Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2011-жылынын 30-мартындагы №232 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 192
Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 1-июлундагы №245/08-6 депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-май XXI сессиясынын №-172-токтому менен бекитилген Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын кайрадан бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2010-жылдын 1-июлундагы №7-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
3. Бул токтом "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-майындагы XXI сессиясынын № 172- Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30 - июлундагы №192 -токтомуна № 1-тиркеме |
КОМИССИЯНЫН КУРАМЫНЫН ТИЗМЕСИ:
1.Сабиров Т.Н. - Ош шаарынын I-вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2.Салиев Т.Т. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармасынын башчысы, орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү;
3.Абдыкаров А.А - Ош шаардык архитектура жана шааркуруу башкармалыгынын башчысы;
4.Ибраимжанов Б.С. - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
5. Каратаева У.К. - Ош шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
6. Асанов А.Р - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
7. Абдуллаев Д.А - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
8. Арипов Н.Т - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
9. Алиев А.М - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
10. Моминов Д.М - Ош шаардык Кеңешинин депутаты;
11. Батырбеков Ж.Р. - Кыргыз Республикасынын көз карандысыз баалочусу;
12. Шералиев Ш.Т. - Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөсү, (коомдук уюмдардын атынан);
13. Мажитова Ш. - Жеке ишкер.
Комиссиянын секретары;
Сулайманов Ж.К. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тоорук өткөрүү жана менчиктештирүү секторунун башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |