Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-майы № 184
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө, кийинки сатып алуу, түз сатуу, аукциондо сатуу, сынакта сатуу менен ижарага өткөрүп берүү ыкмалары менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө, кийинки сатып алуусу менен башкармалыкта муниципал-дык мүлктү өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жоболорду жана менчиктештирүү объекттеринин мүлктүк наркын баалоо боюнча методикалык сунуштар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин айкындыгын камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кенеш токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө, кийинки сатып алуу, түз сатуу, аукциондо сатуу, сынакта сатуу менен ижарага өткөрүп берүү методу менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө, кийинки сатып алуусу менен башкармалыкта муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жоболорду жана менчиктештирүү объекттеринин мүлктүк наркын баалоо боюнча методикалык сунуштар жөнүндө" токтомунун аталышында жана бардык текстте "кийинки сатып алуусу менен башкармалыкка өткөрүп берүү" жана "кийинки сатып алуусу менен ижарага өткөрүп берүү" деген сөздөр алынып ташталсын.
2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- кийинки сатып алуусу менен ижарага өткөрүп берүү ыкмасы менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо;
- кийинки сатып алуусу менен башкармалыкка өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
- тиркелген формага (1-тиркеме) ылайык кийинки сатып алуусу менен ижарага, кийинки сатып алуусу менен башкармалыкка Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан өткөрүп берилген менчиктештирилген объекттердин тизмегин Бишкек шаардык кеңешке берсин;
- муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүүнү жүргүзүүгө жана эсебин жүргүзүүгө тийиштүү болгон өздүк ченемдик укуктук актыларын бул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 27-майындагы № 184 токтомуна 1-тиркеме |
Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан кийинки сатып алуусу менен ижарага, кийинки сатып алуусу менен башкармалыкка өткөрүп берилген менчиктештирилген объекттердин
ТИЗМЕГИ
Ка- тар № | Дареги | Жай- дын түрү | Аянты (кв.м) | Сатып алуу- чу | Менчиктеш- тирүү боюнча комиссиянын протоколу- нун № жана күнү | Баалоо наркы (сом) | Акынын накта сумма- сы (сом) | Сатып алуу-са- туу келиши- мин түзүү күнү | Ижара мөө- нөтү |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов
|