Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-декабры № 202
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 "Ар түрдүү багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарды берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу боюнча иш-аракетти тартипке келтирүү, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн эстетикалык көрүнүшкө келтирүү жана көрктөндүрүү, ошондой эле кичине жана орто бизнести колдоо жана Бишкек шаарынын конуштарында инфраструктураны жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 "Ар түрдүү багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарды берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөндөгүлөргө үч жылдык мораторий жарыялансын:
- муниципалдык менчиктин объекттеринен тышкары жеңилдетилген типтеги объекттерди (чатырларды, соода үкөкчөлөрүн, павильондорду, күркөлөрдү, серелерди, сатуратураларды, жалпы тамактануу түйүндөрүн, автосервис пункттарын, уюлдук байланыш мунараларын (бийик секилерин) орнотуу үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүүгө;
- автотранспорттук тейлөө пункттарын (жуучу жайын, техникалык тейлөө станциясын, желимдөөнү) долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун убактылуу пайдаланууга ижара укуктарды берүүгө;".
- төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Бишкек шаарынын төмөнкү проспекттеринин, бульварларынын жана көчөлөрүнүн жээгиндеги жогоруда көрсөтүлгөн объекттер үчүн муниципалдык менчиктин жерлеринен берүүгө бул мораторийдин күчү таркатылат:
- Манас проспекти, Тынчтык проспекти, Чүй проспекти, Дэн Сяопин проспекти, Садыгалиев көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспекти, Байтик Баатыр көчөсү, Ю.Абдрахманов көчөсү, А.Элебесов көчөсү (Кичине Чүй каналына чейин), М.Горький көчөсү, Л.Толстой көчөсү, Медеров көчөсү (Тынчтык проспектинен Б.Юнусалиев көчөсүнө чейин), И.Ахунбаев көчөсү (Шабдан Баатыр көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейин), Б.Юнусалиев көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, (И.Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине чейин), Курманжан Датка көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, С.Ибраимов көчөсү, М.Фрунзе көчөсү, А.Токомбаев көчөсү, Түштүк Магистраль көчөсү, А.Масалиев көчөсү, С.Каралаев көчөсү, С.Батор көчөсү, Киев көчөсү, Я.Логвиненко көчөсү, (Л.Тостой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин), Панфилов көчөсү (темир жолдон Жибек-Жолу проспектине чейин), Орозбеков көчөсү (Түгөлбай Ата көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин), Т.Молдо көчөсү (Москва көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейин), Токтогул көчөсү, Москва көчөсү, Ж.Бөкөнбаев көчөсү, Эркиндик бульвары (Түгөлбай Ата көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин), Ж.Турусбеков көчөсү (Чуйков көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин), Тыналиев көчөсү, М.Лермонтов көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Б.Бейшеналиева көчөсү, Д.Шопоков көчөсү, А.Үсөнбаев көчөсү, Раззаков көчөсү, Н.Исанов көчөсү (темир жолдон Жибек-Жолу проспектине чейин), К.Тыныстанов көчөсү, К.Акиев көчөсү, Т.Үмөталиев көчөсү, Бах көчөсү (Л.Толстой көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейин), Ю.Гагарин көчөсү;
- жеңилдетилген типтеги иштеп жаткан объекттер үчүн жана токтомдо көрсөтүлгөн жана белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган башка объекттер үчүн жер участокторунун убактылуу пайдалануу мөөнөтү жер участокторуна ижара укуктарды берүү комиссиянын чечими боюнча белгиленген тартипте узартылышы мүмкүн;
- бул токтомдо көрсөтүлбөгөн башка көчөлөрдө мүмкүн болгон жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди жайгаштыруу, орнотуу, долбоорлоо жана куруу үчүн муниципалдык менчиктин жерлерин берүү комиссиянын чечими менен болот.".
2. 3, 4-пункттар тийиштүү 4, 5-пункттар болуп эсептелсин.
3. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып мораторийдин үч жылдык мөөнөтү эсептелээри белгиленсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга (У.Э.Адылбеков) жана вице-мэр Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу | В.М.Лисниченко
|