Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры № 288
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 55, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды түзүүнүн жана берүүнүн тартибин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Жер кодекстерине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Мүлккө карата муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укугун акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" жобо (1-тиркеме);
- "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобо (2-тиркеме);
- жер участогунун типтүү ижара келишими (3-тиркеме);
- жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участогунун типтүү ижара келишими (4-тиркеме);
- жер участогуна менчик укугунун типтүү сатып алуу-сатуу келишими (5-тиркеме);
- Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чек аралары (6-тиркеме);
- 2008-жылдын 1-январынан тартып 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде берилген жер участокторуна ижара акыны эсептөө үчүн колдонулууну ижара акынын чендери (7-тиркеме).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 2008-жылдын 1-январынан тартып 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде берилген жер участокторуна ижара акыларды эсептөөнү 7-тиркемеге ылайык беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин жүргүзсүн. Беш жылдык мөөнөт аяктагандан кийин "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара акыларды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобонун 2-тиркемесине ылайык ижара акынын чендерин колдонуу менен жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 3 укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешмесинин чечиминин 1.3-пунктуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы:
эки айлык мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте "Бишкек шаарынын жерди пайдалануу жана куруу эрежелерин" иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин;
төрт айлык мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте "Бишкек шаарында муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча программасын" иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтому;
- Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 "Бишкек шаарында жер участокторуна менчик укуктарын сатуунун тартиби жана шарттары жөнүндө" токтому;
- Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 16-майындагы № 322 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 15-январындагы № 393 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 "Бишкек шаарында жер участокторуна менчик укуктарын сатуунун тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы № 453 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы № 454 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 "Бишкек шаарында жер участокторуна менчик укуктарын сатуунун тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 38 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 65 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 108 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 189 "Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 109 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 "Бишкек шаарында жер участокторуна менчик укуктарын сатуунун тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 110 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 36 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаардык кеңешке жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына отурумдардын бекитилген протоколдорунун көчүрмөлөрүнүн тиркемелери менен өткөрүлгөн комиссиялар жөнүндө отчетту ай сайын берсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Аманкулов |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтомуна 3-тиркеме |
Жер участогуна ижара КЕЛИШИМИ
20__ -жылдын "___"___________ |
| Бишкек шаары |
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын атынан начальник _____________ мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталган, бир тараптан, жана ________________________________________ (Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) ___________________________________________ атынан _______________________________________________________________________ (Кызматы, аты-жөнү) экинчи тараптан, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу төмөнкүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү, комиссиянын ___________ "____" ______ № ____ чечиминин негизинде (№ _ протокол) Ижарачыга ижаралык пайдаланууга ____________________ жылдык мөөнөткө аянты _________ чарчы метр, Бишкек шаары, ____________ дарегинде жайгашкан ___________________________________________________ (жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн) үчүн бул келишимге тиркелүүчү участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн чектердеги жер участогу.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Ижара акылар жер участогунун ижара келишими түзүлгөн күндөн тартып саналат.
2.2. Жылдык ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн расчеттук эсепке киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын айдын 1-числосуна чейин кийинки отчеттук кварталга чейин жүргүзүлөт.
2.3. Кийинки жылдар үчүн ижаралык төлөмдүн өлчөмдөрүнүн эсеби Бишкек шаардык кеңештин токтомуңа ылайык келүүчү ошол учурдагы колдонуудагы эсептерге ылайык аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.5. Бул келишим тарабынан белгиленген мөөнөттө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопко тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укукка ээ:
3.1.1. Бишкек шаарынын мэриясынын токтому жана бул келишим тарабынан белгиленген максаттарга жана шарттарга гана ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. ижарачы тарабынан берилген жер участогунда тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүүнүн элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участоктун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аларды андан ары колдонуу жөнүндө маселе Ижарачы тарабынан чечилет;
3.1.3. өз милдетин тийиштүү түрдө аткарганда жана келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы мөөнөткө бул ижара келишимди узартуу үчүн башка бирдей шарттарда башка адамдардын алдында артыкчылык укукка ээ;
3.1.4. бул келишимдин иштөө мөөнөтүнүн убагында же бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен белгиленген тартипке ылайык бул участокко менчик укукту алууга (сатып алууга).
3.1.5. Ижарачы милдеттүү:
3.1.6. ижарага берүүчүгө жер участогун түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө;
3.1.7. ижарага алган жер участогун максат багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
3.1.8. жер участогунун пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык пайдаланган мезгил үчүн бул келишим тулгөнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык төлөп-турууга;
3.1.9. бул келишим түзүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү жол-жоболоштурууга жана жер участогуна укугун Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө;
3.1.10. күбөлүктү жол-жоболоштургандан кийин үч күндүн ичинде шаар курулушу боюнча кезмектик планга киргизүү үчүн Бишкекбашкыархитектурада каттоодон өтүүгө;
3.1.11. жер участогуна укук ырастаган документти жол-жоболоштургандан кийин бир айдын ичинде Бишкекбашкыархитектурада архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) заказ кылууга;
3.1.12. бул келишим түзүлгөн учурдан тартып алты айдын ичинде бул аймактын курулуш долбоорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте Бишкекбашкыархитектурада макулдашууга;
3.1.13. долбоор макулдашылгандан жана бекитилгенден, Бишкек шаарынын Мамархкурулушкөзөмөлдөө башкармалыгында объектти каттоодон өткөргөндөн жана курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга уруксат алгандан кийин бир айдын ичинде белгиленген тартипте объекттин курулуш иштерине киришүүгө;
3.1.14. ченемдик мөөнөттө, бирок ____ (айда/жылда) убакытта курулушту аяктоого жана объектти эксплуатацияга тапшырууга;
3.1.15. берилген жер участогунда жана жанаша аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана ремонттоо зарыл болгондо эркин өтүүнү камсыз кылууга;
3.1.16. көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну аткарууга (көкмайсаңдарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригацияны аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), транспорт жолдорун асфальттоого жана тротуарларга "брусчатка" тибиндеги плиткаларды төшөөгө, сутканын түнкү мезгилинде тышкы жарыктандырууну камсыз кылууга (шам чырактарды орнотуу);
3.1.17. аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну, көрктөндүрүү элементтерин тиешелүү техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүнү камсыз кылууга.
3.1.18. "Тазалык" МИси менен таштандыларды жана КТТны ташып чыгаруу келишимин түзүүгө;
3.1.19. төмөнкүлөрдү өз эсебинен ишке ашырууга милдеттүү:
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короонун аймагында санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүнү жана тазалоону;
3.1.20. төмөндөгүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
- жанаша аймакта жайгашкан жашыл бак дарактарды бузууга, көчүрүүгө же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарба ишкердиги менен ижарага алган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлоосуна;
- чарбалык ишкердиктин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш - аламан көчө соодасына.
3.1.21. анык чектер белгиленгенден кийин жер участогун пайдаланууга киришүүгө жана жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун ырастаган документтерди белгиленген тартипте алууга;
3.1.22. жер участогун пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды курууга, инженердик тармактарды жана курулмаларды тургузууга, макулдашылган долбоорго ылайык берилген жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө, бул берүүнүн зарыл шарты болуп саналат;
3.1.23. Бишкек шаарынын мэриясынын токтому/бул келишим менен аныкталган курулуш мөөнөтүн бузган учурда, Ижарага берүүчүгө ченемдик курулуш мөөнөтү аяктаган учурдан тартып ижара акынын толук наркын төлөп берүүгө;
3.1.24. өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан участокто чөп-чар толуп калуудан, сазга айлануудан, өрт чыгуудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды табууга;
3.1.25. башка жер пайдалануучулардын укугун, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин бузбоого;
3.1.26. өз чарбалык ишмердигинин натыйжасында, Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер колдонуучуларга ижарага алынган жер участогунун сапатынын жана өз чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык абалдын бузулушуна байланыштуу зыяндарды, чыгымдарды кошуп, толук көлөмдө төлөп берүүгө;
3.1.27. берилип жаткан жер участогунда объекттерди эксплуатациялоону жана курууну, жерлерди коргоону жана пайдаланууну контролдоочу тийиштүү мамлекеттик органдарга берилип жаткан жер участогуна эркин өтүүнү белгиленген тартипте камсыз кылууга;
3.1.28. жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыны өз убагында төлөөгө, ижара акыларын төлөө боюнча милдеттерди бузганда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн карыз сумманын 0,1% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25% нан ашпаган туум эсептелет. Туумду жана штрафты төлөгөнү менен Ижарачы жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотулбайт;
3.1.29. бул келишимдин 3.2.10-пунктуна ылайык жер участогун пайдалануу үчүн ижара акы төлөнгөндүгүн, ошондой эле туумдар жана штрафтар үчүн акы төлөнгөндүгүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган акы төлөөчү документ түрүндө ырастоого, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берилет;
3.1.30. жер салыгын өз убагында төлөөгө. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттер бузулган учурда Ижарачы КР мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат;
3.1.31. эгер зарыл болсо, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтогондо өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан жер участогунан убактылуу имараттарды жана курулмаларды алып таштоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;
3.1.32. жер участогу көп кабаттуу же/жана аз кабаттуу турак үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн берилсе, Ижарага берүүчүдөн жер участогуна менчик укукту объект эксплуатацияга берилгенге чейин же 17% даярдыкта сатып алууга;
3.1.33. келишим бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүгө жер участогун баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга;
3.1.34. бул келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда, Ижарага берүүчүнү жаңы мөөнөткө келишим түзүү же аны түзүүдөн баш тарткандык жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
3.2. ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу жок төмөндөгүлөргө укугу жок:
3.2.1. бул ижара келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө;
3.2.2. ижарага алынган - жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
3.2.3. ижара укуктарды күрөөгө коюуга жана аларды менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону ишке ашырууга;
4.1.2. келишимди бир тараптык тартипте бузууга, Бишкек шаарынын мэриясынын мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү токтомун жокко чыгарууга жана жер участогун төмөнкү учурларда алып таштоого:
а) жерди максаттуу багытта пайдаланбаган учурда;
б) топурактын түшүм берүүчү катмарын бузууга, экологиялык абалдын бузулушуна алып келген ыкмалар менен жер участогун пайдалан учурда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара төлөмүн төлөбөгөн учурда;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогун өздөштүрбөгөн учурда;
д) бул келишимдин шарттарын аткарбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганда.
4.1.3. ижарачынын чарба ишмердигинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалына тийгизген кесепеттеринин ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.4. колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.5. ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзам бузууларда, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузганда ишти токтоттурууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. ижарачыга жер участогун бул келишимдин шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. ижарачынын чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө, эгер мыйзамга жана бул келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участогун натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
4.2.3. ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалын контролдоону ишке ашырууга;
4.3. Ижарага берүүчүнүн төмөнкүгө укугу жок:
4.3.1. бул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануу укугун же белгиленген тартипте келишимди жокко чыгаруусуз үчүнчү адамга берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Бул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн калганга чейин мыйзам тартибинде кат жүзүндөгү эскертүү боюнча токтотулушу мүмкүн.
5.2. Ар бир тарап бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Талаштарды чечүү тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
6.2. Эгер макулдашуу менен чечилбесе, талаштар сот тартибинде чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогун бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарууга жатпайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу менен Ижарачы ал тараптан бул келишимдин шарттарын бузуулар жок болгондо, Ижарага берүүчүгө үч айда кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен бул келишимди каалаган убакытта анын калоосуна ылайык жокко чыгара алат:
7.3. Бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда бир тараптык тартипте киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч экземплярда түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Конкурстун шарттарына ылайык Ижарачы төмөнкүгө милдетүү:
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: |
| ИЖАРАЧЫ: |
__________________________ |
| __________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтомуна 4-тиркеме |
Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участогуна ижара КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары |
| 20__ -жылдын "___"___________ |
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын атынан начальник ________________ мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталган, бир тараптан, жана _________________________________ (Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) ______________________________ атынан _____________________________________ (Кызматы, аты-жөнү) экинчи тараптан, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу төмөнкүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү, Бишкек шаарынын мэриясынын _________________ _________________ "___" ________ - № ___ токтомунун негизинде Ижарачыга ижаралык пайдаланууга ___________________________ жылдык мөөнөткө аянты _____________ чарчы метр, Бишкек шаары, _______________________________ дарегинде жайгашкан____________________________________________________ (жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн) үчүн бул келишимге тиркелүүчү участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн чектердеги жер участогу.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Ижаралык төлөмдөр Бишкек шаарындагы жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө комиссиянын 20 __-жылдын "_____" ______________ № ____ чечими чыккан күндөн тартып эсептелинет, ай сайын ________________________________________________________________ түзөт.
2.2. Ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн расчеттук эсепке киргизүү жолу менен ар айдын 1-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2.3. Ижаралык төлөмдү эсептөө Бишкек шаардык кеңештин тийиштүү токтомуна ылайык аныкталат.
2.4. Жердин ижарасы боюнча ижара акыларды кайрадан карап чыгуу жыл сайын жүзөгө ашырылат.
2.5. Ижара келишими түзүлүп жаткан учурда Ижарачы Ижарага берүүчүгө үч айлык ижара акы өлчөмүндөгү сумманы төлөйт, ал күрөө суммасы катары ________________________ (___________________________) сомду түзөт, ал Ижарага берүүчүнүн депозитинде ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин кармалып турат. Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаган соң, сумма ижарачыга ижара акы боюнча карыздарды же жеңилдетилген типтеги объекттерди демонтаждоо боюнча чыгымдарды ижарачы тарабынан келтирилген зыян тартуулар суммасын чыгарып алуу менен кайтарылат.
2.6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
Салыктын жылдык көлөмү бир жылга _________________________________ __________________________________________________________ сомду түзөт.
Акы төлөөлөр кийинки отчеттук кварталга чейин бирдей үлүштө ар бир айдын 15нен кеч эмес төлөнүшү керек.
2.7. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. бул келишим тарабынан белгиленген максаттарга жана шарттарга гана ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. Ижарачы ижарага алган жер участогунда тургузулган жеңилдетилген типтеги объекттер анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин анын андан ары пайдалануу жөнүндө маселе Ижарага берүүчү тарабынан чечилет.
3.1.3. өз милдетин тийиштүү түрдө аткарганда келишимдин мөөнөтү аяктаган учурда жаңы мөөнөткө бул ижара келишимин узартууга.
3.2. Ижарачы милдеттүү:
3.2.1. "Тазалык" МИси менен таштандыларды жана КТТны ташып чыгаруу келишимин түзүүгө;
3.2.2. Төмөнкүлөрдү өз эсебинен ишке ашырууга милдеттүү:
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короонун аймагында санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүнү жана тазалоону;
3.2.3. максаттуу багыттарына ылайык ижарага алган жер участокту натыйжалуу пайдаланууга;
3.2.4. төмөндөгүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
- жанаша аймакта жайгашкан жашыл бак дарактарды бузууга, көчүрүүгө же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарба ишкердиги менен ижарага алган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлоосуна;
- чарбалык ишкердиктин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш - аламан көчө соодасына;
3.2.5. келишим түзүлгөндөн кийин ижарага алган жер участогун пайдаланууга киришүүгө;
3.2.6. жер участогун пайдалануу учурунда көрктөндүрүүгө жана берилген жер участогун, анын ичинде арык системасын, таза кармоого;
3.2.7. өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан участокто чөп-чар толуп калуудан, сазга айлануудан, өрт чыгуудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды табууга;
3.2.8. башка жер пайдалануучулардын укугун, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин бузбоого;
3.2.9. өз чарбалык ишмердигинин натыйжасында, Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер колдонуучуларга ижарага алынган жер участогунун сапатынын жана өз чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык абалдын бузулушуна байланыштуу зыяндарды, чыгымдарды кошуп, толук көлөмдө төлөп берүүгө;
3.2.10. жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыны өз убагында төлөөгө, ижара акыларын төлөө боюнча милдеттерди бузганда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн карыз сумманын 0,5% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25% нан ашпаган туум эсептелет. Туумду жана айыпты төлөгөнү менен Ижарачы жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотулбайт;
Эгер айып (туум) негизги карыздын 25 пайызын түзсө, объект Иижарачынын эсебинен бузулат же демонтаждалат.
3.2.11. пайдалануу укугу токтогондо ижарага алган жер участогунан объектти өз эсебинен демонтаждоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;
3.2.12. келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоого жана Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.
3.3. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу жок төмөндөгүлөргө укугу жок:
3.3.1. бул ижара келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө;
3.3.2. ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
3.3.3. ижара укуктарды күрөөгө коюуга жана аларды менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону ишке ашырууга;
4.1.2. келишимди бир тараптык тартипте бузууга, Бишкек шаарынын мэриясынын мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү токтомун жокко чыгарууга жана жер участогун төмөнкү учурларда алып таштоого:
а) жерди максаттуу багытта пайдаланбаган учурда;
б) топурактын түшүм берүүчү катмарын бузууга, экологиялык абалдын бузулушуна алып келген ыкмалар менен жер участогун пайдалан учурда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара төлөмүн төлөбөгөн учурда;
г) Ижарачы өз милдеттерин аткарбаганда;
д) бул аймакта пландуу курулуштун башталышы;
е) ижарага алган жер участогунда жана чарба иш-аракетинин жанаша жайгашкан аймактарында баш-аламан көчө соодасына жол берүү;
е). 5.1. пунктта көрсөтүлгөн учурларда.
4.1.3. Ижарачынын чарба ишмердигинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалына тийгизген кесепеттеринин ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.4. колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.55. Ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзам бузууларда, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузганда ишти токтоттурууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун бул келишимдин шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. Ижарачынын чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө, эгер мыйзамга жана бул келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участогун натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалын контролдоону ишке ашырууга;
5. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо
5.1. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:
- жеңилдетилген типтеги объект жайгаштырууга, уруксат берүүчү документтери тийиштүү тартипте жол-жоболоштурулбай иштеп жатса;
- жаңы курушу ишке ашырылып жатканда;
- соттун чечими боюнча;
- Комиссиянын чечими менен төмөнкү учурларда:
- келишимдин шарттарын бузган учурда;
- 3 айдын ичинде ижара акыларды төлөбөгөндө;
- архитектуралык жана шаар курулушу ченемдерине ылайык келбеген учурларда;
- Бишкек шаарынын турмуш-тиричилигин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар жана архитектуралык - шаар курулушу ченемдер кабыл алынганда.
5.2. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо болжолдуу билдирүү боюнча 5 күндүн чейин объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.
Эгер жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аныкталбас жана анын кайда экендигин аныктоо кийин да мүмкүн эмес болсо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү ал объектке чапталат, бул жөнүндө акт түзүлөт жана Бишкек шаарынын ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлери тарабынан кол коюлат.
5.3. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн аныкталган мөөнөт аяктаганда объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектте жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.
Объекттин ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоо жүргүзүүгө тоскоолдуктар түзүлсө, объектте жайгашкан материалдык баалуулуктар жөнүндө кыскача тизме түзүлөт жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
Эгер ээси жок болсо, объектке мөөр басылат жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
5.4. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан демонтаждоо жүргүзүлүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошодой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
5.5. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект "Тазалык" МИсине жөнөтүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алуу - өткөрүп берүү актысы боюнча убактылуу сактоого өткөрүлөт. Объектти сактоо, объектти демонтаждоо боюнча кеткен бардык чыгымдарды жеңилдетилген типтеги объектин ээси төлөгөндө жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде объект берилет.
5.6. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын кетирген чыгымдарын кайтаруу акча каражаттарын кассага накталай төлөө же ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш счетуна которуу менен жүргүзүлүшү керек.
5.7. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект "Тазалык" МИсинин аймагында 10 күнгө чейин акысыз сакталып турат. 10 күн өткөндөн кийин объекти сактоо акылуу негизде жүзөгө ашырылат.
5.8. "Тазалык" МИси объекттин сакталышы жана анда жайгашкан материалдык баалуулуктардын сакталышын үчүн жоопкерчилик албайт.
5.9. Жеңилдетилген типтеги объектти сактоо үчүн акылар акча каражаттарын кассага накталай же "Тазалык" МИсинин алыш-бериш счетуна которуу менен төлөнөт.
6. Тармактардын жоопкерчилиги
6.1. Бул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн калганга чейин мыйзам тартибинде кат жүзүндөгү эскертүү боюнча токтотулушу мүмкүн.
6.2. Ар бир тарап бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Талаштарды чечүү тартиби
7.1. Ижарачынын чарбалык ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
7.2. Эгер макулдашуу менен чечилбесе, талаштар сот тартибинде чечилет.
8. Башка шарттар
8.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогун бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарууга жатпайт жана ижара мөөнөт аяктагандан кийин бөлүнбөс жакшыртуулар ижарага берүүчүнүн менчигине өтөт.
8.2. Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу менен Ижарачы ал тараптан бул келишимдин шарттарын бузуулар жок болгондо, Ижарага берүүчүгө үч айда кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен бул келишимди каалаган убакытта анын калоосуна ылайык жокко чыгара алат:
8.3. Бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор тараптардын жазуу түрүндөгү макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн.
8.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда болот.
8.5. Бул келишим 200__-жылдын "____" ____________ тартып, 200__-жылдын "___" _______ чейин жарактуу.
8.6. Ижарачы жер участогун _________ тартып ___________ чейин анык пайдалангандагы үчүн ___________ сом суммасын түзөт.
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: |
| ИЖАРАЧЫ: |
__________________________ |
| __________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтомуна 5-тиркеме |
Жер участогун сатып алуу - сатуунун № ____ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары |
| 20__ -жылдын "___"___________ |
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы Бишкек шаардык кеңештин 20__- жылдын "___" _________ № _____ токтомунун негизинде аракеттенген начальник ______________________________________ атынан, мындан ары "Сатуучу" деп аталган бир тараптан жана мындан ары "Сатып алуучу" деп аталган ____________________________________________ (паспорттун номери, берилген күнү: _____ -жылдын "___"_________) экинчи тараптан төмөнкү жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Сатуучу Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын чечиминин ____-жылдын "_____" _______ № ____________ протоколунун негизинде акылуу негизде өткөрүп берет, ал эми Сатып алуучу Бишкек шаары, _________________________ аянты ___________ га жер участогунун тиркелүүчү чиймесине ылайык бардык убарасы жана сервитуттары менен жер участогун менчикке кабыл алат жана акысын төлөйт.
1.2. 1.1. пунктта көрсөтүлгөн жер участогу _________ үчүн сатылат.
2. Жер участогун сатуу баасы, мөөнөттөрү жана акы төлөө тартиби
2.1. Бул келишим боюнча жер участогунун баасы ____________________ (сан жана жазуу түрүндө) сомду түзөт жана жер участогун түзүү менен байланышкан чыгымдар келишим түзүлүп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын ___________ сомун түзөт.
2.2. Жер участогунун сатуу баасы сатып алуучу тарабынан акча каражатын которуу жолу менен же накталай төлөнүшү керек:
_____________ (банктык реквизиттер) ___________________________________
Акы төлөө жер участогун сатып алуу - сатуу келишими түзүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
3. Тараптардын милдеттери
3.1. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. бул келишимде каралган мөөнөттө жана өлчөмдө жер участогунун наркын төлөөгө.
3.1.2. сатуучуга бул келишимдин шарттарын аткаруу жөнүндө керектүү материалдарды, маалыматтарды, башка документтерди берүүгө.
3.1.3. сатып алган жер участогуна менчик укуктар жаралган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган өлчөмдө жана тартипте жер салыгын төлөп турууга.
3.1.4. жер участогун максаттык дайындалышы боюнча пайдаланууга.
3.1.5.бул келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде аны
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында каттоодон өткөрүүгө жана 3 иш күндүн ичинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштурууга;
3.1.6. жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштургандан кийин үч күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезмектик планга киргизүү үчүн Бишкекбашкыархитектурада каттоодон өтүүгө;
3.2. Сатуучу төмөнкүгө милдеттүү:
3.2.1. сатып алуучудан бул келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттө жер участогунун наркын төлөөнү кабыл алууга.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Сатып алуучу тарабынан бул келишимдин шарттары аткарылбаган учурда, Сатуучу Сатып алуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле милдеттерин аткарбагандыгы менен же тийиштүү аткарбагандыгы менен кетирген чыгымдарын кайтартууну талап кылууга укуктуу же бул келишимди белгиленген тартипте бузууга жана анын бузулушу менен байланышкан чыгымдарды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.2. Жер участогу үчүн төлөө мөөнөттөрү бузулганда Сатып алуучу Сатуучуга ар бир кечиктирген күнү үчүн төлөнө элек сумманын 0,3 % өлчөмдө туум төлөйт, бирок ал төлөө суммасынан 20% нан ашпашы керек.
4.3. Эгер Сатып алуучу түз сатууларды өткөргөн датадан тартып 30 календарлык күндүн аралыгында келишимде белгиленген бааны төлөбөсө же сатып алган жер участокту кабыл алуудан баш тартса, Сатуучу бул келишимди бузуу жөнүндө маселе коюуга жана зыян тартууларды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.4. Сатып алуучу тарабынан келишим бузулуп жатса, алар төлөгөн акча каражаттар Сатуучу тарабынан Сатып алуучуга келишимди жол-жоболоштуруу жана жер участогун бөлүштүрүү (бөлүштүрүү долбоорун даярдоо, маалымат пакетин даярдоо, техникалык шарттардын, адистердин жана башка ыйгарым укуктуу органдардын кызмат көрсөтүүлөр наркын төлөө) менен байланышкан зыян тартууларды чыгарып салуу менен кайтарылып берилет.
4.5. Келишимди бузуу менен Сатып алуучу бул келишимдин 4.2. пунктунда каралган туумду төлөөдөн бошотулбайт.
4.6. Айып санкцияларын төлөө Сатып алуучуну бул сатып алуу-сатуу келишиминин шарттары иштеп турган учурдагы келишимдик милдеттердин аткаруудан бошотпойт.
4.7. Сатуучу тарабынан бул келишимдин шарттары бузулган учурда, Сатып алуучу Сатуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле аткаруунун кечиктирилиши менен байланышкан зыян келтирүүлөрдү кайтарууну талап кылууга укуктуу же белгиленген тартипте бул келишимди бир тараптык тартипте бузууга жана аны бузуу менен байланышкан зыян тартууларды талап кылууга укуктуу.
4.8. Сатуучунун күнөөсү боюнча бул келишим бузулуп жатса, Сатып алуучу тарабынан Сатуучуга төлөнгөн суммалар ага Сатуучу тарабынан толук көлөмдө кайтарылат.
4.9. Бул келишимдеё каралбаган тараптардын жоопкерчиликтери жана укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
5. Кепилдиктер жана талаптар
5.1. Сатуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатыла турган жерлердин категориясына кирээрине, үчүнчү жактардын мүлк жана мүлк эмес укуктарынан жана талап кылууларынан бош экендигине жана бул келишимге кол коюлуп жаткан учурда Сатуучу же Сатып алуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу арестте же тыюу салынууда тургандыгын билбөөгө мүмкүн эместигине кепилдик берет.
5.2. Сатып алуучу бул келишимдин тиркемелери менен таанышып чыкты, жер участогу жайгашкан жеринде барып көрдү, анын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, жер алдындагы жана жер үстүндөгү курулмалар жана объекттер менен таанышып чыкты.
6. Жер участогуна менчик укуктардын өтүшү
6.1. Сатып алуучуга жер участогуна менчик укук бул жер участогунун наркын толук төлөгөндөн, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында келишимди Мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн, бул жер участогу боюнча келишим түзүлгөндөн кийин жана белгиленген тартипте жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө Мамлекеттик актыны алгандан кийин өтөт.
Жогоруда саналган шарттардын жок дегенде бирөө аткарылбаса, жер участогуна менчик укук жаралбайт.
6.2. Натурадагы (жериндеги) чек аралар такталганга, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ченемдерди алганга чейин жер участогун пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.
6.3. Сатып алуучуда жер участогуна жеке менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, мурда аныкталган укуктук режим жана бул жер участогуна укук ырастаган бардык документтер өз таасирин жоготушат.
7. Жер участогун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтары
7.1. Сатып алуучу жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын ага менчик укугу өткөн учурдан тартып алып жүрөт.
7.2. Эгер Сатуучу бул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жер участогун бербесе же белгиленген мөөнөттөрдө Сатып алуучу жер участогун кабыл албаса, жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын өткөрүп берүүнү же кабыл алууну кечиктирген тарап алат.
8. Талаштардын чечилиши
8.1. Бул келишимдин шарттарын аткарууда пайда болгон же анын жоболорун түшүндүрүү менен байланышкан бардык талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8.2. Бул келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн (жер участогу үчүн акыны өз убагында төлөбөгөндө, өз убагында өздөштүрбөгөндө, максат багытын жана башка талаптарды бузганда) тараптардын ар кимиси келишимди бир тараптык тартипте бузуу укугуна ээ, эгер ал тараптан бул келишимдин жана колдонуудагы жер мыйзамдарынын шарттарын бузуулар жок болсо, башка тарапты кат түрүндө алдан-ала 30 календарлык күнгө чейин билдирип, бузуу укугуна ээ болот.
8.3. Эгер тараптар 30 календарлык күндүн ичинде өз ара макулдашууга келбесе же келишим бир тараптык тартипте бузулса, талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет. Мындай учурда сот чыгымдарын келишимдин шарттарын аткарбаган же аларды тийиштүү тартипте аткарбаган тарап алат.
9. Келишимдин шарттары өзгөртүү жана аны бузуу
9.1. Тараптардын макулдашуусу менен гана келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү мүмкүн.
9.2. Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кийин мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Мамкаттоо органдарында ырастоо менен жазуу түрүндө гана жүзөгө ашырылат, бул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түрүндө жол-жоболоштурулат.
9.3. Бул келишимдин шарттарын тараптардын бири аткарбаган учурда, ал өзгөртүлүшү мүмкүн же экинчи тараптын талабы боюнча же сот тартибинде бузулушу мүмкүн.
10. Чыгымдар
10.1. Сатып алуучу бул келишимди түзүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды өзүнө алат.
11. Кошумча шарттар
11.1. Бул келишим ага кол коюлган жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып тараптар үчүн түзүлдү деп эсептелет.
11.2. Бул келишим тараптар тарабынан бардык өз милдеттери аткарылганга чейин жарактуу.
11.3. Келишим 3 нускада түзүлөт, алар бирдей юридикалык күчкө ээ. Бир нуска Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгында, тараптарда бирден нуска сакталат.
11.4. Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Жер участогунун көлөмдөрүн жана чек араларын көрсөтүү менен чиймеси;
2. Комиссиянын катчысынын колу бар комиссиянын протоколунан көчүрмө;
11.5. Жер участогун натурадан (жеринен) бөлүп берүү жана жерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- бул сатып алуу - сатуу келишими;
- Комиссиянын төрагасынын жана катчысынын колдору бар комиссиянын протоколу;
- жер участогунун чиймелери.
12. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
Сатуучу: |
| Сатып алуучу: |
____________________________ |
| ____________________________ |
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги |
|
|
М.О. |
|
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтомуна 6-тиркеме |
Ижара акыны эсептөө үчүн экономикалык зоналардын ЧИЙМЕСИ
Салынган файлды караңыз
Эскертүү:
Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин СҮРӨТТӨЛҮШҮ (түндүк тараптан баштап сааттын жебесинин жүрүшү боюнча берилди)
Экономикалык-пландаштыруу аймактары төмөнкүчө чектелди:
I - Жибек Жолу проспекти - Аламүдүн суусу. - М.Горький көчөсү, Тынчтык проспекти - Ала-Арча суусу.;
II - М.Горький көчөсү. - Аламүдүн суусу - Ахунбаев көчөсү - Орджоникидзе көчөсү - Новая көчөсү - Шота Руставели көчөсү - Ала-Арча суусу - Тынчтык проспекти;
III - Лев Толстой көчөсү - Ала-Арча суусу - Шота Руставели көчөсү - Новая көчөсү - Орджоникидзе көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү - Космос көчөсү - Репин көчөсү;
IV - ЧЧК - Ала-Арча суусу - Лев Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Мессарош көчөсү;
V - ЧЧК - Аламедин суусу - Жибек Жолу проспекти - Ала-Арча суусу;
VI - ЧЧК - Веселая көчөсү - Достоевский көчөсү - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - ЧЧКнын чыгыш бутагы - Аламедин суусу;
VII - Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин Аламедин суусу - "Кум-Шагыл" АКсынын түштүк тарап аймагындагы өткөөл (мурунку ТБТ заводу) - Иманалиев көчөсү - Семетей көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү;
VIII - Лев Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космос көчөсү - Д.Садырбаев көчөсүнөн батышка карай Бах көчөсү - "Арча-Бешик" конушунун, "Нижний-Орок" конушунун, түштүк - батыш мүрзөнүн аймагын кошуп - Муромская көчөсүнүн уландысы - Тимур Фрунзе көчөсү;
IХ - ЧЧК - Мессарош көчөсү - Жамгырчиев көчөсү - Патрис Лумумба көчөсү;
X - Түндүк айланып өтмө жолу - Нижняя Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү өткөөл катары - чыгыш тарапка Баку көчөсүнүн уландысы - Баку көчөсү - ЧЧК - Махатма Ганди көчөсү;
XI - ЧЧК - канал - Чолпон-Ата көчөсү - ЧЧЧК - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү;
XII - ЧЧК - "Учкун" кичирайонунан батышка карай - ЧЧЧК - Чолпон-Ата көчөсү боюнча канал;
XIII - ЧЧК - Патрис Лумумба көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү - батышка карай темир жол линиясы - "Ала-Тоо" конушунун аймагынан батышка карай;
XIV - Түндук айланып өтмө жол - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү) - Баку көчөсү - Нижняя Ала-Арча айылына чыгыш тарап боюнча жергиликтүү өткөөл катары Баку көчөсүнүн түндүккө карай уландысы;
XV - Түндүк айланып-өтмө жол - "Бакай-Ата" конушунан батышка карай - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү);
XVI - ЧЧЧК - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - аймактын батыш чеги - Аламедин суусу боюнча:
XVII - Семетей көчөсү (мурунку Выставочная көчөсү) - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" АКсынын түштүк тарап аймагандагы өткөөл (мурунку ТБТ заводу) - Аламедин суусу - Орто-Алыш суутосмосунун аймагынан түштүккө карай - аймактын батыш чеги - Кожобергенов көчөсү боюнча;
XVIII - Садыгалиев көчөсү менен темир жол линиясынын кесилишине чейин - Лев Толстой көчөсү - Тимур Фрунзе көчөсү - ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромская көчөсүнүн уландысы;
XIX - Түндүк айланып өтмө жол - Махатма Ганди көчөсү Бишкексууканалдын тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай;
XX - Түндүк айланып өтмө жолдон түндүккө карай.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |