Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры № 115
"Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун, каржылоо тартиби жөнүндө" жобо (1-тиркеме) жана "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жобо (2-тиркеме) бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (М.А.Аманкулов), Бишкек шаардык кеңештин уюштуруу иши, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Шабданов У.Т.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М А.Исмаиловго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов |
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 115 токтомуна № 1 тиркеме
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долборлорун каржылоо жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Бишкек шаарынын бюджетинен каралган жергиликтүү жааматтардын долборлорун дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо, ошону менен бирге донордук, эл аралык уюмдардын акча каражаттарын, жеке жана юридикалык жактардын өз ыктыяры менен төлөө тартиптерин жөнгө салат.
1. Негизги терминдер жана аныктамалар
Табыштама - Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун дем берүүчү (үлүштүк) гранттарын издеп табууда катышуу ниетин билдирген, жазуу жүзүндө жол жоболоштурулган долбоор жөнүндө кыскача маалыматты камтыган документ түрүндө жана арыз берүүчү тарабынан тиркемелери менен белгиленген формадагы, талап кылынган документтердин пакети.
Долбоор - белгиленген мөөнөттүн ичинде жана аныкталган бюджетти так аныкталган максаттары менен коюлган милдеттерге жетишүү үчүн багытталган өз ара байланышкан иш - чара комплекси.
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дем берүүчү (үлүштүк) гранты (мындан ары-гранттар) - Бишкек шаарын жана анын аймагында жайгашкан жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча ишкердикти уюштурууга жана ишке ашырууга багытталган гранттык комиссиясы тарабынан бекитилген боюнча максаттуу чыгымдарды иш жүзүнө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен төлөөсүз жана кайтарылбаган негизинде берилүүчү, максаттуу фонддордун каражаттары, ошондой эле донорлордун каражаттары, анын ичинде эл аралык уюмдардын, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төлөөлөрү.
Ыктыярдуу төлөөлөр - төлөөсүз жана кайтарылбаган негизде жергиликтүү бюджетке жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик эмес фондуларына жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттары.
Арыз берүүчүлөр - гранттардын эсебинен долбоорду каржылоону издеп табуучу болуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, коммерциялык эмес уюмдар же мекемелер (мындан ары- КЭО), ошондой эле менчиктин башка түрүндөгү уюмдар.
Грант берүүчүлөр - Бишкек шаарынын мэриясы, долбоорду каржылоодо катышкан эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар.
Грант алуучулар - Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун гранттык комиссиясынан тандалып өткөн грантын эсебинен каржыланган долбоордун арыз берүүчүлөрү.
Гранттык комиссия - гранттын жана донорлордун, эл аралык уюмдардын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төлөөлөрүнүн эсебинен каржылануучу Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган, жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун кароо жана тандап алууну жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун комиссиясы.
Гранттык макулдашуу - гранттык каражаттарды өткөрүп берүүгө жана максаттуу пайдаланууга грант алуучу менен грант берүүчү тарабынан кол коюлуучу документ.
2. Максаттар жана милдеттер
Калктын өз алдынча уюштуруу, өз алдынча камсыздоо жана өз алдынча башкаруу формаларын өнүктүрүү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формаларына, коомдук жана жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле башка менчиктин башка түрүндөгү уюмдарга алардын Бишкек шаарын жана жергиликтүү жамааттарын өнүгүүсүнө багытталган калк менен бийлик органдарынын күчтөрүн бириктирүү боюнча ишкердигине көмөк көрсөтүү гранттын эсебинен долбоорлорду каржылоонун максаты болуп эсептелет.
Гранты түзүү булагы болуп Бишкек шаардык бюджетинин каражаттары, максаттык фонддор, донорлордун, анын ичинде эл аралык уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төлөмдөрү саналат.
Гранттар гранттык комиссия тарабынан аныкталган Бишкек шаарын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө аныкталган өзгөчө долбоорлорду каржылоого, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объектилерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктура, тургундардын жалпы үлүштүк менчиги) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө, реабилитациялоого, ар түрдүү өзүн өзү башкаруу коомунун формаларын өнүктүрүүгө, жамааттардын өз алдынча башкаруусунун ар кандай формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка тиричилик аракет маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмдүүлүгүн түзүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталат.
Грант алуучу тарабынан долбоорду ишке ашырууну каржылоо түрүндө грант берилет.
Арыз берүүчүлөрдүн мобилизацияланган ресурстарга кошумча болгон гранттардын каражаттарынын эсебинен кошо каржылоого табыштамалар артыкчылыкка ээ. Каржылоонун артыкчылыктары жана үстүбүздөгү жылга арыз берүүчүлөр тарабынан кошо каржылоо пайызы жыл сайын Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы тарабынан аныкталат.
3. Долбоорлорду даярдоо процесси
Бишкек шаардык кеңеши тарабынан "Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынгандан кийин жана бюджеттин курамындагы гранттын өлчөмү аныкталгандан кийин Бишкек шаарынын мэриясы шаардын коомчулугун массалык маалымат каражаттар аркылуу долбоордук табыштамаларды кабыл алуунун башталышы жана мөөнөтү, үстүбүздөгү жылда гранттардын эсебинен каржылоого багытталган Бишкек шаарын өнүктүрүү артыкчылыктар жөнүндө маалыматты жана билдирет.
"Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" Жобого ылайык (мындан ары-гранттык комиссия) табыштамаларды кабыл алууну, баалону жана карап чыгууну жүзөгө ашырат.
Кароого сунушталган табыштамалар долбоордун деталдуу баяндоосун, анын баасын жана календардык жылдын ичинде долбоорлорду ишке ашырууда пайда болгон кийинки күндөлүк чыгымдары, операциялык чыгымдарды жана эксперттик коштоосун кошо, долбоордун иштеринин көлөмү, аны иш жүзүнө ашыруу мөөнөтү, керектүү жана тартылган кошумча ресурстары, долбоорду аткаруучулардын тизмеси, долбоорду ишке ашыруусунун продуктылары жана жыйынтыктары, ошондой эле долбоордун өзгөчөлүгүнө ылайык гранттык комиссия тарабынан аныкталуучу башка маалыматты камтууга тийиш. Долбоор милдеттенме - каттар, арыз берүүчүлөрдүн ар кандай формадагы каржы жана мобилизацияланган ресурстарды киргизүүсүн тастыктаган документтери менен коштолуусу керек, зарыл керек болгон учурда, долбоор эксплуатациялоо планын жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн продуктылар, жыйынтыктар жана объекттер менен мындан ары башкаруу планын камтыйт.
Грант алууга табыштама долбоордун бардык катышуучуларынын мобилизацияланган ресурстарынын өлчөмүн аныктоо менен берилет.
Гранттык комиссия тарабынан белгиленген форма боюнча долбоорду баяндаган жазуусу жана башка документтер керектүү пакети менен грант алууга табыштама тиркелип берилет.
"Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жобо Бишкек шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
Грант алуу жана алынган каражаттарды пайдалануу, грант алууга табыштамаларды кабыл алуу жол жобосун түшүндүрүү боюнча арыз берүүчүлөргө көмөк көрсөтүү, жеринде окутуу тренингдерди жана семинарларды, түшүндүрүүчү жана консультативдик иш-чараларды өткөрүү, маалыматтык колдоо, гранттык комиссиясынын кароосуна документтерди даярдоо, долбоорлорду ишке ашыруу мониторинги жана грантты пайдалануу жыйынтыктары боюнча отчетторду кабыл алууну уюштуруу, уюштуруу, техникалык, маалыматтык, эксперттик жана башка колдоо Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги (мындан ары агенттик) тарабынан "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" Жобого ылайык ушул максаттарга багытталган каражаттарынын эсебинен көз каранды эмес эксперттерди жана адистерди тартуу менен жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Долбоорлорду тандап алуу
"Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" Жобого ылайык үстүбүздөгү жылга ал тарабынан бекитилген приоритеттерге жана долбоорлорду каржылоо квоталарына долбоорлорду тандап алуу жүзөгө ашырылат. Үстүбүздөгү жылга приоритеттерди бекитүүдө, долбоорлорду баалоодо жана тандап алууда гранттык комиссия долбоорлордун төмөнкү шарттар менен туура келүүсүн жетекчиликке алат:
- Бишкек шаарын, анын жергиликтүү жамааттарын комплекстүү өнүктүрүүнүн инновациялык формалары;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары жана формаларынын, жергиликтүү жамааттардын, коммерциялык, коммерциялык эмес, эл аралык жана мамлекеттик түзүлүшүнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты бекемдөө;
- калктын шаардын өнүгүүсүнө активдүү катышуусу;
- жергиликтүү жамааттардын өз алдынча уюштуруусу жана өз алдынча өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, калкты социалдык мобилизациялоо.
Гранттык комиссия тарабынан диний жана саясий топтордон жана уюмдардан табыштамалар жана долбоорлор, диний жана саясий максаттарды ишке ашырууга табыштамалар жана долбоорлор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жүргүзүлбөөчү долбоорлор каралбайт.
Долбоор бир календардык жылдын ичинде ишке ашырууга эсептелиши керек. Кээ бир учурларда гранттык комиссия тарабынан долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынат.
Иштин жыйынтыгы боюнча гранттык комиссия долбоорлорду гранттардын эсебинен каржылоого тандап алуу жөнүндө чечимди протокол түрүндө жол-жоболоштурат.
5. Гранты каржылоо тартиби, контроль жана отчеттуулук
Гранттык комиссиянын чечиминин жана Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу кабыл алынгандыгынын жыйынтыгы боюнча грант алуучу менен грант берүүчүнүн ортосунда гранттык макулдашуу түзүлөт. Каржылоо Гранттык комиссиянын чечиминин негизинде Бишкек шаардык кеңештин кабыл алган буйругуна ылайык каржыланат.
Арыз берүүчү тарабынан тең каржылоо каражаттарды же башка же болбосо сынакка табыштаманын берүү этабында айтылган долбоордун бардык катышуучулардын мобилизацияланган ресурстарын аныктаган - документтерин (бюджеттик эмес тең каржылоонун жана өздүк күч каражаттарынын эсебинен жумуш бүтүрүү актысы, төлөөчү тапшырмалары, долбоордун башка катышуучулары тарабынан которулган каражат алуу боюнча подрядчынын счет-фактураларынын көчүрмөлөрү ж.б.у.с.) бергенден кийин грантын эсебинен долбоор каржыланат.
Грант берүүчү тарабынан долбоорду этап-этап боюнча каржылоо жүргүзүлөт. Мындай учурда долбоордун ар бир аткарылган этабынан кийин грант алуучу тарабынан гранттык комиссияга аткарылган жумушу тууралу отчет тапшырылат, долбоордун ар бир аткарылган этабын жактыргандан кийин грант берилет.
Грант алуучу тарабынан ишке ашырылуучу долбоорду аткаруу үчүн контроль Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлөт.
Долбоор боюнча ишкердик аяктагандан кийин грант алуучулар гранттык комиссияга белгиленген форма боюнча кийинки отчетторду даярдап тапшырат:
- гранттык комиссия менен Агенттик тарабынан белгиленүүчү талаптарга ылайык грант алуучунун банктагы каражаттардын кыймылы боюнча көчүрмөлөрүн, грант алуучунун акча каражатынын кыймылы боюнча маалымат, грант алуучунун долбоорду ишке ашыруудагы түзүлгөн келишимдердин, эмгек макулдашууларынын көчүрмөлөрү (жумушту өз күчү менен бүтүрүүдө - грант алуучунун товар жана кызмат көрсөтүүнү сатып алуу боюнча эсеп кысап фактураларынын көчүрмөсү, грант алуучунун эмгек акысы боюнча ведомость), тең каржылоосун же болбосо долбоордун катышуучуларынын мобилизацияланган ресурстарын аныктаган документтерди, жана башка керектүү документтерди камтыган жыйынтыктоо финансылык отчетту;
- долбоор боюнча ишкердик жөнүндө жыйынтыктоочу мазмундуу отчетту.
Долбоордон кийин жаралган (ремонттолгон) объекттердин долбоорлорунун жүрүшүндө түзүлгөн кабыл алуулар грант алуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык кабыл алынат. Кабыл алуу актысына, же объектти эксплуатацияга киргизүү актысына кол койгон аткарылган иштерди кабыл алуу боюнча комиссия грант алуучу тарабынан өз алдынча гранттык макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык түзүлөт.
Аткарылган иштерди кабыл алуу боюнча комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, Бишкек шаардык кеңештин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү кириши мүмкүн. Объектти кабыл алуу актысынын бир экземпляры жыйынтыктоо каржылык отчетуна тиркелет.
Бишкек шаарынын мэриясы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө грант алуучулардын жана жергиликтүү жана шаардык башкаруунун структуралык жана аймактык бөлүмдөрүнүн иш мониторингин уюштурат.
Бишкек шаарынын мэриясы долбоорлордун бир жылдык ишке ашыруусун аяктоо менен мониторинг уюштурат:
- грант алуучулар тарабынан гранттык каражаттарды өз максатына ылайык колдонуусун;
- грантты издеп табуусуна берилген табыштамага (документтер пакети менен) жана кол коюлган гранттык макулдашууга ылайык грант алуучу тарабынан коюлган иш чараларды жана тең каржылоосун жана мобилизацияланган ресурстарды киргизүү шарттарын аткаруу;
- грант алуучу тарабынан грант берүүчүнүн керектүү жол жоболорду жана гранттык табыштаманы даярдоо бөлүгүндөгү негизги талаптарды аткаруу, долбоорду ишке ашыруу, даярдоо жана керектүү отчетторду өткөрүү;
- сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдө алынган натыйжада долбоорду ишке ашыруудагы чыгарылган продукттардын жетишкен аралыктагы жана акыркы жыйынтыктар.
Агенттиктин бул ишкердигин жүзөгө ашыруу үчүн келишимдик негизде көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды жана адистерди тартууга укуктуу.
Көйгөйлөрдүн жана маселелердин долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгондорду чечүүдө грант алуучуларга талкуулоодо жана уюштурууда көмөк көрсөтүү үчүн долбоорлордун мониторингинин утурумдук жыйынтыктары гранттык комиссиянын кароосуна киргизилиши мүмкүн.
Эгерде грант алуучу тарабынан ушул Жобонун шарттары аткарылбаган, керектүү жол жоболорду жана гранттык табыштаманы даярдоо, долбоорду ишке ашыруу, керектүү отчетторду даярдоо жана өткөрүү бөлүгүндөгү грант берүүчүнүн талаптарын бузууга жол берилген болсо, грант берүүчү гранттык макулдашууну бузууга, төлөмдөрдү токтотууга, ошондой эле сот органдары аркылуу гранттык макулдашууну бузуучуларынан пайдаланылган акча каражаттарды кайра кайтарып берүүсүн талап кылуу укугуна ээ.
Сүйлөшүп келишкендикти аткарбагандыктын субъективдүү жана объективдүү себептери пайда болгон учурда грант берүүчү грант алуучунун өтүнүчү же гранттык комиссиянын чечими боюнча грант берүүчү гранттык макулдашуунун шарттарын өзгөртө алат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси | Ю.Шкуропатов
|
| |
|
|
| |
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 115 токтомуна 2-тиркеме
| |||
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" ЖОБО
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы (мындан ары-гранттык комиссия) дем берүүчү (үлүштүк), гранттардын жана донорлордун, эл аралык уюмдардын каражаттарынын ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн эсебинен, Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун карап чыкканга жана каржылоого тандап алганга түзүлөт.
"Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" Жобосу (мындан кийин-Жобо) гранттык комиссиясынын түзүү эрежесин, сынактарды уюштуруу жана өткөрүү эрежесин, табыштамаларды жана долбоорлорду кароо тартибин жөнгө салат.
1. Гранттык комиссиясын түзүү тартиби
Гранттык комиссия гранттык комиссиянын персоналдык курамын, төрагасын жана секретарын бекитүүчү Бишкек шаардык кеңештин токтому менен түзүлөт. Гранттык комиссиянын ыйгарым укуктарын иштөө мөөнөтү - гранттык комиссиянын жаңы курамын бекиткенге чейин.
Гранттык комиссиянын курамы көз карандысыздык жана объективдүүлүк принцибине жооп бериш керек.
Гранттык комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун тең каржылоосуна катышкан өкүлдөрү кирет.
Гранттык комиссиянын төрагасынын макулдашуусу менен гранттык комиссиянын жыйналышына Бишкек шаарынын кеңештин депутаттары, тең каржылоодо катышпаган эл аралык уюмдар жана донорлор өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясы, коммерциялык эмес уюмдар жана массалык маалымат каражаттар чакырылган байкоочулар катары чакырылат. Чакырылган байкоочулар добуш берүүдө катышпайт, бирок гранттык комиссиянын төрагасынын сунушу менен каралып жаткан жергиликтүү жамааттардын долбоорлору боюнча өз ойлорун айта алышат.
Гранттык комиссиянын персоналдык курамы жана анын төрагасы Бишкек шаардык кеңештин тийиштүү токтому менен өзгөрөт.
2. Табыштамалардын жана долбоорлордун гранттык сынагынын тартиби
Бишкек шаардык кеңеш Бишкек шаарынын бюджетин бекитүүдө дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын каржылоосунун көлөмүн учурдагы каржы жылына аныктайт.
Бишкек шаардык кеңеш Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын (мындан кийин гранттар) каржылоосунун көлөмүн бекиткенден кийин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бир жылда бир жолудан кем эмес гранттык сынак (мындан кийин - сынак) жарыяланат.
Бишкек шаарынын мэриясы бекитилген бюджеттин чегинде:
- сынакты жарыялайт, гранттардын эсебинен каржылоону алуу үчүн табыштамалардын берүү мөөнөтүн белгилейт;
- Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин базасында гранттардын эсебинен каржылоону алуу үчүн табыштамаларды алат, алардын каттоодон өткөрөт, эксперттик баалоосун уюштурат, маалыматтык колдоосун жана гранттык каражаттарды алуу жана пайдалануу процедураларын түшүндүрүү боюнча арыз берүүчүлөргө көмөк көрсөтүүсүн уюштурат жана көрсөтөт, долбоордук топтордун окутуусун жана консультацияларды уюштурат жана өткөрөт, гранттык каражаттардын колдонуусунун, долбоорлордун ишке ашыруу жыйынтыгынын мониторингин жүргүзөт, грант каражаттарынын каржылоосун ишке ашырып жаткан мекемелерин анын ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча акыркы отчетун кабыл алуусун уюштурат;
- сынактын жеңүүчүлөрү менен гранттык макулдашууну иштеп чыгат жана түзөт;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун биргелешкен каржылоосун уюштуруу боюнча ниеттер жөнүндө протоколдорун жана макулдашууларын эл аралык уюмдар жана донорлор, өкмөттүк эмес уюмдар менен иштеп чыгат жана түзөт;
- гранттык комиссиясы менен өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгынын негизинде долбоорлорду каржылоо боюнча чечим кабыл алат;
- грант алуучулар гранттык макулдашуунун шарттарын аткаруу боюнча мониторингди, долбоорлорду ишке ашырууну жана гранттык каражаттардын максаттык колдонуусун иш жүзүнө ашырат.
Гранттык комиссия:
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган стратегиялык жана программалык документтерге, шайлоочулардын сунуш-талаптарына жана шаардык өнүктүрүү муктаждыгына ылайык үстүбүздөгү жылда жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун гранттык каржылоонун артыкчылык багыттарды аныктайт;
- түшкөн табыштамаларды сынак аркылуу кабыл алат;
- долбоорлорду тандап алуунун жыйынтыгы боюнча протокол түзөт жана аларды Бишкек шаарынын мэриясына гранттык макулдашууларды түзүү жана жеңип чыккан долбоорлорду каржылоосун уюштуруу үчүн берет;
- долбоорлорду ишке ашыруусу бүткөндө каржылоо жылынын жыйынтыгында гранттардын эсебинен ишке ашырылган жергиликтүү жамааттардын долбоорлору боюнча отчет даярдап аларды Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарат.
Гранттык комиссия өзүнүн жыйынында гранттардын эсебинен даярдалган жана ишке ашырылган долбоорлордон чыккан проблемалуу жана келише албастык кырдаалдарды карап, ушул максатка ылайык баардык кызыккан жана жоопкерчиликтүү адамдарды угат, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматтык адамдарына тапшырма берет.
Гранттык комиссиясы менен каржылоого багытталган каттоого, кароого, баалоого жана тандап алууга "Дем берүүчү (үлүштүк) грант алууга табыштама" № 1 формасына жана гранттык комиссия менен белгиленген талаптарга ылайык табыштамалар алынат. Табыштама мамлекеттик же болбосо расмий тилде түзүлүшү мүмкүн. Гранттык комиссия тарабынан Агенттикте каттоодон өткөн жана каттоо номери болгон гана табыштамаларды жана долбоорлорду карайт.
Табыштамага каттоо белгиси Агенттиктин кызматкери тарабынан арыз берүүчүлөрдүн катышуусу менен Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону алганга багытталган табыштамаларынын каттоо Китебине бул Жобо тарабынан белгилеген формага ылайык коюлат. Долбоордук табыштама кабыл алынган күнү Гранттык комиссиянын секретары менен каттоо номери берилет. Каттоо номери арыз берүүчүгө билдирилет.
Табыштамалар бул Жобо менен жана гранттык комиссиянын чечими менен коюлган мөөнөттөн кеч берилсе жана белгиленген талапка ылайык келбесе сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берилбейт.
Катталган табыштамалар гранттык комиссиянын секретары тарабынан эксперттик баалоого жөнөтүлөт. Баа Агенттик тарабынан ишке тартылган эксперттер тарабынан гранттык комиссиянын секретары белгилеген мөөнөттө жүргүзүлөт. Гранттык комиссияга табыштамаларды гранттык комиссиянын секретары баалоо жыйынтыгы боюнча эксперттик корутундуну төмөнкү жазуусу менен берет:
- табыштаманын сынактын талабына жана гранттык комиссиясы менен белгиленген артыкчылыктарга жана үстүбүздөгү жылда каржылоо шарттарына ылайык келүүсү;
- долбоорду ишке ашыруусун төп келүү баалары;
- эксперттердин колдоо, калганын иштеп бүтүрүү же болбосо долбоордук табыштаманы кабыл албоо жөнүндө сунушу.
Эксперттик корутундулардын даярдыгы боюнча табыштамалар боюнча гранттык комиссиянын төрагасы анын жыйынын белгилейт. Гранттык комиссия өзүнүн жыйынында келген табыштамаларды карайт жана тийиштүү чечим кабыл алат:
- гранттын эсебинен каржылоо үчүн табыштамаларды тандап алуу жөнүндө;
- табыштамаларды жеткиликтүү иштеп чыгууга жөнөтүү жөнүндө;
- табыштаманы кабыл албоо жөнүндө.
Гранттык комиссия тарабынан кабыл алган чечим протокол түрүндө жол жоболоштурулат, Бишкек гранттык макулдашуу түзүү жана сынактын жеңүүчүлөрүн каржылоону уюштуруу үчүн берилет. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону алганга багытталган табыштамаларынын каттоо Китебинде сынактын жыйынтыгы белгиленет. Эгерде экиден азыраак табыштама түшсө сынак болгон жок деп эсептелет.
Гранттык комиссиянын жыйынын жыйынтыгы боюнча Агенттик арыз берүүчүлөргө жыйынтык жөнүндө маалымат берет, эгер зарыл болуп калса табыштаманы калганын иштеп бүтүргөнгө жиберет. Гранттык комиссиясы менен кабыл алынбаган табыштамалар рецензияланбайт жана кайра арыз берүүчүгө кайтарылып берилбейт.
Гранттык комиссиясы тарабынан алынган гранттын эсебинен каржылоого кабыл алынган долбоорлор зарыл болсо калса арыз берүүчү тарабынан Агенттиктин эксперттеринин консультациялык көмөк көрсөтүүсүндө иштелип чыгарылат, кошумча кайра рецензияланбайт, гранттык комиссиянын секретары менен белгиленген мөөнөттө иштеп чыгуунун аягында Агенттикке өткөрүүгө тийиш.
Гранттык комиссиянын секретарынан арыз берүүчү бир жолу гранттык комиссиянын долбоорлорду кароо жыйынтыгы жөнүндөгү маалымат алат. Гранттык комиссия арыз берүүчүлөрдүн сынактын жыйынтыгы жөнүндө доосун кабыл албайт.
Сынакты даярдап жана өткөрүп жатканда гранттык комиссия жергиликтүү жамааттардын демилгелүү топторунун, коммерциялык эмес уюмдарынын жана Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкарууларынын төмөнкүлөргө эркин кирүүсүн камсыз кылат:
- Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттарынын органдарынын Форумдарын жана башка коммуникациялык чараларын өткөрүү, аймактык депутаттык топтор, массалык маалымат каражаттарындагы публикациялар, консультация жана Агенттиктеги башка чаралар аркылуу Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун гранттык каржылоосу жөнүндө маалыматына;
- сынакка катышуу ачык формат аркылуу, табыштамаларды айкын жана ачык берүү жол жобосу аркылуу сынакка катышууга.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Гранттык комиссиясынын ишин камсыздоо
Гранттык комиссиянын иши, Агенттиктин сынакты уюштуруу жана долбоорлорду грантын эсебинен каржылоо боюнча ишин материалдык-техникалык, уюштуруу жана каржылоо жактан камсыздоосу, гранттык каражаттарын алуу жана пайдалануу процедурасын түшүндүрүү боюнча арыз берүүчүлөргө көмөк көрсөтүүсү, долбоордук топторду окутуусу, долбоорду иштеп чыгуу жана гранттарды издеп табууга багытталган табыштамаларды даярдоосу, уюштуруу жактан, техникалык, маалыматтык, консультациялык жана эксперттик-колдоосу долбоорлорду ишке ашырууну мониторингин жүргүзүүсү, Агенттик менен келишим аркылуу тартылган көз каранды эмес эксперттердин жана специалисттердин жылда шаардын бюджети менен дем берүүчү (үлүштүк) грантка каралган каражаттардын 5% өлчөмүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов
|