Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-декабры N 289
Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча жоболорду комиссиялардын бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө" жобо (1-тиркеме);
- "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө" жобо (2-тиркеме);
- (абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Бишкек шаарынын мэриясы өздүк чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 111 "Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы N 152 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы N 36 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомунун 2-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| М.Аманкулов |
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы N 289 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомун эске алуу менен иштелип чыкты.
I. Жалпы жоболор жана комиссияны түзүү тартиби
1. Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) өз иш-аракетин Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле жерлерди пайдалануу шарттарын аныктоо жана/же өзгөртүү менен байланышкан маселелерди чечүү максатында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коллегиялдуу органы болуп саналат.
2. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу орган комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыздоону жүзөгө ашырат. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын начальнигинин жер маселелери боюнча орун басары комиссиянын катчысы болуп эсептелет.
II. Комиссиянын ыйгарым укуктары
4. Комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) жер участокторуна менчик жана/же ижара укуктарды сатуу мүмкүндүгү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
б) тооруктарга коюлуучу жер участокторуна укуктардын түрүн (менчик, ижара), аны берүү ыкмаларын (аукцион, конкурс же түз сатуу), аукциондук кадамды (эгер аукцион өткөрүлгөн учурда), конкурстун шарттарын жана аларды өткөрүү үчүн башка зарыл мүнөздөмөлөрдү аныктайт;
в) тооруктарга жана түз сатууларга коюлуучу жер участокторунун наркынын көлөмдөрүн аныктайт;
г) тооруктардын жыйынтыктарын белгиленген тартипте бекитет.
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүп жаткан субъекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;
б) өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
в) эгер комиссиянын кароосуна материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен даярдаса, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин дисциплинардык жоопко тартуу жөнүндө өтүнүүгө;
г) Бишкек шаардык кеңештин жана/же Бишкек шаарынын мэриясынын алдында комиссиянын мүчөсү үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, аны алмаштыруу жөнүндө өтүнүүгө;
д) жеке турак үйлөрдү куруу үчүн укуктарды акысыз берүү менен байланышкан маселелерди чечүүдөн тышкары, Бишкек шаары боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө маселелерди кароого жана чечимдерди кабыл алууга.
III. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
6. Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурум формасында жүзөгө ашырат. Отурумдардын жыйынтыктары протоколдор менен жол-жоболоштурулат, аларга комиссиянын жыйыны өтүү күнүндө комиссиянын катчысы, төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Комиссиянын отурумдары комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрдө, бирок бир айда 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
8. Комиссиянын төрагасы комиссиянын отурумун өткөрөт, эгер ал жок болсо, комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири өткөрөт.
9. Эгер отурумда комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышып жатса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
10. Комиссиянын чечимдери катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добуштары менен ачык добуш берүү сыяктуу жөнөкөй жол аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылып жаткандын добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын архивинде комиссиянын отурумунун протоколдору жана комиссиянын иш-аракети менен байланышкан башка материалдар мыйзам тарабынан белгиленген тартипте сакталат.
IV. Отурумдарды өткөрүү тартиби
12. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына кирген депутаттарды жыйын өткөнгө чейин 10 календардык күнгө чейин кабарлайт жана боло турган жыйындын материалдары менен камсыздайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Отурум башталганда төрагалык кылуучу талкуулануучу маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден келип түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна карата иш тартибин аныктайт.
14. Комиссиянын отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу орган он күндүк мөөнөттүн ичинде жер участогуна менчик укугун сатуу-сатып алуу же ижаралоо жөнүндө келишим түзөт.
15. Бишкек шаарынын мэриясы комиссияга отурумдарды өткөрүү, архивди жайгаштыруу жана башка иш-аракет үчүн зарыл жайларды берет.
V. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу
16. Эгер комиссиянын мүчөсү түз каржылык кызыкчылыкка же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катышууга укугу жок.
17. (Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы N 289 токтомуна 2-тиркеме |
Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомун эске алуу менен иштелип чыкты.
I. Жалпы жоболор жана комиссияны түзүү тартиби
1. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) өз ишмердүүлүгүн жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле жерлерди пайдалануу шарттарын аныктоо жана/же өзгөртүү менен байланышкан маселелерди чечүү максатында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коллегиялдуу органы болуп саналат.
2. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу орган комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыздоону жүзөгө ашырат. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын начальнигинин жер маселелери боюнча орун басары комиссиянын катчысы болуп саналат.
II. Комиссиянын ыйгарым укуктары
4. Комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарды берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
б) пайдалануу укуктарын берүү ыкмаларын (аукцион, конкурс же түз сатуу), аукциондук кадамды (эгер аукцион өткөрүлгөн учурда), конкурстун шарттарын жана аларды өткөрүү үчүн башка зарыл мүнөздөмөлөрдү аныктайт;
в) тооруктарга жана түз сатууларга коюлуучу жер участокторунун пайдалануу укугунун наркынын көлөмүн аныктайт;
г) тооруктардын жыйынтыктарын белгиленген тартипте бекитет.
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн, өтүнүп жаткан субъекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;
б) өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
в) эгер комиссиянын кароосуна материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен даярдаса, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин дисциплинардык жоопко тартуу жөнүндө өтүнүүгө;
г) Бишкек шаардык кеңештин жана/же Бишкек шаарынын мэриясынын алдында комиссиянын мүчөсү үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, аны алмаштыруу жөнүндө өтүнүүгө;
д) жеңилдетилген типтеги объекттер менен байланышкан Бишкек шаары боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө чечимдерди кароого жана кабыл алууга.
III. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
6. Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурум формасында жүзөгө ашырат. Отурумдардын жыйынтыктары протоколдор менен жол-жоболоштурулат, комиссиянын жыйыны өтүү күнүндө аларга комиссиянын катчысы, төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Комиссиянын отурумдары комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрдө, бирок бир айда 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
8. Комиссиянын төрагасы комиссиянын отурумун өткөрөт, эгер ал жок болсо, комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири өткөрөт.
9. Эгер отурумда комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышып жатса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
10. Комиссиянын чечимдери катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добуштары менен ачык добуш берүү сыяктуу жөнөкөй жол аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылып жаткандын добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын архивинде комиссиянын отурумунун протоколдору жана комиссиянын иш-аракети менен байланышкан башка материалдар мыйзам тарабынан белгиленген тартипте сакталат.
IV. Отурумдарды өткөрүү тартиби
12. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына кирген депутаттарды жыйын өткөнгө чейин 10 календардык күнгө чейин кабарлайт жана боло турган жыйындын материалдары менен камсыздайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Отурум башталганда төрагалык кылуучу талкуулануучу маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден келип түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна карата иш тартибин аныктайт.
14. Комиссиянын отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу орган он күндүк мөөнөттүн ичинде жер участогуна ижара келишими түзөт.
15. Бишкек шаарынын мэриясы комиссияга отурумдарды өткөрүү, архивди жайгаштыруу жана башка иш-аракет үчүн зарыл жайларды берет.
V. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу
16. Эгер комиссиянын мүчөсү түз каржылык кызыкчылыкка же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
17. (Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |