Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 147 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-февралы №158
Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүктөр-канализациялык тармактарын техникалык жактан тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жана Бишкек шаарынын жөнгө салуучу таасирди талдоону (ЖСТТ) жүргүзүү боюнча жумушчу топтун корутундусун эске алуу менен, үй ичиндеги cуу түтүктөрүн жана канализациялык тармактарын өз убагында жана сапаттуу техникалык жактан тейлөөнү, профилактикалык, күндөлүк жана авариялык ремонтту камсыз кылуу жана азыркы тарифтерди накта чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2010-жылдын 1-мартынан тартып Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүктөр-канализациялык тармактарын техникалык жактан тейлөөгө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 2-октябрындагы №258 "Бишкек шаарынын көп квартиралуу турак-жай үйлөрүнүн үй ичиндеги cуу түтүктөр-канализациялык тармактарынын техникалык жактан тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
А.Суракматов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-февралындагы №158 токтомуна тиркеме
|
Бишкек шаарында көп квартиралуу турак-жай үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүктөр-канализациялык тармактарынын техникалык жактан тейлөөгө ТАРИФТЕР
Керектөөчүлөрдүн аталышы | Тарифтер, сом (жылына жалпы аянттын 1 кв.м. үчүн)
|
Калк
| 4-56
|
Көп квартиралуу турак-жай үйлөрүндө жайгашкан башка керектөөчүлөр | 4-56
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю. С. Шкуропатов
|
"Бишкексууканал" ӨЭБсынын начальниги |
К. Сулайманов
|