Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабрындагы № 119
Бишкек шаарынын канализациясына өндүрүш агынды сууларын кабыл алуу Эрежесин бекитүү жөнүндө
Сууну буруп кетүү системаларын жана шаардык тазалоо курулмаларды туура эксплуатациялоону камсыздоо, ошондой эле зыяндуу жана уулуу заттар менен Чүй суусунун бассейнинин булгануусун алдын алуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-январындагы № 19 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы № 1422-XII «Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Мыйзамын ишке киргизүү тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык иштелип чыккан ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- «Бишкек шаарынын канализациясына өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алуу Эрежеси» (1-тиркеме);
- шаардык канализацияга кабыл алынуучу өндүрүштүк агынды сууларына карата көрсөтүлүүчү жалпы талаптары жана шаардык канализацияга кабыл алынуучу уулуу заттардын эң жеткиликтүү концентрациясынын (ЭЖК) ченеми (2-тиркеме).
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаары боюнча мамлекеттик санитардык «эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, «Бишкексууканал» ӨЭБсына Чүй-Бишкек-Талас аймактар аралык айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын канализациясына системасына өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алуу Эрежесинде каралган талаптарга жана ченемдерге ылайык суу коргоо курулмаларын эксплуатациялоого, курууга жана өнөр-жай агындыларды шаардык канализацияга таштоо шарттарына контролду күчөтүүнү тапшырсын;
- Бишкек шаары боюнча мамлекеттик санитардык «эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Чүй-Бишкек-Талас аймактар аралык айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү башкармалыгы менен бирдикте өнөржай ишканаларында түзүлүүчү уулуу калдыктарды чогултуп коюу үчүн жайды бөлүү жөнүндөгү маселени кароону тапшырсын
3. «Бишкексууканал» ӨЭБсы:
- өздөрүнүн өндүрүшүндө шаардык канализацияга агызууга жатпаган, майларды, суу майларды, нефть продуктыларын, оор металлдардын тузун жана башка составдык бөлүктөрдү пайдаланышкан өнөр жай ишканаларды, уюмдарды жана башка юридикалык жактарды өздөрүнүн өндүрүштөрүндө алдын ала тазалоо курулмаларын карап чыксын, «Бишкексууканал» ӨЭБсына алдын ала тазалоо курулмаларын натыйжалуу пайдалануу боюнча иш чаралардын планын иштеп чыксын жана берсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З. И. Бекбоевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Э.Суракматов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 119 токтомуна 1-тиркеме |
1.1. Ушул Эреже Бишкек шаарынын канализациясына өндүрүштүк агындыларды кабыл алууга карата талаптарды белгилейт.
1.2. Эреже төмөндөгүлөрдүн негизинде иштелип чыкты:
- Жартылышты коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитети тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз турак жай коммуналдык союзу, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылып, Жартылышты коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары тарабынан бекитилген (1994-ж.05.09.№ 79 буйрук) «Калктуу пункттарга канализация системасында иштелип чыккан агындыларды пайдалануу Эрежесинин»;
- «Агындылар менен булгануудан жердин үстүңкү cууларын коргоо Эрежесинин»;
- Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларынын долбоорунун жана башка ченемдик документтердин.
1.3. Эреже Бишкек шаардык канализацияга өндүрүштүк агындыларды кабыл алган, алардын ведомстволук таандыгына карабастан бардык ишканалар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
1.4. «Бишкексууканал» өндүрүштүк «эксплуатациялоо башкармалыгы ишканалар тарабынан бул Эреженин талаптарын сакталышына контролду жүзөгө ашырууга милдеттүү жана алар тарабынан Эрежени бузган учурда, аракеттеги мыйзамга ылайык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу укугуна ээ.
2.1. «Агындылар менен булгануудан жердин үстүңкү cууларын коргоо Эрежесинин» талаптарына ылайык, шаардык канализацияга канализациялык тармактардын жана курулмалардын ишинин бузулушуна алып келбеген, тейлөөчү персоналдарга коркунуч келтирбеген жана тиричилик агындылар менен бирге тазаланышы мүмкүн болгон өндүрүштүк агындыларды гана кабыл алууга уруксат берилет.
2.2. Шаардык канализацияга төмөндөгүлөрдү камтыган өндүрүштүк агындыларды куюуга тыюу салынат:
- адам үчүн коркунуч келтирген газды бөлүп чыгарышы мүмкүн болгон кошулмаларды (күкүрт суутегин, көмүр кычыкылтегин, цианид суутегин, күкүрт көмүр кычкылтегин, жыттуу көмүр кычкылтектердин жеңил учуучу буусун жана башкалар);
- күйүүчү кошулмаларды жана жарылуучу аралашманы пайда кылууга жөндөмдүү газ түрүндөгү эритилген аралашмаларды;
- радиоактивдүү заттарды;
- коркунучтуу бактериялык булганууларды;
- шаардык канализациянын курулмаларына талкалануучу таасир берүүчү заттарды;
- шаардык канализациянын курулмаларын булгап бузуучу (түтүк, кудук, темир торлорду ж.б.у.с.) же аларга жабышып калгандарды (ширендилерди, акиташтарды, кумду, гипсти, темир кырындыларын, булаларды ж.б.у.с.);
- агындылардын биологиялык тазалоосун төмөндөтүүчү заттарды;
- эрибеген майларды, смоланы жана мазутту;
- биологиялык кыйынычылык менен кычкылданган органикалык заттарды;
- биологиялык (катуу) үстүңкү активдүү заттар ҮАЗ жана башкалар;
- балык чарбасында сууну керектөөдө суу сактагычтардагы сууда чектүү жол берилүүчү концентрациялары (ЧЖБК) белгиленбегендер үчүн заттарды;
- + 40 градус Сдан жогору, 6,5тен төмөн жана 9дан жогору рН, БПК5тен жогору 2,5 эседен көп ХПК же толук БПКсы бар өндүрүштүк агындыларды, 1,5 эседен көп эмес.
2.3 Шаардык канализацияга төмөндөгүлөрдү куюуга болбойт:
- жалтырак эмес жана көлөмдүү эритмелерди;
- дренаждык сууларды жана нормативдүү таза өндүрүштүк агындыларды;
- өндүрүш ишканаларынын аймагынын үстүнөн агындыларды (жаандын суулары, эриген суулар жана башкалар);
- тазалоочу курулмалардагы жаан-чачын сууларын, баткак сууларды, курулуш жана тиричилик таштандыларын, өндүрүш калдыктарын;
- минералдык гана заттарды гана же механикалык булганууларды камтыган өндүрүштүк агындыларды (анын ичинде отканалардагы жана ЖЭБдагы сууларды даярдоочу орнотмолордун сууларын).
2.4. Өндүрүштүк агындыларды канализация системасына агызуу, ишкананын чегинен тышкары жайгашуучу контролдоочу кудуктун милдеттүү механизми менен өз алдынча чыгаруусу менен ишке ашырылышы керек. Өнөр жай ишканалары жана башка абоненттер көрсөтүлгөн чыгарууларды ылайыкташтыруу менен жабдуу керек (автоматтык түрдө сыноого алгычтар, чыгымды эсептегичтер, шаардык канализацияга агындылардын келүүсүн токтотуу жана агындылардын сапатына жана чыгымына карата туруктуу контроль үчүн пломбаланган бекиткич орнотмолорү менен) жабдылышы керек.
2.5. Өндүрүштүк агындылар эгерде алардын курамында зыяндуу заттар 1,2-таблицада келтирилген мааниден жогорулабаса, алар шаардык канализацияга кабыл алынат. 2-таблицада жок зыяндуу заттардын ЧЖБКсы үчүн шаардык канализацияга куюуда, чарбалык жана ичүүчү сууну пайдалануу суу объекттердин суусунда ЧЖБКны пайдалануу керек.
2.6. Таза жана башка суулар менен аралаштыруу жолу менен өндүрүштүк агындыларда аларды таза, нормативдүү таза жана башка суулар менен кошууга катуу тыюу салынат.
2.7. Өнөр жай ишканаларында жана абоненттерде сутка ичинде өндүрүштүк агындылардын курамы жана көлөмү өзгөргөн учурда, сутка ичинде өндүрүштүк агындыларды бир калыпта агызууну камсыздоочу механизмди коюу керек.
2.8. Өндүрүштүк агындылардагы зыяндуу заттардын ЧЖБКсы төмөндөгүлөрдү эске алуу менен аныкталган:
- өнөр жай агынды сууларын чарбалык-тиричилик суулары менен кошуу;
- тазалоочу курулмалар тарабынан булгоочу заттарды кармоо;
- балык чарбасындагы сууну пайдалануучу суу сактагыч - Чу дарыясына тазаланган аккан сууларды куюу шарттарын.
2.9. Өзгөчө учурларда «Бишкексууканал» ӨЭБсы 1, 2 - таблицада келтирилген иштеп чыгып - пайдалануу башкармалыгы мааниден ЧЖБКдан четтеп кетүү менен өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алууну макулдашууга укугу бар.
2.10. Шаардык канализацияга куюлуучу өндүрүштүк агындылар үчүн, бирок шаардык тазалоочу курулмаларга эмес тазаланбай турган суу сактагычтарга бурулуп, көлмөлөрдө агындыларды чыгаруу боюнча талаптарга ылайык жогорулатылган ченемдер иштелип чыгат жана бекитилет.
3.1. Ишкана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- анын балансында турган канализациялык бардык курулмалардын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылууга, агынды суулардын агып калуусуна жол бербөөгө;
- локалдуу тазалоочу курулмалардан тунмаларды өз убагында зыянсыздандырууга жана алып чыгууга;
- «Бишкексууканал» ӨЭБсынын кызматкерлери тарабынан сутканын ар кандай мезгилинде ишканалардын канализациялык курулмаларынын ишин контролдук текшерүүнү жүргүзүүнү жана бул Эреженин талаптарын сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга.
3.2. Ишкана өндүрүштүк агынды сууларды локалдык тазалоо курулмалардын комплексинин алдында жана андан кийин жана контролдук кудуктарда аларды шаардык канализацияга коё берүүнүн алдында анализ жүргүзүлүшү керек жана бул маалыматтар «Бишкексууканал» ӨЭБсына берилүүсү тийиш. Бул иштерди аткаруунун тартиби, сыноого алуунун орду жана мезгилдүүлүгү, аныктоого жаткан заттардын тизмеси, өндүрүштүк агынды суулардын көлөмү жана сапаты жөнүндө маалыматтарды берүү мезгилдүүлүгү «Бишкексууканал» ӨЭБсы менен макулдашылуусу керек.
3.3. «Бишкексууканал» ӨЭБсы:
- ишканалардан керектелген суунун көлөмү, суу менен жабдуунун жеке менчик булактарынын иши, локалдуу тазалоочу курулмалардын иши, өндүрүштө пайдаланылуучу заттар, ишкананын иштөө режими жөнүндө ар кандай маалыматтарды талап кылышы мүмкүн;
- 2-, 3-тиркемелерде көрсөтүлгөн концентрацияларды жогорулатуучу уулу заттардын ЧЖБКсын (чектүү жол берилүүчү концентрациялары) ашырып жиберүү менен шаардык канализаналарынан, уюмдардан жана башка юридикалык жактардан 3 эсе өлчөмдө, жапырт агызууда 5 эсе өлчөмдө (жапырт агызуу бул 2-, 3-тиркемелерде көрсөтүлгөн концентрацияларды жогорулатуучу уулу заттарды 10 эсе көп агызуу болуп саналат) төлөө алынат. Тартип бузуучулардан алынган каражаттар «Бишкексууканал» ӨЭБсынын өндүрүшүн өнүктүрүү фондуна Бишкек шаарынын канализация жана тазалоо курулмаларынын тармактарын капиталдык ремонттоону аткаруу үчүн жөнөтүлөт;
- Бишкек шаарынын канализациясына өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алуу Эрежелерин өнөр жай ишканалары, уюмдар жана башка юридикалык жактар тарабынан одоно бузулган учурларда материалдар Бишкек шаарынын прокуратурасына күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана зыяндардын ордун толтуруу үчүн берилет.
Ушул Эреженин ишке киргизилиши менен, ишканаларга мурда берилген Бишкек шаарынын канализациясына өндүрүштүк агынды сууларды куюунун бардык шарттары күчүн жоготот.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю. С. Шкуропатов |
«Бишкексууканал» ӨЭБсынын начальниги |
К. Т. Сулайманов |
| 1-таблица Шаардык канализацияга кабыл алынуучу өндүрүштүк агынды сууларга жалпы талаптар
|
Агынды суулардын курамынын жана касиетинин көрсөткүчтөрү | Максималдуу уруксат берилген маани |
Өлчөнгөн заттар, мг/л | 350 |
Күлдүүлүгү, % | 30 |
БПК5, мг/л | 300 |
ХПК, мг/л | 450 |
рН, ортодогу активдүү реакция, | 6,5тен 8,5ге чейин |
Температурасы, С | 40 С.дан жогору эмес |
Нык таштандылар, мг/л | 1000 |
Анын ичинде: |
|
Хлориддер | 350 |
Сульфаттар | 500 |
Фосфаттар | 5,0 |
| 2-таблица Шаардык канализацияга кабыл алынуучу өндүрүштүк агынды суулардагы зыяндуу заттардын ЧЖБКсы
|
Заттардын аталышы | ЧЖБК, мг/л |
Эфир эриткичтери | 15 |
Нефтепродуктылары | 3,0 |
Фенолдор | 0,03 |
СПАВ | 4,0 |
Кадмий | 0,0008 |
Жез | 0,5 |
Цинк | 1,0 |
Никель | 0,3 |
Цианидер | 0,005 |
Хром 6┼ | 0,4 |
Хром 3┼ | 4,0 |
Темир | 5,0 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю.С.Шкуропатов |