Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры № 108
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Бишкек шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 275 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун карамагында турган болгон муниципалдык жер ресурстарды рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, шаардык бюджетти толтуруу жана өздүк ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер жана Салык кодекстерин, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" жобонун 8-бөлүмүнүн 8.1-пункту (1-тиркеме) төмөндөгүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"8.1. Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө эсеп төлөмдөрү төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Бт = Ч х А х К х Эпзк х Фбк х Мжак х Ик;
Бт - ижара төлөмүнүн базалык өлчөмү (сом менен);
Ч - Бишкек шаары үчүн Салык кодекси тарабынан белгиленген жер салыгынын чени;
А - жер участогунун аянты, кв.метр менен;
Эпзк -Экономикалык пландоо зонасынын коэффициенти;
Фбк - функционалдык багыттагы коэффициент;
Мжак- мөөнөтүнө жараша аныкталуучу коэффициент.
Жер участокторун мөөнөттүү пайдаланууга берүү:
5 жылга чейин кошо эсептегенде жер участогун пайдалануу мөөнөттөрүндө Мжак = 3;
5 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөттөрдө, анын ичинде 1 жылга жана андан көп жылга пайдаланууга берилген жер участокторун пайдалануу мөөнөтүн узартууда Мжак = 5;
Узак мөөнөткө (50 жылга чейин) жер участогун берүүдө коэффициент төмөндөгүдөй белгиленет:
биринчи жолу 5 жылга чейин жер участогун пайдаланууда Мжак = 3;
5 жылдан 15 жылга чейин жер участогун пайдаланууда Мжак = 5;
15 жылдан 50 жылга чейин жер участогун пайдаланууда Мжак = 2;
ЧЭЖК - чет элдик жактарга ижара шартында, анын ичинде сынак аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участоктору үчүн базалык ижара төлөмүн аныктоодо колдонулуучу коэффициент."
8-бөлүмдүн 8.1-пункту төмөнкү мазмундагы 8.1.1-жана 8.1.2-кичи пункттар менен толукталсын:
"8.1.1. Экономикалык-пландоо зонасынын коэффициенти (Эпзк), функционалдык багыттагы коэффициенти (Фбк), мөөнөттүү (убактылуу) Инфляция коэффициенти (Ик), жер участорун пайдалануу берүү мөөнөтүнө жараша аныкталуучу коэффициент (Мжак) Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет;
8.1.2. Чет элдик жактарга ижара шартында, анын ичинде сынак аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участоктору үчүн базалык ижара төлөмүн аныктоодо (ЧЭЖК) коэффициент Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө колдонулат.";
8-бөлүмдүн 8.5-пунктундагы "жана экологиялык баа" деген сөздөр алынып ташталсын;
8-бөлүм төмөнкү мазмундагы 8.9-жана 8.10-пункттар менен толукталсын:
"8.9. Ижара акыны төлөнбөгөн же жарандык-укуктук негизде жер участогуна же анын бөлүгүнө укуктарды берүү учурунда укуктарды өткөрүп берүү ашырылып жаткан жер ижарасы үчүн карызды төлөө боюнча милдеттер кийинки жер пайдалануучуга жүктөлөт.
Жарандык-укуктук келишимдин негизинде жер участогуна же анын бөлүгүнө укуктарды берүүдө ижара келишими жаңы жер пайдалануучу менен калган мөөнөткө түзүлөт. Бул учурда жер участогун пайдалануу мөөнөтү жаңыртылбайт жана укукту белгилеген документ чыккан учурдан тартып эсептелинет.
8.10. Эгерде ижарачы убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун пайдаланууну улантса, анда ижарачы жер участогун кайтарган учурга чейин жер участогун пайдаланган бардык мезгили үчүн ижара акы төлөөгө милдеттүү.";
Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" жобонун 10-бөлүмү алынып ташталсын.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомунун "Жер участогунун типтүү ижара келишими" 2 тиркемеси (1-тиркеме) жаңы редакцияда баяндалсын.
3. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын чектери (2-тиркеме) бекитилсин.
4. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын коэффициенттери (3-тиркеме) бекитилсин.
5. Функционалдык багыттагы коэффициенттер (4-тиркеме) бекитилсин.
6. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Адилет органдарына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №108 токтомуна 1-тиркеме
|
Жер участогун ижаралоонун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
200_-жылы "___" __________________ Бишкек шаары
Бишкек шаарынын мэриясынын атынан __________________________________________________________________________
мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталган, бир тараптан, жана
____________________________________________________________________________________________________________
(Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
____________________________________________________________атынан
____________________________________________________________________________________________________________
(Кызматы, аты-жөнү)
экинчи тараптан, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу төмөнкүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү, Бишкек шаарынын мэриясынын ________ "______"
________ № ___ токтомунун негизинде Ижарачыга ижаралык пайдаланууга ________________ жылдык мөөнөткө аянты ____________________ чарчы метр, Бишкек шаары,_________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________-
дарегинде жайгашкан ________________________________________________________________________________________
(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн)
үчүн бул келишимге тиркелүүчү участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн чектердеги жер участогу.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Кошулган суммасы менен ижаралык төлөмдөр Бишкек шаарынын мэриясынын 200_-жылдын "_______" № ___ жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө токтому кабыл алынган күндөн тартып эсептелинет.
Мезгил |
|
|
|
|
|
Бардык ижаралык төлөм |
|
|
|
|
|
Айрыма |
|
|
|
|
|
Кошулган сумма |
|
|
|
|
|
Жер салыгы |
|
|
|
|
|
Бардыгы : |
|
2.2. Жылдык ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн расчеттук эсепке киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын айдын 10-числосуна чейин кийинки отчеттук кварталга чейин жүргүзүлөт.
2.3. Кийинки жылдар үчүн ижаралык төлөмдүн өлчөмдөрүнүн эсеби Бишкек шаардык кеңештин токтомуна ылайык келүүчү ошол учурдагы колдонуудагы эсептерге ылайык аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.5. Акы төлөө ар бир кварталда бирдей үлүштө кийинки отчеттук кварталдан айдын 15-числосунан кеч эмес Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын расчеттук эсебине жүргүзүлүүгө тийиш.
2.6. Бул келишим тарабынан белгиленген мөөнөттө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопко тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укукка ээ:
3.1.1. Бишкек шаарынын мэриясынын токтому жана бул келишим тарабынан белгиленген максаттарга жана шарттарга гана ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. Ижарачы тарабынан берилген жер участогунда тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүүнүн элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участоктун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аларды андан ары колдонуу жөнүндө маселе Ижарачы тарабынан чечилет;
3.1.3. Өз милдетин тийиштүү түрдө аткарганда жана келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы мөөнөткө бул ижара келишимди узартуу үчүн башка бирдей шарттарда башка адамдардын алдында артыкчылык укукка ээ;
3.1.4. Бул келишимдин иштөө мөөнөтүнүн убагында же бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен белгиленген тартипке ылайык бул участокко менчик укукту алууга (сатып алууга).
3.2. Ижарачы милдеттүү:
3.2.1. Максаттуу багыттарына ылайык ижарага алган жер участокту натыйжалуу пайдаланууга;
3.2.2. "Тазалык" МИси менен таштандыларды жана КТТны ташып чыгаруу келишимин түзүүгө;
3.2.3. Төмөнкүлөрдү өз эсебинен ишке ашырууга милдеттүү:
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короонун аймагында санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүнү жана тазалоону;
3.2.4. Төмөндөгүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
- жанаша аймакта жайгашкан жашыл бак дарактарды бузууга, көчүрүүгө же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарба ишкердиги менен ижарага алган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлоосуна;
- чарбалык ишкердиктин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш аламан көчө соодасына.
3.2.5. Нак чектер белгиленгенден кийин жер участогун пайдаланууга киришүүгө жана жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун ырастаган документтерди белгиленген тартипте алууга;
3.2.6. Жер участогун пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды курууга, инженердик тармактарды жана курулмаларды тургузууга, эгер берилген жер участогунда керектүү болсо, макулдашылган долбоорго ылайык берилген жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө;
3.2.7. Белгиленген ченемдик (эки жылдан ашпаган) мөөнөттө жер участогун өздөштүрүүгө;
3.2.8. Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен белгиленген куруу мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү бүткөн учурдан тартып ижара төлөмдүн толук наркын төлөөгө;.
3.2.9. Өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан участокто чөп-чар толуп калуудан, сазга айлануудан, өрт чыгуудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды табууга;
3.2.10. Башка жер пайдалануучулардын укугун, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин бузбоого;
3.2.11. Өз чарбалык ишмердигинин натыйжасында, Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер колдонуучуларга ижарага алынган жер участогунун сапатынын жана өз чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык абалдын бузулушуна байланыштуу зыяндарды, чыгымдарды кошуп, толук көлөмдө төлөп берүүгө;
3.2.12. Берилип жаткан жер участогунда объекттерди эксплуатациялоону жана курууну, жерлерди коргоону жана пайдаланууну контролдоочу тийиштүү мамлекеттик органдарга берилип жаткан жер участогуна эркин өтүүнү белгиленген тартипте камсыз кылууга;
3.2.13. Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыны өз убагында төлөөгө, ижара акыларын төлөө боюнча милдеттерди бузганда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн карыз сумманын 0,1% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25% нан ашпаган туум эсептелет. Туумду жана штрафты төлөгөнү менен Ижарачы жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотулбайт;
3.2.14. Бул келишимдин 3.2.10-пунктуна ылайык жер участогун пайдалануу үчүн ижара акы төлөнгөндүгүн, ошондой эле туумдар жана штрафтар үчүн акы төлөнгөндүгүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган акы төлөөчү документ түрүндө ырастоого, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берилет;
3.2.15. Жер салыгын өз убагында төлөөгө. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттер бузулган учурда Ижарачы КР мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат;
3.2.16. Эгер керек болсо, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтогондо өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан жер участогунан убактылуу имараттарды жана курулмаларды алып таштоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;
3.2.17. Жер участогу көп кабаттуу же/жана аз кабаттуу турак үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн берилсе, Ижарага берүүчүдөн жер участогуна менчик укукту объект эксплуатацияга берилгенге чейин же 17% даярдыкта сатып алууга;
3.2.18. Келишим бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүгө жер участогун баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга;
3.2.19. Бул келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда, Ижарага берүүчүнү жаңы мөөнөткө келишим түзүү же аны түзүүдөн баш тарткандык жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
3.3. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу жок төмөндөгүлөргө укугу жок:
3.3.1. Бул ижара келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө;
3.3.2. Ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
3.3.3. Ижара укуктарды күрөөгө коюуга жана аларды менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. Жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону ишке ашырууга;
4.1.2. Келишимди бузууга, Бишкек шаарынын мэриясынын мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү токтомун жокко чыгарууга жана жер участогун төмөнкү учурларда алып таштоого:
а) жерди максаттуу багытта пайдаланбаган учурда;
б) топурактын түшүм берүүчү катмарын бузууга, экологиялык абалдын бузулушуна алып келген ыкмалар менен жер участогун пайдалан учурда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара төлөмүн төлөбөгөн учурда;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогун өздөштүрбөгөн учурда.
4.1.3. Ижарага берилген жер участогунда курулган объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууда белгиленген тартипте катышууга;
4.1.4. Ижарачынын чарба ишмердигинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалына тийгизген кесепеттеринин ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.5. Колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.6. Ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзам бузууларда, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузганда ишти токтоттурууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун бул келишимдин шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. Ижарачынын чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө, эгер мыйзамга жана бул келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участогун натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
4.2.3. ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалын контролдоону ишке ашырууга;
4.3. Ижарага берүүчүнүн төмөнкүлөргө укугу жок:
4.3.1. бул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануу укугун жё белгиленген тартипте келишимди жокко чыгаруусуз үчүнчү адамга берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Бул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн калганга чейин мыйзам тартибинде кат жүзүндөгү эскертүү боюнча токтотулушу мүмкүн.
5.2. Ар бир тарап бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Талаштарды чечүү тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
6.2. Эгер макулдашуу менен чечилбесе, талаштар сот тартибинде чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогун бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарууга жатпайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу менен Ижарачы ал тараптан бул келишимдин шарттарын бузуулар жок болгондо, Ижарага берүүчүгө үч айда кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен бул келишимди каалаган убакытта анын калоосуна ылайык жокко чыгара алат:
7.3. Бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор тараптардын макулдугу боюнча киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч экземплярда түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына каттоого берилет.
7.5. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери.
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: | ИЖАРАЧЫ: : |
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ ____________________ (колу) М.О | ИЖАРАЧЫ _________________ (колу) М.О |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №108 токтомуна 2 тиркеме |
Экономикалык-пландаштыруу аймактарынын чектеринин
ЧИЙМЕСИ
Эскертүү: Экономикалык-пландаштыруу аймактарынын чектеринин чиймеси кагаз түрүндө "Токтом" МС бар.
Эскертүү
Бишкек шаарынын экономикалык-пландаштыруу аймактарынын чектеринин (түндүк тараптан баштап сааттын жебесинин жүрүшү боюнча берилди) СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Экономикалык-пландаштыруу аймактары төмөнкүчө чектелди:
I - Жибек Жолу проспекти - Аламедин суусу.- М.Горький көчөсү. Тынчтык проспекти - Ала-Арча суусу.;
II - М.Горький көчөсү. - Аламедин суусу - Ахунбаев көчөсү.- Орджоникидзе көчөсү.- Новая көчөсү.- Шота Руставели көчөсү.- Ала-Арча суусу - Тынчтык проспекти;
III - Лев Толстой көчөсү - Ала-Арча суусу - Шота Руставели көчөсү - Новая көчөсү - Орджоникидзе көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Бах көчөсү Космос көчөсү - Репин көчөсү;
IV - ЧЧК- Ала-Арча суусу - Лев Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Мессарош кечөсү;
V - ЧЧК - Аламедин суусу - Жибек Жолу проспекти - Ала-Арча суусу;
VI - ЧЧК - Веселая көчөсү - Достоевский көчөсү - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - ЧЧКнын чыгыш бутагы - Аламедин суусу;
VII - Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин Аламедин суусу - "Кум - Шагыл" АКсынын түштүк тарап аймагындагы өткөөл (мурунку ТБТ заводу) - Иманалиев көчөсү - Семетей көчөсү - Бах көчөсү;
VIII - Лев Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космос көчөсү - Бах көчөсүнөн батышка карай Бах көчөсү - "Арча-Бешик" конушунун, "Нижний -Орок" конушунун, түштүк - батыш мүрзөнүн аймагын кошуп - Муромская көчөсүнүн уландысы - Тимур Фрундзе көчөсү;
IX - ЧЧК - Мессарош көчөсү - Жамгырчиев көчөсү - Патрис Лумумба көчөсү;
X - Түндүк айланып өтмө жолу - Нижняя Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү өткөөл катары - чыгыш тарапка Баку көчөсүнүн уландысы - Баку көчөсү - ЧЧК - Махатма Ганди көчөсү;
XI - ЧЧК - канал - Чолпон-Ата көчөсү - ЧЧЧК - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү;
XII - ЧЧК - "Учкун" кичирайонунан батышка карай - ЧЧЧК - Чолпон -Ата көчөсү боюнча канал;
XIII - ЧЧК - Патрис Лумумба көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү - батышка карай темир жол линиясы - "Ала-Тоо" конушунун аймагынан батышка карай;
XIV - Түндүк айланып өтмө жол - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү) - Баку көчөсү - Нижняя Ала-Арча айылына чыгыш тарап боюнча жергиликтүү өткөөл катары Баку көчөсүнүн түндүккө карай уландысы;
XV - Түндүк айланып өтмө жол - "Бакай-Ата" конушунан батышка карай - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү);
XVI - ЧЧЧК - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - аймактын батыш чеги- Аламедин суусу боюнча;
XVII - Семетей көчөсү (мурунку Выставочная көчөсү) - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" АКсынын түштүк тарап аймагандагы өткөөл (мурунку ТБТ заводу) - Аламедин суусу - Орто-Алыш суутосмосунун аймаганан туштуккө карай - аймактын батыш чеги - Кожобергенов көчөсү боюнча;
XVIII - Садыгалиев көчөсү менен темир жол линиясынын кесилишине чейин - Лев Толстой көчөсү - Тимур Фрунзе көчөсү - ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромская көчөсүнүн уландысы;
XIX - Түндүк айланып өтмө жол - Махатма Ганди көчөсү - Бишкексууканалдын тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай;
XX - Түндүк айланып өтмө жолдон түндүккө карай.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №108 токтомуна 3-тиркеме |
(Бишкек шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 275 токтомунун редакциясына ылайык)
ЭПА коэффициенти
Индексы зон | Значения |
I | 3 |
II | 2,625 |
III | 2,175 |
IV | 2,4 |
V | 2,4 |
VI | 2,4 |
VII | 2 |
VIII | 1,95 |
IX | 1,95 |
X | 1,95 |
XI | 2,175 |
XII | 1,5 |
XIII | 1,95 |
XIV | 1,5 |
XV | 1,95 |
XVI | 1,5 |
XVII | 1,95 |
XVIII | 1,5 |
XIX | 1,5 |
XX | 1,5 |
Эскертүү: Бишкек шаарында ар кандай багыттагы объкттер үчүн, жайларынын (казино, клубдар), АМКСтен тышкары, жер участокторуна жогоруда көрсөтүлгөн аймактар тартылат. Жер участокторуна бул объекттеринин ЭПА коэффициенти анын жайгашкан ордуна карабастан 3 кө барабар.
Жайгашкан ордуна карабастан КР чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө 1,75 ге барабар коэффициент колдонулат, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын окутуу-реабилитациялоочу борборлоруна, кайрымдуулук фонддорго, калктын каралбай корголбой калган катмарын (балдарды, жетимдерди, ден-соолуктун чектелген мүмкүнчүлүгү менен жактары ж.б.) коргоо жана колдоо чөйрөсүндө иш алып барган коммерциялык эмес мекемелерге жана уюмдарга коэффициент 1,5 ке барабар.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №108 токтомуна 4-тиркеме |
Функционалдык багыттагы КОЭФФИЦИЕНТТЕР
(Бишкек шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 275 токтомунун редакциясына ылайык)
Функционалдык багыттагы коэффициенттер (Фбк) төмөнкүлөр үчүн берилген жер участокторуна төмөнкү өлчөмдө белгиленет:
1) аянтына жараша дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода мекемелер;
Площадь, кв.м | До 10 | от 10 до 20 | от 20 до 35 | от 35 до 50 | 50 и выше |
Значение Кфн | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
2) кичине базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери - 7,5;
3) мал базарлар, жем-чөп сатылуучу базарлар - 4,5;
4) коомдук тамактануу ишканалары - 3;
5) мейманкана ишкердиктеги мекемелер - 7;
6) банктар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары - 5;
7) дискотека жана кумар ишкердиктеги ишканалар - 7;
8) офисттер, бизнес-борборлор, биржалар - 2,5;
9) автомай куюучу станциялар - 10;
10) нефть базалары - 1,5;
11) автотоктотмолор, автосервистик ишканалар - 4,5;
12) жарнама курулмалары - 50;
13) көңүл ачуу жана эс алуу, спорттук-чыңдоочу тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалар, жеке кызмат көрсөтүү жана эгер бул статьяда каралбаган башка - 1,5;
14) транспорт ишканаларынын административдик имараттары: автобекеттер, аэробекеттер, автостанциялар, темир жол бекеттери - 0,9;
15) өндүрүш, транспорт, байланыштар жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык аймактары жана эгер бул статьяда каралбаган башка 0.5;
16) тоо кендерин казып чыгаруучу ишканалардын имараттары жана курулмалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүк жүктөө станциялары, темир жол жана аба транспортторунун ишканаларынын санитардык - коргоочу аймактары - 0,3;
17) иштетилип жаткан пайдалуу кендердин жерлери, карьерлер, кендер, кесиктер, күл ташталган жерлер - 0,05;
18) геологиялык чалгын жүргүзүү, долбоордук - изилдөө жумуштары, чалгын жүргүзүп билүү жана изилдөө жумуштары- 0,005;
19) байланыш жана электр тогун өткөрүүчү аба линиялары -0,01;
20) илим, билим, ден соолукту сактоо, маданият, дене тарбия спорттук балдар- өспүрүмдөр мекемелери - 0,2;
21) айыл чарба өндүрүштүк жайлар (гараждар, ремонтто жайлары, дан тазалоочу комплекстер, жер жемиш - картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору ж.б. айыл чарба багытындагы объекттер) - 0,2;
22) коргонуу-спорттук - техникалык уюмдар - 0,01;
23) көп кабаттуу жана аз кабаттуу турак үйлөр - 1;
24) сулуулук салондору, чачтарачтар жана фотосалондор -1,5;
25) бильярд жайлары - 1,5;
26) Компьютердик оюндар залдары - 7,
27) жеке гараждар - 1;
28) кооперативдик гараждар - 1;
29) кампа жайлары - 1;
30) административдик өндүрүштүк жайлар - 0,5;
31) диний мекемелер - 1;
32) базалык станциялар жана уюлдук байланыштын мачталары, 1; трансформатордук кичистанциялар - 1,
33) типографиялык борборлор - 1;
34) ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды окутуу - реабилитациялоо борборлору, кайрымдуулук фондор, калктын каралбай корголбой калган катмарын (балдарды, жетимдерди, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ж.б.) коргоо жана колдоо чөйрөсүндө иш алып барган коммерциялык эмес мекемелер жана уюмдар - 1; 35) КР чет мамлекеттик дипломатиялык өкүлдүктөрү - 1;
35) КР чет мамлекеттик дипломатиялык өкүлдүктөрү - 1;
36) административдик - тиричилик - комплекстер - 1;
37) конок автотоктотмолор - 1;
38) көрктөндүрүү жана күнүмдүк күтүү - 1;
39) балдар ойноочу аянттар - 1;
40) теннис корттору, футбол талаалары, бассейндер, спорт аянтчалары - 1,5;
41) соцмаданийтиричилик объекттери (коомдук-маданий борборлор, маданий-ден соолукту жакшыртуучу комплекстер) 1,5;
42) медициналык борборлор - 1,5;
43) мүлк комплекстери - 1;
44) коомдук дааратканалар - 1;
45) жайкы аянтчалар - 1;
46) фонтан комплекстери - 1;
47) жатаканалар, окуу корпустарынын имараттары - 1;
48) аялдамалар, токтотуучу жайлар - 1;
49) газ толтуруучу пункттар - 1;
50) чыгармачыл жайлар, көргөзмө комплекстери, көркөм галереялары 1;
51) кирүүлөр, өткөөлдөр - 1;
52) квартираларга лоджиялар - 1;
53) мончолор, кир жуучу жайлар - 1,5.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов |
|
|