Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 268
Апрель элдик революциясынын баатыры Джалил Нургазиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык атоолор жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунунун 2011-жылдын 13-майындагы № 3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бакай-Ата" конушундагы аты жок көчөгө Апрель элдик революциясынын баатыры Джалил Нургазиевдин аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).
2. Көчөнү атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шааркурулушу боюнча Бишкек шаарынын башкы башкармасы (А.А.Абдыкаров) учеттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Аманкулов |