Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабрындагы № 109
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 «Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды берүү жол жобосун жөнөнкөйлөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Соодалоону (түз сатуу) өткөрүүсүз Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобо тиркемеге ылайык жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 «Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө» токтому токтомунун 4-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 «Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө» токтому менен бекитилген «Ачык соодаалоодо Бишкек шаарында жер участокторун менчикке сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө» жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-бөлүм төмөндөгүдөй мазмундагы 6.10-пункт менен толукталсын:
«6.10. Жер участокторуна укуктарды сатуудан алынган акча каражаттар толук көлөмдө шаардык бюджетке түшөт.»
- 7-бөлүм алынып ташталсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык Кеңештин төрагасы |
А.Э.Суракматов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 109 токтомуна 1-тиркеме |
Сатууларды (түз сатуу) өткөрүүсүз Бишкек шаарында жер участокторго менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жер, Жарандык кодекстерине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана жер участокторуна менчик укукту сатуу тартибин жана шарттарын белгилейт.
1.2. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сатууларды өткөрүүсүз (түз сатуу) убактылуу пайдалануудагы жер участокторуна менчик укугу берилет.
1.3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык менчикке бериле турган, мурда убактылуу пайдаланууга берилген жер участокторуна менчик укуктар сатуунун объектиси болуп эсептелет..
1.4. Сатыла турган жер участоктор үчүнчү жактын укуктарынан бош болушу керек жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырууда чектелүүлөрү болбошу керек.
2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар.
2.1. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
- Сатууларды (түз сатуу) өткөрүүсүз жер участокторуна менчик укуктарды сатуу - жер пайдалануучуга Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер участогун кайтарымсыз жана келишим түрдө ээликтен ажыратуу;
- жер участогуна укук - жер участогуна менчик укук же жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтүүсүз) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
- жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугу - жер участогун пайдалануу, анын ичинде ижара шартында, 50 жылга чейин чектелген мөөнөткө;
- жер участогуна менчик укукКыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка мыйзамдык актылар менен таанылган жана корголгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен белгиленген чектелүүсү менен жеке жана юридикалык жактардын өзүнө тиешелүү жер участогун өз ыктыяры менен ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
- рыноктук баа - баалардын датасына эң эле жакыныраак, бекитилген методикага ылайык алыш-бериш жолу менен кабыл алынган имараттардын жана курулмалардын менчик ээсине жер участогуна менчик укукту сатуу мүмкүн боло турган сумма;
- өкүлдүк орган - Бишкек шаарынын мэриясынын жер маселелери боюнча түзүмдүк подразделениеси;
- жерлердин максаттуу багыты - укук ырастаган документтерде көрсөтүлгөн жер участокторуна уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүнүн тизмеги;
- Мөөнөтүн узартуу же созуу - өкүлдүк орган тарабынан каралган негиздер болгондо сатып алуучу тарабынан бир убакытта же бир нече этап боюнча акы төлөө же башка милдеттендирилген жак менен сатып алуу наркы жана/же карыздын суммасынын акы төлөө боюнча мөөнөтүн өзгөртүү дегенди билдирет.
- шааркурулуш документтери - аймактык жана райондук пландоонун бекитилген долбоорлору, башкы план, ар кандай функционалдык багыттагы зоналардын деталдуу пландаштыруу долбоорлору, кварталдарды жана калк жайгашкан пункттардын башка пландаштырылган элементтерин куруунун долбоорлору.
- баалоочунун көз карандысыздыгы - эгер баалоочу уюштуруучу, ээ, акционер же юридикалык жактын кызмат адамы, же объекти баалоодо мүлктүк кызыкчылыгы бар заказчы же жеке жак болсо, же көрсөтүлгөн адамдар менен туугандык мамиледе турса, анда ал баалоочу тарабынан баалоо жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. Эгер объекти баалоодо баалоочу буюм же милдеттендирилген укукка келишимден тышкары ээ болсо, анда баалоо жүргүзүүгө жол берилбейт. Заказчы, же башка кызыкчылыгы бар адамдардын баалоочунун иш-аракетине кийлигишүүсүнө жол берилбейт, эгер бул баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгынын ырастыгына терс таасирин тийгизсе, анын ичинде, баалоону жүргүзүүдө билүүгө же аныктоого жаткан маселелердин айланасында чектөөлөр Комиссиянын чечими менен аныкталат.
- жер участогуна уруксат берилип пайдалануу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ченемдик укуктук актыларына жана максаттуу багытын эске алуу менен, белгиленген тартипте бекитилген, жерге жайгаштыруу жана шаар курулуш документтерине ылайык жер участогун пайдалануу;
- баа - сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы бүтүм түзүүнүн натыйжасында жер менчигинин объектиси сатылып алынган (сатуу) нак акча суммасы.
- маалымат пакети- сатууга жаткан жер жөнүндө маалымат.
3. Сатууларды (түз сатуу) өткөрүүсүз жер участокторун сатуу үчүн негиздемелер.
3.1. Эгер жер участок мурда жер ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилсе, жер пайдалануучу тараптан жер жана шаар курулуш мыйзамдарын бузбаган учурда жер пайдалануучунун каалоосу менен, ошондой эле өкүлдүк органдын демилгеси боюнча жер участок арыз берүүчүгө жеке менчикке сатылышы мүмкүн.
3.2. Комиссиянын чечими боюнча арыз берүүчүгө жер участогун менчикке сатуудан баш тартылышы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жер участокту алып коюу жол жобосу ишке ашуусу мүмкүн:
4. Түз сатуулардын уюштуруучулары, катышуучулары жана объекттери.
4.1. Жер пайдалануучуларга жер участокторуна менчик укуктарды сатуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
4.2. Жер участокторуна укуктарды менчик сатууну уюштуруучу болуп Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) саналат. Комиссия өзүнө берилген компетенциясынын чектеринде менчик укуктары сатылууга жаткан жер участокторунун тизмегин аныктайт.
4.3. Сатууларды өткөрүүсүз менчик укуктарды сатуунун катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары саналат.
4.4. Сатууларды өткөрүүсүз менчик укуктарды сатуунун объекттери болуп жер участокторуна менчик укуктар эсептелет.
4.5. Менчиктикке сатууларды өткөрүүсүз менчик укуктарды сатуу үчүн сунуш кылынган жер участокторун тандоо шааркурулуш документтерине ылайык жүргүзүлөт.
5. Арыздарды карап чыгуу тартиби жана даярдоо иштери.
5.1. Жер участогуна менчик укукту сатып алуу жөнүндө арыз Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берилет. Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
- инсандыгын ырастаган документ (жеке жак үчүн);
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1 статьясына (9-пункт), 5-статьясына ылайык, чет мамлекеттик эмес ишкананын статусун ырастаган юридикалык жактын документтери;
5.2. Жер участогун сатып алуу жөнүндө арыз 3 жумуш күндүн ичинде Бишкек шаарынын Архитектура жана шааркурулуш башкы башкармалыгына жана Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыкка жер участогун түзүү үчүн жөнөтүлөт.
5.3. Кыймылсыз объект катары түзүлгөн жер участоктору сатууга коюлат.
5.4. Кыймылсыз объект катары түзүлгөн жер участогу үчүн:
5.4.1. Бишкек шаарынын архитектура жана шааркурулуш башкы башкармалыгы төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- шааркурулуш документтери, курулуш ченемдери жана эрежелери, жергиликтүү ченемдик актылар менен бекитилгенди эске алуу менен участоктун чектерин аныктайт;
- каралуучу участоктун ченемдерди сактоо шарттары боюнча санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтардын корутундуларын сурап билет;
- инженердик - техникалык камсыз кылуу тармактарын күтүү жана өнүктүрүү үчүн жооптуу кызматтардан кошулуунун алдын ала техникалык шарттары жөнүндө сурап билет;
- жер участокторунун, имараттардын жана курулмалардын уруксат берилген көрүнүштөрүн жана параметрлерин аныктайт жана берет;
- жер участогун баалоого жана башка даярдоо иштерине техникалык маалыматтарды берет;
- кабыл алынган жыйынтыктардын негизинде жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кыскача техникалык жыйынтык түзөт;
- азыркы турган сервитуттарды жана чектерди аныктайт;
Жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча 7 жумуш күндүн ичинде жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн же мүмкүн эместигин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен тийиштүү корутунду даярдайт жана ММБга жер участоктор боюнча даярдалган материалдарды жер участогун сатып алуу боюнча комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн расмий түрдө өткөрүп берет.
5.4.2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалык төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- Жер участоктун менчик ээси тарабынан сунуш кылынган, каралып жаткан жер участокторунун укуктук статусун, үчүнчү жактын бар экендигин, материалдардын жана документтердин анык экендигин текшерет;
- имараттардын жана курулмалардын жана башка курулуштардын бар экендигин ырастайт жана бул объекттерге укук аныктаган жана укук ырастаган документтерди текшерет;
- жер участоктун накталай чектеринин жана аянтынын юридикалык документке туура келээрин текшерет;
- керек болгон учурда, кошуналар менен жер участокторунун чектери боюнча сунуштарын макулдаштырат.
- сервитуттардын жана башка тоскоолдуктардын бар экендигин текшерет.
Жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча 7 жумуш күндүн ичинде жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн же мүмкүн эмес экендигин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен тийиштүү корутунду даярдайт жана ММБсына жер участоктору боюнча даярдалган материалдарды жер участогун сатып алуу боюнча комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн расмий түрдө өткөрүп берет.
5.5. ММБы Бишкек шаарынын Архитектура жана шааркурулуш башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу органынан жана Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынан тийиштүү жыйынтыктарды жана материалдарды алгандан кийин, аларды жалпылайт жана баалоого материалдарды жөнөтөт.
5.6. Көз карандысыз баалоочулар жер участоктору боюнча берилген материалдардын негизинде жер участокторуна баалоо жүргүзөт жана 7 жумуш күндүн ичинде эксперттик корутундуну ММБга өткөрүп берет.
5.7. ММБы жер участогун баалоо боюнча жер участогуна материалдар менен бирге эксперттик корутундуну алгандан кийин жер участокторун сатып алуу боюнча шаардык комиссиянын кароосуна чыгарылат. Жер участоктун наркы Комиссия тарабынан аныкталат.
5.8. Комиссия тарабынан ар бир сатуу объект боюнча маалымат пакети түзүлөт. Маалымат пакети төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Сатуу объекттин каттоо номуру;
- жайгашкан жери (дареги), жер участогунун кадастрдык номуру (бар болсо);
- жер участогун уруксат берилген пайдалануу;
- анын чектерин түшүрүү менен, сервитутардын иштөө чектери менен жер участоктун ырасталган планы;
- инженердик коммуникациялардын ар түрдүү түрлөрүнө кошулуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жыйынтыкталган корутунду;
- жер участоктун пайдалануу шарттарын камтыган, сатып алуу «сатуу келишиминин долбоору, жер участоктун баасы көрсөтүлүү менен төрага жана катчы тарабынан кол коюлган Комиссиянын протоколу;
- жер участоктун экологиялык абалы жөнүндө маалымат жана сатып алуу предмети жөнүндө башка маалыматтар.
5.9. Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө Комиссия өзүнө бөлүнгөн өкүлдүк укуктардын чектеринде жер участокторунун баалануучу баасын өзгөртүү укугуна ээ. Жер участоктун баштапкы баасы Комиссия тарабынан 30% дан ашпаган өлчөмдө көз карандысыз баалоочулар берген баалоо наркынан азайтылышы же кошулушу мүмкүн. Арыз берүүчүнүн кайрылуусу боюнча комиссиянын чечими менен сатып алуу сумманы төлөөдө 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылуусу мүмкүн, мында жер участогун пайдалануу укугу үчүн ижара акы төлөөлөр жер участок үчүн наркын толук төлөгөнгө чейин эсептелет.
5.10. Жер участокту сатуу жөнүндө Комиссиянын чечими протокол түрүндө жол - жоболоштурулат, ал Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет. Комиссиянын чечими акыркы чечим болуп саналат.
5.11. Бишкек шаарынын мэриясынын жер участокту бөлүп берүү жана жер участоктун толук наркын төлөө жөнүндө тийиштүү токтому чыккан моментке чейин Комиссия жер участогун сатуу жөнүндө кабыл алган чечимин жокко чыгаруу укугуна ээ. Төлөм белгиленген мөөнөткө, шарттарга жана сатып алуу-сатуу келишимине ылайык жүргүзүлөт. Жер участоктун наркын келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда туум түрүндө айып санкцияларды төлөө колдонулат. Туумдун өлчөмү сатып алуу-сатуу келишими менен аныкталат. Жер участок үчүн келишим менен белгиленген мөөнөттө төлөө бузулганда жер участокту сатуу жөнүндө Комиссиянын чечими жокко чыгарылганда мурда киргизилген каражаттар кайтарылбайт.
5.12. Тараптардын жетишилген макулдашуулары Бишкек шаарынын ыйгарым укук берилген вицемэри тарабынан жана арыз ээси менен кол коюлган жер участокко менчик укуктарды сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын токтому жана сатып алуу-сатуу келишими менен жол-жоболоштурулушу керек.
5.13. Жер участоктун сатып алуу-сатуу келишими нотариалдык ырастоону талап кылбайт.
5.14. Жер участокко менчик укуктарды сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын токтомдорунун негизинде, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалык менчик укуктарды мамлекеттик каттоо жүргүзөт жана жер участокко укук ырастаган документ берет, анда сатып алуу «сатуу келишими, түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол тиркелет.
5.15. Жер участокко менчик укук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыкта мамлекеттик каттоодон жана жер участок үчүн наркты толук төлөгөн учурдан кийин берилет.
5.16. Жер участокту пайдалануу укугу үчүн ижара акыларга кошумча сумма төлөө жер участокко менчик укук үчүн сатып алуу суммасын толук төлөгөн күндөн тартып токтотулат, ал банк документтери менен бекитилет.
6. Комиссиянын отурумунун жыйынтыктары боюнча документтерди жол-жоболоштуруу жана жер участокту сатуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби.
6.1. Комиссиянын отурумунун жыйынтыктары боюнча ММБы он күндүк мөөнөттө Комиссиянын отурумунун Протоколун сатып алуу-сатуу келишимин жана жер участоктору боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун долбоорлору менен бирге даярдайт, аларда Комиссия тарабынан түз сатуу жөнүндө чечимдер кабыл алынат. Келишимдердин долбоорлору жана Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун долбоорлору менен чогуу Комиссиянын протоколу комиссиянын төрагасына кол коюу жана бекитүү үчүн жөнөтүлөт.
6.2. Комиссиянын отурумунун протоколу бекитилгенден жана келишимге кол коюлгандан кийин, ММБы он күндүн ичинде жер участогун сатып алуу жөнүндө токтомдун долбоорун даярдайт, ага милдеттүү тартипте жер участоктун сатып алуу-сатуу келишими, Комиссиянын катчысы кол койгон комиссиянын чечиминин протоколунан көчүрмө, укук аныктаган жана укук ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, жер участоктун чиймеси, Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруучулук башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу органынын жана Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын корутундулары тиркелет.
6.3. Комиссиянын протоколу бекитилгенден кийин ММБы заказчыга жер участок үчүн төлөм киргизүү үчүн протоколдун көчүрмөсүн берет.
6.4. Жер участокту сатып алуу жөнүндө токтомуна кол коюлгандан кийин, заказчыга токтомдун бир экземпляры Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыкта кийин менчик укуктарды каттоо үчүн берилет.
6.5. Жер участок үчүн төлөм арыз ээси тарабынан акчасыз эсептешүү формасында сатып алуу-сатуу келишимин түзгөндөн кийин 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт, ал эми комиссиянын чечими менен мөөнөтүн узартып төлөө берилсе - узартылган мөөнөтүнүн убагы аяктаганга чейин. Жер участокторуна укуктарды сатуудан түшкөн акча каражаттар толук көлөмдө шаардык бюджетке түшөт.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов |
|
|