Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-февралы № 155
«Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин жерлеринде көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди долбоорлоо менен куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттин келишимин түзүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Жобону» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы N 562 токтому менен бекитилген "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасындагы турак-жай курулушунун улуттук программасын", Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 18-июлундагы N 83 токтому менен бекитилген 2010-жылга чейин Бишкек шаарында турак-жай курулушунун программасын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин жерлеринде көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди долбоорлоо менен куруу боюнча биргелешкен иштин макулдашуусун же келишимин түзүүнүн тартиби менен шарттары жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин жерлеринде көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди долбоорлоо менен куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттин келишимин түзүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу" жобонун жүзөгө ашырылышын камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыктары боюнча бул жобонун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешке берсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы № 155 токтомуна тиркеме
|
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин жерлеринде көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди долбоорлоо менен куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттин келишимин түзүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер, Жарандык кодекстерине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди (мындан ары - объекттер) долбоорлоо менен куруу жаатындагы милдеттерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы биргелешкен иш аракеттин укуктук негизин аныктайт.
1.2. Биргелешкен иш аракет бул - көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди (мындан ары - объекттер) долбоорлоо менен куруу жаатындагы милдеттерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы өз ара пайдалуу орточо жана узак мөөнөттүү кызматташуу.
1.3. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы (мындан ары Башкармалык) биргелешкен иш-аракетти жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атынан өкүлдөнгөн орган болуп саналат.
2. Биргелешкен иш-аракетти жүргүзүү принциптери
2.1. Биргелешкен иш-аракет төмөнкү принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук;
- өз ара пайдалуу кызматташуу;
- инвестициялык долбоор тарабынан башкаруунун натыйжалуулугу жана айкындыгы;
- катышуунун ыктыярдуулугу;
- ак ниеттүүлүк;
- милдеттердин аткарылышын камсыздоонун реалдуулугу;
- укуктарды жана милдеттерди белгилөөдө бирдей болуусу;
- биргелешкен иш аракетте катышууга теңдеш мүмкүндүк.
2.2. Өкүлдөнгөн орган менен биргелешкен иш-аракетти жүргүзүүдө укук Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле сынактык талдоону тикеме тике өткөрүү, же түз сүйлөшүү жолу менен чет элдик жактарга берилет:
- жайгашкан орду, почта дареги, аны өткөрүү боюнча сынактык комиссиянын телефон номурлары жана ал жөнүндө башка маалымат;
- сынакка катышууга табыштамаларды берүү тартиби, орду жана мөөнөтү (бул мөөнөттүн күнү жана убагынын башталышы жана аягы);
- сынакта катышууга табыштамалары менен конверттерди ачуу орду, күнү жана убагы;
- биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишимди кол коюу мөөнөтү.
3. Сынактык комиссия жана сынакты өткөрүү үчүн материалдарды даярдоонун тартиби
3.1. Биргелешкен иш-аракетти жүргүзүү укугуна сынак өткөрүү үчүн сынактык комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия).
3.2. Сынактык комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
3.3. Сынактын жыйынтыктарына жекече кызыккан жактар (анын ичинде сынакта катышууга табыштама берген, же көрсөтүлгөн табыштамаларды берген жактар менен эмгектик мамиледе турган жеке жактар), же сынактын катышуучуларына таасир көрсөтө алуучу жеке жактар (анын ичинде юридикалык жактардын, алардын башкаруу органдарынын мүчөлөрү, сынактын катышуучуларынын кредиторлору болгон катышуучулар (акционерлер) болгон жеке жактар сынактык мүчөлөрү боло алышпайт.
3.4. Сынактык комиссиянын курамында 7 адамдан аз эмес, анын ичинде Бишкек шаардык кеңештин 4 депутатынан аз эмес адам болуусу керек.
3.5. Сынактык комиссиянын курамына сынактык комиссиянын төрагасы, сынактык комиссиянын төрагасынын орун басары, сынактык комиссиянын катчысы жана комиссиянын мүчөлөрү кирет.
3.6. Башкармалыктын начальниги сынактык комиссиянын катчысы болот.
3.7. Жүзөгө ашырылууга жаткан инвестициялык долбоорлордун тизмеги Башкармалык тарабынан аныкталат жана комиссия тарабынан бекитилет.
Инвестициялык долбоорлордун тизмеги объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн Башкармалыкка берилген муниципалдык менчиктин жерлеринен туруусу керек.
3.8. Ар бир инвестициялык долбоор боюнча Башкармалык тарабынан сынактык документ (маалыматтык пакет) даярдалат. Сынактык документтин формасы Башкармалык тарабынан иштелип чыгат.
3.9. Сынакты өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү массалык маалымат каражаттарына жарыяланат же сынак өткөрүүгө чейин 30 күндүн ичинде расмий сайтка жайгаштырылат.
3.10. Сынакты өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек:
- биргелешкен иш-аракетти жүргүзүү объекти;
- биргелешкен иш-аракеттин келишиминин иштөө мөөнөтү;
- сынактык документти сатып алуу тартиби, орду жана мөөнөтү;
- сынактын катышуучуларына карата талаптар;
- сынактын критерийлери жана алардын параметрлери;
- мындай акы белгиленген учурда, сынактык документтерди берүү үчүн сынактын заказчысы тарабынан алынуучу акынын өлчөмү, тартиби жана аны киргизүү мөөнөтү;
- жайгашкан орду, почта дареги, аны өткөрүү боюнча сынактык комиссиянын телефон номурлары жана ал жөнүндө башка маалымат;
- сынакка катышууга табыштамаларды берүү тартиби, орду жана мөөнөтү (бул мөөнөттүн күнү жана убагынын башталышы жана аягы);
- сынакта катышууга табыштамалары менен конверттерди ачуу орду, күнү жана убагы;
- биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишимди кол коюу мөөнөтү.
4. Сынакка катышууга табыштамаларды берүү жана кабыл алуу жана сынактык сунуштар
4.1. Табыштамаларды жана сынактык сунуштарды берүү мөөнөтү сынакты өткөрүү жөнүндө маалымат белгиленген тартипте жарыяланган күндөн тартып жүзөгө ашырылат жана табыштамалар жана сынактык сунуштар менен конверттерди ачуу жол жобосу башталаардын алдында 3 күн калганда токтотулат.
4.2. Табыштама жазуу түрүндө сынактык документте белгиленген форма боюнча жол-жоболоштурулушу керек.
4.3. Атайын талаптар менен сынактын катышуучусунун ылайыктуулугу жөнүндө маалыматты тастыктаган документтер катары табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:
- келишимдин объекттерине, ушул сыяктуу объекттерге карата долбоорлорду жүзөгө ашырууда сынактын катышуучусунун тажрыйбасын камтыган кеңири мүнөздөмө;
- бул көрсөтүлгөн максаттар үчүн келишимди жана (же) инвестицияларды тартуу жөндөмдүүлүгүн жүзөгө ашыруу максатында сынактын катышуучусунун жөндөмүн тастыктоочу каражаттардын тийиштүү көлөмүн жана инвестициялоо даярдыгын камсыз кылуу.
Сынактык документте табыштама менен бирге башка жана сынактын катышуучусу тарабынан кошумча берилүүчү атайын каражаттар менен сынактын катышуучусунун ылайыктуулугун тастыктоочу документтер белгиленүүсү мүмкүн.
4.4. Сынактык комиссияга берилген табыштама жана сынактык сунуш берилген күнүн жана так убагын (саат жана минута) көрсөтүү менен катар номуру менен табыштама журналына катталууга тийиш.
4.5. Сынактын катышуучусу өз табыштамасын жана сынактык сунушун өзгөртүүсү же кайта чакырып алуусу табыштамаларды сынактык комиссияга берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган убагында жол берилет. Эгерде мындай өзгөрүүлөр же эскертүүлөр сынактык комиссияга табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин берилсе, табыштамада же сынактык сунушта өзгөрүүлөр же аларды кайта чакырып алуу жөнүндө эскертүүлөр анык болуп саналат.
4.6. Сынактык комиссияга табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин берилген табыштамасы жана сынактык сунушу менен конверт ачылбайт жана кабыл алууда баш тарткандык жөнүндө белгиси менен сынактык берген анын катышуусуна кайтарылып берилет.
4.7. Сынактын бир катышуучусу бир гана табыштама берүүгө укуктуу.
5. Биргелешкен иш-аракеттин демилгечилери
5.1. Бишкек шаарынын аймагында инвестициялык долбоорлорду жайылтуу боюнча биргелешкен иш-аракет жөнүндө демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке жана юридикалык жактарга тийиштүү.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инвестициялык долбоорлордун тизмегин аныктайт жана сынактык негизде бул долбоорлорду жүзөгө ашырууда катыша ала турган жеке жана юридикалык жактарды чакыруу, же түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен алар жөнүндө маалымат жарыяланат.
5.3. Жеке жана юридикалык жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түз сүйлөшүү жолу менен биргелешкен иш аракеттин демилгечиси болууга укуктуу.
6. Биргелешкен иш-аракетти жүзөгө ашыруу формалары
Биргелешкен иш-аракетти жүзөгө ашыруу формасы биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим тартибинде жана ижара шартында аныкталат.
7. Биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим
7.1. Сынактык тандоонун же түз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жеке, юридикалык жактардын ортосунда биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим түзүлүшү мүмкүн. Сынактык тандоонун жана түз сүйлөшүүнүн тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан аныкталат.
7.2. Биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим негизи болуп Бишкек шаарынын аймагында инвестициялык долбоорлорду жайылтууга карата анын тараптарынын өз ара укуктары жана милдеттери эсептелет.
7.3. Тараптар үчүн алардын тосмо мүлктүк милдеттенмелерди кабыл алуусуз экономикалык мүнөздөгү бир тараптуу пайданы камсыздаган биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишимди түзүүгө жол берилбейт.
7.4. Биргелешкен иш-аракет жөнүндө келишим биргелешкен келишимдин шарттарын келишимде милдеттүү түрдө көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Башкармалык жана инвестор тарабынан түзүлөт.
8. Биргелешкен иш аракетти жүргүзүү тартиби жана шарттары
8.1. Биргелешкен иш-аракетти жүзөгө ашыруу формасы биргелешкен келишимдин тартибинде жана шарттарында аныкталат.
8.2. Биргелешкен иш-аракетти жүргүзүү төмөнкү шарттарда жүзөгө ашырылат:
- инвестор объектти долбоорлоону жана курууну өз эсебинен толук каржылоону камсыздайт;
- курулуштун аяктагандан кийин, бир айлык мөөнөттө объектти эксплуатацияга киргизгенден кийин инвестор белгиленген тартипте курулган турак жана турак эмес жайлардан 10 пайыздан кем эмесин муниципалдык менчикке өткөрүп берет;
- объекттин курулушуна техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү Башкармалыкка объекттин сметалык наркынан 2 пайыз өлчөмүндө төлөөлөр жүргүзүлөт.
8.3. Муниципалдык менчикке 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө тийиштүү үлүштү өткөрүп бергенден кийин курулуш жүргүзүлгөн жер участогу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте инвестордун менчигине өткөрүлүп берилүүсү керек.
8.4. Инвесторго мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жер участогуна укукту белгилеген документ тарабынан белгиленген чектеринде, көп кабаттуу үйдүн тургундарына үй алдындагы жер участогу катарында менчикке же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүлүп берилген жер участогу өткөрүлүп берилүүсү керек.
9. Биргелешкен иш аракет жөнүндө келишимдин иштөө шарттары
9.1. Биргелешкен иш аракет жөнүндө келишимдин мөөнөтү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби, ошондой эле аны токтотуу шарттары биргелешкен иш аракет жөнүндө келишим тарабынан аныкталат.
10. Биргелешкен иш аракет жөнүндө келишим боюнча талаштарды чечүү
10.1. Биргелешкен иш аракет жөнүндө келишим тарабынан башка каралбаса, тараптар ортосунда биргелешкен иш-аракеттин алкагында пайда болгон талаштар Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилүүсү тийиш.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов |