Загрузка документа…
| 2010-жылдын 3-декабрындагы № 197 токтомуна тиркеме
|
"Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" ЖОБО
1. "Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобо (мында аркы аталышы - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана "Турак-жай ээлеринин шериктештиги (ТЖЭШ) жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү жана муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган лифт жана лифт диспетчерлик жайларын (эгер алар бар болсо) муниципалдык менчикке кабыл алуу тартибин аныктайт.
3. Жобо көп кабаттуу турак үйлөрдүн жайларынын менчик ээлери тарабынан Турак-жай ээлеринин шериктештиги (мында аркы аталышы - ТЖЭШ), же башка менчик ээлеринин юридикалык катталган бирикмеси (кондоминиум, турак-жай курулуш кооперативи (мында аркы аталышы - ТЖКК) түзүлгөн учурда колдонулат.
4. Жобо 2002-жылдын 21-майына чейин эксплуатацияга киргизилген жана көрсөтүлгөн датадан тартып модернизациялоо жана капиталдык ремонт кылынбаган лифт жана лифт жабдууларына тиешеси жок.
5. ТЖЭШнын, кондоминиумдун, ТЖККнын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарымдуу органына жазган арызы лифттерди, лифт жабдууларын жана лифт диспетчерлик жайларын (эгер алар бар болсо) муниципалдык жеке менчикке кабыл алуу үчүн негизи болуп эсептелет.
6. Арызга милдеттүү түрдө төмөнкү документтер тиркелет:
- бекитилген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөсү;
- арыз берген жактын укугун тастыктоочу документ;
- атайын лицензиясы бар адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлгөн лифт жана лифт жабдууларынын диагностика актысы (диагностика жүргүзүлгөн дата арыз берилген күндөн тартып 1 жылдан ашпашы керек);
- лифттин техникалык паспорту;
- көп кабаттуу турак үй ээлеринин (кондоминиум, ТЖКК) жалпы чогулушунун протоколу.
Көп кабаттуу турак үй ээлеринин жалпы чогулушунда төмөнкү чечимдер кабыл алынат:
- турак жана турак эмес жайларынын ээлеринин (51% кем болбош керек), лифттерди, лифт жабдууларын, лифт диспетчерлик жайларын (эгер алар бар болсо) муниципалдык менчикке өткөрүү жана ошондой эле, модернизациялоо жана капиталдык ремонт иштери бүткөндөн кийин ТЖЭШнын, кондоминиумдун, ТЖККнын менчигине өткөрүү макулдугу жөнүндө;
- лифттерди, лифт жабдууларын, лифт диспетчерлик жайларын (эгер алар бар болсо) кабыл алуу-өткөрүлүп берүүгө катышуу жана атайын актыга кол коюу үчүн ТЖЭШнын, кондоминиумдун, ТЖККнын (өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктуу) өкүлдөрүн шайлоо жөнүндө;
- муниципалдык лифттерди күтүү жана техникалык жактан тейлөө, үйдү жалпы мүлктү күтүү боюнча шериктештиктин чыгымдарында анын катышуусу боюнча (диспетчерлик жайларды, же башка жайларды өткөрүп берүүдө) Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына талаптардан баш тартуу жөнүндө.
7. Муниципалдык мүлк башкаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы муниципалдык лифттерди күтүү жана техникалык жактан тейлөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен бирдикте кабыл алынуучу лифттерди, лифт жабдуулардын, лифт диспетчерлик жайлардын калдык наркын аныктоочу, өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн техникалык абалын текшерүү жүргүзүүчү тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүн тартуу менен комиссия түзүлөт.
8. Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан лифттерди, лифт диспетчерлик жайларды муниципалдык менчикке кабыл алуу ТЖЭШы, кондоминиум, ТЖККы менен келишим боюнча бул жобонун 1-тиркемесине ылайык өткөрүлүп берилет.
Келишимге төмөндөгүлөр тиркелет:
- лифттин техникалык паспорту;
- кабыл алуу-өткөрүп-берүү актысы (бул жобонун № 2 жана № 3 тиркемелери);
- тиешелүү техникалык документ (жабдууларды жерге кийирүү элементтерин кароо жана текшерүү протоколу, техникалык күбөлөндүрүү актынын көчүрмөсү жана башка тийиштүү документтер).
9. Лифттер, лифт жабдуулар, лифт диспетчерлик жайлар кабыл алуу-өткөрүп-берүү актысы кол коюлган учурдан тартып баштап муниципалдык менчикке өтөт.
10. Муниципалдык мүлк башкаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан лифттерди, лифт диспетчерлик жайларды муниципалдык менчикке кабыл алуу-өткөрүп-берүү жол-жобосу аяктагандан кийин лифттер, лифт жабдуулар, лифт диспетчерлик жайлар лифттерди орнотуу жана коопсуз эксплуатациялоо Эрежелерине ылайык аларды техникалык тейлөөнү ишке ашыруучу муниципалдык лифттерди күтүү жана техникалык жактан тейлөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын чарбалык кароосуна өткөрүлүп берилет, ал эми зарыл болгон учурда аларды модернизациялоо жана калыбына келтирүү иштери белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
11. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 29-мартындагы № 170 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын ээлерине лифттерди, лифт диспетчерлик жайларды жалпы үлүштүк менчикке өткөрүү тартиби жөнүндө" Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому менен аныкталган тартипте муниципалдык менчикке кабыл алынган лифттерди, лифт диспетчерлик жайларды модернизациялоо же калыбына келтирүү ремонту жүргүзүлөт.
12. Лифттерди модернизациялоо же калыбына келтирүү ремонту жүргүзүлгөндөн кийин алар кайрадан ТЖЭШнын, кондоминиумдун же ТЖККнын менчигине өткөрүлүп берилүүсү тийиш. Лифттерди кайталап муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу |
Э.А.Нурдавлетов |
|
"Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобого 1-тиркеме |
|
|
Лифттерди, лифт жабдууларды, диспетчердик жайларды муниципалдык менчикке кабыл алуунун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары 20__ ж. "__"__________________
"Муниципалдык мүлк башкаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы, мындан ары "1-тарап" деп аталган биринчи тараптан ________________________________________________ жана "Жобонун" негизинде Турак жай ээлеринин шериктештиги (кондоминиум, турак жай курулуш кооперативи) атынан мындан ары "2-тарап" деп аталган, төраганын атынан _______________________________________________________________________ экинчи тараптан аракеттеги уставдын негизинде, төмөндөгүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин негизи
1.1. "2-тарап" лифти (терди), лифт жабдууларды, лифт диспетчерлик жайларды (эгер бар болсо) "1-тарапка" муниципалдык менчикке өткөрүп берет. 1.2. "1-тарап"___________________________________ дареги боюнча көп кабаттуу турак үйдө жайгашкан __ сандагы лифти (терди), жалпы аянты __ кв. метр лифт диспетчерлик жайды (эгер бар болсо) муниципалдык менчикке өткөрүп алат. 1.3. Кабыл алынып жаткан лифттердин, лифт жабдуулардын, лифт диспетчерлик жайлардын (эгер бар болсо) кабыл алуу учуруна калдык наркы ___________________ сомду түзөт.
2. Жактардын укуктары жана милдеттери
2.1. "1-тарап" лифттерди, лифт жабдууларды, лифт диспетчерлик жайларды (эгер бар болсо) муниципалдык менчикке кабыл алгандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү: - бекитилген тарифтин негизинде тийиштүү кызматтарды көрсөтүүгө бекитилген тарифтин чегинде аларды тийиштүү техникалык тейлөөнү камсыздоого; - жыл сайын бекитилүүчү титулдук тизме менен аныкталуучу кезектеги лифттерди, лифт жабдууларды, лифт диспетчерлик жайларды эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөтү аяктагандыгына жараша белгиленген тартипте аларды модернизациялоо жана капиталдык кайра калыбына келтирүү ремонтун шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүүгө; - модернизациялоо же капиталдык кайра калыбына келтирүү ремонту жүргүзүлгөндөн кийин лифттерди, лифт жабдууларды "2-тараптын" менчигине өткөрүп берүүгө. 2.2. "2-тарап" лифттерди, лифт жабдууларды өткөрүп бергенден кийин төмөнкүлөргө милдеттүү: - лифттерди күтүү жана техникалык жана тейлөө боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн өз убагында акы төлөөнү камсыздоого; - үйдүн жалпы мүлкүн (лифт диспетчерлик жайларды, же башка жайларды өткөрүп берүүдө) күтүү боюнча шериктештиктин чыгымдарына анын катышуусу боюнча муниципалдык лифттерди күтүү жана техникалык жана тейлөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына талаптарды койбоого; - шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен лифттерди модернизациялоо же капиталдык кайра калыбына келтирүү ремонту жүргүзүлгөндөн кийин Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 29-мартындагы N 170 токтомунун талаптарына ылайык ТЖЭШнын (кондоминиумдун, ТЖККнын) менчигине өткөрүп алууга.
3. Жактардын жоопкерчилиги
3.1. Бул келишим боюнча милдеттер тиешелүү түрдө аткарылбаса, тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
4.1. Бул келишим боюнча же алар менен байланышкан тараптар ортосундагы пайда болуучу бардык талаш-тартыштар жана келишпестиктер тараптар ортосундагы сүйлөшүү жолу менен чечилет. 4.2. Эгерде келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилбесе, алар белгиленген мыйзам тартибинде сотто каралууга тийиш.
5. Форс-мажор
5.1. Кандайдыр бир жактар экинчи жактын алдында жактардын эркине жана каалоосуна карабастан пайда болгон милдеттер менен шартталган милдеттенмелер кармалгандыгы же аткарылбагандыгы жана алдын-ала көрүлбөгөн же согуш, жарандык толкундоолор, эпидемия, блокада, эмбарго, жер титирөө, сел, өрт жана башка табигый кырсыктарды кошо чара колдонгонго мүмкүн болбогондор үчүн жоопкерчилик тартпайт. 5.2. Компетенттүү органдар тарабынан берилген күбөлүк күчү жеткис күчтүн ишмердигинин бар экендигинин жана узактыгынын жетиштүү далили болуп саналат. 5.3. Өз милдетин аткарбаган тараптар башка тарапка келишим боюнча милдеттерди аткарууга тоскоолдуктар жана анын таасири жөнүндө билдирүү берүүгө милдеттүү.
6. Өзгөчө шарттар
6.1. Бул келишимдеги ар бир өзгөрүүлөр жана толуктоолор эки тарап тарабынан жазуу түрүндө жол-жоболоштурулуп, кол коюлган учурда гана күчкө ээ. 6.2. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу келтирилген зыяндардын ордун толтуруу менен эки тараптын макулдугу же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамы тарабынан каралган негиздер боюнча орун ээлеши мүмкүн. 6.3. Бул келишим бирдей юридикалык күчү бар тараптардын ар бири үчүн бирден нускадан берилүүчү эки нускадан түзүлдү. 6.4. Бул келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Келишим тараптардын реквизиттери өзгөрүлгөн же уюмдаштыруучу документтери өзгөргөн, бирок буга кошо ээсинин уюштуруу-укуктук формасы жана башкалары өзгөрүү менен чектелбеген учурда күчүндө калат.
7. Тараптардын юридикалык дареги, төлөм реквизиттери жана колдору:
|
| Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобого 2-тиркеме |
Кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫСЫ
Муниципалдык мүлк башкаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын атынан __________________________________________ _________________________ дареги боюнча жайгашкан лифттер муниципалдык менчикке өтөт. Комиссиянын курамында: ___________________________________________ (кабыл алуучу юридикалык жактын жетекчиси) _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) бул келишимдин негизинде иш алып баруучу ______________________________ _______________________________________________________________________ ТЖЭШнын (кондоминиумдун, ТЖККнын өкүлү) _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) кабыл алып жаткан тараптын башкы (улуу) бухгалтери ____________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) төмөнкүлөр жөнүндө бул актыны түзүштү: _______________________________________________________________________ (ээсинин аталышы) _______________________________________________________________ көлөмдө (лифттердин санын саноо жана алардын мүнөздөмөсү) калдык наркы _______________________________________ миң сомду түзгөн __________________________________________________________ муниципалдык менчикке (кабыл алуучу юридикалык жактын аталышы) өткөрүлүп берилет.
Кабыл алуу 20__-жылдын "__"__________ ____________________________ ________________ негизинде жүргүзүлдү.
Өзгөчө шарттар: _______________________________________________________________________ (тараптардын юридикалык дареги)
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына тиркеме
1. Кабыл алынып жаткан лифттердин техникалык абалынын акты. 2. Техникалык документтердин өткөрүп берүү актысы (ТЖЭШга өткөрүп берүү учурунда ал жок болсо, жетишпеген документтерди өз эсебинен кайра калыбына келтирүүгө милдеттүү). |
| Муниципалдык менчиктин реестеринде турбаган көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жана лифт диспетчерлик жайларын муниципалдык менчикке кабыл алуу тартиби жөнүндө" Жобого 3 тиркеме |
Кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫСЫ
__________________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан лифт диспетчерлик жайларды _______________________________________________________________________ (кабыл алуучу юридикалык жактын аталышы) Комиссиянын курамында: ___________________________________________ (кабыл алуучу юридикалык жактын жетекчиси) _______________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) бул келишимдин негизинде иш алып баруучу ______________________________ _______________________________________________________________________ ТЖЭШнын (кондоминиумдун, ТЖККнын өкүлү) _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) уставдын негизинде иш алып баруучу ____________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) жана кабыл алып жаткан тараптын башкы (улуу) бухгалтери _______________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) төмөнкүлөр жөнүндө бул актыны түзүштү: _______________________________________________________________________ (ээсинин аталышы) _______________________________________________________________________ (лифт диспетчерлик жайлардын параметрлери жана абалы) калдык наркы _______________________________________ миң сомду түзгөн __________________________________________________________ муниципалдык менчикке (кабыл алуучу юридикалык жактын аталышы) өткөрүлүп берилет.
Кабыл алуу 20__-жылдын "__"__________ ____________________________ ________________ негизинде жүргүзүлдү.
Өзгөчө шарттар: _______________________________________________________________________ (тараптардын юридикалык дареги)
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына тиркеме
3. Кабыл алынып жаткан лифт диспетчерлик жайлардын техникалык абалынын акты. 4. Техникалык документтердин өткөрүп берүү актысы (ТЖЭШга өткөрүп берүү учурунда ал жок болсо, жетишпеген документтерди өз эсебинен кайра калыбына келтирүүгө милдеттүү). |