Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 25 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 264 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу ЭРЕЖЕСИ
I. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун бул эрежеси (мындан ары - Эреже) Кыргыз Республикасынын "Транспорт жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2001-жылдын 3-июлундагы № 204 буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган номери 106-01, Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежесине жана башка Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Эрежелер Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу тартибин жана бардык жүргүнчүлөрдү ташуучулардын, транспорт процессин башкаруу органдарынын жана жүргүнчүлөрдүн өз ара мамилелерин белгилейт.
3. Бул Эрежелер транспорт жаатындагы бардык катышуучулар тарабынан аткарылышы үчүн милдеттүү.
4. Бул Эрежелер төмөнкүлөрдү камсыздоону талап кылат:
- Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташууну натыйжалуу уюштурууга жана каттам тармагын натыйжалуу түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүнчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого.
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан (мындан ары - Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу өкүлү) Бишкек шаарынын мэриясы шаардык каттам тармагын түзүүгө жана шаардык жүргүнчүлөр транспорту менен кызмат көрсөтүүгө келишимдерди түзүүгө толук укуктуу.
6. Бишкек шаардык мэриясынын ыйгарым укуктуу өкүлү шаардык каттам тармагын түзөт (жаңыларын ачат жана иштеп жаткан каттамдарды өзгөртөт) жана ачык сынактын негизинде каттамдарды бөлүштүрөт, диспетчерлик жана медико-наркологиялык кызматтарды туура жайгаштырууну негиздейт.
7. Шаардык жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы менен макулдашуу боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
II. Бул Эрежелерде колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар
8. Бул Эрежелерде колдонулуучу түшүнүктөр:
"автобус" - айдоочунун ордунан башка 8ден ашык жүргүнчү орундугу бар жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу үчүн даярдалган автотранспорт каражаты;
"жүк" - бул Эреже менен бекитилген ченемдерден ашпаган, чоңдук көлөмү жана салмагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жана электрдик транспортто алып жүрүүгө тыюу салынбаган жүргүнчүнүн буюмдары жана материалдык баалуулуктары;
"билет" - ташуучу жана жүргүнчү ортосунда ташуу келишиминин корутундусун далилдеген автобус же троллейбус менен жүргүнчүнүн пайдалануу укугун тастыктоочу документ;
"билеттерди сатуу ведомосту" - ташылган жүргүнчүлөрдүн санын жана сатылган билеттердин суммасын көрсөткөн финансылык документ;
"айдоочу" - ташуучунун атынан жана анын тапшырмасы боюнча транспорт каражатын башкаруу, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана жүктү ташуу функциясы жүктөлгөн транспорт каражатын башкаруучу жеке жак;
"каттамдык таксинин иштөө графиги" - каттамдык такси, айдоочу жана каттам боюнча иш режими тууралуу маалыматты камтыган график-таблица;
"ташуу келишими" - транспорттук процессте катышкан жактар ортосунда (заказчы жана ташуучу) автотранспорттук кызматтарды көрсөтүү тууралуу макулдашуу;
"маалыматтык көрсөткүч" - аялдама аянттарында коюлат, анда каттамдын номери, кыймыл расписаниеси жана багыты, юридикалык тиешелүүлүгү көрсөтүлөт;
"контролдоо-диспетчерлик пункт" - каттамдык тармакта жүргүнчү транспортунун ишин контролдоо жана жөнгө салуу пункту;
"кондуктор" - жүргүнчү транспортунда жол акысын чогултууну жана жол жүрүү документтерди контролдоону жүзөгө ашыруучу ташуучунун же заказчынын өкүлү болуп эсептелген жеке жак;
"сынак" - автотранспорттук кызматтарды көрсөтүүгө оптималдуу сунушту сынактык негизде тандоо процесси;
"лицензия" - жеке же юридикалык жакка компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан иштин белгилүү бир түрү менен алектенүүгө же белгилүү бир ишти бүтүрүүгө, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызмат көрсөтүүчү субъекттердин кызыкчылыгын камсыздоочу белгилүү бир иш-аракеттерди аткарууга уруксат берилүүчү документ;
"каттам" - белгилүү бир пункттар ортосунда жүргүнчүлөр транспортунун жүрүүсүнүн бекитилген жолу. Бардык каттамдар километрдин узактыгына, аталышына жана аялдама пункттарынын санына жана километрдеги айдоонун орточо аралыгына жараша мүнөздөлөт;
"каттам тармагы" - автобустардын, троллейбустардын жана каттамдык таксилердин каттамдагы толушун мүнөздөөчү шаарда каттамдардын жүрүү линияларынын жыйындысы;
"каттамдык такси" - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн белгиленген кичиавтобустар, эң чакан жана чакан класстагы автобустар;
"медико-наркологиялык пункт" - ишке чыгуу алдында айдоочунун ден соолугунун абалын медициналык жактан текшерүүчү жер;
"айдоочуну медициналык текшерип көрүү" - бул айдоочунун ден соолугунун абалын жана алкоголдун барлыгын медкызматкери тарабынан каттамга чыгуу алдында текшерүүсү;
"аялдама пункттары" - жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана салуу үчүн автобустар, троллейбустар, каттамдык таксилердин кыска мөөнөткө токтоосу үчүн атайын бөлүнгөн жерлер;
"каттам паспорту" - жолдогу коркунучтуу участокторду, көпүрөлөрдү, кыймылдын коопсуздугуна таасир этүүчү шарттарды сүрөттөө менен жол белгилерин, аялдама пункттарын, светофорлорду көрсөтүү менен өзүнө каттамдын чиймесин камтыган каттам схемасы камтыган документ;
"жүргүнчү" - түзүлгөн ташуу келишиминин же башка мыйзамдуу негизде ташуучунун кызматтарын пайдаланган жеке жак;
"ташуучу" - менчик же башка мыйзамдуу негизде транспорттук каражатка укугу бар, акы алуу же жалдоо менен жүргүнчүлөрдү, жүктү ташууга кызмат көрсөткөн жана буга атайын уруксаты бар - белгиленген тартипте берилген лицензиясы бар юридикалык же жеке жак;
"ишке чыгуу алдында техникалык кароодон өтүү" - автомобилдин руль менен башкаруусу, токтоткуч системасы, жарыктандыруу, электр шаймандарынын щиттери, автодөңгөлөктөрдүн иштешин, ошондой эле тышкы көрүнүшүнүн жана салондун абалын, медициналык кутунун жана өрт өчүргүчтүн барлыгына техникалык абалын текшерүү;
"кыймыл расписаниеси" - каттамдын аткаруу убактысы, орду жана ырааттулугу тууралуу маалыматты камтыган график-таблица;
"кыймылдын үзгүлтүксүздүгү" - каттам боюнча белгиленген убакыт ичинде расписаниеде каралган санга карата расписание боюнча накта аткарылган каттамдардын санына карата аныкталган жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын баалоо көрсөткүчү;
"кол жүгү" - белгилүү бир салмагы жана көлөмү менен жүргүнчү транспортунда ташылган жүргүнчүнүн буюму;
"атайын автобус каттамдары" - ири компаниялардын, ишканалардын жана уюмдардын жумушчуларын жана кызматкерлерин, ошондой эле мектеп окуучуларын жана мектеп жашына чейинки балдарды ташуу үчүн даярдалган каттамдар;
"каттам чиймеси" - аялдама жана акыркы токтоо пункттарын көрсөтүү менен, шарттуу белгилери бар каттамдын жолун графикалык чагылдыруу;
"троллейбус" - шаар шартында жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу үчүн багытталган электротранспорттук каражат;
"тариф" - жүргүнчүлөрдү, жүктү ташуу төлөмүнүн белгиленген чоңдугу;
"трафарет" - сутканын түн мезгилинде жарыктандырылуучу жүргүнчү транспортунун каттамы жана иш режими тууралуу жүргүнчүлөр үчүн маалыматы бар көрсөтмө;
"экспресс каттамы" - транспорттун тездетилген кыймылы менен аз сандагы аялдамасы бар каттам.
III. Шаардык жүргүнчү транспортунун каттамдарын уюштуруу
9. Бул бөлүмдө иштеп жаткан каттамды жаңы же айрым өзгөртүп ачууда даярдалган иштерди аткаруунун ырааттуулугу, ошондой эле тиешелүү документтерди жол-жоболоштуруунун бирдиктүү тартиби белгиленет.
10. Каттамды ачууга төмөнкүлөрдү камтыган даярдоо иштери көрсөтүлөт:
- мүмкүн болуучу жүргүнчүлөр агымын табуу;
- каттамды ачуунун максаттуулугун негиздөө;
- жол шарттарын текшерип чыгуу, каттам трассасын тандоо жана каттамдын узактыгын ченеген актыны түзүү;
- аялдама пункттарынын жайгашкан ордун аныктоо;
- кыймыл каттамынын чиймесин түзүү;
- кыймылдуу курамдын рационалдуу тибин жана маркасын тандоо жана транспорт бирдиктеринин тийиштүү санын аныктоо;
- кыймылдын ылдамдыгын нормага салуу;
- кыймыл жана иш графигинин расписаниесин түзүү;
- жүргүнчү транспортунун бардык түрлөрүнүн кыймыл схемасын координациялоону камсыздоо.
Даярдоо ишинин жыйынтыгы боюнча калктын сурамын эске алуу менен жаңы каттамды ачуунун максаттуулугу жана зарылчылыгы негизделет жана анын паспорту иштелип чыгат.
Жүргүнчүлөр агымынын көлөмүнө, жол шартына жараша, каттамды ачкан учурда төмөнкүлөрдүн болуусу эске алынуусу зарыл:
- каттамдын баштапкы жана акыркы пункттарындагы жүргүнчү транспортунун бурулушу жана токтоп туруусу үчүн аянттар;
- каттам аралыгындагы аялдама пункттарында түшүрүү аянттары;
- кирүү үчүн атайын аянттар (кармандар).
11. Жүргүнчү транспортунун бирдиктеринин тийиштүү саны жеткен каттамда орточо убакыттын, кыймылдын үзгүлтүксүздүгүн жана жүргүнчүлөр агымынын санынын бардыгын эске алуу менен аткарылган каттамдардын санына жараша аныкталат.
12. Автобустар багыты, көлөмү, чанактын тибине жана башка көрсөткүчтөрү боюнча классификацияланат.
Көлөмү (негизги параметри катары ири көлөмдөгү узундукту эске алуу менен) жана сыйымдуулугу боюнча автобустар классификацияланат:
Түрлөрү | Узундугу, м | Багыты |
Өзгөчө кичине | 5,5 чейин | Шаардык жана шаар четиндеги каттамдар |
Чакан | 5,5-8,5 жогору | Шаардык, шаар четиндеги каттамдар жана жалпы дайындоолор |
Орточо | 8,5-11,0 | Шаардык, шаар аралык, туристтик экскурсиялык |
Чоң | 11,0-16,5 жогору | Шаардык, шаар аралык, туристтик экскурсиялык |
Өзгөчө чоң | 16,5-24,0 жогору | Шаардык (бириктирилгендер) |
Шаардык автобустар, троллейбустар жүргүнчүлөрдү массалык түрдө ташуу үчүн дайындалган жана жүргүнчүлөрдүн отуруп жана туруп жүрүү мүмкүнчүлүгүн, жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана салуу ыңгайлуулугун камсыздоосу тийиш.
13. Кыймылдын ылдамдыгын нормалдоо каттамдын аралыгын текшерүүнүн жана ченөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Бул жылдын суткасынын, жума күндөрүнүн жана жыл мезгилинин ичинде каттамдын керектүү убактысын аныктоого шарт түзөт.
Каттамдарда кыймылдардын ылдамдыгын нормалдаштыруу жол кыймылынын коопсуздугун сактоону эске алуу менен каттам убактысынын оптималдуу ченемин жана контролдоочу пункттар ортосундагы аралыкты белгилөөнү камсыздоосу керек.
Ылдамдыкты нормалаштыруу жай мезгилинде текшерилет, ал эми күз-кыш мезгилинде аралыкты өлчөө актысына ылайык оңдоолор киргизилет, бул:
- иштеп жаткан каттамдарда - "ташуучу";
- жаңы ачылуучу каттамдарда - "Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы".
Негизги нормалоочу көрсөткүчтөр төмөнкүлөр болуусу тийиш:
- аралык (участоктун, айдоонун, каттамдын);
- айдоого жана токтоп турууга убакыт (аялдамада);
- кыймылды чектеген туруктуу колдонулуучу факторлор (жол-техникалык мүнөздөмөлөр, жол белгилери, аба ырайынын шарттары, сутканын убактысы ж.б.).
Каттам аралыгын ченөөдө жана кыймыл ылдамдыгын нормалаштырууда бул максат үчүн бөлүнгөн автомобилден төмөнкүлөр текшерилет:
- автошиндин протекторунун стандарттуулугу жана абалы;
- спидометр эсептегичинин көрсөтүүсүн тактыгы.
Кыймыл ылдамдыгын нормалдаштыруучу бардык документтер андан ары пайдалануу үчүн иштетилүүгө тийиш.
14. Автобустардын жана троллейбустардын иштөө расписаниеси жана каттамдык таксилердин айдоочуларынын иштөө графиги жүргүнчү транспортунун ишин уюштуруунун негизи болуп эсептелет жана ташуу процессинин бардык катышуучулары аны аткаруу үчүн милдеттүү.
Автобустук, троллейбустук каттамдардын жана каттамдык таксилердин иштөө расписаниеси жеке жоопкерчилиги жок жана узак мөөнөткө түзүлөт жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.
Айдоочунун иштөө графиги "ташуучу" тарабынан бир айга иштелип чыгат жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.
Кыймыл иштеп жаткан расписаниесинин жана иш графигинин өзгөрүшү төмөнкү учурларда жана белгиленген тартипте болушу мүмкүн:
- жүргүнчүлөр агымынын саны өзгөргөн учурда;
- каттамдын жол шарттары өзгөргөн учурда;
- каттамдын аралыгы өзгөргөн учурда.
Кыймыл расписаниесин, жүргүнчү транспортунун иш графигин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек режими жана айдоочулардын эс алуусу эске алынат.
Каттам кыймылынын расписаниесин жана иш графигин түзүү, жүргүнчү транспортунун бардык түрүнүн ишин координациялоо жана жүзөгө ашыруу, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу, каттамдык тармакты келечекте өнүктүрүү үчүн жүргүнчү агымын талдоо жүргүзүлөт.
15. Бишкек шаары боюнча шаар арасындагы жана шаар четиндеги каттамдарда жүргүнчү транспортунун жүрүүсү (багытына жана дайындоо пунктуна карабастан) Бишкек шаарынын Ички иштер шаардык башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмү (мындан ары - Бишкек шаарынын ИИБ ЖККБсы) жана Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 "Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган каттам боюнча так жүргүзүлөт.
IV. Каттамдарда автобустардын, троллейбустардын жана каттамдык таксилердин ишин уюштуруу тартиби
16. Каттамдык тармак Бишкек шаарынын мэриясынын ШТБсынын корутундусунун негизинде иштелип чыгат жана кайра каралат, Бишкек шаарынын ИИБ ЖККБсы менен макулдашылат.
17. Каттамдык тармактын негизги көрсөткүчтөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- автобустардын жана троллейбустардын сыйымдуулугу - турган жүргүнчүлөрдүн санын эске алуу менен шаардык каттамдар үчүн отуруу орундарынын саны жана жалпы саны боюнча карата аныкталат;
- кыймыл интервалы - жүргүнчү транспортунун бирдиктеринин биринин артынан кийинкисинин аялдама пункттарынын өтүү убактысы;
- которуп түшүрүү коэффициенти - ташылып келинген жүргүнчүлөрдүн бардык санына карата бир же андан ашык которуп түшүү менен бара жаткан жүргүнчүлөрдүн суткалык санына жараша түзүлөт, атайын изилдөө менен гана аныкталат;
- убакыт боюнча жүргүнчү агымынын бирдей эместигинин коэффициенти белгилүү бир мезгил ичинде убакыттын (саат, күн, жыл мезгили) алынган бирдикке орточо ташуунун максималдуу көлөмүнө карата аныкталат;
- техникалык жактан даярдыктын коэффициенти - линияда иштөө үчүн автомобилдердин даярдык деңгээлин мүнөздөйт жана "ташуучунун" автомобилдин жалпы иштөө күнүндөгү бузулбаган абалда автомобиль-күнүнө карата аныкталат;
- линияга чыгаруу коэффициенти (токтотууну пайдалануу) - линияда автомобилди пайдалануу деңгээлин мүнөздөйт жана "ташуучунун" автомобилдин токтоо күнүндөгү линияга жалпы автомобиль - күнүнүн ишинин санына карата аныкталат;
- жолдо жүрүүнү пайдалануу коэффициенти - жалпы жолдо жүрүүгө автобустардын, троллейбустардын жана каттамдык таксилердин өндүрүштүк жүрүүсүнүн катышы. Өндүрүштүк жүрүү - бул каттамда жүргүнчүлөр менен транспорт каражатынын жүрүүсү;
- автобустардын жана троллейбустардын сыйымдуулугун пайдалануу коэффициенти - жүргүнчүлөр менен автобустардын жана троллейбустардын толуу деңгээлин мүнөздөйт жана берилгенге факт боюнча жүргүнчү алмашууга (божомолдуу) карата аныкталат. Берилген жүргүнчү алмашуусу алардын орточо сыйымдуулугуна автобустардын жана троллейбустардын жалпы өндүрүштүк жүрүүсүнүн жүргүзүлүшү менен аныкталат;
- каттамдык коэффициент - каттамдык тармактын тармактандырылгандыгын мүнөздөйт жана бардык каттам тармагынын ичинде иштеп жаткан каттамдардын ичиндеги мамилелерди камтыйт;
- ташуу көлөмү - каттам боюнча ташылган жүргүнчүлөрдүн жалпы саны;
- каттам тармагынын жыштыгы - бул шаардын аймагында автобус, троллейбус жана каттамдык таксилердин линияларынын жыштыгы. Ал шаардын курулган аянтына өткөн каттамы боюнча шаардын көчөлөрүнүн аралыгы менен аныкталат;
- жүргүнчү алмаштыруу - белгилүү убакытта каттамдын аялдама пункту боюнча транспортто жүргүнчүлөрдүн түшүүсүнүн жана чыгуусунун саны менен мүнөздөлөт;
- каттамдын жүргүнчүлөр менен толуусу - бир убакытта каттамдын белгилүү бир аралыгында (бөлүк) жүрүүчү жүргүнчүлөрдүн саны;
- жүргүнчү түрмөгү - каттамда автотранспорт менен аткарылган ишти аныктоочу көрсөткүч. Ал жүргүнчүлөр ташылган аралыкты эске алуу менен аткарылган жүргүнчү ташуулардын көлөмүн мүнөздөйт;
- жүргүнчү агымы - убакыт бирдигинде бир багытта ташыла турган же ташылуучу жүргүнчүлөрдүн саны;
- жүргүнчүлөрдүн жол жүрүүсүнүн орточо узактыгы - жүргүнчү транспортундагы жүргүнчү тарабынан өткөн орточо аралык;
- калктын транспорт кыймылдуулугу - бул жылына бир тургундун жол жүрүүсүнүн орточо саны, шаардын жашоочуларынын санына карата ташуунун көлөмүнө карата аныкталат.
а) Каттамды бекитүү
18. Ташуучуга каттамды бекитүү Бишкек шаарынын каттамдарында жүргүнчү транспортун пайдалануу укугуна жүргүзүлгөн ачык сынактын сынактын женүүчүсү менен келишим түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
19. Троллейбустук жана автобустук муниципалдык каттамдарды бекитүү сынак өткөрүүсүз жүргүзүлөт.
20. Бишкек шаарынын ыйгарым укуктуу органы менен түзүлгөн келишимге ылайык "ташуучу" талаптар комплексин сактоону камсыздайт, алардын негизгилери төмөнкүлөр:
- техникалык жактан оң абалда, тийиштүү "экипировкасы" жана "айдоочунун документтери" менен Жол кыймылынын эрежесине жооп берген расписание жана иш графиги боюнча кеткенге чейин 20 минут ичинде диспетчерлик пунктка автобусту же каттамдык таксини берүү;
- белгиленген ченемдерге ылайык "Д" категориясы жана такшалуусу бар айдоочулар менен автобустарды жана каттамдык таксилерди комплекттөө;
- күн сайын айдоочуну каттамга чыгаар алдында медициналык текшерүүдөн жана автомобилди каттамга чыгаар алдында техникалык кароодон өткөрүү;
- жүргүнчү транспортунун айдоочулары менен Жол кыймылынын эрежелери боюнча сабактарды экзамендик зачетторду тапшыртуу менен өз убагында өткөрүү жана белгиленген тартипте жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат алуу;
- транспорттук тартипти жана автобуста, троллейбуста жана каттамдык таксиде батуу ченемин сактоо;
- айдоочулардын иштөө жана белгиленген эс алуу режимин камсыздоо;
- расписание жана иш графиги тарабынан каралган автобустардын жана каттамдык таксилердин керектүү санын бөлүү;
- чыгуулардын бекитилген пландык санына ылайык бекитилген каттамдар боюнча иштин үзгүлтүксүздүгүн аткаруу;
- баштапкы жана акыркы контролдоо-диспетчерлик пункттарда автобустардын, троллейбустардын жана каттамдык таксилердин келүүсү жана кетүүсү тууралуу айдоочулардын жол барактарында белгилердин коюлушу;
- кыймылдын үзгүлтүксүздүгүн жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын камсыздоо үчүн автобустарды жана каттамдык таксилерди резервге коюу;
- автоматташтырылган добуш маалыматынын болуусу;
- жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну камсыздоо;
- каттам жолунда автобус жана каттамдык такси бузулган учурда бир сааттын ичинде оңдоо же жол жүрүү акысын кайтаруу менен өз убагында алмаштыруу.
б) Кыймыл коопсуздугунун негизги талаптары
21. Каттамдарда кыймыл коопсуздугунун чараларын камсыздоо жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруунун негизги тапшырмалардын бири болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялык башкармалыгы, (мындан ары - КР ИИМ ЖККББ АМЭБсы) алардын карамагындагы автомобиль жолдорун, жол белгилерин, жүргүнчүлөр транспортунун тоскоолсуз жана коркунучсуз кыймылын камсыздоочу көрсөткүчтөрдү жана башка техникалык каражаттарды тиешелүү тартипте кармоого тийиш.
Автомобиль жолдорун, темир жол өткөөлдөрүнүн токтоо пункттарын, көпүрөлөрдү жана башка жол курулмаларын күтүү кыймыл коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек. Пайдалануу ченемин жана эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана бул объекттерди күтүү тийиштүү кызматтарга жана уюмдарга жүктөлөт.
Жылына эки жолу жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугуна карата жүргүнчү транспортунун техникалык каражаттарын техникалык кароодон өткөрүлөт.
Ташуучу техникалык жактан бузук, жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу жана жол кыймылынын коопсуздугу эрежесине жана талаптарына ылайык келбеген, техникалык кароодон, ченемдик техникалык тейлөө жана люкту авариялык ачууга бузулган жерлери бар техникалык оңдолбогон, керек болгон оң өрткө каршы шаймандар менен камсыздалбаган салондогу эшиктер жана терезелери менен, медициналык кутучасы, авариялык токтотуу белгиси, айланууга каршы таянычтары, айнектерди сындыруу үчүн балта комплекти жок, жол-транспорт кырсыгы болгон учурда салондон чыгуунун ыкмалары тууралуу жүргүнчүлөргө маалымдаган нускамасы жок транспорт каражаттарын чыгаруу укугуна ээ эмес.
в) Жүргүнчү транспортунун иштөөсүн убактылуу токтотуу
22. Жүргүнчү транспортунун кыймылын убактылуу токтотуу жаратылыштын өзгөрүшү же жол-климат шарттарынын өзгөрүшү болгондо жолдо жүрүү жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келген гана учурда (селдер, суу каптоолор, жер көчкү, көчкү, жер титирөө, жолдорду оңдоо жана башка форс-мажордук учурларда) колдонулат.
Жол уюмдары кызыктар уюмдарды, ишканаларды бардык жогоруда көрсөтүлгөн учурлар жөнүндө жүргүнчүлөрдү чечим кабыл алуу жана маалымдоо үчүн күн мурунтан маалымдоого тийиш.
Каттам боюнча автобустар, троллейбустар жана каттамдык таксилер жүрүп бара жаткан учурда күтүүсүздөн жол-климаттык шарттар кыймыл токтотула турган деңгээлге чейин өзгөрсө, айдоочу андан ары айдоо мүмкүнчүлүгү болгонго чейин транспорт каражатын коркунучсуз жерге токтотуусу керек.
Айдоочу каттам боюнча кыймылды улантуу тууралуу чечим кабыл алган учурда, ал анда болгон бардык ыкмалар менен коопсуздукту камсыздоосу керек (түстүк жана добуштук сигнал берүү, айдоо ылдамдыгын тандоо ж.б.).
г) Аялдама пункттары
23. Каттамдардын аялдама пункттары жүргүнчүлөр топтолуучу пункттарга: конуштарга, ишканаларга, маданий-тиричилик мекемелерге, соода борборлорго, массалык эс алуу жайларына, темир жол станцияларына ж.б. жакын жайгаштырылат.
Аялдама пункттарынын жайгашкан ордун тандоо Бишкек шаарынын ИИБ ЖККБнын, Бишкекбашкыархитектуранын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жана Бишкек шаардык мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлеринин курамындагы ыйгарым укуктуу комиссия менен тарабынан жүргүзүлөт.
Каттамды ачууда (жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулугун, токтоо пункттарынын керектүү көрүнүшүн жана транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүү кыймылынын коопсуздугун эске алуу менен) жол шарттары текшерилет.
Шаардык жүргүнчүлөр транспортунун аялдама пункттары төмөнкү түрлөргө пайдалануу убактысы жана иштөө шарты боюнча классификацияланат:
- туруктуулар - туруктуу жүргүнчүлөр агымы бар жерлерде жайгашат. Аларга автобустардын, троллейбустардын жана каттамдык таксилердин аялдамасы төмөнкү иштөөнүн бардык убагында милдеттүү болуп эсептелет;
- убактылуу - жол-ремонттоо иштерин өткөрүү менен байланышкан өзгөртүүлөргө шартталган убактылуу каттамдарда ж.б.
Жайгашкандыгы боюнча каттамдардагы аялдама пункттары: баштапкы, ортодогу жана акыркы болуп бөлүнөт.
Шаардык каттамдардын аялдама пункттары бири-биринен төмөнкү аралыкта жайгашуусу керек:
- кадимки каттам үчүн - 400-600 метр;
- ылдам жана экспресстик каттамдар үчүн - 1500-2000 метр.
Кайчы жолдон аялдама пунктуна чейинки аралык төмөнкүдөн кем болбошу керек:
- кайчы жолдон кийин 20 метр;
- кайчы жолдун алдында 40 метр.
Аялдама пункттарын жөө жүрүү жерлерге жакын жайгаштыруу керек. Аялдама пунктунун көрсөткүчү автобустар жана троллейбустар арты бамперден эсептөө менен жөө жүрүү жеринен 3-5 метрден кем эмес аралыкта токтогудай эсепте орнотушат.
Жер алдындагы жөө жүрүү өткөөлдөрү бар болгон учурда шаардык транспорттун аялдама пункттары кийинки жер алдындагы жөө жүрүү өткөөлдөрү аркылуу транспорт каражаттырын күтүп турган жүргүнчүлөр жөө жүргөндөрдүн кирип-чыгуусуна тоскоол болбогондой аралыкта, ага кирген жерге жакын жерде жайгашуусу керек.
Ар бир багытка кыймылдын үчтөн кем эмес тилкеси бар шаар көчөлөрүндө каршы багыттардын аялдама пункттары бири-биринен 25 м кем эмес аралыкта жайгашуусу керек.
Темир жол өтүү жолуна чейинки жана кийинки ортодогу аялдама пункттары андан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгашуусу керек.
Баштапкы жана акыркы токтоо пункттарында диспетчерлик байланыш каражаттары менен жабдылган диспетчерлик пункттар уюштурулушу керек.
Акыркы токтоо пункттары транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүү жолдорунан обочолонгон жерлерде атайын бурула турган аянттары менен болушу керек.
Аялдама пункттары түзүлөт:
- аялдама аянттары өтүүчү бөлүктү - "кармандарды" кеңейтүүдө, "кармандардын" тереңдиги үч метрден кем эмес болуп жайгаштырылуусу керек. Кеңейтүү 20 метрден башталып 15 метрден бүтөт. "Кармандар" өтүү жолунан белгилөө менен бөлүнөт;
- туурасы өтүү жолунун 20 см га жүрүү жолунан жогорулатуу менен жүргүнчүлөрдү түшүрүү аянттары менен 1,5ден 2,25 метрге чейин болушу керек. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү аянтынын үстү бекем төшөлүшү керек.
Аялдама пункттарында айдоочулар үчүн жакшы көрүнгүдөй жана жөө жүргөндөргө тоскоолдук болбогондой жайгаштырылган серелер, атайын отургучтар орнотулушу керек. Аялдама пункттары сутканын түнкү мезгилинде жарыктандырылышы керек.
Аялдама пункттары төмөнкү маалыматтарды камтыган көрсөткүчтөр менен жабдылуусу керек:
- аялдама пунктунун аталышы;
- ал жерде токтой турган шаардык коомдук транспорттун түрү, каттам номери;
- ар бир каттамдын акыркы аялдамасынын аталышы;
- анда белгилүү бир убакытта гана токтой турган жүргүнчүлөр транспортунун каттамдары үчүн токтоо пункттарынын иштөө убактысынын мезгили.
24. Автобустун, троллейбустун жана каттамдык таксинин тышкы жасалгасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- каттамдын номеринин алдыңкы көрсөткүчү;
- жүрүүчү каттамдын капталындагы көрсөткүчү;
- шаардык каттамдар үчүн каттамдын номеринин арткы көрсөткүчү;
- каттамдык таксилерден тышкары "Кирүү", "Чыгуу" деген жазуусу бар көрнөкчө.
Көрсөткүчтүн капталкы жазуусунда каттамдын баштапкы, ортодогу жана акыркы пункттары, каттамдын номери көрсөтүлөт.
Арткы көрсөткүчтө каттамдын номери гана көрсөтүлөт.
Жүрүүчү каттамдын бардык көрсөткүчтөрүндөгү маалымат жана жазуунун көлөмү сутканын күндүзгү жана түнкү маалында көрүнгүдөй болушу керек.
25. Автобустун, троллейбустун жана каттамдык таксинин ички жасалгасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жүргүнчүлөрдүн маалыматы үчүн багытталган каттам чиймесин;
- жүргүнчүлөрдүн көрүү маалыматы үчүн маалыматтык тактачалар;
- каттамдык таксилерден башкаларда "Кирүү" жана "Чыгуу", балдары бар жүргүнчүлөр жана ден соолугу чектелүү жактар үчүн орун" - деген жазуусу бар тактачалар;
- бул эреженин көчүрмөсү, тарифтер ж.б.у.с.;
- "ташуучунун" аталышы жана дареги жана телефон номери;
- айдоочунун Ф.А.А. жана автотранспорттун мам. № ___ менен тактача;
- өрт өчүргүч жана медициналык кутуча.
26. Автобустардын, троллейбустардын жана каттамдык таксилердин тышкы жана ички санитардык абалы санитардык ченемдерге ылайык келүүсү керек.
V. Жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууну уюштуруу
27. Ташуучулар бул эрежелер тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Бишкек шаары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырат.
28. Негизги талаптар төмөнкүлөр:
а) Жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга бекитилген тарифтерди алуу.
Каттамдык автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу бир жолку жана айлык жүрүү билеттер боюнча жүргүзүлөт. Автобустарда жана троллейбустарда жол жүрүү билеттери накталай акчага сатылат.
Жүргүнчү жолдун аягына чейин жол кире билетин сактоосу жана кондуктордун жана ыйгарым укуктуу жактардын талабы боюнча аны көрсөтүшү керек. Жол жүрүү билеттерин башка жактарга берүүгө тыюу салынат.
Жолдо жол кире жана жүк билетин жоготкон учурда, жүргүнчү жол кире жана жүктү ташуу укугунан ажырайт. Жоготулган билет калыбына келтирилбейт, билеттин наркы кайтарылбайт жана даттанууга болбойт. Автобустар, троллейбустар менен транспорттук кызмат көрсөтүлгөн учурда накталай эсеп боюнча төлөөгө жол берилет.
Каттамдык таксилерди пайдалангандыгы үчүн төлөө жүргүнчүлөр тарабынан накталай эсеп менен жүзөгө ашырылат.
б) Жолдо жеңилдетилген тариф менен жана акысыз жүрүү.
Шаардык каттамдардын автобустарында, троллейбустарда жана каттамдык таксилеринде жүргүнчүгө өзү менен кошо 7 жашка чейинки бир баланы алып жүрүүгө уруксат берилет.
Жашы жеткен жүргүнчү 7 жашка чейинки бир нече баланы жанына алган болсо бир баладан башка калган балдарга, ошондой эле 7 жаштан өткөн балдарга тарифтин толук наркы боюнча акы алынат.
Жарандардын айрым категорияларына жеңилдетилген жана акысыз жүрүү укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан белгиленет жана тийиштүү документтери болгон учурда берилет.
Шаардык каттам боюнча автобустарда жана троллейбустарда жүрүү үчүн бир айлык жүрүү билеттер киргизилиши мүмкүн.
Бир айлык жүрүү билеттери шаар четиндеги жана шаар арасында каттамдардын автобустарында жүрүү укугун бербейт.
Сатылган бир айлык жүрүү билеттер кайра кабыл алынбайт, алмаштырылбайт, жоголгон учурда кайра калыбына келтирилбейт.
в) Автобуста, троллейбуста жана каттамдык таксиде жүргүнчүлөрдү салуу жана жүрүү шарты.
Автобуска жана троллейбуска жүргүнчүнү салуу жана автобустан жана троллейбустан түшүрүү автобус жана троллейбус толук токтогондон кийин гана расписание тарабынан каралган аялдама пункттарында жүргүзүлөт.
Шаардык жана шаар четиндеги каттамдардын автобустарынын, ошондой эле троллейбустардын алдыңкы эшигинен кирүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- мектеп жашына чейинки балдары бар жүргүнчүлөр;
- кош бойлуу аялдар;
- ден соолуктун чектелүү мүмкүнчүлүгү менен жактар жана жашы улгайган адамдар;
- I-IV класстын окуучулары;
- жүргүнчү автотранспортунун ишине контролду жүзөгө ашыруучу жактар.
Каттамдык таксиде жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана салуу каттамдын аялдама пункттарында гана жүргүзүлөт.
Автобустарда, троллейбустарда жана каттамдык таксилерде жүргүнчүлөргө тамеки тартууга, мас абалда түшүүгө, башка жүргүнчүлөрдүн кийимин кирдеткендей кир кийим менен, автобустун жана троллейбустун толук токтоосуна чейин эшикти ачууга же жабууга тоскоолдук кылууга, айдоочунун (ээсинин) уруксаты жок терезени ачууга, терезеден башын чыгарууга, отургучка балдарды же жүктү (кол жүгүн) коюуга, тормоз сигналын жана эшиктерди ачуу механизмдерин иштетүүгө, айдоочуну алаксытууга жана транспорт каражатын айдап бара жатканда аны менен сүйлөшүүгө, курч, кескич, жардыруучу, уулантуучу, тез күйүүчү, кир, жегич жана зыян предметтерди, жарылуучу куралдарды, ошондой эле жаныбарларды жана куштарды (жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздабаган шартта) алып жүрүүгө тыюу салынат.
Жогоруда аталган тартип бузууларга жол берген, ошондой эле өзүн алып жүрүү тартибин бузган жүргүнчүлөрдү айдоочу жана контролдоочу жак жүрүү үчүн төлөнгөн акысын кайтарбастан транспорт каражатынан түшүрүү укугуна ээ.
г) Автобуста, троллейбуста жана каттамдык таксиде жүк ташуу.
Жүргүнчү белгиленген тарифтер боюнча акы төлөнө тургандай жүк салынуучу жери бар каттамдык автобуста, троллейбуста, ал эми салондо 2 орунду ээлеген 100x50x30 см ашпаган көлөмдөгү жүктү ташууга укугуна ээ.
Каттамдык таксиде жүргүнчүгө 20 кг ашпаган салмактагы жана көлөмү 60x40x20 см болгон жүктү, 10 кг ашпаган жана көлөмү 60x40x20 см болгон кол жүгүн (комфорт жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун бузбаган спорт, чарба жана музыкалык товарлардан тышкары) жүктү акы төлөөсүз ташууга болот.
Жүргүнчү транспортунда табылган буюмдарды, документтерди жана акчаларды айдоочу табылган буюмдардын, документтердин жана акча суммасынын тизмесин көрсөтүү менен диспетчерге кол койдуруп өткөрүүсү зарыл жана жетекчиликке маалымдоого милдеттүү.
Жүргүнчү транспортунан табылган буюмдарга диспетчер айдоочу менен бирге табылган буюмдардын, документтердин жана акча суммасынын тизмесин көрсөтүү менен эркин формадагы акт түзүлөт, андан кийин баары сактоо камерасына өткөрүлүп берилет.
д) Жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги жана милдети.
Доолор жана доо арыздар.
Транспорт каражаттарынын жабдуулары бузулган учурда бузулгандыгынын мүнөзү жөнүндө акт түзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күнөөлү жактардан зыяндын жана ремонттун акысы төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 222-статьясына ылайык акы төлөбөстөн жүргүнчүлөрдүн түшүүсүнө, жүктү алып өтүүгө жана кол жүгүн алып өтүүгө төмөнкү көлөмдөгү административдик айып салынат:
- шаардык каттамдардагы жүргүнчү транспортунда айлык акынын 1 эсептик көрсөткүчкө чейин.
Төлөбөй түшкөндүгү, жүктү жана кол жүгүн акысыз салгандыгы үчүн административдик айыпты төлөө жүргүнчүлөрдү алардын жол киресин жана жүктүн акысын төлөөдөн бошотпойт.
Көрсөтүлгөн тартип бузуулар үчүн айып пулдар ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери тарабынан жеринде алынат.
VI. Бул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29. Бул Эрежелердин жана транспорт мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн транспорт иш-аракетинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган жоопкерчиликти тартат.
Бишкек шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |