Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010жылдын 21-сентябрындагы №6
"Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө"
"Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү жөнүндөгү Жобонун юридикалык күчүн сактоо үчүн жана Кыргыз Республикасынын 1997 жылдын 18 сентябрындагы "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштары жөнүндө" мыйзамынын негизинде Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан мыйзамдуу каттоодон өтүү зарылдыгын эске алып, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарга өзгөртүү киргизүү" жөнүндөгү Жобо өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Балыкчы шаарынын мурунку 1-чи вице мэри С.С.Сардарбеков комиссиянын курамынан чыгарылсын.
3. Комиссиянын курамына Балыкчы шаарынын 1-чи вице-мэри М.А.Жаналиев киргизилсин.
4. Бул токтом "Балыкчы "гезитине жарыялансын.
5. Токтом шаардык Кенештин каттоо журналынан өткөзүлсүн.
6. Токтом Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү үчүн жиберилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Батакчы шаардык Кенешинин социалдык маселелер жана укук коргоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардык Кенештин жооптуу катчысы Г.Айтикеевага
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джаликов |