Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 272
Апрель элдик революциясынын баатыры Бекбосын Сатыбалдиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык атоолор жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунунун 2011-жылдын 26-июлундагы №5 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Учкун" конушундагы Чымындык көчөсү Апрель элдик революциясынын баатыры Бекбосын Сатыбалдиев атындагы көчө деп кайрадан аталсын (чийме тиркелет).
2. Көчөлөрдү кайрадан атоо боюнча чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шаар курулушу боюнча Бишкек шаарынын башкы башкармасы (А.А.Абдыкаров) учеттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Аманкулов |
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябры №272 токтому тиркеме |
| |