Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 27-марты № 309
Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 27-майындагы № 184, 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 11, 12, 12-1-статьяларына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34, 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 519 "Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү тиркелгендер бекитилсин:
- Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө жобо;
- Муниципалдык менчикти тике сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобо;
- Муниципалдык менчикти аукциондо сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобо;
- Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобо;
- (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы № 132 "Коммуналдык менчиктин объектилерин жана мүлкүн менчиктештирүү жана баалоо боюнча Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
Н. Байболова |