Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 240
Бишкек шаарынын "Ак-Ордо" конушундагы жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Топонимика жана эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын 2011-жылдын 6-июлундагы № 4 Бишкек шаарынын "Ак-Ордо" конушунда жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө протоколду эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын "Ак-Ордо" конушунда жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо тиркелген чиймеге ылайык ыйгарылсын.
2. Бул көчөнү атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шааркурулушу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (А.А.Абдыкаров) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Аманкулов |