Загрузка документа…
2011-жылдын 20-декабрындагы N 289 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-февралы N 152
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы N 36 "Жеңилдетилгенобъекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомунун 2-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы N 36 токтомунун 2-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин орун басары" деген сөздөр "Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин жетектеген орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча жыйымдар жана салыктар боюнча башкармалыгы" деген сөздөр "Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана вице-мэр А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Суракматов |