Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-декабры № 205
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 115 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 29-декабрындагы № 777 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелеринин иш-аракетин оптимизациялоо жөнүндө" токтомуна ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелеринин иш-аракеттеринин оптимизациялоого, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү агенттигин Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигине өзгөртүп уюштурууга байланыштуу, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 115 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-, 2-тиркемелердин бардык тексти боюнча "Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (М.А.Аманкулов) жана уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Т.Шабданов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу |
В.Лисниченко |