Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 249
Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштешин камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймакты коргоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу ыкчамдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө", 2010-жылдын 17-декабрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуунун' кызматтары жөнүндө" токтомдорун аткаруу үчүн Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссия түзүлсүн.
2. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
а) Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы боюнча жобо (1-тиркеме);
б) Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын курамы (2-тиркеме).
3. Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмеги бекитилсин (3-тиркеме).
4. Бишкек шаарынын Жарандык коргонуусунун шаардык кызматтарынын начальниктери эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен макулдашсын:
а) Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө Жобону;
б) тынчтык жана согуш мезгилдеги Жарандык коргонуу иш чараларын камсыздоо планын;
в) шаардын Жарандык коргонуу кызматтарынын түзүмдөрүн түзсүн жана табелдик мүлк жака керектүү техникалар менен камсыздасын.
5. Менчик түрүнө карабастан Бишкек шаарынын уюмдарынын, ишканаларынын жана мекемелеринин жетекчилери Жарандык коргонуу боюнча объекттик комиссияларды түзүшсүн.
6. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын башчылары:
а) бир айлык мөөнөттө Жарандык коргонуу боюнча райондук комиссияларды түзсүн;
б) эки айлык мөөнөттө Жарандык коргонуу кызматтарын түзсүн;
в) райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын курамын жана функцияларын бекитсин жана ылайык келтирсин;
г) райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын жобосуна ылайык келтирсин;
д) тынчтык жана согуш мезгилдеги Жарандык коргонуу иш-чараларын камсыздоо планын иштеп чыксын;
е) райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын түзүмдөрүн түзсүн жана табелдик мүлк жана керектүү техникалар менен камсыздасын.
7. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
8. 2011-жылдын 30-октябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.
9. Бул. токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укук маселелери, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана укук коргоо органдары менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (В.Н.Ким) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В.Красиенкого жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Аманкулов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы 1-тиркеме |
1. Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы (мындан кийин - ЖКК) Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумундагы аймактык деңгээлде координациялоочу орган болуп саналат.
2. ЖКК өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Бишкек шаарынын Жарандык коргонуунун начальниги - Бишкек шаарынын мэринин буйруктарын жана тескемелерин ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. ЖККнын негизги милдеттери:
а) Бишкек шаарынын аймагында Жарандык коргонуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жетекчилик кылуу;
б) Бишкек шаарынын аймагында Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
в) Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, бийликтин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана менчиктин түрүнө карабастан уюмдардын иш-аракеттерин координациялоо жана Бишкек шаарынын аймагында Жарандык коргонууну киргизүү.
4. ЖККнын негизги иш-милдеттери:
а) мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын аткарылышын ишке ашыруу жана камсыздоо;
б) ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууда катышуу жана уюштуруу, ошондой эле Жарандык коргонуу жаатында агартуу иштерин жайылтууну жана таркатууну уюштуруу;
в) тынчтык жана согуш мезгилде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды координациялоо;
г) Жарандык коргонуу жаатында максаттуу илимий-техникалык изилдөөлөрдү жана атайын программаларды уюштуруу;
д) өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин болжолдоо жана баалоо;
е) мамлекеттик каражаттардын эсебинен Жарандык коргонуунун кечиктирилгис иш-чараларын каржылоо маселелерин чечүү;
ж) Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн даярдыгын камсыз кылуу;
з) Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Жарандык коргонуу иш-чаралар планынын аткарылышын уюштуруу;
и) өзгөчө кырдаал болгон райондо жабыркаган калкка биринчи кезектеги жашоо тиричилигин камсыздоону уюштуруу;
к) Жарандык коргонуу жаатында эл аралык кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо;
л) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү.
5. ЖКК белгиленген тартипте төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
а) райондордун Жарандык коргонуу боюнча комиссияларынын, чарба жүргүзүүчү объектилеринин, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилерин жана төрагаларын комиссиянын компетенциясына тийиштүү болгон маселелер боюнча угуу;
б) райондук администрациялардын, чарба жүргүзүүчү объектилердин жана менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилеринен комиссиянын иши үчүн керек болгон маалыматты сурап алуу;
в) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жетекчини дайындоо жана алар пайда болгон учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алуу;
г) Жарандык коргонуу муктаждыгы үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү жана аларды пайдалануу тартибин аныктоо;
д) Жарандык коргонуу жаатында маселелерди тез арада чечүү үчүн өзгөчө кырдаалдардын түрлөрүнө жараша профилдик багыты боюнча комиссиянын мүчөлөрүнөн кеңештерди, жумушчу топторду түзүү;
е) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистерин Жарандык коргонуу маселелери боюнча аналитикалык, эксперттик жана башка жумуштарды аткаруу үчүн тартуу;
ж) комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын контролго алууну жүзөгө ашыруу жана аларды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилик чаралары жана даражасы жөнүндө сунуштарды киргизүү.
6. ЖККнын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдер, менчик түрлөрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бардык уюмдар, ошондой эле калк тарабынан аткарылууга милдетүү.
7. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына жүктөлөт.
8. Комиссиянын кеңешмелери зарылчылыкка жараша, же ЖККнын төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт, комиссиянын чечимдери протокол менен жол-жоболоштурулат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын ЖК комиссиясынын төрагасы - Өзгөчө кырдаалдар маселелерин жетектөөчү вице-мэр.
Бишкек шаарынын ЖК комиссиясынын төрагасынын орун басары - КР ӨКМсынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн начальниги .
Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу комиссиясынын жооптуу катчысы Бишкек шаарынын мэриясынын жашыл чарба жана көрктөндүрүү бөлүмүнүн башчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.
Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаарынын башкы архитектору.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги. Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин директору.
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери.
Бишкек шаарынын өрт коопсуздугу башкармалыгынын начальниги.
"Бишкекжылуулуктармагы" ААКсынын башкы директору.
"Бишкекгаз" ААКнын Бишкек газ чарба башкармалыгынын начальниги.
"Кыргызтелеком" ААКнын вице-президенти - БШТТнын башкы директору.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги.
"Түндүкэлектр" ААКнын Чыгыш РЭТсынын начальниги.
"Түндүкэлектр" ААКнын Батыш РЭТсынын начальниги.
Бишкек шаарынын мэриясынын "185" тез чара көрүү кызматынын начальниги.
Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги.
"Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу" МИсинин директору.
"Тазалык" МИнин директору.
Бишкек шаарынын ЖЭБнин директору.
"Бишкекжылуулукэнерго" КИнин директору.
Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги (МАКК).
Бишкек шаарынын мамлекеттик ветеринардык-санитардык башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |
| Бишкек шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 30-июнундагы 3-тиркеме |
№ п/п |
Кызматтын аталышы |
Кызматтын милдеттери |
Кызматтын түзүлүү базасы |
Кызматтын жетекчилиги |
1 | Жарандык коргонуунун коомдук тартипти сактоо кызматы | Шаарда, өзгөчө кырдаалдар болгон райондордо, калктын чогулган жерлерде жана транспорттук магистралдарда коомдук тартипти сактоо. Мамлекеттик менчикти жана жарандардын өздүк мүлкүн сактоо. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо; өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө калктын жоготууларын эсепке алуу. | Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) | ЖК кызматынын начальниги - ИИББнын начальниги. ЖК кызматынын штабынын начальниги - ИИББнын начальнигинин орун басары. |
2 | Жарандык коргонуунун медициналык кызматы | Жаратылыш кырсыктары болгон райондордо, ири өндүрүштүк бүлгүндөрдө жана кыйроолордо, бүлгүндөп суу каптоо зоналарында жана аскердик аракеттерде калктын ден-соолугун тез арада калыбына келтирүү максатында, алардын эмгек ишмердигине кайтып келүүсүнө, майып болуу жана курмандыктарды азайтууда жапа чеккен калкка медициналык жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүү; Жарандык коргонуунун медициналык кызматынын мекемелеринде медициналык мүлктөрдүн жана дары-дармектердин резервин түзүү боюнча жетектөө; массалык жугуштуу оорулардын пайда болушун, жана алдын алууга жайылышын багытталган санитардык-гигиена- лык жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү; өзгөчө кырдаалдардын оор санитардык кесепеттерин четтетүү жана калктын санитардык саламаттыгын камсыздоо. | Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаменти | ЖК кызматынын начальниги - Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин директору ЖК кызматынын штабынын начальниги - Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин директорунун орун басары |
3 | Жарандык коргонуунун автотранспорттук кызматы | Кыйроолор, бүлгүндөр жана башка табигый кырсыктарда, ошондой эле аскердик аракеттерди киргизүүдө калкты эвакуациялоо жана бөлүп жайгаштыруу; транспорттун бардык түрлөрү менен ташууну жүргүзүү (Жарандык коргонуу түзүмдөрүн ташуу, медициналык эвакуацияны камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдарды тартып келүү). | Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы | ЖК кызматынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальнигинин орун басары |
4 | Жарандык коргонуунун жашырынуу жана баш калкалоо кызматы | Коргонуучу жайларда жашырынуучуларды белгиленген мөөнөттө кабыл алуу, даярдыкта кармоо жана эксплуатациялоо боюнча кызматка жүктөлгөн тапшырмаларды чечүүнү дайыма даярдыгы, калка жайларды жана сыйынттарды өз убагында оңдоо жана калыбына келтирүүнү уюштуруу. | Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ленчик башкармалыгы | ЖК кызматынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин орун басары |
5 | Жарандык коргонуунун суу менен камсыздоо кызматы | Тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда жарандык коргонуунун түзүмдөрүн, чарба жүргүзүүчү объектилерди жана калкты суу менен камсыздоо. Суу менен камсыздоо булактарын коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жана уюштуруу. | «Бишкек- сууканалы» өндүрүштүк эксплуатациялоо башкармалыгы | ЖК кызматынын начальниги - «Бишкексууканалы» өндүрүштүк эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги Жарандык коргонуу кызматынын штабынын начальниги «Бишкексууканалы» өндүрүштүк эксплуатациялоо башкармалыгынын башкы инженери |
6 | Жарандык коргонуунун соода жана тамак-аш кызматы | Авариялык-куткаруу, кайра калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө жабыркаган калкты жана жарандык коргоонуунун түзүмдөрүнүн өздүк курамын ысык тамак, биринчи керектелүүчү азык-түлүк жана буюмдар менен камсыздоо. | Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөр- дүн укуктарын коргоо башкармалыгы | ЖК кызматынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары |
7 | Жарандык коргонуунун энергия менен камсыздоо жана жарыкты маскировкалоо кызматы | Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнүн жүрүшүндө жарандык коргонуунун иш-чараларын энергия менен камсыздоо; согуш мезгилинде шаардын аймагында жарыкты маскировкалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү контролдоо жана уюштуруу. Жарандык коргонуунун иш-чараларын жүргүзүүдө өз карамагындагы аймакка оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин аткарат. | «Түндүкэлектро» ачык акционердик коому -Чыгыш райондук электр тармагы (РЭТ) Бишкек шаарынын чыгыш багыты «Түндүкэлектро» ачык акционердик коому Батыш РЭТ Бишкек шаарынын батыш багыты | ЖК кызматынын чыгыш багытындагы начальниги - Чыгыш РЭТ начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - Чыгыш РЭТ начальнигинин орун басары ЖК кызматынын батыш багытындагы начальниги - Батыш РЭТ начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - Батыш РЭТ начальнигинин орун басары |
8 | Жарандык коргонуунун кабардандыруу жана байланыш кызматы | Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн байланыштын бардык түрлөрү менен камсыз кылуу. Жарандык коргонуунун жетекчилик курамын жана калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу жана коркунучу тууралуу кабар берүү. Кабардандыруу жана байланыш каражаттарын тейлөө жана аларды иштен чыгып калуусунда кайра калыбына келтирүү. | Бишкек шаардык байланыш түйүнү (БШБТ) | ЖК кызматынын начальниги «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун вице-президенти Бишкек шаардык байланыш түйүнүнүн башкы директору ЖК кызматынын штабынын начальниги - БШБТнын техникалык директору |
9 | Жарандык коргонуунун өрткө каршы кызматы | Өрт өчүрүү жана өрткө каршы авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди камсыз кылуу; ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар районунда өрт өчүрүү тактикасын өркүндөтүү; өрт өчүрүүчү машиналарды, жабдууларды жана өрт-техникалык куралданууларды чогултуу жана дайыма даярдыкта кармоо. | Бишкек шаарынын өрт коопсуздугу башкармалыгы (ӨКБ) | ЖК кызматынын начальниги - Бишкек шаарынын ӨКБнын начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - Бишкек шаарынын ӨКБнын начальнигинин орун басары. |
10 | Жарандык коргонуунун инженердик жана жолкөпүрө кызматы | Жерин жана талкалануу болгон жерлерин инженердик чалгындоо жүргүзүү, эвакуациялык пункттардын, калкты олтургузуу жана түшүрүү пункттарына жана жарандык коргонуунун күчтөрүнүн жайгаштыруу райондоруна инженердик жабдуулар; кыйроолордун, бүлгүндөрдүн жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда, талкалануу очокторунда авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө жарандык 4 коргонуунун күчтөрүнүн аракеттерине инженердик камсыздоо; эвакуациялык жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жүрүүгө жарактуулук абалын кармоо; жарандык коргонуунун иш-чараларын өткөрүү үчүн колдонуучу көпүрөлөрдү жана автоунаалык жолдорду калыбына келтирүү жана оңдоо. | Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы (ККБ) | ЖК кызматынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы инженери |
11 | Жарандык коргонуунун коммуналдык- техникалык кызматы | Коммуналдык-техни- калык тармактардын турук- туулугуна карата, жарандык коргонуунун жарандык уюмдарын жана коммуналдык тармактарында авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды аткаруу жана пландаштыруу. | «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коому | ЖК кызматынын начальниги - «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору ЖК кызматынын штабынын начальниги - «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары |
12 | Жарандык коргонуунун атайын тазалоо кызматы | Кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, аймакты, техникаларды, курулмаларды өзгөчө кырдаалдардын пайда болушунда жугушсуздандыруу, өлүктөрдү көмүү. | Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы | ЖК кызматынын начальниги - «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору ЖК кызматынын штабынын начальниги - «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары |
13 | Жарандык коргонуунун материалдык- техникалык камсыздоо кызматы | Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө жарандык коргонуунун түзүмдөрүн материалдык техникалык каражаттар менен камсыздоону уюштуруу. | Бишкек шаарынын өнүктүрүү агенттиги | ЖК кызматынын начальниги - шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору ЖК кызматынын штабынын начальниги - шаарды өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары |
14 | Жарандык коргонуунун газ менен камсыздоо кызматы | Газ тармактарын туруктуулугуна карата, жарандык коргонуунун жарандык уюмдарын жана газ тармагында авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды аткаруу жана мерчемдөө. | Бишкек газ чарба башкармалыгы (БГЧБ) | ЖК кызматынын начальниги - БГЧБнын начальниги ЖК кызматынын штабынын начальниги - БГЧБнын начальнигинин орун басары
|
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э. Нурдавлетов |