Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 172 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2009-жылдын 2-декабры N 129
Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарынын шааркурулушун, архитектурасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө стратегиялык багыттарды аныктоо, Бишкек шаарынын Башкы планынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча квалификациялуу чечимдерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шааркурулушу жана архитектурасы жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдардын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине жана башка Кыргыз Республикасынын аймагында шааркурулуш архитектура иш-аракетин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык Бишкек шаарынын шааркурулуш жана архитектура чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобо бекитилсин (тиркемеге ылайык).
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 4-июлундагы N 348 "Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы В.А.Дашковго жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы А.Суракматов
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 129 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. "Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө" жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шааркурулуш жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине жана Кыргыз Республикасынын аймагында шааркурулуш жана архитектура ишкердигин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Шааркурулуш кеңешинин курамы Бишкек шаарынын башкы архитекторунун сунушу боюнча түзүлөт жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
Шааркурулуш кеңеши шааркурулуш жана архитектура областындагы жогору квалификациялуу адистерден, ошондой эле каралып жаткан маселеге жараша шаардык эксплуатациялык жана көзөмөлдөө кызматтардын ("Түндүкэлектр АКсы, "Бишкексууканал" ӨЭБсы, Бишкек шаардык телефон тармактары, "Бишкекгаз" АКсы, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсы, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борбору, Мамлекеттик өрткө каршы кызматы, Бишкек шаарынын ИИББнын МАИБсы, Бишкек шаардык айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы жана башкалар) жетекчилеринен Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан (Бишкек шаардык кеңеште көрсөтүлгөн ар бир фракциядан бирден депутаттан), түзүлөт.
Бишкек шаарын жана шаардык чарбанын, анын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн өзгөчө көйгөйлөрүн кеңири талкуулоо жана Шааркурулуш кеңешинин кеңешмесинде квалификациялуу чечим иштеп чыгуу үчүн туруктуу мүчөсү болбогон республикалык тийиштүү органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Шааркурулуш кеңеши Бишкек шаарынын шааркурулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү жумушчу, эксперттик тобу менен башкаруунун туруктуу иштеген коллегиалдуу органы болуп саналат.
1.4. Шааркурулуш кеңеши өз ишмердигин:
- пленардык кеңешме түрүндө;
- оперативдик иш түрүндө (Шааркурулуш кеңешинин кезектеги пленардык кеңешмесинде кароого маселелерди киргизүү үчүн материалдарды талдап кароо жана даярдоо) жүзөгө ашырат.
1.5. Шааркурулуш кеңеши өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана кодекстерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун, Кыргыз Республикасынын аймагында шааркурулуш-архитектуралык жана курулуш ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин, башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
1.6. Шааркурулуш кеңешинин ишкердиги Бишкек шаарынын бардык аймагында жана анын шаардын четиндеги зоналарында таркатылат.
2. Шааркурулуш кеңешинин милдеттери, функциялары жана милдеттенмелери
2.1. Шааркурулуш кеңешинин милдеттери болуп Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаарынын башкы архитекторуна Бишкек шаарынын бекитилген Башкы планынын негизги багыттарын ишке ашырууда жана
- архитектуралык-шааркурулуш жана инженердик-техникалык долбоорлоо чечимдеринин сапатын баалоо;
- уруксат берүү жана долбоорлоо документтерин жол жоболоштурууда жана иштеп чыгууда субъекттер тарабынан шааркурулуш-архитектуралык ишмердиктин ченемдик-укуктук жана шааркурулуш талаптарынын сакталышын контролдоо;
- борбордун өзгөчө жана өзүнчө бир башкача архитектуралык көркөмдүк тышкы көрүнүшүн түзүү;
- рационалдуу пландоо, транспорттук коммуникациялык жана инженердик техникалык инфраструктурасы менен бирдиктүү, жайлуу жана өнүгүүчү шаардык чөйрөнү түзүү;
- шаардык чөйрөнү жана өнөр жай жана коммуналдык кампа зоналарын реабилитациялоо;
- жаратылыш чөйрөсүнүн, шаардык ландшафттын архитектуралык-шааркурулуш жана эстетикалык сапаттарын сактоо жана көбөйтүү, тарыхый эстеликтерди, маданиятты, шааркурулушту, архитектураны, жашылдандырууну жана монументалдык искусствону коргоо;
- Бишкек шаарынын бардык аймагындагы жаңы жана реконструкциялануучу куруу зоналарынын жана шаардын четиндеги зоналарынын шааркурулуш архитектуралык-көркөмдүк деңгээлин жогорулатуу максатында Бишкек шаарын курууда жана реконструкциялоодо бирдиктүү шааркурулуш саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2.2. Шааркурулуш кеңеши Бишкек шаарынын деталдуу пландоо зоналарынын долбоорлорун, Бишкек шаарынын конуштарынын жана жеке турак жай курулуш зоналарынын башкы пдандарынын чиймелерин карайт.
Шааркурулуш кеңеши тарабынан каралган жана жактырылган жогоруда саналган шааркурулуш документ Бишкек шаарынын башкы архитектору менен макулдашылат жана ачык угууларда коомчулуктун талкуусуна чыгарылат да андан кийин Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
2.3. Шааркурулуш кеңешине төмөнкү объекттер боюнча Бишкек шаарынын башкы архитектору менен макулдашканга чейин иштелип чыккан долбоорлоо документтерин кароо жана талкуулоо функциялары жүктөлөт:
- мамлекеттик же шаардык бюджеттен толук же толук эмес каржылануучу курулуш объекттери боюнча;
- долбоорлонуучу объекттин архитектуралык-пландоо жана архитектуралык-көркөмдүк чечимдерин макулдашуу талаптарын өзүнө камтыган шааркурулуш регламенттерин коюу үчүн жер участокторго жайгашкан объекттер боюнча.
2.4. Шааркурулуш кеңешине Бишкек шаарынын мэри жана Бишкек шаарынын башкы архитектору менен макулдашуу үчүн квалификациялуу эксперттик корутундуларды эске алуу менен төмөндөгүлөр боюнча рационалдуу жана оптималдуу чечимдерди кароо жана талкуулоо, аларды кабыл алуу жүктөлөт:
- Бишкек шаарынын шааркурулуш түйүндөрүнүн, аянттарынын, магистралдарынын курулушун өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү шааркурулуш концепцияларынын негизинде оперативдүү жана стратегиялык чечими боюнча;
- Бишкек шаарынын райондорунун курулушунун шааркурулуш жана архитектуралык пландоо долбоорлору жана реконструкциясы боюнча;
- жашылдандыруу жана ландшафттык архитектура долбоору боюнча;
- шаардык чөйрөнүн дизайнынын, декоративдүү жарыктандыруусунун, жарнаманын, монументалдык искусствонун жана кичи архитектуралык формалардын долбоору боюнча.
2.5. Шааркурулуш кеңешинин талкуусуна утурумдук долбоордук сунуштар менен катар долбоорлоо уюмдарынан, инвесторлордон, заказчы курулушчулардан, кээ жарандардан жана коомдук уюмдардан же жогору турган органдардан Бишкек шаарын, анын кээ бир аймактарын жана шаар четиндеги зоналарын прогрессивдүү, рационалдуу жана натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталган сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2.6. Шааркурулуш кеңешинин кеңешмесинин укуктуулугу анын мүчөлөрүнүн кворуму менен белгиленет.
Шааркурулуш кеңешинин чечими Шааркурулуш кеңешинин кеңешмесинде катышып жаткан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
2.7. Шааркурулуш кеңешинин чечими кеңешме өткөндөн кийин бир жумалык мөөнөттө кабыл алынып жаткан чечимдерди так жана негиздүү аргументтери менен протокол түрүндө жол жоболоштурулат.
Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин отурумунун күн тартибинин бардык каралуучу маселелери көрмө жана аудио жазуулар менен коштолот.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Шааркурулуш кеңешинин кеңешмесинин протоколу Шааркурулуш кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэри, Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин курамына киришкен Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан кол коюлат. - Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
2.9. Шаар куруу кеңешинин белгиленген тартипте бекитилген чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. Шааркурулуш кеңешинин кеңешмеси туруктуу негизде долбоордук сунуштардын түшүүсүнө жараша, бирок бир айда 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
3. Шааркурулуш кеңешинин укуктары
3.1. Шааркурулуш кеңеши төмөнкү укуктарга ээ:
- Бишкекбашкыархитектурадан, Бишкек шаарынын эксплуатациялык жана көзөмөлдөө кызматтарынан, алардын менчиктин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан долбоордук уюмдардан жана заказчы-курушчулардан Шааркурулуш кеңешинде кароого шааркурулуш ниеттери жөнүндө долбоордук материалдарды даярдоо процессинде зарылчылыгы табылган материалдарды (документтер, эсептер, чиймелер, сүрөттүү материалдар) суроого;
- Шааркурулуш кеңешинин кеңешмесинде долбоордук сунуштарды кароо жана талкуулоо процессинде катышуусу керек болгон инвесторлордон, заказчы-курушчулардан, долбоордук жана подряддык уюмдардан, Бишкек шаарынын эксплуатациялык кызматтарынан жана башка уюмдардан жана ишканалардан кызыккан өкүлдөрүн чакырууга;
- жогору турган органдардын тапшырмасы боюнча долбоордук сунуштар боюнча квалификациялуу эксперттик корутундуларды берүүгө;
- массалык маалымат каражаттарына жарыялоо үчүн Шааркурулуш кеңешинин жалпылоо, анализдөө жана корутундуларын даярдоого жана берүүгө;
- жогору турган инстанцияларга долбоордук документти бекитүүгө берүүгө;
- аракеттеги ченемдерди жана эрежелерди жетекчиликке алып, кээ бир шааркурулуш түйүндөрүнүн жана башка шааркурулуш документтеринин "кызыл сызыктарын" жана "курулуш сызыктарын" өзгөртүү боюнча маселени киргизүүгө.
3.2. Бишкек шаарынын мэри жогору турган органдарга Шааркурулуш кеңешинин чечимдерин сунуштоо жана коргоо укугуна ээ.
4. Шааркурулуш кеңешинин ишкердигин уюштуруу
4.1. Шааркурулуш кеңешин Бишкек шаарынын мэри жетектейт.
4.2. Бишкекбашкыархитектуранын начальниги - Бишкек шаарынын башкы архитектору Шааркурулуш кеңешинин төрагасынын орун басары болуп саналат.
4.3. Бишкекбашкыархитектуранын өкүлү - Шааркурулуш кеңешинин катчысы Шааркурулуш кеңешинин ишкердигин уюштурууну жана координациялоону жүзөгө ашырат.
4.4. Шааркурулуш кеңешинин кеңешмесин өткөрүү орду - Бишкекбашкыархитектуранын кеңешме залы.
Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси |
| Ю.Шкуропатов |