайгашкан бардык буюмдары, жабдуулары жана башка мүлкү менен Ижарачыга ижарага берүүгө милдеттенет. Ушул Келишимге ылайык турак эмес имаратты жана башка мүлктү колдонуу укугун өткөрүп берүү менен бирге аны багытына ылайык пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун ошол турак эмес имарат же башка мүлк ээлеген бөлүгүнүн укугу да бир убакта өткөрүлүп берилет.
1.2. Турак эмес имарат _______________________________________ үчүн пайдаланылат.
1.3. Ижарага берүүчү тарабынан ушул келишимдин 1.1-пунктунда саналган турак жай эмес имаратты жана башка мүлктү өткөрүп берүү жана Ижарачы тарабынан аны кабыл алуу тараптар тарабынан кол коюлуучу тизиминин, турак жай эмес имараттын планынын жана өткөрүп берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт. Өткөрүп берүү актысында ушул келишимдин 1.1. пунктунда көрсөтүлгөн турак жай эмес имараттын жана башка мүлктүн курамы жана мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.
1.4. Ушул келишим 20___-жылдын "_____" __________ 20___-жылдын "_____" __________ чейинки мөөнөт менен түзүлдү жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Жеңилдетилген ижара акысы менен жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү тууралуу өзүнүн каалоосун Ижарачы жеңилдетилген ижара акысы менен колдонуудагы келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирилбестен Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсына жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү. Болбосо, жеңилдетилген ижара акысы менен жаңы мөөнөткө келишим түзүлбөйт жана учурдагы мөөнөт аяктаганда жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими токтотулат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга жана милдеттерге ээ:
1) Ижарачыдан ушул келишимдин шарттарына ылайык турак эмес жайдын пайдаланылышын контролдоого эркин жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоону талап кылууга;
2) ушул келишимге кол тамга коюлган күндөн тартып 5 (беш) күндүн ичинде өткөрүп берүү актысына ылайык турак жай эмес жайды же башка мүлктү Ижарачыга өткөрүп берүүгө;
3) турак эмес жайды субижарага берүүгө макулдугун берүү тууралуу Ижарачынын арызы түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде аны кароого жана жазуу түрүндө жооп берүүгө. Субижарага берүүдөн баш тартылган учурда негиздүү жооп берүүгө.
4) Ижарачыдан ушул келишим боюнча өз милдеттерин аткарууну талап кылууга;
5) Ижарачыдан тийиштүү утурумдук оңдоону Ижарачынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү талап кылууга.
2.2. Ижарачы төмөнкү укуктарга жана милдеттерге ээ:
1) ижарага алган турак жай эмес жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктү ушул келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга;
2) ижарага алган жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктү иштеген абалда күтүүгө, өз эсебинен учурдагы оңдоо жүргүзүүгө;
3) Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугусуз ижарага алган турак эмес жайда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү (кайра пландоо, кайра жабдуу, башка олуттуу өзгөртүүлөр) жүргүзбөөгө;
4) турак эмес жайды жана башка мүлктү күтүү жана пайдалануу менен байланышкан коммуналдык жана башка зарыл кызматтарды көрсөтүү тууралуу аталган кызматтарды көрсөткөн ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен келишимдерди түзүүгө, ал кызматтарга акы төлөөгө, жалпы мүлктү күтүү боюнча жалпы чыгымдарга катышууга, ошондой эле ижарага алган мүлктү пайдаланууга байланыштуу башка чыгымдарды көтөрүүгө;
5) ушул келишимге ылайык, Ижарага берүүчүнүн же анын өкүлдөрүнүн талабы боюнча турак эмес жайларга эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга;
6) ижарага алынган турак эмес жайды ушул келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн же ал мөөнөтүнөн мурда бузулган күндөн тартып 10 күндүн ичинде бошотууга;
7) эгерде Ижарачыга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик көп батирлүү үйдүн имаратында жайгашкан болсо, Ижарачы бардык имарат жана жанаша жайгашкан аймакты эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана көп батирдүү үйдүн жалпы мүлкүн оңдоого байланыштуу жалпы чыгымдарга катышат.
2.3. Ижарачы ушул келишим боюнча Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугусуз турак эмес жайды субижарага берүүгө, өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка өткөрүп берүүгө, өзүнүн Ижарачы укугун күрөөгө берүүгө же башка жол менен тескөөгө укугу жок.
2.4. Жеңилдетилген ижара акысы менен келишимдин биринчи мөөнөтү бүткөндөн кийин өз милдеттерин келишимдин шарттарына ылайык аткарган Ижарачынын каалоосу боюнча жеңилдетилген ижара акысы менен келишим жаңы мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
3. Ижара акысы жана башка төлөмдөр
3.1. Ижарачы Бишкек шаардык кенешинин 20__-жылдын "____" _____________ № _______ токтомуна ылайык эсептик ижара акыдан ____% өлчөмдө ижара акы боюнча жеңилдикти пайдаланат.
3.2. 100%дан аз жеңилдик берилген Ижарачы ушул келишимге ылайык ___________ сом өлчөмүндө ижара акысын келишим күчүнө кирген мезгилден тартып Ижарага берүүчүнүн кошумча билдирмеси же талабысыз, ай сайын, ар бир айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү.
3.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ижара акысын эсептөө тартибин бекитүү же өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган учурда, ушул ижара келишими белгиленген тартипте кайра түзүлүүгө тийиш.
3.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы тарабынан ижара акысынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлк салыгы, жер салыгы жана башка милдеттүү төлөмдөр Ижарага берүүчү тарабынан берилген эсептерге ылайык төлөнөт.
Отчёттук кварталдан кийинки айдын 15 числосунан кечиктирилбестен квартал сайын бирдей үлүштө Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын алыш-бериш эсебине төлөө жүргүзүлөт.
3.5. Салыктар ушул келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
3.6. Ижара акысына электр энергиясы, суу, жалпы мүлктү күтүүгө катышуу жана башка коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр, ошондой эле бул кызматтарды берүүчү ишкана, уюм жана мекемелерге Ижарачы тарабынан факт боюнча төлөнүүчү, ижарага алынган турак эмес жайды эксплуатациялоого байланыштуу бардык чыгымдар кирбейт.
3.7. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн турак жай эмес имаратты жана башка мүлктү оңдоо жана бөлүнбөгөн жакшыртуулардын наркы ижара акысына кирбейт жана Ижарага берүүчү тарабынан толтурулууга тийиш эмес.
3.8. Келишим ошол мезгилдеги инфляцияны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын акча-насыя саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий маалыматына ылайык ижара акысын жогорулатуу менен бир жылда бир жолу кайра каралат.
4. Тараптардын жоопкерчилиги, талаштарды чечүү тартиби
4.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
4.2. Ижарага берүүчү ушул келишимди түзүүдө мурда сүйлөшүлгөн турак эмес жайды же башка мүлктү ижарага берип жаткан учурда табылуучу же ижарага алуучуга мурда белгилүү болгон кемчиликтерине жооп бербейт.
4.3. Ушул келишимде белгиленген ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Ижарага берүүчүгө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн ижара акынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө үстөк акы төлөп берет. Мында үстөк акы жана айып пул ижара акысы боюнча карыздын жалпы суммасынын 25%ынан ашпоосу керек.
4.4. Салыктар өз убагында төлөнбөгөн учурда Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат. Айып пулду төлөө Ижарачыны салыктын негизги суммасын төлөөдөн бошотпойт.
4.5. Ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайга же башка мүлккө Ижарачынын күнөөсү боюнча бузууга учурап же зыян келтирилген учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келтирилген зыяндын ордун толтурат.
4.6. Ушул келишим боюнча тараптардын үстөк же айып пулду төлөөсү аларды жүктөлгөн милдеттенмелерди же алар кетирген бузууларды аткаруудан бошотпойт.
4.7. Ушул келишим тарабынан каралган бузуулар тараптар билдирүү алган мезгилден тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде жана тараптардын макулдашуусу менен аныкталган убакыттын ичинде жоюлса, анда бузуулар жоюлду болуп саналат.
4.8. Ижарачы ушул келишимге кол койгондо келишимдин шарттарын кабыл алат, ижара акысы боюнча эки айдан ашык карызы пайда болгондугуна байланыштуу келишимди сотко чейинки тартипте бузуудан Ижарачы баш тарткан учурда, Ижарага берүүчү ижара келишимин рыноктук ижара акы менен бузуу тууралуу доо арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
5. Келишимди өзгөртүү жана бузуу
5.1. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жол берилет.
5.2. Ушул келишим Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу тартипте бузулууга тийиш:
1) ижарага алынган турак эмес жайды же башка мүлктү багытталышы боюнча пайдаланбаганда же ушул Келишимдин шарттары олуттуу бузулганда;
2) ижарага алынган турак эмес жайды же башка мүлктү олуттуу начарлатууга учуратканда;
3) Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү уруксатысыз ижарага алган турак эмес жайга түзүмдүк өзгөртүүлөрдү (кайра пландоо, кайра жабдуу, башка олуттуу өзгөртүүлөр) жүргүзүүдө;
4) Ижарачы тараптан келишимде белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин эки айдан ашык катары менен ижара акысын төлөбөгөн учурда;
5) Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз турак эмес жайды субижарага берүүдө;
6) салыктарды белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө;
7) муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими боюнча Ижарачы тиешелүү билдирүү алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде (коомдук жана муниципалдык муктаждыктар үчүн);
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
5.3. Тараптар ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну башка тарап ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу зарылдыгы же ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу, же башка тараптын мындай эскертүүнү аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу аткаруу мөөнөтү көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин гана талап кылууга укуктуу.
5.4. Эгерде ушул келишимде белгиленген мөөнөттө ижара акысы эки жолу катары менен төлөнбөгөн учурда, Ижарага берүүчүнүн ижара келишимин рыноктук ижара акы менен бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү боюнча Ижарачы аталган билдирүүнү алган мезгилден тартып он күндүк мөөнөттүн ичинде ээлеп турган турак жай эмес мүлктү бошотууга жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
5.5. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында (жалпы элдик) ижара келишиминин милдеттерин толугу менен же жарым жартылай аткаруу мүмкүн болбогон учурда, бир тарап ижара келишимин бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган учурдан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин келишим бир тараптуу бузулушу мүмкүн.
5.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында ушул келишимдин шарттары өзгөрсө, келишим кайра түзүлүүгө тийиш.
6. Башка шарттар
6.1. Ушул келишим токтотулганда Ижарачы ижарага алган турак эмес жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктү анык эскиргендигин эске алуу менен алган абалында Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берүүгө милдеттүү.
6.2. Ижарачы ижарага алган турак эмес жайды кайтарбаган же өз убагында кайтарып бербеген учурда Ижарага берүүчү ижарачыдан мөөнөтүн өткөрүп пайдалангандыгы үчүн бекитилген коэфициентке ылайык акы төлөөнү талап кылууга укуктуу. Эгерде көрсөтүлгөн акы келтирилген зыяндын ордун толтура албаса, Ижарага берүүчү аны сүйлөшүү жолу менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечүүнү талап кылууга укуктуу.
7. Өзгөчө шарттар
7.1. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими жаңы мөөнөткө түзүлгөн учурда ижара акысы Кыргыз Республикасынын акча-насыя саясаты тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий маалыматынын негизинде индексациялоо менен жүргүзүлөт.
7.2. Ушул келишим Бишкек шаарында мамлекеттик жана расмий тилдерде, бардыгы окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, үч нускада (ар бир тарап үчүн бирден нускадан, бир нускасы каттоо органы үчүн) түзүлдү.
8. Тараптардын юридикалык даректери жана башка маалым даректери
"Ижарага берүүчү" |
| "Ижарачы" |
Юридикалык дареги |
| Юридикалык дареги |
_______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Алыш-бериш эсеби _____________________ |
| ______________________________________ |
Банк: __________________________________ |
| ______________________________________ |
МСКБ _________________________________ |
|
|
ИНН __________________________________ |
| ______________________________________ |
БИК __________________________________ |
| ______________________________________ |
Төлөм коду: ___________________________ |
| ______________________________________ |
СФ № _________________________________ |
| ______________________________________ |
Юстиция министрлигинде катталган № ___________________________________ |
|
|
_______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
| ______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
_______________________________________ М.О. (мөөр) |
| ______________________________________ М.О. (мөөр) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 5-тиркеме |
Рыноктук ижара акысы менен ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Бишкек шаары |
| 20____-жылдын "__" ___________ |
Жобонун негизинде иштөөчү, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы, начальниктин _______________________________________________________ атынан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан жана ________________________________________________________ атынан _____________________________________________________ негизинде иштөөчү, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети жана мөөнөтү
1.1. Ижарага берүүчү Бишкек шаары, ___________________________ дареги боюнча жайгашкан № ___________ инвентаризациялык иш, жалпы аянты _______ ч.м турак эмес имаратты (курулма, жай) аталган турак жай эмес имаратта (курулмада, жайда) орнотулган жана жайгашкан бардык буюмдары, жабдуулары жана башка мүлкү менен Ижарачыга ижарага берүүгө милдеттенет. Ушул келишимге ылайык турак эмес имаратты жана башка мүлктү колдонуу укугун өткөрүп берүү менен бирге аны багытына ылайык пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун ошол турак эмес имарат же башка мүлк ээлеген бөлүгүнүн укугу да бир убакта өткөрүлүп берилет.
1.2. Турак эмес имарат _________________________________________ үчүн пайдаланылат.
1.3. Ижарага берүүчү тарабынан ушул келишимдин 1.1-пунктунда саналган турак жай эмес имаратты жана башка мүлктү өткөрүп берүү жана Ижарачы тарабынан аны кабыл алуу тараптар тарабынан кол коюлуучу тизиминин, турак жай эмес имараттын планынын жана өткөрүп берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт. Өткөрүп берүү актысында ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн турак жай эмес имараттын жана башка мүлктүн курамы жана мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.
1.4. Ушул келишим 20___-жылдын "_____" __________ 20___-жылдын "_____" __________ чейинки мөөнөт менен түзүлдү жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
1.5. Ушул келишим 3 жылдан ашык мөөнөткө түзүлгөн учурда, бул келишим кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органда Ижарачынын каражатынын эсебинен каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери төмөнкүдөй:
1) Ижарачыдан ушул келишимдин шарттарына ылайык турак эмес жайдын пайдаланылышын контролдоого эркин жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоону талап кылууга;
2) ушул келишимге кол тамга коюлган күндөн тартып 5 (беш) күндүн ичинде өткөрүп берүү актысына ылайык турак жай эмес жайды же башка мүлктү Ижарачыга өткөрүп берүүгө;
3) турак эмес жайды субижарага берүүгө макулдугун берүү тууралуу Ижарачынын арызы түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде аны кароого жана жазуу түрүндө жооп берүүгө. Субижарага берүүдөн баш тартылган учурда негиздүү жооп берүүгө.
4) Ижарачыдан ушул келишим боюнча өз милдеттерин аткарууну талап кылууга;
5) Ижарачыдан тийиштүү утурумдук оңдоону ижарачынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү талап кылууга.
2.2. Ижарачынын укуктары жана милдеттери:
1) ижарага алган турак жай эмес жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктү ушул келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга;
2) ижарага алган жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктү иштеген абалда күтүүгө, өз эсебинен учурдагы оңдоо жүргүзүүгө;
3) Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугусуз ижарага алган турак эмес жайда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү (кайра пландоо, кайра жабдуу, башка олуттуу өзгөртүүлөр) жүргүзбөөгө;
4) турак эмес жайды жана башка мүлктү күтүү жана пайдалануу менен байланышкан коммуналдык жана башка зарыл кызматтарды көрсөтүү тууралуу аталган кызматтарды көрсөткөн ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен келишимдерди түзүүгө, ал кызматтарга акы төлөөгө, жалпы мүлктү күтүү боюнча жалпы чыгымдарга катышууга, ошондой эле ижарага алган мүлктү пайдаланууга байланыштуу башка чыгымдарды көтөрүүгө;
5) ушул келишимге ылайык, Ижарага берүүчүнүн же анын өкүлдөрүнүн талабы боюнча турак эмес жайларга эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга;
6) ижарага алынган турак эмес жайды ушул келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн же ал мөөнөтүнөн мурда бузулган күндөн тартып 10 күндүн ичинде бошотууга;
7) эгерде Ижарачыга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик көп батирлүү үйдүн имаратында жайгашкан болсо, Ижарачы бардык имарат жана жанаша жайгашкан аймакты эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана көп батирдүү үйдүн жалпы мүлкүн оңдоого байланыштуу жалпы чыгымдарга катышат.
2.3. Ижарачы ушул келишим боюнча Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугусуз турак эмес жайды субижарага берүүгө, өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка өткөрүп берүүгө, өзүнүн Ижарачы укугун күрөөгө берүүгө же башка жол менен тескөөгө укугу жок.
2.4. Жеңилдетилген ижара акысы менен келишимдин биринчи мөөнөтү бүткөндөн кийин өз милдеттерин келишимдин шарттарына ылайык аткарган Ижарачынын каалоосу боюнча жеңилдетилген ижара акысы менен келишим жаңы мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
3. Ижара акысы жана башка төлөмдөр
3.1. Ижарачы ушул келишимге ылайык учурдагы мезгил үчүн _______________________________________________ сом өлчөмүндөгү ижара акысын келишим күчүнө кирген мезгилден тартып Ижарага берүүчү тараптан кандайдыр бир кошумча билдирүүсүз же талаптарсыз ай сайын ар бир айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттендирилет. Ижара акысы ушул Келишимге кол тамга коюлган күндөн тартып эсептелет.
3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ижара акысын эсептөө тартибин бекитүү же өзгөртүү тууралуу чечим чыгарылган учурда, ушул ижара келишими белгиленген тартипте кайра түзүлүүгө тийиш.
3.3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы тарабынан ижара акысынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлк салыгы, жер салыгы жана башка милдеттүү төлөмдөр Ижарага берүүчү тарабынан берилген эсептерге ылайык төлөнөт.
Отчёттук кварталдан кийинки айдын 15 числосунан кечиктирилбестен квартал сайын бирдей үлүштө Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын алыш-бериш эсебине төлөө жүргүзүлөт.
3.4. Салыктар ушул келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
3.5. Ижара келишими түзүлүп жаткан мезгилде Ижарачы Ижарага берүүчү тарабынан депозиттик эсепте депозит катары кармала турган үч эсе айлык ижара акысынын өлчөмүндөгү сумманы төлөп берет. Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин Ижарачы он күндүк мөөнөттө ижара келишимин узартуу үчүн чараларды көрөт же ижарага алган кыймылсыз мүлк объектисин бошотот жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарага берүүчүгө өткөрүп берет. Өз убагында бошотулбаган учурда, Ижарачы Ижарага берүүчүгө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн ижара акынын бир айлык суммасынан 5% өлчөмүндө үстөк акы төлөп берет. Алынган депозиттин суммасы келишимдин мөөнөтү бүткөндө ижарага алган кыймылсыз мүлк объектиси бошотулгандан кийин, Ижарачынын күнөөсү менен келтирилген материалдык зыяндын суммасы жоюлгандан кийин Ижарачыга Бул учурда рыноктук ижара акысы карыз түрүндө, ижарага берилген кыймылсыз мүлк объектисин өз убагында бошотпогондугу же объектти оңдоо наркынын үстөк акысы түрүндө анын эскиришинен ашпаган өлчөмдөгү сумма эсептен чыгарылуу менен кайтарылат.
3.6. Ижара акысынын курамына электр энергиясы, суу, жалпы мүлктү күтүүгө катышуу жана башка коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр, ошондой эле бул кызматтарды берүүчү ишкана, уюм жана мекемелерге Ижарага алуучу тарабынан анык төлөнүүчү, ижарага алынган турак эмес жайды эксплуатациялоого байланыштуу бардык чыгымдар кирбейт.
3.7. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн турак эмес имаратты жана башка мүлктү оңдоо жана бөлүнбөгөн жакшыртуулардын наркы ижара акысына кирбейт жана Ижарага берүүчү тарабынан толтурулууга тийиш эмес.
3.8. Келишим ошол мезгилдеги инфляцияны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын акча-насыя саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий маалыматына ылайык ижара акысын жогорулатуу менен бир жылда бир жолу кайра каралат.
4. Субижара
4.1. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайды же башка мүлктү субижарага берүүгө укуктуу.
4.2. Субижара келишими ушул келишимдин шарттарына жана максаттарына ылайык ушул келишимдин мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
4.3. Ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу ага ылайык түзүлгөн субижара келишимин токтотууга алып келет.
4.4. Субижарадан алынган кирешешлер Ижарага берүүчүнүн менчиги болуп эсептелет.
4.5. Турак эмес жайды субижарага өткөрүп берүү Ижарачыны өткөрүп берилген объекттин сакталышы, аны колдонуу жана ижара үчүн өз убагында акы төлөө жоопкерчилигинен бошотпойт.
5. Тараптардын жоопкерчилиги, талаштарды чечүү тартиби
5.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
5.2. Ижарага берүүчү ижарага берилген турак эмес жайдын же башка мүлктүн ушул келишимди түзүп жаткан мезгилде сүйлөшүлгөн же ижарага алуучуга мурда белгилүү болгон же ушул келишимди түзүүдө же аларды ага ылайык ижарага өткөрүп берүүдө турак эмес жайды же башка мүлктү кароо мезгилинде табылууга тийиш болгон кемчиликтерине жооп бербейт.
5.3. Ушул келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Ижарага берүүчүгө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн айлык ижара акынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө үстөк акы төлөп берет. Мында үстөк акы жана айып пул ижара акысы боюнча карыздын жалпы суммасынан 25%дан ашпоосу керек.
5.4. Салыктар өз убагында төлөнбөгөн учурда Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат. Айып пулду төлөө Ижарачыны салыктын негизги суммасын төлөөдөн бошотпойт.
5.5. Ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайга же башка мүлк Ижарачынын күнөөсү боюнча бузууга учурап же зыян келтирилген учурда Ижарага алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келтирилген зыяндын ордун толтурулат.
5.6. Ушул келишимге ылайык үстөк же айып пулду төлөө Ижарачыны ага жүктөлгөн милдеттенмелерден же алар тарабынан кетирген бузууларды аткаруудан бошотпойт.
5.7. Ушул келишим тарабынан каралган бузуулар, тараптар билдирүү алган учурдан тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде тийиштүү аракеттерди көрүп жана тараптардын макулдашуусу менен аныкталган убакыттын ичинде алар жоюлган учурда жоюлган болуп эсептелинет.
6. Келишимди өзгөртүү жана бузуу
6.1. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте жол берилет.
6.2. Ушул келишим Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу тартипте бузулууга тийиш:
1) ижарага алынган турак эмес жайды же башка мүлктү багытталышы боюнча пайдаланбаганда же ушул келишимдин шарттары олуттуу бузулганда;
2) ижарага алынган турак эмес жайды же башка мүлктү олуттуу начарлатууда;
3) Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү уруксатысыз ижарага алган турак эмес жайда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү (кайра пландоо, кайра жабдуу, башка олуттуу өзгөртүүлөр) жүргүзүүдө;
4) Ижарачы келишимде белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин эки айдан ашык катары менен ижара акысын төлөбөгөн учурда;
5) Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз турак эмес жайды субижарага берилгенде;
6) салыктарды белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөгөндө;
7) муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими боюнча (коомдук жана муниципалдык муктаждыктар үчүн) Ижарачы тиешелүү билдирүү алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
6.3. Тараптар ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну башка тарап ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу зарылдыгы же ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу, же башка тараптын мындай эскертүүнү аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу аткаруу мөөнөтү көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин гана талап кылууга укуктуу.
6.4. Эгерде ушул келишимде белгиленген мөөнөттө ижара акысы эки жолу катары менен төлөнбөгөн учурда, Ижарага берүүчүнүн ижара келишимин рыноктук ижара акы менен бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү боюнча Ижарачы аталган билдирүүнү алган мезгилден тартып он күндүк мөөнөттүн ичинде ээлеп турган турак жай эмес мүлктү бошотууга жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
6.5. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында (жалпы элдик) ижара келишиминин милдеттерин толугу менен же жарым жартылай аткаруу мүмкүн болбогон учурда, бир тарап ижара келишимин бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган учурдан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин келишим бир тараптуу бузулушу мүмкүн.
6.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында ушул келишимдин шарттары өзгөрсө, келишим кайра түзүлүүгө тийиш.
7. Кошумча шарттар
7.1. Ижаралык пайдаланууга берилүүчү объекттин түрүн жана багытталышын эске алуу менен, жазуу түрүндө түзүлө турган жана ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түзүүгө укуктуу.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Ижарачы муниципалдык мүлктү ижаралоо бөлүмүнө төлөө жөнүндө төлөм тапшырмасын ай сайын берүүгө жана турак эмес жайга учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилет.
8.2. Ижарага берүүчү Ижарачы тарабынан ушул келишим боюнча ижара акыны, мүлк салыгы жана жер салыгы өз убагында төлөнбөгөн учурда, акы төлөө боюнча карыздарды толугу менен жойгонго чейин ижарага алган объектти электр жана суу менен жабдуудан ажыратууга укуктуу.
9. Башкалар
9.1. Ушул келишим Бишкек шаарында мамлекеттик жана расмий тилдерде, бардыгы окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, үч нускада (ар бир тарап үчүн бирден нускадан, бир нускасы каттоочу орган үчүн) түзүлдү.
10. Тараптардын юридикалык даректери жана башка маалым даректери
Ижарага берүүчү: |
| Ижарачы: |
Юридикалык дареги |
| Юридикалык дареги |
_______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Алыш-бериш эсеби _____________________ |
| ______________________________________ |
Банк: __________________________________ |
| ______________________________________ |
МСКБ _________________________________ |
|
|
БИК __________________________________ |
| ______________________________________ |
ИНН __________________________________ |
| ______________________________________ |
Төлөм коду: ___________________________ |
| ______________________________________ |
СФ № _________________________________ |
| ______________________________________ |
Юстиция министрлигинде каттоо № ___________________________________ |
|
|
_______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
| ______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
_______________________________________ М.О. (мөөр) |
| ______________________________________ М.О. (мөөр) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 6-тиркеме |
|
| "МАКУЛДАШЫЛДЫ" Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын начальниги |
|
| _____________________________ |
|
| 20___-жылдын "___" ___________ |
№ ______ ТИПТҮҮ СУБИЖАРА КЕЛИШИМИ
_______________________________________________ негизинде иштөөчү, _______________________________________________________________ атынан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан, жана ___________________________________________ негизинде иштөөчү, _________________________________________________________ атынан мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети жана мөөнөтү
1.1. Ижарага берүүчү 20___-жылдын "____" _______________ өткөрүлгөн аукциондун негизинде Бишкек шаары, ________________________________ дареги боюнча жайгашкан аянты _______ ч.м турак эмес жайды Ижарачыга ижарага берүүгө милдеттенет.
1.2. Турак эмес жай 20___-жылдын "____" _________ тартып 20___-жылдын "____" ________ чейин ижарага берилет.
1.3. Жайды пайдалангандыгы үчүн Ижарачы Муниципалдык мүлк башкармалыгына айына ______ сом өлчөмүндөгү ижара акысын жана _________ сом КНС төлөйт, Бардыгы _____________ сом.
1.4. Ижарачы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ижара акысынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлк салыгын жана башка милдеттүү төлөмдөрдү берилген эсептерге ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын алыш-бериш эсебине төлөйт.
Салыктын жылдык өлчөмү ______________________________ сомду түзөт.
Акы төлөө отчёттук кварталдан кийинки айдын 15 числосунан кечиктирбестен квартал сайын бирдей үлүштө жүргүзүлүшү керек.
1.5. Ижарага алуучу айына ижара акынын суммасынан 100% ______ сом өлчөмүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын Аккумуляциялык эсебине которот. БИК _________ Банк - КР ФМ Борбордук казыналыгы, алыш-бериш эсеби _______________, төлөм коду ___________.
1.6. Ижарага өткөрүп берилген турак эмес жай ____________________________ үчүн колдонулат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарага берүүчү турак эмес жайды, жайдын (мүлктүн) техникалык абалы актыда көрсөтүлгөн (акт тиркелет) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарачыга өткөрүп берет.
2.2. Ижарачы турак эмес жайды же башка мүлктү ушул келишимдин шарттарына ылайык пайдаланылышын контролдоо үчүн Ижарага берүүчүнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын ММБсынын эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыздайт.
2.3. Ижарага берүүчү ушул келишимге кол коюлган күндөн тартып 5 (беш) күндүн ичинде өткөрүп берүү актысына ылайык турак эмес жайды жана башка мүлктү Ижарачыга өткөрүп берүүсү керек.
2.4. Ижарачы мүлктү ушул келишимдин 1.6-пунктунун шарттарына ылайык колдонууга милдеттүү.
2.5. Ижарачы ижарага алган мүлктүн сакталышы боюнча чараларды көрүүгө, коопсуздуктун өрткө каршы жана санитардык ченемдерин сактоого жана аткарууга милдеттүү. Жайга зыян келтирүүчү өзгөчө кырдаалдар (авария, өрт) пайда болгон учурда Ижарачы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө же зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Зыяндын суммасы акт менен жол-жоболоштурулат.
2.6. Ижарачы ижара акысын ушул келишимде белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
2.7. Ижарачы келишим токтотулган учурда ижарага алган жайды баштапкы абалынан начар эмес, иштеген абалда кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берүүгө милдеттүү.
2.8. Ижарачы ижара акысын төлөөдөн тышкары, коммуналдык кызматтарды пайдаланууга тиешелүү кызматтар менен келишимдерди түзүүгө, (жана турак эмес жайды эксплуатациялоого жана оңдоого байланыштуу бардык имараттын жана жанаша жайгашкан аймактын жалпы чыгымдарына катышат) милдеттүү.
2.9. Ижарачынын демилгеси менен ижарага алган жайды оңдоо жумуштары анын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт жана ал ижара акысынын наркына киргизилбейт, Ижарага берүүчү тарабынан төлөнүп берилбейт.
2.10. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз мүлктү кайра жабдууга же башка муктаждыктар үчүн ыңгайлаштырууга укугу жок.
2.11. Ижарачы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын макулдугусуз турак эмес жайды берүүгө, ушул келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка пайдаланууга укугу жок.
3. Эсептешүү тартиби
3.1. 20___-жылдын "_____" __________ аукционго, № ___________ протоколго ылайык ижара акысынын наркынын эсеби, ижара акысынын наркы айына ___________ сомду түзөт.
3.2. Ижара акысын төлөө ай сайын ушул айдын 31 числосуна чейин жүргүзүлөт.
3.3. Ижара акысынын коюму Кыргыз Республикасынын акча-насыя саясаты тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий маалыматынын негизинде инфляциянын эске алуу менен жогорулоосу мүмкүн.
3.4. Ижара акысын ушул келишимде белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда Ижарачы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн кийинки айдын 1-числосунан баштап ижара акысынын суммасынан, төлөнбөгөн суммадан 0,5% өлчөмүндө үстөк акы төлөп берет.
3.5. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттөрдө мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачыга КР Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4.2. Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, демилге көтөргөн тарап 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен башка тарапка жазуу түрүндө билдирет жана бул тууралуу Муниципалдык мүлк башкармалыгына өз убагында билдирет.
5. Башка шарттар
5.1. Субижара келишими төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда жана бир тараптуу бузулууга жатат:
а) турак эмес жайды ушул ижара келишимине ылайык пайдаланбаганда;
б) 1 айдан ашык карызы болгондо;.
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында (жалпы элдик), Ижарачы ижара келишиминин милдеттерин толугу менен же жарым жартылай аткаруу мүмкүн болбогон учурда, бир тарап ижара келишимин бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган учурдан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин келишим бир тараптуу бузулушу мүмкүн.
5.2. Мүлк көрсөтүлгөн мөөнөттө өткөрүлүп берилбесе ижара акысы жай бошотулган мезгилге карата же тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлгөн мезгилге карата алынат.
6. Өзгөчө шарттар
6.1. Ушул келишим 5 нускада түзүлдү: Ижарага берүүчүгө - 2 нуска, Ижарачыга - 1 нуска, Муниципалдык мүлк башкармалыгына - 2 нуска.
6.2. Ижарачы тарабынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө өзүнчө төлөнөт.
6.3. Муниципалдык мүлк боюнча комиссия ижара акысынын суммасын Кыргыз Республикасынын акча-насыя саясаты тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий маалыматынын негизинде бир жылда бир жолу кайра карайт.
7. Тараптардын юридикалык даректери
"Ижарага берүүчү" |
| "Ижарачы" |
Юридикалык жак |
| Юридикалык жак |
_______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Алыш-бериш эсеби _____________________ |
| ______________________________________ |
Банк: __________________________________ |
| ______________________________________ |
МСКБ _________________________________ |
|
|
БИК __________________________________ |
| ______________________________________ |
Төлөм коду ____________________________ |
| ______________________________________ |
СФ № _________________________________ |
| ______________________________________ |
Юстиция министрлигиндеги каттоо номуру _________________________ |
|
|
_______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
| ______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
_______________________________________ М.О. (мөөр) |
| ______________________________________ М.О. (мөөр) |
|
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
М.Алымбеков
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 7-тиркеме |
Узак мөөнөттүү ижаранын ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары |
| 20____-жылдын "__" ___________ |
Жобонун негизинде иштөөчү, начальниктин атынан ________________________________________________ Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы, мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан жана ______________________________________________________ атынан _______________________________________________ негизинде иштөөчү, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети жана мөөнөтү
1.1. Ижарага берүүчү өткөрүлгөн аукциондун негизинде, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча белгиленген ижара акысы менен ушул Келишимде белгиленген мөөнөткө муниципалдык мүлктү ижара укугунда пайдалануу тууралуу келишимди түзөт.
1.2. Ушул келишим боюнча Ижарага берүүчү тарабынан аукциондун шарттарына ылайык жүргүзүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн бузууга тийиш болгон муниципалдык мүлктүн баланстык наркынын суммасын Ижарага берүүчүнүн депозиттик эсебине төлөп берүү менен Ижарачыга муниципалдык мүлктү бузуу укугу берилет.
1.3. Ижарачы ушул келишимге ылайык жана Ижарага берүүчү тарабынан берилген шаар курулуш корутундусунун негизинде өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен жаңы объектти курууну жүргүзөт. Жаңы курулган объект эксплуатацияга киргизгенден кийин ал Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
1.4. Ижарага берүүчү ушул келишимге ылайык Бишкек шаары, ______________________________________________ дареги боюнча жайгашкан, инвентаризациялык № ________________ ишти жалпы аянты _______ ч.м турак жай эмес имараттарды (курулма, жай) аталган турак эмес имаратта (курулмада, жайда) орнотулган жана жайгашкан бардык буюмдары, жабдуулары жана башка мүлкү менен Ижарага алуучуга берүүгө милдеттенет. Ушул келишимге ылайык турак эмес имаратты жана башка мүлктү колдонуу укугун өткөрүп берүү менен бирге аны багытына ылайык пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун ошол турак жай эмес имарат же башка мүлк ээлеген бөлүгүнүн укугу да өткөрүлүп берилет.
1.5. Ушул келишимдин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес имаратты жана башка мүлктү Ижарага берүүчү тарабынан өткөрүп берүү жана Ижарачы тарабынан аны кабыл алуу тараптардын кол тамгасы менен өткөрүп берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт. Өткөрүп берүү актысында ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн турак жай эмес имараттын курамы жана мүнөздөмөсү, анын баланстык наркы, башка мүлк көрсөтүлөт.
1.6. Түзүлгөн узак мөөнөттүү ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктаганда узартылбайт, ал эми жаңы объект белгиленген тартипте аукцион жүргүзүү жолу менен жалпы негиздерде ижарага берилүүгө тийиш.
1.7. Имаратты (курулманы, жайды) бузуу боюнча чыгымдар жана ижарага алган муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан башка чыгымдар Ижарачыга жүктөлөт.
1.8. Ушул келишим 20___-жылдын "___" ________________ тартып 20___-жылдын "___" __________ чейинки мөөнөткө түзүлдү жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
1.9. Ушул келишим кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органда "Ижарачынын" каражатынын эсебинен катталууга тийиш.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга жана милдеттерге ээ:
1) Ижарага алуучудан ушул келишим боюнча милдеттерин талаптагыдай аткаруусун талап кылууга;
2) турак эмес жайдын ушул келишимдин шарттарына ылайык пайдаланылышын контролдоо үчүн турак эмес жайга жана башка мүлккө эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыздоону Ижарачыдан талап кылууга;
3) ушул келишимге кол тамга коюлган күндөн тартып 5 (беш) күндүн ичинде өткөрүп берүү актысына ылайык турак эмес жайды же башка мүлктү Ижарачыга өткөрүп берүүгө;
4) Ижарачыдан ушул келишим боюнча ижара акысын өз убагында төлөө боюнча милдеттерин аткарууну талап кылууга;
5) жаңы объект курулуп жаткан учурда Ижарага берүүчү Ижарачынын каржы-чарбалык ишине кийлигишпестен, бекитилген долбоорго ылайык курулуштун жүргүзүлүп жаткандыгын текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
2.2. Ижарага алуучунун укуктары жана милдеттери:
1) ижара акысын ушул келишимге ылайык, аукциондун протоколунун жыйынтыгында белгиленген өлчөмдө келишимде белгиленген мөөнөттө ай сайын Ижарага берүүчүнүн алыш-бериш эсебине төлөөгө;
2) курулушту Ижарачы тарабынан чыгарылган шаар курулуш корутундуга шайкеш так жүргүзүүгө;
3) ушул келишимдин шарттарына ылайык ижарачы өз эсебинен курулуш долбоорун иш жүзүнө ашырууга;
4) долбоордун шарттарынан бузбоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана контролдоочу мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык ишти так жүргүзүүгө;
5) курулуш аяктагандан жана жаңы курулган объект эксплуатацияга киргизилгенден кийин, белгиленген тартипте аны кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына өткөрүп берүүгө;
6) турак эмес жайды жана башка мүлктү күтүү жана пайдалануу менен байланышкан коммуналдык жана башка зарыл кызматтарды көрсөтүү тууралуу аталган кызматтарды көрсөткөн ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен келишимдерди түзүүгө, ал кызматтарга акы төлөөгө, бардык мүлктү күтүү боюнча жалпы чыгымдарга катышууга, ошондой эле ижарага алган мүлктү пайдаланууга байланыштуу башка чыгымдарды тартууга;
7) ушул келишимге ылайык, Ижарага берүүчүнүн же анын өкүлдөрүнүн талабы боюнча турак эмес жайларга эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыздоого;
8) ижарага алган турак эмес жайды ушул келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин же ал мөөнөтүнөн мурда бузулгандан кийин 10 күндүн ичинде бошотууга.
2.3. Ижарачынын төмөнкүлөргө укугу жок:
1) Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугусуз турак эмес жайды субижарага берүүгө, ушул келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө, өзүнүн Ижарачы укугун күрөөгө коюуга же башка жол менен тескөөгө;
2) жаңы объектти курууда курулуш жана техникалык ченемдерден четтөөгө;
3) объектти Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына өткөрүп берүүдө каршылык көрсөтүүчү чараларды көрүүгө.
3. Ижара акысы жана башка төлөмдөр
3.1. Ижарачы ушул келишимге ылайык учурдагы мезгил үчүн ______________ сом өлчөмүндөгү ижара акысын келишим күчүнө кирген мезгилден тартып Ижарага берүүчүнүн кошумча билдирмеси же талабысыз ай сайын ар бир айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттендирилет. Ижара акысы ушул келишимге кол коюлган күндөн тартып эсептелинет.
3.2. Ижара акы ушул келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин кайра кароого жатпайт.
3.3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы тарабынан ижара акысынан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган мүлк салыгы, жер салыгы жана башка милдеттүү төлөмдөр Ижарага берүүчү тарабынан берилген эсептерге ылайык төлөнөт.
Акы төлөө отчёттук кварталдан кийинки айдын 15 числосунан кечиктирилбестен квартал сайын бирдей үлүштө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын алыш-бериш эсебине жүргүзүлөт.
3.4. Салыктар ушул келишимде белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
3.5. Ижара келишими түзүлүп жаткан учурда, Ижарачы депозит катары Ижарага берүүчүгө депозиттик эсепте кармала турган _______________________ сомду түзгөн, бузулуп жаткан мүлктүн баланстык наркын төлөп берет. Көрсөтүлгөн сумма жаңы курулган объект кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына өткөрүп берилгенден кийин Ижарачыга кайтарылууга тийиш.
3.6. Ижара акысын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн Ижарачы Ижарага берүүчүгө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн айлык ижара акынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө үстөк акыны төлөп берет.
3.7. Ижара акынын курамына электр энергиясы, суу, башка коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр, ошондой эле бул кызматтарды көрсөткөн ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге Ижарачы тарабынан анык төлөнгөн, ижарага алган турак эмес жайды эксплуатациялоого байланыштуу ар кандай чыгымдар кирбейт.
4. Тараптардын жоопкерчилиги, талаштарды чечүү тартиби
4.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптар ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
4.2. Ижарага берүүчү ижарага берилген турак эмес жайдын же башка мүлктүн ушул келишимди түзүп жаткан мезгилде сүйлөшүлгөн же ижарага алуучуга мурда белгилүү болгон же ушул келишимди түзүүдө же аларды ага ылайык ижарага өткөрүп берүүдө турак эмес жайды же башка мүлктү кароо мезгилинде табылууга тийиш болгон кемчиликтерине жооп бербейт.
4.3. Ушул келишимде белгиленген ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, Ижарачы ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн айлык ижара акынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө үстөк акыны Ижарага берүүчүгө төлөп берет. Мында үстөк акы жана айып пул ижара акысы боюнча карыздын жалпы суммасынан 25%дан ашпоосу керек.
4.4. Салыктар өз убагында төлөнбөгөн учурда Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат. Айып пулду төлөө Ижарачыны салыктын негизги суммасын төлөөдөн бошотпойт.
4.5. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Ижарачынын күнөөсү боюнча муниципалдык мүлктү колдонуу учурунда ал бузууга учурап же зыян келтирилген учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келтирилген зыяндын ордун толтурат.
4.6. Ушул келишим боюнча тараптардын үстөк же айып пулду төлөөсү аларды жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан же алар кетирген бузууларды оңдоо жоопкерчилигинен бошотпойт.
4.7. Ушул келишимде каралган бузуулар тараптар билдирүү алган мезгилден тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде зарыл аракеттерди көрүп жана тараптардын макулдашуусунда аныкталган убакыттын ичинде алар жоюлган учурда жоюлду деп эсептелет.
5. Келишимди өзгөртүү жана бузуу
5.1. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурда жана тартипте жол берилет.
5.2. Ушул келишим Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу тартипте бузулууга тийиш:
1) Ижарачы тарабынан ушул келишимде белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин катары менен эки айдан ашык ижара акы төлөнбөгөн учурда;
2) Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз турак эмес жайды субижарага берүүдө;
3) салыктарды белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө;
4) курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдарды тартуу менен Ижарачы тарабынан белгиленген курулуш ченемдери сакталбаганда жана шаар курулуш корутундуларынан четтеген учурда.
5.3. Тараптар ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу талабын башка тарап ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү көрсөтүлгөн эскертүү берилгенде же аны аткаруудан башка тарап баш тартканда, ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирмени алган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин гана талап кылууга укуктуу.
5.4. Ижарага берүүчү тарабынан узак мөөнөттүү ижара келишимин бузуу демилгеси болгон учурда, Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн бардык чыгымдар, келтирилген зыяндардын суммасы менен калыбына келтирилүүгө тийиш.
5.5. Ижарачы тарабынан ушул келишим бузулган учурда, ошондой эле келишимдин шарттарын бузуу жана Ижарачы тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу, жаңы объектти курууну ишке ашыруу боюнча Ижарачы тарабынан келтирилген чыгымдар Ижара берүүчү тарабынан кайтарылбайт.
5.6. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыгаруунун натыйжасында (жалпы элдик) ижара келишими боюнча Ижарага берүүчүнүн милдеттерин толугу менен же жарым жартылай аткаруу мүмкүн болбогон учурда, бир тарап ижара келишимин бузуу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган учурдан тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин келишим бир тараптуу бузулушу мүмкүн.
5.7. Натыйжасында ушул келишимдин шарттары өзгөртүлө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан акты чыккан учурда, келишим кайра түзүлүүгө тийиш.
6. Кошумча шарттар
6.1. Ижаралык пайдаланууга берилүүчү объекттин түрүн жана багытталышын эске алуу менен, тараптар жазуу түрүндө түзүлө турган жана ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түзүүгө укуктуу.
7. Өзгөчө шарттар
7.1. Ижарачы Бишкек шаарынын мэриясынын суниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык мүлктү ижаралоо бөлүмүнө төлөө жөнүндө төлөм тапшырмасын ай сайын берүүгө жана турак эмес жайга учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилет.
7.2. Ижарага берүүчү Ижарачы тарабынан ушул келишим боюнча ижара акыны, мүлк салыгы жана жер салыгы өз убагында төлөнбөгөн учурда, акы төлөө боюнча карыздарды толугу менен жойгонго чейин ижарага алган объектти электр жана суу менен жабдуудан ажыратууга укуктуу.
8. Башкалар
8.1. Ушул келишим Бишкек шаарында мамлекеттик жана расмий тилдерде, бардыгы окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, үч нускада (ар бир тарап үчүн бирден нускадан, бир нускасы каттоо органы үчүн) түзүлдү.
9. Тараптардын юридикалык даректери жана башка маалым даректери
"Ижарага берүүчү" |
| "Ижарачы" |
Юридикалык дареги |
| Юридикалык дареги |
_______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Алыш-бериш эсеби _____________________ |
| ______________________________________ |
Банк: __________________________________ |
| ______________________________________ |
МСКБ _________________________________ |
|
|
БИК __________________________________ |
| ______________________________________ |
ИНН __________________________________ |
| ______________________________________ |
Төлөм коду: ___________________________ |
| ______________________________________ |
СФ № _________________________________ |
| ______________________________________ |
Юстиция министрлигинде катталган № ___________________________________ |
|
|
_______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
| ______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
_______________________________________ М.О. (мөөр) |
| ______________________________________ М.О. (мөөр) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 8-тиркеме |
Кыймылдуу мүлктүн типтүү ижара КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары |
| 20____-жылдын "__" ___________ |
Жобонун негизинде иштөөчү, начальниктин атынан ________________________________________________ Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы, мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан жана __________________________________________________________ атынан _______________________________________________ негизинде иштөөчү, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу, экинчи тараптан, төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечиминин негизинде, Ижарачыга кыймылдуу мүлктү (мындан мүлк) убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет, ал эми Ижарачы ушул келишимде тараптар менен макулдашылган өлчөмдө, тартипте жана шарттарда ижара акысын Ижарага берүүчүгө төлөп берүүгө милдеттенет.
1.2. Ижарага берүүчү кыймылдуу муниципалдык мүлктү Ижарачыга ижарага берүүгө милдеттенет.
1.3. Ижарачы кыймылдуу муниципалдык мүлктү анын максаттуу багытталышы жана техникалык мүнөздөмөсүнө так ылайык пайдаланууга милдеттенет.
1.4. Мүлк Ижарага берүүчүнүн менчик укугуна таандык.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.1.1. 20___-жылдын "____" ________________ тартып мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Ижарачыга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет.
2.1.2. Ижарачыга мүлктү иштеген, ошондой эле кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн абалында берүүгө.
2.1.3. Кыймылдуу мүлктүн ижара мөөнөтү аяктагандан кийин 2 (эки) банктык күндөн кечиктирилбестен Ижарачыга кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча иштеген абалында кайтарып берүүгө.
2.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.2.1. Мүлктү ушул келишимдин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн анын багытына жана максатына ылайык пайдаланууга.
2.2.2. Ижарага берүүчүгө ушул келишимге ылайык белгиленген өлчөмдө ижара акыны төлөп берүүгө.
2.2.3. Мүлктүн утурумдук ремонтун жүргүзүүгө.
2.2.4. Мүлк бузулган учурда, ал тууралуу акты түзүү үчүн Ижарага берүүчүгө кечиктирбестен талаптагыдай билдирме жиберүүгө.
2.2.5. Ижарачынын күнөөсү боюнча мүлк бузулган учурда, жазуу түрүндөгү Ижарачыга бериле турган көчүрмөсү менен, кепилдик корутундунун негизинде, мүлктү оңдоо жүргүзүүчү тийиштүү уюмдарда ремонт иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.
2.2.6. Мүлк уурдалган учурда, Ижарачы мүлктүн наркын калыбына келтирүү үчүн толук жоопкерчилик тартат. Уурдоо фактысы жана кылмыштарды каттоо боюнча тийиштүү органдарда Ижарага берүүчүнүн арызы каттоо болгондо, Ижарачы муниципалдык мүлктүн наркын калыбына келтирүү боюнча Ижарага берүүчүнүн алдында жоопкерчиликтен Ижарачыны бошотпойт.
2.2.7. Ушул келишим тарабынан белгиленген ижара мөөнөтү аяктаганда, Ижарага берүүчүгө мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча иштеген абалда өткөрүп берүүгө милдеттүү.
2.2.8. Ижарачы ижарага алган мүлктү субижарага берүүгө укугу жок.
3. Ижара акы жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби
3.1. Мүлктү пайдалануу үчүн ижара акы ________ (____________________________) сомду түзөт. Ижара акынын көлөмү ушул келишимдин иштөөсүнүн бардык мөөнөтүнүн ичинде белгиленген болуп саналат.
3.2. Ижарачы ушул мөөнөткө ижара акысын ушул келишим күчүнө кирген мезгилден тартып Ижарага берүүчүнүн кошумча билдирмеси же талабысыз, ай сайын, ар бир айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү.
3.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ижара акысын эсептөө тартибин бекитүү же өзгөртүү тууралуу акты чыккан учурда, ушул ижара келишими белгиленген тартипте кайра түзүлүүгө тийиш.
3.4. Ижара акынын курамына электр энергиясы, күтүү жана оңдоо төлөмдөрү ошондой эле ижарага алынган мүлктү эксплуатациялоого байланыштуу Ижарачы тарабынан кызмат көрсөтүүчү ишкана, уюм жана мекемелерге анык төлөнгөн бардык чыгымдар кирбейт.
3.5. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн мүлктү оңдоо жумуштарынын наркы ижара акысына кирбейт жана Ижарага берүүчү тарабынан толтурулууга тийиш эмес.
3.6. Ижара акысын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн Ижарачы Ижарага берүүчүгө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн айлык ижара акынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө үстөк акы төлөп берет. Мында үстөк акы ижара акысы боюнча карыздын жалпы суммасынан 25%дан ашпоосу керек.
3.7. Үстөк төлөө Ижарачыны ушул келишим боюнча милдеттенмелерден бошотпойт.
4. Ижара мөөнөтү
4.1. Келишим Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Мүлктү ижаралоо мөөнөтү келишимдин 2.1. пунктуна ылайык мүлктү Ижарачыга өткөрүп берген датадан баштап белгиленет жана 20____-жылдын "___" ___________ тартып 20____-жылдын "____" ______________ чейин белгиленет.
4.2. Ушул келишим боюнча бардык милдеттенмелерин аткарган Ижарачы ижара мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз менен кайрылса, келишим ошондой эле шарттарда, ошол мөөнөткө узартылууга тийиш.
4.3.Ижара акыны белгилөө Ижарачынын сунушу боюнча комиссия тарабынан каралууга тийиш.
5. Келишимди бузуу жана токтотуу, тараптардын жоопкерчиликтери
5.1. Тараптардын макулдашуусу боюнча Келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотууга жол берилет.
5.2. Ижарачы өз милдеттерин аткарбаган учурда Келишим Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн.
5.3. Ушул келишимдин 4.1-пунктунда белгиленген ижара мөөнөтү бүткөндө келишим токтотулат.
5.4. Ушул келишимдин мөөнөтү бүткөндө Ижарачы ушул келишим боюнча өз милдеттерин талаптагыдай аткарган шартта, Мүлктү ижаралоо келишимин узартууга артыкчылыктуу укукка ээ болот.
5.5. Тараптар пайда болгон талаштарды сүйлөшүү жолу менен чечишет. Сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогондо, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
6. Ал жеткис күчтүн жагдайлары
6.1. Ал жеткис күчтүн жагдайлары болгон учурда, ошондой эле Тараптардын эркине көз каранды болбогон, келишим түзүлүп жаткан мезгилде алар тарабынан алдын алууга жана алар пайда болгон учурда жөндүү каражаттар менен жоюуга мүмкүн эмес болгон башка жагдайлар болгон учурда Тараптар ушул келишим боюнча милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
6.2. Келишимдин 6.1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларга: согуш жана аскердик аракеттер, көтөрүлүш, эпидемия, жер титирөө, суу ташкыны, ушул келишимдин предметине түздөн-түз тиешелүү бийлик органдарынын актылары, ошондой эле, алдын алууга тараптардын алы келбеген башка окуялар кирет.
6.3. Мындай жагдайларга туш болгон тараптар тиешелүү жагдайлардын пайда болгондугу, түрү жана мүмкүн болгон узактыгы тууралуу башка Тарапка кечиктирбестен жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү. Эгерде бул Тарап тиешелүү жагдайлардын келип чыккандыгы тууралуу билдирбесе, ал мындай билдирүүнү жөнөтүүгө жагдайдын тоскоол болгондугу анык экендигине таянуу укугунан ажыратылат.
6.4. Ушул келишимдин 6.3-пунктундагы талаптар сакталган учурда, 6.1. жана 6.2-пункттар тарабынан каралган жагдайлардын пайда болушу келишимдик милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү пайда болгон жагдайлардын болуп жаткан мөөнөтүнө жана аны жоюунун жөндүү мөөнөтүнө ылайык мөөнөткө узартылат.
6.5. Ушул келишимдин 6.1. жана 6.2-пункттар тарабынан каралган жагдайлар 1 (бир) айдан ашык созулса, тараптар Келишим мындан аркы юридикалык тагдырын аныкташат.
7. Корутунду жоболор
7.1. Ушул келишимде каралбаган башка учурларда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
7.2. Ушул келишимден пайда болгон же ага байланыштуу бардык талаштар жана ар кандай көз караштар тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттенет. Өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүү мүмкүн болбогон учурда, талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сотто каралууга тийиш.
7.3. Ушул келишимге карата ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор, жазуу түрүндө аткарылган жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган шартта жарактуу.
7.4. Ушул келишимдин бардык тиркемелери, өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
7.5. Аталышы, даректери, банктык маалым даректери өзгөргөндө же кайра түзүлгөн учурда, Тараптар өзгөргөн датадан 5 (Беш) күндөн кечиктирилбестен бири-бирине жазуу түрүндө билдиришет.
7.6. Ушул келишим Бишкек шаарында мамлекеттик жана расмий тилдерде, бардыгы окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, эки нускада түзүлдү.
8. Тараптардын маалымдаректери жана кол тамгалары
"Ижарага берүүчү" |
| "Ижарачы" |
Юридикалык дареги |
| Юридикалык дареги |
_______________________________________ |
| ______________________________________ |
|
|
|
Алыш-бериш эсеби _____________________ |
| ______________________________________ |
Банк: __________________________________ |
| ______________________________________ |
МСКБ _________________________________ |
|
|
ИНН __________________________________ |
| ______________________________________ |
БИК __________________________________ |
| ______________________________________ |
Төлөм коду ___________________________ |
| ______________________________________ |
СФ № _________________________________ |
| ______________________________________ |
Юстиция министрлигинде катталган № ___________________________________ |
|
|
_______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
| ______________________________________ (аты-жөнү, кызматы) |
_______________________________________ М.О. (мөөр) |
| ______________________________________ М.О. (мөөр) |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |