Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 токтомуна 1-тиркеме
|
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 20 токтомдун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. МАБнын негизги милдеттери жана функциялар
III. МАБнын ыйгарым укуктары
IV. МАБнын түзүмү жана штаттык саны
V. МАБнын иш-аракетин уюштуруу жана контролдоо
VI. Эсепке алуу жана отчеттуулук
VII. МАБны материалдык-финансылык жактан камсыздоо
VIII. Эмгек мамилелери
IX. МАБны кайрадан уюштуруу жана жоюу
Бул жобо Бишкек шаарынын Муниципалдык аймактык башкармалыгын (мындан ары - МАБ) түзүүнүн жалпы тартибин, иш-аракетин белгилейт жана укуктук статусун аныктайт. Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына ылайык иштеп чыкты.
1. МАБы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган функцияларды аткаруу үчүн, өз алдынча жана жеке жоопкерчилик үчүн өз компетенциясынын чектеринде турак үйлөрдүн, кварталдардын, көчөлөрдүн, кичи райондордун анык чектериндеги калктын тыгыз жашоосунун аймагында түзүлөт.
МАБы тарабынан тейленүүчү аймактардын чектери жана МАБы жөнүндө типтүү Жобо Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
Бишкек шаарынын мэриясы МАБнын уюмдаштыруучусу болуп саналат.
2. Райондук администрациялар МАБнын иш-аракетин контролдоону жана координациялоону жүзөгө ашырат.
3. МАБы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып "Мекеме" - уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, өз аталышы менен гербдүү мөөрү, штампы, өздүк счету, фирмалык бланкы бар.
4. МАБы Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык подразделениелери болуп саналат. МАБнын кызматкерлери муниципалдык кызматкер статусуна ээ.
5. МАБы өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Мыйзамдарын жана башка укуктук актыларды жана бул Жобону жетекчиликке алат.
6. МАБы өз иш-аракетин мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык подразделениелери, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелери, ар түрдүү коомдук өз алдынча башкаруу жана менчиктик формаларына карабастан юридикалык жактар менен ведомстволук аймактык калктын өз ара мамилелерде Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациянын жана өз компетенциясынын чектеринде бекитилген аймактагы калктын кызыкчылыгын көрсөтүү менен жүзөгө ашырат.
7. МАБы коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактар менен келишимдик негизинде өз ара мамилелерди түзөт.
8. МАБы өз иш-аракетин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк жана аймактык подразделениелери менен алардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө;
б) Бишкек шаарынын мэриясынын жана райондук администрациянын алдында отчеттуу;
в) ведомстволук аймактын жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү;
г) иште социалдык калыстыкты, ачык-айкындуулукту сактоо, коомдук уюмдар, ведомстволук аймактагы калк менен тыгыз байланышта болуу;
д) жыйналыштарда, чогулуштарда жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоодо бекитилген аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүн катышууга тартуу.
9. МАБнын негизги милдеттери болуп жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу саналат.
10. Төмөндөгүлөр МАБнын негизги функциялары болуп саналат:
а) ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларын, Бишкек шаардык кеңештин, мэриянын жана райондук администрациянын чечимдерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана чечимдери жөнүндө калкты кабарлоо жана алардын аткарылышын уюштуруу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдугу боюнча келишимдин негизинде функцияларды аткаруу жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
г) кварталдык жана үй комитеттерди, аксакалдар сотторун, турак жай ээлеринин шериктештиктерин, башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
д) жарандык кайрылуулар менен тикеден-тике жана тургундардын коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун формалары, аксакалдар соту, райондук администрациянын административдик комиссиясы жана мамлекеттик бийлик органдары аркылуу иштөө;
е) тургундардын күнүмдүк жашоо турмушун камсыздоо маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү;
ж) калк менен коммуналдык кызматтарды жеткирүүчү уюмдардын келишимин аткаруу мониторинги;
з) коомдук өз алдынча башкаруунун формаларына дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жана бюджеттен тышкаркы ресурстардын каражаттарын тартууга көмөк көрсөтүү;
и) эң жакшы кварталдык жана үй комитеттердин, турак жай ээлеринин шериктештиктеринин жана башка коммерциялык эмес уюмдарынын, тажрыйбасын таркатуу жана жалпылоо;
к) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна аларга ыйгарылган башка функцияларды аткаруу.
11. МАБнын өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
а) ведомстволук аймактын социалдык-экономикалык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
б) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенет;
в) чарбалык субъектилер менен турак жай фондун ремонттоо жана техникалык тейлөө боюнча келишим түзүүдө коомдук өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
г) бардык балдар жана өспүрүмдөрдүн билим алуусун камсыздоо үчүн билим берүү уюмдарына мектеп жана мектепке чейинки балдардын учетун жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
д) бекитилген аймактагы маалыматтык базаны түзөт жана жаңыртып турат;
е) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун МАБга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик объекттерин оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
ж) райондук администрацияга, Бишкек шаардык мэриясына, ошондой эле мамлекеттик органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге МАБнын карамагына тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
з) ведомстволук аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, бак-дарактарды сугаруу боюнча иштерди жана башка турак жай-коммуналдык чарбанын функциясына тийиштүү маселелердин аткарылышына контролду жүргүзөт;
и) кварталдык жана үй комитеттеринин коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай формасындагы уюмдар менен калкка кызматтарды көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
к) кварталдык жана үй комитеттери менен биргелешип жер төлөөлөрдүн, чатырчалардын, кирмелердин жана үйлөрдүн абалын үчүн жалпысынан, курулуш жана жолдорду, инженердик тармактарды ремонттоону жүргүзүүчү уюмдардын ишин жүргүзүү үчүн, эксплуатациялык уюмдар тарабынан жылуулук, электр, суу, газ менен камсыздоо, лифт чарбасынын ишиндеги аварияларды жана кемчиликтерди четтетүү үчүн жер, ландшафт, курулуш иштерин жүргүзүү боюнча мониторинг жана контролдоо жүргүзөт;
л) райондук администрация менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте катталган коомдук өз алдынча башкаруунун субъекттерине өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын бөлүгүн келишимдин негизинде ыйгарат;
м) Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясына жана түзүмдүк подразделенияларына керектөөчү рыногунун жана кызматтардын тармагын, шаардык транспорттун каттам тармагынын жана анын жүрүү расписаниесин өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
н) ведомстволук аймакта коомдук тартипти кармоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт;
о) мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар кандай фонддор, юридикалык, жеке жактар тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарын даректүү социалдык коргоо боюнча ишти уюштурууда катышат;
п) шайлоо, референдум, депутаттардын шайлоочулар менен бардык деңгээлдеги жолугушууларын уюштурууда, коомдук пикирди суроолорду өткөрүүдө уюштуруусуна көмөк көрсөтөт, шайлоочулардын тизмеси боюнча маалыматтардын толуктугуна жооп берет;
р) шаардын аткаруу бийлигинин тармактык органдары менен бирдикте балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен алардын жашаган жери боюнча ишти уюштурат жана жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар менен социалдык-педагогикалык жана эс алуу иштерин алып баруучу клубдардын жана борборлордун иш-аракетине контролду жүзөгө ашырат;
с) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аксакалдар сотторунун, райондук администрациянын административдик комиссиясынын кароосуна материалдарды жиберет;
т) белгиленген тартипте ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
у) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. МАБнын карамагында бекитилген аймактын жашоочуларынын санынан калктын жашоо турмушун камсыздоо жана аймакты өнүктүрүү: көрктөндүрүү, балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө, турак жай коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча коомдук комиссия түзүүсү мүмкүн.
13. МАБнын түзүмү жана штаттык саны Бишкек шаардык мэриясынын сунушу боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
V. МАБнын иш-аракетин уюштуруу жана контролдоо
14. Бишкек шаарынын мэриясы МАБны башкаруунун эң жогорку органы болуп саналат.
15. Бишкек шаарынын мэриясынын өзгөчө компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
а) Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө төмөнкүлөрдү иштеп чыгат жана даярдайт:
- МАБы жөнүндө Типтүү жобону;
- МАБнын Типтүү түзүмүн жана штаттык расписаниесин;
б) Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары тарабынан МАБга берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин бул жобого ылайык аныктоо;
в) МАБны кайрадан уюштуруу же жоюу;
г) функциялардын аткарылышын жана берилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоо;
д) Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык МАБнын начальнигин кызматка дайындоо;
е) өз арызы, аймактык депутаттык топ менен макулдашылган райондук администрациясынын көрсөтүүсү боюнча же Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тартипте Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан демилгеси боюнча МАБнын начальнигин кызматтан бошотууну жүзөгө ашыруусу мүмкүн;
ж) МАБнын иш-аракетин контролдойт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 20 токтомдун редакциясына ылайык)
16. Начальник МАБнын иш-аракетин жетектөөнү жүзөгө ашырат. МАБнын начальниги жок учурда анын ыйгарым укуктарын орун басары жүзөгө ашырат.
17. МАБнын начальниги кызматына талапкер жарандар, жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө эки жылдан кем эмес же өз адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш. МАБнын начальник кызматына Кыргыз Республикасынын жараны эмес, соттун чечими менен жөндөмсүз болуп табылган, берилген мыйзам тартибинде соттолгондугу алынып салынбаган же жоюлбаган жарандар боло албайт.
18. МАБнын начальниги:
а) бул Жобого ылайык МАБнын утурумдук иш-аракетин уюштурат, өзүнүн ыйгарым укугунун ченеминде МАБнын мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт, кредиттик-эсептик мекемелерде эсептик жана башка счетторду ачат, ишеним кат берет;
б) МАБнын иш-аракетине тийиштүү болгон жана бул Жобого жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына каршы келбеген маселелерди өз алдынча чечет;
в) МАБнын иш-аракетин камсыздоочу документтерге кол коюу укугуна ээ;
г) ишеним катсыз МАБнын атынан иштейт, аны юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде көрсөтө алат;
д) бекитилген штаттык расписаниеге жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык МАБнын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
е) кызматтык милдеттерди бекитет, МАБнын бардык кызматкери, ошондой эле штаттык расписаниеден тышкары келишим боюнча иштеген кызматкерлер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды чыгарат;
ж) бул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде чарбалык жана башка келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерди (контракттар) түзөт.
19. МАБнын башкармасынын басары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясынын башчысы тарабынан МАБнын начальнигинин көрсөтүүсү боюнча кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
20. МАБы өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
21. МАБнын финансылык-чарбалык иш-аракетине контроль Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. МАБнын начальниги жана башкы бухгалтери эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин сактоого жана ишенимдүүлүгүнө жеке жоопкерчилик алат.
23. Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын суроо-талабы боюнча МАБлар өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 20 токтомдун редакциясына ылайык)
24. МАБга оперативдүү башкаруу укугунда мүлк бекитилет.
25. МАБы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик ээси, Бишкек шаардык мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү пайдаланууга укуктуу.
26. МАБны күтүүгө чыгымдарды каржылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жак тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттардын жана атайын каражаттардын;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелердин.
27. МАБнын жумушчуларынын эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамынын ченемдери тарабынан жөнгө салынат.
28. МАБнын жумушчуларынын эмгек режими жана эс алуусу, алардын социалдык камсыздоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жөнгө салынат.
29. МАБны кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тартипте жүргүзүлөт.
30. МАБны жойгондон кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
31. Юридикалык жактардын Мамлекеттик реестрине бул жөнүндө жазуу киргизилген учурдан тартып жоюу аяктаган болуп эсептелинет.
32. МАБнын иш-аракетинин процессинде пайда болгон документтер, аны жойгон учурда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |