Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 230
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Камбаралы Бобуловдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын 2011-жылдын 20-январындагы № 1 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зеленая көчөсү Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана адабиятчы Камбаралы Бобулов атындагы көчө болуп кайра аталсын (чийме тиркелет).
2. Көчөнү кайра атоого байланышкан бардык чыгымдар өтүнгөн тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Тезекбаев М.Т.), Архитектура жана шаар куруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Абдыкаров А.А.) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаарынын кеңешинин төрагасы |
М. А. Аманкулов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майы №230 токтомуна тиркеме |