Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-декабры № 201
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө " токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын коммуналдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобонун 115-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"115. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерин рыноктук ижара акысы, узак мөөнөттүү инвестициялык ижара акысы менен пайдалануучулар, ижарачылар башкармалыктын макулдугу менен көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерди толугу менен же жарымын бул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте субижарага берүүгө укуктуу.
Рыноктук ижара акысы, узак мөөнөттүү инвестициялык ижара акысы менен ижарага өткөрүлүп берилген муниципалдык менчиктин объекттери башкармалыктын макулдашуусу менен гана субижарага өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Жалпы билим берүү мекемелериндеги ашканалардан башка, чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген муниципалдык менчиктин объекттери субижарага башкармалык аркылуу сынактык негизинде өткөрүлүп берилүүсү мүмкүн.
Ошону менен бирге сынак Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге рыноктук ижара акысы менен ижара укуктарын берүү эрежелери тарабынан каралган тартипте жана шарттарга ылайык (1-тиркеме) жүргүзүлөт.
Келишим пайдалануучу (рыноктук ижара акысы менен, узак мөөнөттүү инвестициялык ижара менен алган ижарачы же) жана пайдалануучу ведомствонун карамагында турган башкармалык жана уюм менен макулдашкан учурда субижарачы тарабынан кол коюлат.
Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча пайдалануучуларда табылган бош турган жайларды рыноктук ижара акысы менен аларды ижарага берүү үчүн сынакка коюуга укугуна ээ".
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу |
В.М.Лисниченко
|