Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры №274
Коомдук ишмер Мухтарбек Өмүракуновдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын отурумунунун 2011-жылдын 26-июлундагы N 5 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ак-Өргөө" конушунун Өгуз-Ата көчөсү коомдук ишмер Мухтарбек Өмүракуновдун атындагы көчө болуп кайра аталсын (чийме тиркелет).
2. Көчөнү кайра атоого байланышкан чыгымдар өтүнгөн тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шаар курулушу боюнча Бишкек шаарынын башкы башкармасы (А.А.Абдыкаров) учеттук, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Аманкулов
|
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 13-октябры №274 токтомуна тиркеме | |