Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 12-декабрындагы «Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 197
Кабыл алынган
2010-жылдын 3-декабры
Чыгарган
Шаардык кеңеш

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" · 2010-жылдын 24-декабры
Реестрде
2010-жылдын 21-декабры

Реестрде

Минюст коду
24600

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция03.12.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 3-декабры № 197

"Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы № 330 "Кыргыз Республикасында турак жай-коммуналдык чарба жана турак-жай мамилелерине тиешелүү болгон нормативдик актыларды тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде, борбор шаардын лифт чарбасын тиешелүү техникалык жактан тейлөөнү камсыздоо жана өз убагында капиталдык-калыбына келтирүү ремонт иштерин жүргүзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. "Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- жогоруда аталган жобо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте лифттерди жана лифт диспетчердик жайларды муниципалдык менчикке кабыл алууну ишке ашырсын;

- көрсөтүлгөн кызматтарга бекитилген тарифтерге ылайык муниципалдык менчикке кабыл алынуучу лифттерди күтүүгө жана техникалык жактан тейлөөгө тийиштүү чыгымдарды 2011-жылга карата шаардык бюджетте карасын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В.Красиенкого жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасынын милдетин аткаруучу

 

В.М.Лисниченко

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.