Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры №270
Апрель элдик революциясынын баатыры Эмилбек Айылчиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык атоолор жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунунун 2011-жылдын 26-июлундагы №5 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Арча-Бешик" конушундагы Сулуу-Төр көчөсү Апрель элдик революциясынын баатыры Эмилбек Айылчиев атындагы көчө деп кайрадан аталсын (чийме тиркелет).
2. Көчөнү кайра атоо менен байланышкан чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шаар курулушу боюнча Бишкек шаарынын башкы башкармасы (А.А.Абдыкаров) учеттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын Укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Аманкулов |
Бишкек шаардык кеңетин 2012-жылдын 13-октябры№270 токтомуна тиркеме | |