Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27- майындагы №186
"2002-жылдын 27-майындагы №127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккү муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле калктын социалдык жакыр катмарын колдоо максатында, Бишкек шаардык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеӊешинин 2002-жылдын 22- майындагы №127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюмдук укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 53-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Жеӊилдетилген ижара акы менен ижара келишими бир жылга чейинки мөөнөт менен түзүлөт.
Майыптарга жана майыптар коомуна муниципалдык менчикте турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды берген учурда, жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими Бишкек шаардык кеӊештин чечими боюнча эки жылга чейинки мөөнөткө түзүлүүсү мүмкүн.
Жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими аяктаганда, комиссиянын чечими боюнча жана анын Кыргыз Республикасынын мыйзамынын шарттарына жана талаптарына ылайык жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими боюнча өз милдеттери ижарачылар тарабынан аткарылбаган учурда ал менен жаӊы мөөнөткө жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими түзүлүүсү мүмкүн.";
- 55- жана 56- пункттар алынып ташталсын;
- 58-пункттун "а" кичи пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими бир жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.
Майыптарга жана майыптар коомуна муниципалдык менчикте турган турак эмес имараттарды, курулмаларды же жайларды берген учурда, жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими Бишкек шаардык кеӊештин чечими боюнча эки жылга чейинки мөөнөткө түзүлүүсү мүмкүн.
Жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими аяктаганда, комиссиянын чечими боюнча жана анын Кыргыз Республикасынын мыйзамынын шарттарына жана талаптарына ылайык жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими боюнча өз милдеттери ижарачылар тарабынан аткарылбаган учурда аны менен жаӊы мөөнөткө жеӊилдетилген ижара акысы менен ижара келишими түзүлүүсү мүмкүн."
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы |
А. Э. Суракматов
|