Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-январы № 141
Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 40, 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 58, 2024-жылдын 4-мартындагы N 114 , 2024-жылдын 29-августундагы № 145
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу", 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - жобо);
2-тиркемеге ылайык, жер участогун ижаралоонун типтүү келишими;
3-тиркемеге ылайык, шаар куруу корутундусу;
4-тиркемеге ылайык, жер участоктор үчүн ижара акысынын коюмдары;
5-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
(абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ай сайын Бишкек шаардык кеңешине жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жыйындардын бекитилген протоколдорунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен өткөрүлгөн комиссиялар жөнүндө отчет берсин;
кезектеги жыйынды өткөргөнгө чейин 5 календардык күндө жана кезексиз жыйынды өткөргөнгө чейин 2 календардык күндө комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясын кабарласын жана боло турган жыйындын материалдары менен камсыз кылсын;
алты айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 40, 2024-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө";
2011-жылдын 20-декабрындагы № 289 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиялардын жоболорун бекитүү жөнүндө";
2013-жылдын 19-ноябрындагы № 55 "Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабры № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна, 2011-жылдын 20-декабры № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2016-жылдын 30-ноябрындагы № 193 "Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1- жана 2-пункттары.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Б. Абиров |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарындагы жер участокту ижаралоонун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары |
| 2020-жылдын "___" ___________ |
Бир тараптан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын атынан
_____________________________________________________________________________
жана экинчи тараптан мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу
_______________________________________________________________________ атынан
(жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
______________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
бирге "Тараптар" деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаары ________________________________________ дареги боюнча жайгашкан ушул Келишимге тиркелген жер участогунун схемасында көрсөтүлгөн чектерде аянты ______ чарчы метр жер участогун ____-жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга 20__-жылдын "___"_______________ муниципалдык менчикте турган жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна/аукциондун протоколуна ылайык
___________________________________________________________________________________
(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн)
__________________________________________________________________________ үчүн берет.
2. Ижара төлөмү
2.1. Ижара төлөмдөрү жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документи алынган күндөн тартып эсептелет.
2.2. Жылдык ижара төлөмүн төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн алыш-бериш эсебине киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын кийинки отчёттук кварталдан айдын 1-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2.3. Ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсеби Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген ошол учурдагы колдонуудагы эсептердин негизинде аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарага алуучу ижара төлөмүнөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.5. Ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. Ушул келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүү;
3.1.2. Берилген жер участокто Ижарачы тарабынан тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүү элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин Ижарачы участокту баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.
3.1.3. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган учурда жана келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин башка бирдей шарттарда жаңы мөөнөткө ушул келишимдин мөөнөтүн узартууга башка жактардын алдында артыкчылык укугуна ээ;
3.1.4. Ушул келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганда же колдонуу мөөнөтү убагында Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен бул участокко менчик укукту белгиленген тартипте алууга (сатып алууга).
3.1.5. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.6. Ижарачыга жер участокту түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө.
3.1.7. Ижарага алынган жер участокту максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга.
3.1.8. Пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ушул келишим түзүлгөн учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү төлөөнү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүүгө.
3.1.9. Укук ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезметтик планын киргизүү үчүн "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында каттоодон өтүүгө.
3.1.10. Жер участогуна укук ырастоочу документ жол-жоболоштурулгандан кийин бир айдын ичинде "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) тапшырыктоого.
3.1.11. Зарыл болгон учурда бул аймакты куруунун долбоорун иштеп чыгууга жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасында келишим түзүлгөн күндөн тартып, алты айдын ичинде белгиленген тартипте макулдашууга.
3.1.12. Долбоорду макулдашуудан жана бекитүүдөн кийин бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында объектти каттоого жана мамлекеттик экспертизадан өтүүгө, белгиленген тартипте объектти курууга киришүүгө.
3.1.13. Объекттин курулушун аяктоого жана объектти ________ (ай, жыл) ичинде эксплуатацияга берүүгө.
3.1.14. Зарылчылыкка жараша берилген жер участогунда жана ага жанаша турган аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн эркин жетүүнү камсыздоого.
3.1.15. Көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну (көк майсандарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригациялоону аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), өтүү жолдорун асфальттоону жана "брусчатка" тибиндеги плиталар менен тротуарларды төшөөгө, сутканын түнкү убагында тышкы жарыктандырууну (шам чырактарды орнотуу) камсыздоого.
3.1.16. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну камсыз кылууга, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүгө.
3.1.17. "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга карата келишим түзүүгө.
3.1.18. Өз эсебинен төмөнкүлөр жүзөгө ашырылсын:
жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, зарыл болгон учурда короо аймагын санитардык тазалоо;
жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоо жана калыбына келтирүү.
3.1.19. Төмөнкүлөргө жол берилбесин:
жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, бузууга же жок кылууга;
жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;
ижарага алынган жер участогунда баш-аламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге.
3.1.20. Накта чек аралар белгилегенден кийин жер участокту пайдаланууга киришүүгө жана мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте алууга.
3.1.21. Жер участокту пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды, инженердик тармактарды жана курулмаларды курууга, макулдашылган долбоорго ылайык, эгер бул жер участокту берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелсе, берилген жер участокту жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө.
3.1.22. Ушул келишим тарабынан белгиленген курулуштун мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ижаралык төлөмдүн толук наркын төлөп берүүгө.
3.1.23. Өз эсебинен ижарага алынган участокту таштанды таштоодон, сууга батыруудан, сазга айлантуудан, булгоодон коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга.
3.1.24. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого.
3.1.25. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык токтоп калуусуна байланыштуу Ижара берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга.
3.1.26. Берилген жер участогунда жерлерди пайдаланууну жана коргоону, объекттерди курууну жана эксплуатациялоону контролдоону жүзөгө ашыруучу тийиштүү мамлекеттик органдардын берилген жер участогуна эркин жетүүсүн белгиленген тартипте камсыздоого.
3.1.27. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү убагында төлөөгө. Ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелинет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны жер участокту ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
3.1.28. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн ижаралык төлөмдү, ошондой эле туумду жана айып пулду белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төлөм документи түрүндө тастыктоого, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына берилет.
3.1.29. Жер салыгын өз убагында төлөп турууга. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3.1.30. Зарылчылыкка жараша, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтотулганда өз эсебинен ижарага алынган жер участогунан имараттарды жана курулмаларды бузууга жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө.
3.1.31. Ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда турган жер участоктун Ижарачысы укугу жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган жана (же) курулуш даярдыгы каралган долбоордук документте 70 пайыздан кем эмести түзсө, бийиктиги беш кабаттан кем болбогон, эксплуатацияга берилген көп батирлүү үй бар жер участогун менчикке сатып алууга укуктуу.
3.1.32. Келишим аяктагандан кийин жер участогун Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.
3.1.33. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда Ижарага берүүчүгө жаңы мөөнөткө келишим түзүү ниети же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого.
3.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз Ижарачы төмөнкүлөргө укугу жок:
3.2.1. Ушул келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө.
3.2.2. Ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) жер максаттуу эмес багыт боюнча пайдаланылганда;
б) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;
в) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогу өздөштүрүлбөгөн учурда;
д) ушул келишимдин шарттары аткарылбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда.
4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин жыйынтыгында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилген учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.
4.1.5. Жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдар, ошондой эле ушул келишимдин шарты бузулганда Ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун ушул келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.
4.2.2. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук көрсөтпөөгө, эгерде алар мыйзамга жана ушул келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе.
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалына контролду жүзөгө ашырууга.
4.3. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укугу жок:
4.3.1. Ушул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бөлүгүн пайдалануу укугун Келишимде белгиленген тартипте жокко чыгарбастан үчүнчү жакка берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн мурда жазуу жүзүндөгү эскертүү боюнча бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракеттеринин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
6.2. Макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунан бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарылбайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан бул келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө 3 ай мурда жазуу түрүндө эскертүү менен ушул келишимди буза алат.
7.3. Ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда бир тараптуу тартипте Ижарага берүүчү тарабынан киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Бишкек шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча аукциондун протоколуна/комиссиянын чечимине ылайык Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
______________________________________________________________
______________________________________________________________
______________________________________________________________
______________________________________________________________
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: |
| ИЖАРАЧЫ: |
________________________________ |
| ________________________________ |
(кол тамгасы) |
| (кол тамгасы) |
М.О. |
| М.О. |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | М.Алымбеков | ||
|
|
| |
|
|
|
|
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна 3-тиркеме |
Форма
Шаар куруу корутундусу
Жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү):
Жер участогунун идентификациялык коду (эгер ыйгарылган болсо)
______________________________________________________________________________________
Объекттин (жер участогунун) жайгашкан орду:
_____________________________________________________________________________________
Жер участогунун чек аралары
______________________________________________________________________________________
Жер участогунун аянты
_____________________________________________________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу
_____________________________________________________________________________________
Кыртыш сууларынын тереңдиги
_____________________________________________________________________________________
Участок кооптуу табигый жана техногендик процесстерге кабылган (кабылган эмес)
_____________________________________________________________________________________
1. Графикалык бөлүгү:
1:500 жана 1:2000 масштабында жер участогунун чек араларын түшүрүү менен, бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү менен же участоктун чек араларын бар болгон кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен топографиялык негизде аткарылган жер участогунун схемасы.
2. Тексттик бөлүгү:
1. Пайдалануунун билдирилген ниеттери үчүн тандалган жер участогунун шаар куруу документтерине жана куруу, жер пайдалануу эрежелерине (жер пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнө) шайкеш келиши | |
Башкы план | Шаар куруу документтери жана куруу жана жер пайдалануу эрежелери бар экенин көрсөтүү (маалым даректери менен) жана аларга шайкеш келиши |
Деталдуу пландоонун долбоору |
|
Башка шаар куруу документтери |
|
Куруу жана жер пайдалануу эрежелери |
|
2. Жер участогун пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенттери (жер участогун уруксат берилген пайдалануунун параметрлеринин чектери): | |
2.1. Жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү: |
|
2.2. Объекттин кабаттарынын чектери (максималдуу жана/же минималдуу кабаттуулугу (бийиктиги): |
|
2.3. Участоктогу курулуштардын максималдуу пайызы: |
|
3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана талаптар: | |
3.1. Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда: | |
тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча | Шарттардын бар экендигин көрсөтүү |
санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык күзөт зонасынын шарттары боюнча |
|
суу коргоо зонасынын шарттары боюнча |
|
экологиялык шарттар боюнча |
|
3.2. Жайгашкан ордуна жана функционалдык багытына жараша жер участогун пайдаланууга коюлуучу кошумча талаптар: | |
Көрктөндүрүү боюнча талаптар |
|
Фасаддарга карата талаптар |
|
Авто коюу жайларын уюштурууга карата (авто коюу орундарынын саны) жана участокко баруучу жолдорго коюлган талаптар |
|
3.3. Ыйгарым укуктуу органдардын төмөнкүлөр боюнча корутундулары: экологиялык көзөмөл; санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл; өрткө кашы көзөмөл; жерге жайгаштыруу жана каттоо; тарых жана маданият эстеликтерин коргоо; бак-дарактарды күтүү жана коргоо; мамлекеттик корголууга тийиш болгон объекттер; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүм |
|
4. Бар болгон инженердик тармактарды күтүүнүн шарттары жана долбоорлонуп жаткан инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу боюнча | |
4.1. Пайдаланууга бөлүнгөн аймактар боюнча инженердик трассаларды өткөрүү талаптары |
|
4.2. Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар: трансформатордук көмөк чордон (ТКЧ) шкафтык газды жөнгө салуучу пункт (ШГЖП) көбөйтүүчү насостук станция (КНС) |
|
4.3. Колдонуудагы инженердик тармактардын бар болушу жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгон учурда аларды жылдыруу боюнча талаптар |
|
5. Жер участогун пайдалануу жөнүндө сунуш |
|
Начальник_______________________________________________________________________ |
|
("Бишкекбашкыархитектура" МИсинин жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү) | |
______ Дата: _____________________ ____________________ (кол тамгасы) | |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | М.Алымбеков |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна 4-тиркеме |
Экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын
КОЮМУ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 58 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Ижара акысынын коюму (жылына чарчы метр/сом) | |||||||||||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | XIII | XIV | XV | XVI | XVII | XVIII | XIX | XX | ||
1 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларекторлор жана башка соода жайлары, аянтка жараша: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 10 чарчы метрге чейин | 978,8 | 856,4 | 709,6 | 783,0 | 783,0 | 783,0 | 652,5 | 636,2 | 636,2 | 636,2 | 709,6 | 489,4 | 636,2 | 636,2 | 489,4 | 636,2 | 489,4 | 636,2 | 489,4 | 489,4 |
| 10дон 20 чарчы метрге чейин | 717,8 | 628,1 | 520,4 | 574,2 | 574,2 | 574,2 | 478,5 | 466,5 | 466,5 | 466,5 | 520,4 | 358,9 | 466,5 | 466,5 | 358,9 | 466,5 | 358,9 | 466,5 | 358,9 | 358,9 |
| 20дан 35 чарчы метрге чейин | 456,8 | 399,7 | 331,1 | 365,4 | 365,4 | 365,4 | 304,5 | 296,9 | 296,9 | 296,9 | 331,1 | 228,4 | 296,9 | 296,9 | 228,4 | 296,9 | 228,4 | 296,9 | 228,4 | 228,4 |
| 35ден 50 чарчы метрге чейин | 326,3 | 285,5 | 236,5 | 261,0 | 261,0 | 261,0 | 217,5 | 212,1 | 212,1 | 212,1 | 236,5 | 163,1 | 212,1 | 212,1 | 163,1 | 212,1 | 163,1 | 212,1 | 163,1 | 163,1 |
| 50 чарчы метрге жана андан өйдө | 261,0 | 228,4 | 189,2 | 208,8 | 208,8 | 208,8 | 174,0 | 169,7 | 169,7 | 169,7 | 189,2 | 130,5 | 169,7 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 130,5 |
2 | Чакан кичи базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери | 326,3 | 285,5 | 236,5 | 261,0 | 261,0 | 261,0 | 217,5 | 212,1 | 212,1 | 212,1 | 236,5 | 163,1 | 212,1 | 212,1 | 163,1 | 212,1 | 163,1 | 212,1 | 163,1 | 163,1 |
3 | Мал, тоют базарлары | 195,8 | 171,3 | 141,9 | 156,6 | 156,6 | 156,6 | 130,5 | 127,2 | 127,2 | 127,2 | 141,9 | 97,9 | 127,2 | 127,2 | 97,9 | 127,2 | 97,9 | 127,2 | 97,9 | 97,9 |
4 | Коомдук тамактануу ишканалары | 130,5 | 114,2 | 94,6 | 104,4 | 104,4 | 104,4 | 87,0 | 84,8 | 84,8 | 84,8 | 94,6 | 65,3 | 84,8 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 65,3 |
5 | Мейманканалык иш-аракеттер ишканалары | 304,5 | 266,4 | 220,8 | 243,6 | 243,6 | 243,6 | 203,0 | 197,9 | 197,9 | 197,9 | 220,8 | 152,3 | 197,9 | 197,9 | 152,3 | 197,9 | 152,3 | 197,9 | 152,3 | 152,3 |
6 | Банктар, ломбарддар, алмаштыруу пункттары | 217,5 | 190,3 | 157,7 | 174,0 | 174,0 | 174,0 | 145,0 | 141,4 | 141,4 | 141,4 | 157,7 | 108,8 | 141,4 | 141,4 | 76,1 | 141,4 | 108,8 | 141,4 | 108,8 | 76,1 |
7 | Оюн иш-аракеттери жана дискотека ишканалары | 304,5 | 266,4 | 220,8 | 243,6 | 243,6 | 243,6 | 203,0 | 197,9 | 197,9 | 197,9 | 220,8 | 152,3 | 197,9 | 197,9 | 152,3 | 197,9 | 152,3 | 197,9 | 152,3 | 152,3 |
8 | Офистер, бизнес-борборлор, биржалар | 108,8 | 95,2 | 78,8 | 87,0 | 87,0 | 87,0 | 72,5 | 70,7 | 70,7 | 70,7 | 78,8 | 54,4 | 70,7 | 70,7 | 54,4 | 70,7 | 54,4 | 70,7 | 54,4 | 54,4 |
9 | Автомобилдерге май куюучу станциялар | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 | 435,0 |
10 | Муңайзат базалары | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
11 | Авто коюу жайлар, автосервис ишканалары | 195,8 | 171,3 | 141,9 | 156,6 | 156,6 | 156,6 | 130,5 | 127,2 | 127,2 | 127,2 | 141,9 | 97,9 | 127,2 | 127,2 | 97,9 | 127,2 | 97,9 | 127,2 | 97,9 | 97,9 |
12 | Жарнама курулмалары | 2175,0 | 1903,1 | 1576,9 | 1740,0 | 1740,0 | 1740,0 | 1450,0 | 1413,8 | 1413,8 | 1413,8 | 1576,9 | 1087,5 | 1413,8 | 1413,8 | 1087,5 | 1413,8 | 1087,5 | 1413,8 | 1087,5 | 1087,5 |
13 | Эс алуу жана оюн-зоок, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, жеке кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
14 | Транспорт ишканаларынын административдик имараттары: аэровокзалдар, автобекеттер, автостанциялар, темир жол бекеттери | 39,2 | 34,3 | 28,4 | 31,3 | 31,3 | 31,3 | 26,1 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 28,4 | 19,6 | 25,4 | 25,4 | 19,6 | 25,4 | 19,6 | 25,4 | 19,6 | 19,6 |
15 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары | 21,8 | 19,0 | 15,8 | 17,4 | 17,4 | 17,4 | 14,5 | 14,2 | 14,2 | 14,2 | 15,8 | 10,9 | 14,2 | 14,2 | 10,9 | 14,1 | 10,9 | 14,1 | 10,9 | 10,9 |
16 | Кен казып алуу ишканаларынын имараттары жана курулмалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүк станциялары, темир жол жана аба транспорт ишканаларынын санитардык-коргоо зоналары | 13,1 | 11,4 | 9,5 | 10,4 | 10,4 | 10,4 | 8,7 | 8,5 | 8,5 | 8,3 | 9,5 | 6,5 | 8,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 6,5 |
17 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, алтын төгүндүлөр | 2,2 | 1,9 | 1,6 | 1,7 | 1,7 | 1,7 | 1,5 | 1,4 | 1,4 | 1,4 | 1,6 | 1,1 | 1,4 | 1,4 | 1,1 | 1,4 | 1,1 | 1,4 | 1,1 | 1,1 |
18 | Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-изилдөө, чалгындоо жана изилдөө иштери | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,2 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 |
19 | Аба байланыш жана электр өткөргүч линиялары | 0,4 | 0,4 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,2 | 0,3 | 0,3 | 0,2 | 0,3 | 0,2 | 0,3 | 0,2 | 0,2 |
20 | Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелери, балдар-өспүрүмдөр маданий-спорттук мекемелер | 13,1 | 11,4 | 9,5 | 10,4 | 10,4 | 10,4 | 8,7 | 8,5 | 8,5 | 8,5 | 9,5 | 6,5 | 8,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 6,5 |
21 | Айыл чарба өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, дан агызуу, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-жемиш картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарбалык короолор жана айыл чарба багытындагы башка объекттер | 8,7 | 7,6 | 6,3 | 7,0 | 7,0 | 7,0 | 5,8 | 5,7 | 5,7 | 5,7 | 6,3 | 4,4 | 5,7 | 5,7 | 4,4 | 5,7 | 4,4 | 5,7 | 4,4 | 4,4 |
22 | Коргоо-спорттук-техникалык уюмдар | 0,4 | 0,4 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,2 | 0,3 | 0,3 | 0,2 | 0,3 | 0,2 | 0,3 | 0,2 | 0,2 |
23 | Көп кабаттуу жана аз кабаттуу турак үйлөр | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
24 | Сулуулук салондору, чачтарачтар, фотосалондор | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
25 | Бильярд жайлары | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
26 | Компьютердик оюн залдары | 304,5 | 266,4 | 220,8 | 243,6 | 243,6 | 243,6 | 203,0 | 197,9 | 197,9 | 197,9 | 220,8 | 152,3 | 197,9 | 197,9 | 152,3 | 197,9 | 152,3 | 197,9 | 152,3 | 152,3 |
27 | Жеке гараждар | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
28 | Кооперативдик гараждар | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
29 | Кампа жайлары | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
30 | Административдик-өндүрүштүк жайлар | 21,8 | 19,0 | 15,8 | 17,4 | 17,4 | 17,4 | 14,5 | 14,1 | 14,1 | 14,1 | 15,8 | 10,9 | 14,1 | 14,1 | 10,9 | 14,1 | 10,9 | 14,1 | 10,9 | 10,9 |
31 | Диний мекемелер | 13,1 | 11,4 | 9,5 | 10,4 | 10,4 | 10,4 | 8,7 | 8,5 | 8,5 | 8,5 | 9,5 | 6,5 | 8,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 6,5 |
32 | Базалык станциялар жана уюлдук байланыш мачталары, трансформатордук станциялар | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
33 | Типографиялык борборлор | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
34 | Майыптардын окуу-реабилитациялык борборлору, кайрымдуулук фонддору, калктын корголбогон катмарын колдоо жана коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес мекемелер жана уюмдар (жетим балдар, майыптар жана ушул сыяктуулар) | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 |
35 | Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 | 25,4 |
36 | Административдик-тиричилик комплекстери | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
37 | Меймандардын авто токтотмолору | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
38 | Көрктөндүрүү жана утурмдук күтүү | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
39 | Балдардын оюн аянттары | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
40 | Теннис корттору, футбол талаасы, бассейндер, спорт аянтчалары | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
41 | Социалдык-маданий объекттер (коомдук-маданий борборлор, маданий-ден соолукту чыңдоо комплекстери) | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
42 | Медициналык борборлор | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
43 | Мүлк комплекстери | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
44 | Коомдук дааратканалар | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
45 | Жайкы аянтчалар, алып кетүү үчүн соода аянтчалар, мезгилдик соода үчүн аянтчалар | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
46 | Фонтан комплекстери | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
47 | Жатаканалар, окуу корпустарынын имараттары | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
48 | Аялдамалар, аялдама комплекстери | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
49 | Газ толтуруу пункттары | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
50 | Чыгармачыл өнөрканалар, көргөзмө комплекстери, көркөм галереялар | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
51 | Кирүү, өтүү жолдору | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
52 | Батирге лоджиялар | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
53 | Мончо, кир жуучу жайлар | 65,3 | 57,1 | 47,3 | 52,2 | 52,2 | 52,2 | 43,5 | 42,4 | 42,4 | 42,4 | 47,3 | 32,6 | 42,4 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 42,4 | 32,6 | 32,6 |
54 | Тизмекте көрсөтүлбөгөн объекттер | 43,5 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 29,0 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Аденов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 токтомуна 5-тиркеме |
Ижара акысын эсептөө үчүн экономикалык зоналардын чектеринин ЧИЙМЕСИ
Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин СҮРӨТТӨЛҮШҮ (түндүк тараптан баштап сааттын жебесинин жүрүшү боюнча берилди)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 145 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономикалык аймактары төмөнкүчө чектелди:
I - Жибек-Жолу проспекти - "Аламүдүн" суусу - М.Горький көчөсү - Ч.Айтматов проспекти - "Ала-Арча" суусу;
II - М.Горький көчөсү - "Аламүдүн" суусу - Ахунбаев көчөсү - Орджоникидзе көчөсү - Новая көчөсү - Ш.Руставели көчөсү - "Ала-Арча" суусу - Ч.Айтматов проспекти;
III - Л.Толстой көчөсү - "Ала-Арча" суусу - Ш.Руставели көчөсү - Новая көчөсү - Орджоникидзе көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү - Космос көчөсү - Репин көчөсү;
IV - Чоң Чүй каналы - "Ала-Арча" суусу - Л.Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Месарош көчөсү;
V - Чоң Чүй каналы - "Аламүдүн" суусу - Жибек-Жолу проспекти - "Ала-Арча" суусу;
VI - Чоң Чүй каналы - Веселая көчөсү - Достоевский көчөсү - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - Чоң Чүй каналынын чыгыш бутагы - "Аламүдүн" суусу;
VII - Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин "Аламүдүн" суусу - "Кум-Шагыл" акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан транспорт кирүүчү жол катары (мурунку темир-бетон буюмдар заводу) - Иманалиев көчөсү - Семетей көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү;
VIII - Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космос көчөсү - Д.Садырбаев көчөсүнөн батышка карай Д.Садырбаев көчөсү "Арча-Бешик" конушунун, "Ылдыйкы Орок" конушунун, түштүк-батыш мүрзөнүн аймагын кошо - Муромская көчөсүнүн уландысы - Т.Фрунзе көчөсү;
IХ - Чоң Чүй каналы - Месарош көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - П.Лумумба көчөсү;
X - Түндүк айланма жолу - "Төмөнкү Ала-Арча" айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү транспорт кирүүчү жол катары Баку көчөсүнүн түндүк тарапка уландысы - Баку көчөсү - Чоң Чүй каналы - М.Ганди көчөсү;
XI - Чоң Чүй каналы - канал - Чолпон-Ата көчөсү - Чыгыш Чоң Чүй каналы - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү;
XII - Чоң Чүй каналы - "Учкун" кичи районунан батышка карай - Чыгыш Чоң Чүй каналы - Чолпон-Ата көчөсүндөгү канал;
XIII - Чоң Чүй каналы - П.Лумумба көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү - батышка карай темир жол линиясы - "Ала-Тоо" конушунун аймагынан батышка карай;
XIV - Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү) - Чоң Чүй каналы - Баку көчөсү - "Төмөнкү Ала-Арча" айылына чыгыш тарап боюнча жергиликтүү транспорт кирүүчү жол катары Баку көчөсү түндүккө карай уландысы;
XV - Түндүк айланма жолу - "Бакай-Ата" конушунан батышка карай - Чоң Чүй каналы - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү);
XVI - Чыгыш Чоң Чүй каналы - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - аймактын батыш чеги - "Аламүдүн" суусу боюнча;
XVII - Семетей көчөсү (мурунку Выставочная көчөсү) - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан транспорт кирүүчү жол (мурунку темир-бетон буюмдар заводу) - "Аламедин" суусу - "Орто-Алыш" суу тосмосунун аймагынан түштүккө карай - аймактын батыш чеги - Кожобергенов көчөсү боюнча;
XVIII - Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишине чейин темир жол линиясы - Т.Фрунзе көчөсү - "Жылуулукэлектрборбору-2" аймагынан батышка карай Муромская көчөсүнүн уландысы;
XIX - Түндүк айланма жолу - М.Ганди көчөсү - Чоң Чүй каналы - "Бишкексууканалдын" тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай;
XX - Түндүк айланма жолунан түндүккө карай;
XXI - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында Бишкек шаарынын курамына кошулган калктуу пункттардын жерлери.
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна 6-тиркеме |
Экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын КОЮМУ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 145 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Ижара акынын коюму (жылына чарчы метр/сом) | ||||||||||||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | XIII | XIV | XV | XVI | XVII | XVIII | XIX | XX | XXI | ||
1 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода жайлары | 1076,6 | 942,1 | 780,6 | 861,3 | 861,3 | 861,3 | 1076,6 | 699,8 | 699,8 | 699,8 | 780,6 | 538,3 | 699,8 | 699,8 | 538,3 | 699,8 | 538,3 | 699,8 | 538,3 | 538,3 | 538,3 |
2 | Жайкы аянтчалар, алып кетүү үчүн соода аянтчалар, мезгилдик соода үчүн аянтчалар | 261,0 | 228,4 | 189,2 | 208,8 | 208,8 | 208,8 | 261,0 | 169,6 | 169,6 | 169,6 | 189,2 | 130,6 | 168,8 | 168,8 | 130,6 | 168,8 | 130,6 | 168,8 | 130,6 | 130,6 | 130,6 |
3 | Чакан кичи базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери | 1305,0 | 1141,9 | 946,1 | 1044,0 | 1044,0 | 1044,0 | 1305,0 | 848,3 | 848,3 | 848,3 | 946,1 | 652,5 | 848,3 | 848,3 | 652,5 | 848,3 | 652,5 | 848,3 | 652,5 | 652,5 | 652,5 |
4 | Мал, тоют базарлары | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
5 | Коомдук тамактануу ишканалары | 522,0 | 456,8 | 378,5 | 417,6 | 417,6 | 417,6 | 522,0 | 339,3 | 339,3 | 339,3 | 378,5 | 261,0 | 339,3 | 339,3 | 261,0 | 339,3 | 261,0 | 339,3 | 261,0 | 261,0 | 261,0 |
6 | Мейманканалык иш-аракеттер ишканалары жана оюн иш-аракеттери жана дискотека компьютердик оюн залы | 609,0 | 532,9 | 441,5 | 487,2 | 487,2 | 487,2 | 609,0 | 395,9 | 395,9 | 395,9 | 441,5 | 304,5 | 395,9 | 395,9 | 304,5 | 395,9 | 304,5 | 395,9 | 304,5 | 304,5 | 304,5 |
7 | Банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
8 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар | 271,9 | 237,9 | 197,1 | 217,5 | 217,5 | 217,5 | 271,9 | 176,7 | 176,7 | 176,7 | 197,1 | 135,9 | 176,7 | 176,7 | 135,9 | 176,7 | 135,9 | 176,7 | 135,9 | 135,9 | 0,0 |
9 | Автомобилдерге май куюучу станциялар | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
10 | Газ толтуруу пункттары, электр толтуруу пункттары, трансформатордук жана генератордук станциялар | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 |
11 | Мунай зат базалары, кампа жайлары | 261,0 | 228,4 | 189,2 | 208,8 | 208,8 | 208,8 | 261,0 | 169,7 | 169,7 | 169,7 | 189,2 | 130,5 | 169,7 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 130,5 | 130,5 |
12 | Автотоктотмолор, автосервис ишканалары | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
13 | Жарнама курулмалары, уюлдук байланыштын базалык станциялары жана мачталары | 3262,5 | 2854,7 | 2365,3 | 2610,0 | 2610,0 | 2610,0 | 3262,5 | 2120,6 | 2120,6 | 2120,6 | 2365,3 | 1631,3 | 2120,6 | 2120,6 | 1631,3 | 2120,6 | 1631,3 | 2120,6 | 1631,3 | 1631,3 | 1631,3 |
14 | Социалдык-маданий-тиричилик объекттери. (маданият борборлору.- ден соолукту чыңдоо комплекстери), мончолор, кир жуучу жайлар, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызматтары, жеке кызмат көрсөтүүлөр, теннис корттору, футбол талаалары, бассейндер, спорт аянтчалары, аялдамалар, аялдама комплекстери, коомдук дааратканалар, окуу корпустарынын имараттары | 130,5 | 114,2 | 94,6 | 104,4 | 104,4 | 104,4 | 130,5 | 84,8 | 84,8 | 84,8 | 94,6 | 65,3 | 84,8 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 65,3 | 65,3 |
15 | Транспорт ишканаларынын административдик имараттары: аэробекеттер, автобекеттер, автостанциялар, темир жол бекеттери | 78,3 | 68,5 | 56,8 | 62,6 | 62,6 | 62,6 | 78,3 | 50,9 | 50,9 | 50,9 | 56,8 | 39,2 | 50,9 | 50,9 | 39,2 | 50,9 | 39,2 | 50,9 | 39,2 | 39,2 | 39,2 |
16 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары. Тоо-кен ишканаларынын имараттары жана курулмалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүк станциялары, темир жол жана аба транспортунун санитардык-коргоо аймагы, административдик-тиричилик комплекстери, административдик өндүрүш жайлар, типографиялык борборлор | 65,3 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 65,3 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 | 21,8 |
17 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, тилкелер, күл төгүүчү жайлар, геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-изилдөө, чалгындоо жана изилдөө иштери | 44,0 | 38,0 | 32,0 | 35,0 | 35,0 | 35,0 | 44,0 | 28,0 | 28,0 | 28,0 | 32,0 | 22,0 | 28,0 | 28,0 | 22,0 | 28,0 | 22,0 | 28,0 | 22,0 | 22,0 | 22,0 |
18 | Аба байланыш жана электр өткөргүч линиялары жана коргоо-спорттук-техникалык уюмдар | 0,9 | 0,8 | 0,6 | 0,7 | 0,7 | 0,7 | 0,9 | 0,6 | 0,6 | 0,6 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,4 | 0,4 | 0,4 |
19 | Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелери, балдар-өспүрүмдөр маданий-спорттук мекемелер | 26,1 | 22,8 | 18,9 | 20,9 | 20,9 | 20,9 | 26,1 | 17,0 | 17,0 | 17,0 | 18,9 | 13,1 | 17,0 | 17,0 | 13,1 | 17,0 | 13,1 | 17,0 | 13,1 | 13,1 | 13,1 |
20 | Айыл чарба өндүрүшүнүн имараттары | 17,4 | 15,2 | 12,6 | 13,9 | 13,9 | 13,9 | 17,4 | 11,3 | 11,3 | 11,3 | 12,6 | 8,7 | 11,3 | 11,3 | 8,7 | 11,3 | 8,7 | 11,3 | 8,7 | 8,7 | 8,7 |
21 | Көп кабаттуу жана аз кабаттуу турак үйлөр, жатаканалар | 217,5 | 190,3 | 157,7 | 174,0 | 174,0 | 174,0 | 217,5 | 141,4 | 141,4 | 141,4 | 157,7 | 108,8 | 141,4 | 141,4 | 108,8 | 141,4 | 108,8 | 141,4 | 108,8 | 108,8 | 108,8 |
22 | Жеке жана кооперативдик гараждар, көрктөндүрүү жана утурумдук тейлөө, транспорттун кирүү жана өтүү жолдору, балдар ойноочу аянтчалар | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
23 | Диний мекемелер | 13,1 | 11,4 | 9,5 | 10,4 | 10,4 | 10,4 | 13,1 | 8,5 | 8,5 | 8,5 | 9,5 | 6,5 | 8,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 6,5 | 6,5 |
24 | Майыптардын окуу-реабилитациялык борборлору, кайрымдуулук фонддор, калктын корголбогон катмарын колдоо жана коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес мекемелер жана уюмдар (жетим балдар, майыптар жана ушул сыяктуулар) | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 |
25 | Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 |
26 | Бильярд бөлмөлөрү, эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөлөрү, сулуулук салондору, чач тарачтар, фотосалондор | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
27 | Медициналык борборлор | 163,1 | 142,7 | 118,3 | 130,5 | 130,5 | 130,5 | 163,1 | 106,0 | 106,0 | 106,0 | 118,3 | 81,6 | 106,0 | 106,0 | 81,6 | 106,0 | 81,6 | 106,0 | 81,6 | 81,6 | 81,6 |
28 | Мүлк комплекси жана соода-көңүл ачуу комплекстери | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
29 | Чыгармачыл устаканалар, көргөзмө комплекстери жана көркөм галереялар | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
30 | Тизмекте көрсөтүлбөгөн объекттер | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |