Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 264
Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жүргүнчүлөрдү ташуу системасын жакшыртуу, шаардыктарды тейлөө сапатын жана маданиятын көтөрүү, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иштерди тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, Бишкек шаарында транспорт тартибин сактоо үчүн ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш, токтом кылат:
1. Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелери бекитилсин (тиркелет).
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 196 "Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай - коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М.Имашовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Аманкулов |