Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 250
Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясы жөнүндө
Өздүк ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясы жөнүндө жобо бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясынын курамы бекитилсин (2-тиркеме).
3. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын башчылары:
а) бир айлык мөөнөттө райондук эвакуациялык комиссияларды түзсүн;
б) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен макулдашуу боюнча 2011-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын райондорунун тиешелүү эвакуациялоо пландарын иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 2011-жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын калкын эвакуациялоо планын жалпыласын жана бекитсин.
5. Менчиктин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын жетекчилери объекттик эвакуациялоо комиссияларын түзсүн.
6. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. 2011-жылдын 30-октябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укук маселелери, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана укук коргоо органдары менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (В.Н.Ким ) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М.Имашовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Аманкулов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы № 250 токтомуна 1-тиркеме |
ЖОБО
1. Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруу органы болуп саналат жана калкты эвакуациялоону түздөн-түз даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан эвакуациялык иш-чараларды ар тараптуу камсыздоо үчүн контроль жүргүзүүгө багытталган. Эвакуациялык комиссия Бишкек шаарынын калкын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүүчү бардык иш-чаралардын комплексине толук жоопкерчилик алат.
2. Эвакуациялык комиссия өзүнүн иш-аракетинде эвакуациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана чечимдерин, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорун, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун жана буйруктарын, бул жобону жана башка ченемдик иш-кагаздарды жетекчиликке алат.
3. Бишкек шаарынын вице-мэри эвакуациялык комиссияны жетектейт.
4. Эвакуациялык комиссиянын жеке курамы Бишкек шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
5. Калкты эвакуациялоону өткөрүү жана уюштуруу маселелерди ыкчам чечүү үчүн, эвакуациялык комиссиянын мүчөлөрү жумушчу топторду түзүшү мүмкүн.
6. Эвакуациялык комиссия:
а) тынчтык мезгилде райондук эвакуациялык комиссиялары жана башкаруу органдары, жарандык коргонуунун (ЖК) кызматтары менен бирдикте:
табигый кырсыктар учурунда жана душмандын кол салуу коркунучу учурунда калкты жалпы эвакуациялоонун Бишкек гарнизонунун макулдашуусу боюнча калкты эвакуациялоо пландарын иштеп чыгат;
жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтары, райондун эвакуациялык органдары жана чарба жүргүзүүчү объектилер тарабынан эвакуациялык иш-чараларды иштеп чыгууга контролдоону уюштурат;
өздүк курамды толуктап түзүүгө көмөк көрсөтөт жана райондордун эвакуациялык органдарынын даярдыгын контролдойт;
шаардан тышкары зонада эвакуациялоочу калкты жайгаштырууга райондорду даярдоо жумуштарын уюштурат;
эвакуациялык иш-чараларды камсыздоо боюнча шаардык жана райондук эвакуациялык органдардын, жарандык коргонуунун кызматтарынын эвакуациялык пландарын жана эвакуациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан үстүдөгү жылдагы негизги иш-чараларынын аткарылышы карала турган кеңешмелерди мезгил- мезгили менен өткөрөт.
б) жарандык коргонууну даярдыкка келтирүүдө:
шаардык райондордун жана чарба жүргүзүүчү объекттердин эвакуациялык комиссияларын даярдыкка келтирүүнү контролдойт;
калктын санын тактайт жана эвакуациялануучулардын тизмесин тактоого буйрук берет;
калкты эвакуациялоо үчүн транспорттун, каттамдардын даярдыгын контролдойт;
шаардан тышкаркы зоналардын жайгаштыруу райондорунда чогултуу эвакуациялык пункттарды (ЧЭП), түшүрүү пункттарын (ТП), кабыл алуу эвакуациялык пункттарды (КЭП) жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышын текшерет.
в) калкты эвакуациялоого буйрук алаары менен:
кол алдындагы эвакуациялык органдар жана транспорттук кызмат менен тыкыз байланышта болот, калкка кабар берүүнүн жүрүшүн жана отургузуу пункттарына транспорт берүүнү контролдойт;
калкты эвакуациялоонун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды жалпылайт, Бишкек шаарынын жарандык коргонуунун начальниги-Бишкек шаарынын мэрине жана Республикалык эвакуациялык комиссиясынын төрагасына билдирет;
Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтары аркылуу эвакуациялык иш-чараларды ар тараптуу камсыздоону уюштурат.
Эвакуациялык комиссиясынын төрагасы комиссиянын ишин уюштурууга жана анын даярдыгына персоналдык жоопкерчилик алат.
7. Эвакуациялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) шаардык, райондук жана объекттик эвакуациялык органдарда эвакуациялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча ишти контролдоого;
б) ЖКнын даярдыгы кириши менен планга ылайык, эвакуация боюнча даярдык иш-чаралардын (эвакуациялык органдарын чогултуу, транспортту даярдоо, чогултуу эвакуациялык пункттарды (ЧЭП) жайылтуусун, жайгаштыруу жана түшүрүү пункттарынын) аткарылышына буйрук берүүгө;
в) башкаруунун шаардык жана райондук органдарынан эвакуациялык иш-чаралар боюнча керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
г) керек болгондо (Республикалык эвакуациялык комиссия аркылуу) табигый кырсыктар жана кыйроо райондорунан калкты жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо тууралуу маселелерди чечүүгө, ал эми, чыдамсыздык жагдай болгон учурда жогору туруучу башкаруу органдарына кийин маалымдоо менен калкты эвакуациялоо (чыгарып кетүү) тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга;
д) эвакуациялык иш-чаралардын жүрүшүндө керектүү коомдук тартипти сактоо максатында, тартипти бузган жактарга карата тийиштүү баш ийдирүү чараларын кабыл алууга;
е) калкты эвакуациялоо мезгилинде тиешелүү кызматтардын жана башка бөлүмдөрдүн керектүү адистерин ишке тартууга.
8. Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясынын төрагасы:
а) комиссияга жүктөлгөн маселелердин аткарылышына толук жоопкерчилик алат, комиссия мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрөт;
б) комиссиянын өздүк курамын маселелерди сапаттуу аткарууга уюштурат жана ага жүктөлгөн милдеттеринин аткарылышы боюнча иштерди жетектейт;
в) эвакуация иштеринин абалын дайыма билүүсү керек;
г) эвакуациялык иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Бишкек шаарынын жарандык коргонуусунун начальниги - Бишкек шаарынын мэрине өз убагында билдирип турат.
9. Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары шаардан тышкары зонаны эвакуациялык иш-чараларды аткарууга даярдоону, ошондой эле эвакуациялык комиссияны башка башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсүн уюштурууга түздөн-түз жооп берет.
10. Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясынын катчысы шаардын калкын эвакуациялоо планын иштеп чыгууга жана корректировкалоого жооп берет, эвакуациялык комиссиянын төрагасынын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткаруучуларга жеткирет, аларды пайдалануу жана төмөнкү эвакуациялык органдарга эвакуациялык иш-чараларын пландаштырууга жардам берүү үчүн контролду уюштурат. Ал эвакуациялык комиссиянын төрагасына баш ийет жана анын жетекчилиги алдында иштейт.
11. Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясынын мүчөлөрү өз багыттары боюнча калкты эвакуациялоо боюнча маселелердин аткарылышы, ошондой эле эвакуациялык комиссиясынын төрагасы жана анын орун басарлары тарабынан коюлган маселелерге жооп берет.
12. Үстүдөгү жылга карата эвакуациялык комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген негизги иш-чаралар планына ылайык эвакуациялык комиссиясынын күндөлүк ишин жүргүзүлөт.
13. Шаардын калкын тынчтык мезгилдеги эвакуациялоо планына ылайык өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялык комиссиянын аракеттери уюштурулат.
14. Кыйроолор, бүлгүндөр жана табигый кырсыктар пайда болгон учурларда эвакуациялык комиссия өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө жана масштабына жараша комиссиянын төрагасы тарабынан белгиленген үзгүлтүксүз иш режимине өтөт.
15. Жарандык коргонуунун "Толук" даярдыгынын киргизилиши менен эвакуациялык комиссия Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы менен бирдикте жайгашат.
16. Жарандык коргонуунун "Күчөтүлгөн" даярдык даражасынын киргизилиши менен ("Күчөтүлгөн даярдык" иштөө режиминде) төмөнкү документтери болуусу керек:
Бишкек шаардык кеңештин "Шаардын эвакуациялык комиссиясы тууралуу" токтому;
эвакуациялык комиссия тууралуу жобо;
эвакуациялык комиссиянын курамы;
шаардык эвакуациялык комиссиясынын негизги иш-чараларынын жылдык планы;
эвакуациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн функционалдык иш-милдеттери.
17. Жарандык коргонуунун "Күчөтүлгөн" даярдыгын киргизүүдө ("Күчөтүлгөн даярдык" иштөө режими) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан эвакуациялык комиссияга Бишкек шаарынын калкын эвакуациялоонун тиешелүү пландары келип түшөт.
18. Эвакуациялык комиссиясынын документтерин учетко алууну жана сактоону эвакуациялык комиссиянын катчысы жүргүзөт.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы № 250 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын эвакуациялык комиссиясынын төрагасы - Шаардык транспорт маселелерин жетектөөчү вице - мэр.
Комиссиянын төрагасынын орун басары - КР ӨКМсынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
Комиссиянын төрагасынын орун басары -Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары.
Комиссиянын жооптуу катчысы - КР ӨКМсынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башкы адиси.
Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары.
Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
Бишкек шаардык телефон тармагы башкармалыгынын техникалык директору.
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин директорунун орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
Кыргыз Республикасынын эмгек, жумуштуулук жана миграция шаардык башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмүнүн начальниги.
"Бишкекбашкыархитектура" башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин начальнигинин орун басары.
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).
Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.
Бишкек шаардык мамлекеттик архивдин башчысы.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |