Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 232
Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө
Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртуу жана өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткаруу жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиктин Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
а) "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө" Типтүү жобо (1-тиркеме);
б) "Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттер жөнүндө" жобо (2-тиркеме). 2012-жылдын 17-майындагы 2-бөлүмүнүн 13-пункту;
в) "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулардын түзүмү" (3-тиркеме).
3. Төмөнкүлөр аткарылган катары контролдон алынып салынсын:
а) Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 43 "Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы № 465 "Муниципалдык аймактык башкаруулар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 1-, 2-, 8-, 9-кичи пункттары жана 5-пункту;
б) "Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 "Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" токтому.
4. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
а) 2006-жылдын 21-февралындагы № 183 "Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө жобо тууралу";
б) 2008-жылдын 10-июнундагы № 465 "Муниципалдык аймактык башкаруулар жөнүндө";
в) 2009-жылдын 2-декабрындагы № 102 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 43 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 465 "Муниципалдык аймактык башкаруулар жөнүндө" токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө".
5. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине М.А.Исмаиловго жана Бишкек шаардык кеңештин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Т.Шабдановго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
М.Аманкулов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 токтомуна 3-тиркеме |
Кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Начальник | 1 |
Начальниктин орун басары | 1 |
Башкы адис | 2 |
Жетектөөчү адис | 2 |
Адис | 2 |
Техникалык жактан тейлөөчү жумушчулар | 2 |
Бардыгы | 10 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |