Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2010-жылынын 30-июлундагы №192 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-майы № 172
Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 6-майындагы №168/08-6 депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин X сессиясынын №85-токтому менен бекитилген "Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү" боюнча комиссиянын курамын кайрадан бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2010-жылдын 7-майындагы №3-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
3. Бул токтом "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2009-жылдын 13- февралындагы X сессиясынын № 85- "Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтом күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын 20-майындагы №172-токтомуна № 1-тиркеме |
1. Камчыбеков Т.К. - Ош шаарынын I-вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Салиев Т.Т. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармасынын башчысы, орун басары;
3. Абдыкаров А.А. - Ош шаардык архитектура жана шааркуруу башкармалыгынын башчысы, мүчөсү;
4. Ибраимжанов Б.С. - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы, мүчөсү;
5. Каратаева У. - Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери, мүчөсү;
6. Алиев А.М - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты, мүчөсү (макулдашуу менен);
7. Абдуллаев Д.А - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты, мүчөсү (макулдашуу менен);
8. Арипов Н.Т - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты, мүчөсү (макулдашуу менен);
9. Моминов Д.М - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты, мүчөсү (макулдашуу менен);
10. Асанов А.Р - Ош шаардык Кеӊешинин депутаты, мүчөсү (макулдашуу менен);
11. Батырбеков Ж.Р - Кыргыз Республикасынын көз карандысыз баалочусу, комиссиянын мүчөсү;
12. Шералиев Ш.Т. - Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөсү, (коомдук уюмдардын атынан), мүчөсү;
13. Мажитова Ш. - Жеке ишкер.
Сулайманов Ж.К. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тоорук өткөрүү жана менчиктештирүү секторунун башчысы.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев
|