Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну №238
Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясын жүзөгө ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналары тиркелген чиймеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жана Бишкек шаарындагы нарк зоналардын чектери бекитилсин (2-тиркеме).
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун жоболору 2011-жылдын 1-январынан тартып жер салыгы боюнча эсептерге таркатылаары белгиленсин.
5. Бишкек шаардык кецештин "Бишкек шаарынын экономикалык-пландоо зоналарын жана Кз зоналык коэффициентинин маанисин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынганга чейин бул токтомдун ченемдеринин иштөөсү улантылат.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча уруктуукомиссиясына (Кайыпов А. К.) жана Бишкек шаарынын биринчи виценмэри М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.
Төрөга | М.А.Аманкулов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы №238 токтомуна №2-тиркеме |
Кз зоналык коэффициенттин мааниси | Нарк зоналардын индекстери |
Чектердин жана нарк зоналардын баяндалып жазылышы |
1,2 | I | Жибек-Жолу проспекта -Аламүдүн суусу-М.Горький көчөсү - Тынчтык проспекта -Ала-Арча суусу |
1,125 | II | М.Горький көчөсү -Аламүдүн суусу -Ахунбаев көчөсү - М. Джунусалиев көчөсү-Т. Балтагулов көчөсү - Шота Руставели көчөсү -Ала-Арча суусу - Тынчтык проспекта |
0,675 | III | Л.Толстой көчөсү -Ала-Арча суусу -Шота Руставели көчөсү - Т. Балтагулов көчөсү -М. Джунусалиев көчөсү - Ахунбаев көчөсү -Д. Садырбаев көчөсү -Космос көчөсү -Репин көчөсү |
| XI | Чоң Чүй канал (ЧЧК) - шар аккан суу -Чолпон-Ата көчөсү - ЧЧКнын чыгыш жагы ЧЧК (ЧЧЧК) — буу түтүк трассасы боюнча түштүк жакка Достоевский көчөсүнүн уландысы -Достоевский көчөсү -Веселая көчөсү |
0,9 | IV | ЧЧК -Ала-Арча суусу -Л.Толстой көчөсү -Садыгалиев көчөсү - Жамгерчинов көчөсү -Мессароша көчөсү |
| V | ЧЧК -Аламүдүн суусу-Жибек- Жолу проспекта -Ала-Арча суусу |
| VI | ЧЧК -Веселая көчөсү - Достоевский көчөсү ЧЧЧКнын буу түтүк трассасы боюнча түштүк жакка Достоевский көчөсүнүн уландысы-Аламүдүн суусу |
0,5 | VII | Ахунбаев көчөсү - Аламүдүн суусу шаардын түштүк чектерине чейин - «Кум - Шагыл» АКсынын (мурдагы ТББ заводу) аймагынын түштүк тарабынана өтмөк жол-Иманалиев көчөсү -Семетей көчөсү-Бах көчөсү |
| VIII | Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү Космическая көчөсү - Д. Садырбаев көчөсү «Арча - Бешик», «Нижний Орок» конупгунун, түштүк-батыш көрүстөнүнүн аймагын кошо Бах көчөсүнөн батышка - Муромский көчөсүнүн уландысы - Тимур Фрунзе көчөсү |
| IX | ЧЧК -Мессарош көчөсү-Жамгерчинов көчөсү -Патрис Лумумбы көчөсү |
| X | Түндүк айланма жолу - Елебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы (мурдагы Баку көчөсү) чыгыш тарап боюнча жергиликтүү жол катары Төмөнкү Ала-Арча айыл - Елебесов көчөсү - ЧЧК - Махатма Ганди көчөсү |
0,45 | XIII | ЧЧК - Патрис Лумумбы көчөсү Джамгерчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү -«Ала-Тоо» конушунун аймагынан батышка темир жол линиясы |
| XIV | Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү (мурдагы Алма-Ата көчөсү) - ЧЧК -Елебесов көчөсү Төмөнкү Ала-Арча айылынын чыгыш тарап боюнча жергиликтүү жол катары Елебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы |
| XVI | ЧЧЧК - «Көк- Жар» конушунун батышка карай - зонанын батыш чектери - Аламүдүн суусу боюнча |
| XVIII | Садыгалиев көчөсү менен кесилишине чейинки темир жол линиясы -Л. Толстой көчөсү -Тимур Фрунзе көчөсү - ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромский көчөсүнүн уландысы |
0,3 | XII | ЧЧК - «Учкун» кичирайонунан батышка карай - ЧЧЧК - Чолпон-Ата көчөсү боюнча шар аккан суу |
XV | Түндүк айланма жол – «Бака-Ата» конушунан батышка карай – ЧЧК – Курманжан-Датка көчөсү | |
XVII | Семетей кочосу (мурдагы выставочная көчөсү) Иманалиев көчөсү- (Кум-Шагыл) АКсынын аймагынын туштук тарабынан өтмөк жол-Аламедин суусу – Орто_Алыш суусу тосмосунун аймагынан туштуккө карай Кожобергенов көчөсү боюнча батыш чектери | |
XIX | Түндүк айланма жол Махатма Ганди көчөсү ЧЧК «Бишкексууканал» ӨЭБнын тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай | |
XX | Түндүк айланма жолдон түндүккө карай |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.А. Нурдавлетов |