Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 146 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2010-жылдын 20-февралы №159
Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн сапаттуу, коопсуздуктун жана гигиеналык талаптардын стандартына туура келүүчү ичүүчү суу менен камсыздоо, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, шаардын суу түтүк-канализациялык чарбасын эксплуатациялоо чоң финансылык чыгымдарды талап кылат.
Суу түтүк жана канализациянын тейлөө кызматынын колдонулуп жаткан тарифтер насостук-энергетикалык жабдыктарын, жүк ташуучу жана атайын транспорттордун жаңыртылышын модернизациялоону жүргүзүүгө, суу түтүк-канализация тармактарын реконструкциялоого жол бербейт. Мындан сырткары, 2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясынын тарифи мурунку жеңилдик тарифине салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жана Бишкек шаарынын жөнгө салуучу таасирди талдоону (ЖСТТ) жүргүзүү боюнча жумушчу топтун корутундусун эске алуу менен, суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүүнүн (канализация) шаардык системасын ишенимдүү эксплуатациялоо, насостук-энергетикалык жабдыктарынын, жүк ташуучу жана атайын транспорттордун модернизациялоо, суу түтүк-канализациялык тармактарын реконструкциялоо жана Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз жеткирүүнү, агынды cууларды кабыл алууну камсыздоо жана чыгымдарга ылайык суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү (канализация) кызматтарына тарифтерди ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык, суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү (канализация) боюнча кызматтарына тарифтер бекитилсин.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 459 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И. Бекбоевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
А. Суракматов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 159 токтомуна тиркеме
|
Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтер
Керектөөчүлөрдүн аталышы | Суу менен жабдуу - ичүүчү сууну берүү, сом ( 1 куб.м. үчүн) | Сууну буруп кетүү (канализация-агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, сом ( 1 куб.м. үчүн)
|
Калк
| 4-48 | 1-00 |
Бюджеттик уюмдар
| 6-15 | 1-75 |
Ишканалар анын ичинде ЖЭБ | 7-95 | 3-50 Өзгөрүүсүз |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю. Шкуропатов |
"Бишкексууканал" ӨЭБнын начальниги |
К. Сулайманов |