Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы №227
Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 20 "Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартибин жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө" Жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы "Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү тартиби жөнүндө" Жобону ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А. Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | М.Аманкулов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 227 токтомуна тиркеме
|
Жобо
1. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесин түзүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
я 2. Жобо Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жактарды тизмеге киргизүү тартибин жөнгө салат.
3. Бул жобо турак-жай проблемаларын чечүүгө, Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 20 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө" Жобону ишке ашырууга багытталган.
4. Жарандарга жардам Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттен же башка булактардан бөлүнүүчү акча каражаттар берилет.
5. Турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын тизмесин түзүүнү куруучу жүзөгө ашырылат.
6. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесине киргизилүү укугуна Бишкек шаарынын аймагында эмгек иштиктүүлүгүн жүзөгө ашырган, көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга өз ыктыярдуу макулдугун билдирген төмөнкү Кыргыз Республикасынын жараны ээ боло алат:
а) менчик турак-жайы (үй, квартира) жана/же Бишкек шаарынын аймагында жеке турак-жай курууга бөлүнгөн жер участогу болбогон;
б) менчигинде болгон турак-жайы (үйү, квартирасы), анын турак-жай аянты белгиленген санитардык ченемдерге жана талаптарга жооп бербеген.
7. Арыздануучу төмөнкү документтерди камтыган документтердин топтомун берүүгө тийиш:
а) белгиленген формадагы арыз;
б) паспорттун көчүрмөсү;
в) Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыктын Бишкек шаарында менчик укугу тиешелүү кыймылсыз мүлкү жок экендиги жөнүндө маалымкат;
г) эмгек китепчесинин же Бишкек шаарынын аймагында эмгек иштиктүүлүгүн жүзөгө ашыргандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
д) иштеген жеринен маалымкат;
е) турак-жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак-жайы болсо);
ж) үй бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат (жашаган жеринен).
з) айлык акы тууралу маалымкат.
8. Куруучу тийиштүү документтерди алып ар бир арыз берүүчүгө маалыматтык пакет даярдайт жана аны Комиссиянын кароосуна киргизет.
9. Үлүштүк курууга катышуунун шарттарында турак жай берүүнүн негизги критерийи болуп арыз берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгү болуп саналат.
10. Комиссия ар бир арыз берүүчүнүн маалыматтык пакетин карап чыгат. Комиссиянын үлүштүк курулушка катышууга укугу бар жарандарын тизмесин бекитүү жөнүндө чечими комиссиянын протоколу менен жол-жоболоштурулат.
11. Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууда катышууга укугу бар жарандардын тизмесине киргизүү үчүн документтерди берген жарандар, ошондой эле документтерди берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык органдар алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Эгерде Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү үлүштүк курууга катышуу укугун алган жак андан ары кандайдыр бир себептер боюнча акы төлөөнү жүргүзө албаса же келишимдин шарттарын бузса, үлүштүк курулуш жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте бузулат.
13. Комиссия үлүштүк курууда катышуу укуктарын берүү боюнча маселелерди кароону жана квартираларды бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат.
14. Комиссия өз иш-аракетин кеңешме формасында ишке ашырат. Кеңешменин жыйынтыктары төрага жана комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлган протокол менен жол-жоболоштурулат.
15. Комиссиянын кеңешмеси топтолгон маселелерге жараша Комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталган күндө өткөрүлөт.
16. Эгерде кеңешмеде комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2\3 ден кем эмеси катышкан учурда, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
17. Кбмиссия арыз берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн үлүштүк катышуу шарттарында турак-жай берүүнүн бирден бир негизги критерийи катары кабыл алат.
18. Комиссия арыз берүүчү тарабынан берилген документтер топтомуна ылайык, ошондой эле башка критерийлерди эсепке алуу же добуш берүү жолу менен аянттары жана кабаттары боюнча квартираларды бөлүштүрүүнү аныктайт.
19. Комиссия кеңешмеде каралуучу маселелерге тиешелүү документтерди, корутундуларды жана башка материалдарды Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана түзүмдөрүнөн менен чарба жүргүзүүчү субъекттерден алууга укуктуу.
20. Комиссиянын чечимдерине даттануу белгиленген мыйзам тартибинде жүргүзүлөт.
21. Комиссиянын иш-аракетин уюштурууну камсыз кылууну куруучу жүзөгө ашырат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.А.Нурдавлетов |