Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 229
Бишкек шаарынын көчөлөрүн атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын 2011-жылдын 20-январындагы № 1 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саякбай Каралаев көчөсүнөн тартып Б.Юнусалиев көчөсүнө чейинки аралыктагы түштүк чоң Чүй каналынын түндүк тарабынан бойлой өткөн № 5 кичирайонундагы аталышы жок көчөгө Польшалык көрүнүктүү композитор Фредерик Шопендин аты ыйгарылсын (чийме тиркелет).
2. Бул көчөнү атоого байланышкан бардык чыгымдар өтүнгөн тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Тезекбаев М.Т.), Архитектура жана шаар куруу боюнча Бишкек шаарынын башкармалыгы (Абдыкаров А.А.) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Аманкулов |
Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17 майы №229 токтомуна тиркеме | |