БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-февралы № 156
Даир Асановдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Б.Т.Калыевдин, Согуш ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин, Согуш ардагерлеринин Биринчимай, Октябрь, Свердлов райондук кеңештеринин өтүнүчтөрүнүн негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын Д.Асановдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча материалдарын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
2. Бишкек шаарынын түштүк дарбазасындагы А.Токомбаев, Ы.Рысмендеев көчөлөрү жана Ала Арча суусу менен чектелген сейил бак (Жеңиштин Бүткүл союздук комсомол сейил багы) Даир Асанов атындагы Жеңиш сейил багы деп кайра аталсын.
2. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар өтүнгөн тараптардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы В.А.Дашковго жана Бишкек шаарынын вице мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов
|