Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХI СЕССИЯСЫ (II чакырылышы)
2010-жыл 20-май № 169
Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын "Ош шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардагы жол кире акысын (тариф) бекитүү жөнүндөгү" 2010-жылдын 3-майындагы № 166-08-6 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн каттарын карап жана талкуулап, өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук - энергетикалык комплекси жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 4-май 2010-жылдагы №3 токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
- кичи автобустарда - 7 сом;
- автобустарда - 5 сом;
- троллейбустарда - 4 сом.
- Ош шаарынын аэропортуна, Жапалак айылдык аймактык башкаруусуна караштуу айылдарга баруучу кичи автобустарга 8 сом, ал эми шаар менен чектеш Карасуу районуна барган маршруттарга тариф айыл башчыларынын, айыл өкмөтүнүн чечимдерине ылайык коюлсун;
- Ош шаарынын мектеп окуучуларына - 1 сом.
2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
3. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин төмөндөгү токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин:
- 2008-жылдын 18-июнундагы №45-"Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысынын тарифин өзгөртүү жөнүндө";
- 2009-жылдын 7-апрелиндеги №94-"2008-жылдын 18-июнундагы №45-"Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларда жүрүүнүн жол кире акысынын тарифин өзгөртүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|