Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-февралы № 157
Абсамат Масалиевдин атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2004-жылдын 3-сентябрындагы А.Масалиевдин атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин А.Масалиевдин атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүчүнүн негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү жаңы проспектине А.Масалиевдин атын ыйгаруу маселеси боюнча материалдарын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Байтик Баатыр көчөсүнөн Бах көчөсүнө (Түштүк магистраль) көчөсүнө чейин Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү жаңы проспектине Абсамат Масалиевдин аты ыйгарылсын.
2. Жайыл Баатыр көчөсү Бах жана Арча Бешик көчөлөрү менен чектелген болуп эсептелсин.
3. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар өтүнгөн тараптардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы В.А.Дашковго жана Бишкек шаарынын вице мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов
|