Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-октябры №8
«Шаардын аймагындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага берүү укугунун эрежесин бекитип берүү» боюнча мэриянын 15.10.2009-жылдагы №01-11/650 кайрылуу каты жөнүндө»
«Шаардын аймагындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага берүү укугунун эрежесин бекитип берүү» боюнча мэриянын 15.10.2009-жылдагы № 01-11/650 кайрылуусу тууралуу щаардык Кеӊештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М. Кулдышевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин XXV- чакырылышынын кезексиз 8 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шаардын аймагындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага берүү укугунун эрежесин бекитип берүү» боюнча мэриянын 15.10.2009-жылдагы № 01-11/650 кайрылуусу тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М. Кулдышевдин маалыматы эске алынсын.
2. «Шаардын аймагындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага берүү укугунун эрежеси бекитилсин.
3. Бул токтомду нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык Кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин алдындагы "Мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссиясына (М. Кулдышев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы |
Чаргынов А. Т. |
| Тиркеме Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин кезексиз 2009-жылдын 22-октябрында №8 токтому менен бекитилген |
Таш-Көмүр шаарына караштуу муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага берүү укугунун эрежелери (соңунда-Эреже) Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлккө карата чектелген укук берүү Жобосунун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Жер кодексине ылайык иштелип чыккан жана Таш-Көмүр шаарына караштуу муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага берүүнүн тартибин карайт.
Таш-Көмүр шаарына караштуу муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага бсрүү укугу ачык түрдө сынак өткөрүү менен жүргүзүлөт, анда каалаган жеке жана юридикалык жактар катыша алат.
Сынактын негизинде Таш-Көмүр шаарына караштуу муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы гөлөө менен ижарага алуу укугун келишим түрүндө бекитүү эсептелет.
Сынакты егкөрүү жана даярдоо (акы төлөө менен ижарага берүү кыймылсыз мүлктүн тизмеси көрсөтүлөт) Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчик боюнча Комиссиясы тарабынан ишке ашырылат (соцунда-Комиссия).
Техникалык жактан болгон даярдыкты жана өткөрүүнү Комиссия муниципалдык менчик болүмүнө лее атайын адистештирилген жеке же юридикалык жактарга ташпырууга укуктуу.
Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигиндеги акы төлөө менен ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлктүн тизмеси Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлккө карата чектелген укук берүү Жобосунун негизинде бекитилген тартип менен калыптандырылат жана бекитилет.
Сынакты өткөрүү боюнча кабарлар Комиссия тарабынан маалыматты массалык-маалымат каражаттарына жарыя берип, шаардын жалпы жеткиликтүү жерлерине илиниши керек (жарыя сынакты өткөрүүдөн 30 күн мурун жарыяланат). Кабар төмөнкүлөрдү камтыш керек:
- сынакты өткөрүү күнү жана тартиби, убактысы, орду;
- өтүнмөлөрдү кабыл алуунун мөөнөтү, орду, убактысы жана сунуш баалары (конвертте чапталуу болуш керек);
- акы төлөө менен ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлктүн аты жана баяндамасы (ижарага берилүүчү аянт, жайгашкан орду, тиби);
- ар бир кыймылсыз мүлк боюнча ижарага берүү укугунун такталышы, шарттары же чектөөлөрү, эгерде андай шарттары болсо;
- объекти колдонууга уруксат берилишинин тизмеси;
- ижаранын мөөнөтү жана баштапкы бир айлык ижара акысынын өлчөмү;
- сынакка катышкандарды кыймылсыз мүлктү кароодон өткөрүүнүн жана тартибинин, ордунун, мөөнөттөрүнүн жана келишим долбоор менен таанышуу;
- сумма жана күрөө акчасынын мөөнөтү, ошондой эле ал көтөрүлө турган эсептик счет;
- кол коюунун мөөнөтү жана ижара акысын төлөө менен ижара келишиминин башталышы;
- байланыш телефонунун номери;
Жарыяланган маалыматтын тактыгына жана КРнын мыйзамына жана мазмунун эре^кеге туура келишине Комиссия толугу менен жоопкерчилигине алат.
Комиссия укуктуу:
- баштапкы ижара акысынын өлчөмүнөн ашпаган күрөө пулдун өлчөмүн аныктайт;
- себебин түшүндүрбөй туруп деле конкурстан баш тартууга, анын өткөрүлүшүн кийинки убакка жылдырууга жана кулактандыруу берилген күндөн баштап 30 күнгө чейин сынактан каалаган обьектини алып салууга.
Сынакты өткөрүүдөн баш тарткан учурда сынакты уюштуруучулар ага катышкандардын бардыгына, реалдуу кеткен чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Комиссия милдеттүү:
- маалыматты массалык-маалымат каражаттарына жарыя берип, шаардын жалпы жеткиликтүү жерлерине илинишине (жарыя сынакты өткөрүүдөн 30 күн мурун жарыяланат);
- отүнмөлөрдү каттоо журналына сынакка катышуучуларды каттоого жана кабыл алууга;
- сынакты Эреженин, Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлккө карата чектелген укук берүү Жобосунун, КРнын мыйзамынын негизинде өткөрүүтө;
- сынакка катышууну каалаган жактарга ижара акысын төлөө менен ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлктүн обьектисин көрсөгүүнү камсыз кылууга;
- 10 күн аралыгында сынактын жыйынтыгынын негизинде же башка сынакты өткөрүүнү кабарлаган мөөнөттөн, сынакты жецген жак менен ижара акысын төлөө боюнча кслишимди түзүүгө.
- сынакка езү келет же өкүлү аркылуу катышат;
- ушул Эреже менен таанышат;
- ижара акысын төлөө менен ижарага алууга көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн обьектисин белгиленген тартипте кароого;
- ал боюнча керектүү маалымат жана кеңеш алат, ошондой эле зарыл болгон учурда озүнүн эсебинен тийиштүү адистерди тарта алат;
- сынактын өткөрүлүштөрүнө 3 күн калганда (арыз жазуу менен) сынакка катышуудан баш тартууга жана өтүнмөсүн кайтарып алууга;
Сынакка катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар кабарлоодо көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечикпей күрөө пул киргизүүгө, сынакта жеңген учурда 10 күн аралыгында сынактын жыйынтыгынын негизинде келишим түзүүгө.
Сынакты утуп чыккан адамды кошпогондо сынактын катышуучулары жөнүндө маалымат жарыялоого жатпайт.
Баштапкы айдагы ижара акысы Комиссия тарабынан Муниципалдык менчик бөлүмүнүн сунушунун негизинде бекитилет.
Муниципалдык менчик бөлүмү Таш-Көмүр шаарына караштуу Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү акы төлөө менен ижарага берүү укугуна карата өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды топтойт. Маалыматтарда төмөнкүлөр камтылат:
- акы төлөө менен ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлктүн аты жана баяндамасы (ижарага берилүүчү аянты, жайгашкан орду, тиби);
- сынакты откөрүүнүн мөөнөтү;
- баштапкы жана акыркы айдагы ижара акысы;
- ижара акысын төлөө менен ижара келишиминин мөөнөтү;
- кыймылсыз мүлктүн баштапкы баасын аныктоого катышкан көз-карандысыз
- баалоочунун аты-жөнү;
Экономикалык-баалык аймактар адистер тарабынан аныкталат жана шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан бекитилет.
КРнын Өкмөгүнүн «Калк жайгапжан пунктардагы жерлерди жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жылдык салык жана колдонуу укугу үчүн бир жолу төлөнүүчү эсептөөлөрдүн тартиби жана чендери тууралуу» токтомунун негизинде 1м2 карата эсептөөнүн пегизи катарында 14,06 сом кабыл алынган.
Инфляциянын проценти 1997-жылдан баштап АКШнын 1 долларынын өсүү баасына карата кабыл алынган жана ал 3,4 эсе өскөн б.а. 1997-жылы 1 доллар 12,5 сомго туура келген, ал эми 2009-жылдын 1-жарым жылдыгында 43 сомго, ошентип 43 сом : 12,5 сом = 3,44 = 3,4 эсе.
Инфляциянын базалык баасы боюнча жердин 1м2 үчүн 14,06 х 3,4 - 47,81 сом/м2
Таш Көмүрдүп базарларында отуруп соода кылган адамдардын арасында 1м2 жерди ижарага берүү үчүн базалык баасын аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Базарлар боюнча соода түйүнүн (киоск жана ларек ж.б.) колдонуу үчүн ар бир күнү орточо зсеп менен төмөндөгүнү түзөт:
№ | Базарлардын аталышы | 1 күндүк ижара акысы 1 м2 үчүн (салыштыруу үчүн) |
1 | Дүйшөн базары (Таш-Көмүр шаары) | 5,50 сом |
2 | Борбордук базар (Таш-Көмүр шаары) | 5 сом |
3 | «Мамаш-Ата» базары (Шамалды-Сай ш/сы ) | 5 сом |
4 | «Шумкар-Ата» базары (Шамалды-Сай ш/сы ) | 5 сом |
| Бардыгы | 20,50 сом |
Ижара баасынын орточо базар баасы: Ор=20,50 сом : 4 = 4,10=4 сом
Шаардын аймагындагы ижаранын 1м2 баасын аныктоо үчүн шаардын аймагынын камсыз болушунун жана жеткиликтүүлүгүнжыйынтык проценти колдонулган (№ 1 таблица, 1м2 үчүн базалык ижара акысы сом/м2 барабар болгон) жана ижара которуунун коэффиценти аныкталган Кпр=4 : 47,81 = 0,09 которуу которуу коэффицентин 9 орточо базар акысы. Ижарадагы жердин 1м2 орточо жыйынтык процентке көбөйтүү менен аныкталат (аймактардагы рента пайда кылуучу факторлор боюнча).
№ | Жыйын тыктоочу процент |
| Ижаранын которуу каэффиценти | Ижарадагы жердин 1м2 базалык баасына карата баасы. Бир ай үчүн м2 баасынын чени | ||||
I. | Таш-Көмүр шаары боюнча | |||||||
1 | 100 | «Куруучулар» кичирайонунан борбордук базарга чейин | 0,09 | 9,0 | ||||
2 | 80 | Борбордук базардан М. Баетов көчөсүнө чейинки аймак | 0,09 | 7,20 | ||||
3 | 50 | М. Баетов, А. Масалиев көчолорү, «Түндүк» жана Кызыл-Алма кичирайондорунун аймагы | 0,09 |
| ||||
4 |
| Убактылуу соода жүргүзүү максатында контейнерлерди орнотүу, курулмаларды куруу |
| Эки тараптын макулдашуусу менен, келишим түзүлөт | ||||
II. | Шамалды-Сай шаарчасы боюнча |
| ||||||
1 | 100 | Кыргызстан, Ленин жана Темиржол көчөлөрүнүн аймагы | 0,09 | 9,0. " | ||||
2 | 80 | Гагарин, Нарын, Панфилов, Токтогул, Атакулов, Тыныбеков, Түштүк, Спортивный жана Интернационал көчөлөрүнүн аймагы | 0,09 | 7,20 | ||||
3 | 50 | Дача, Аксы, Солнечная, И санов кочөлөрүнүн аймагы жана калган четки аймактар | 0,09 | 4,50 | ||||
4 |
| Убактылуу соода жүргүзүү максатында контейнерлерди орнотуу, курулмаларды куруу |
| Эки тараптын макулдашуусу менен, келишим түзүлөт | ||||
III. | Кызыл-Жар шаарчасы боюнча |
| ||||||
1 | 50 | Кызыл-Жар шаарчасына караган бардык аймактар | 0,09 | 4,5 | ||||
2 |
| Убактылуу соода жүргүзүү максатында контейнерлерди орнотуу, курулмаларды куруу |
| Эки тараптын макулдашуусу менен, келишим түзүлөт | ||||
Таш-Көмүр шаарына караштуу муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча муниципалдык менчик бөлүмү кыймылсыз мүлктүн обьектилерин берүүдөн түшкен баштапкы жана акыркы ижара акыларын салыштырат жана анализ жүргүзөт. Бардык иш кагаздары муниципалдык менчик бөлүмүндө белгилүү тартипте сакталат.
Таш-Көмүр шаарында жана шаар аймагындагы жер участкаларын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында пайдалануунун ижара акылары жер салыгынын өлчөмүнө теңештирилип, төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлсүн:
№ | Жер участкасынын аянты (м2) | Ижарадагы жердин 1м2 базалык баасына карата баасы. Бир жыл үчүн м2 жердин ижара акысынын чени |
1 | 1 м2 | 0,50 сом |
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы |
Чаргынов А. Т. |